Трамп: Түркия керемет, Эрдоган да керемет лидер

Трамп: Түркия керемет, Эрдоган да керемет лидер
Америка президенти Трамп 2026-жылдын 29-мартында АКШнын Майами шаарында өткөн инвестициялык саммитте Түркиянын жана анын президентинин позициясын жогору баалап, Америка жана яхудий түзүмүнүн Иранга карата агрессиясына башка мамлекеттердин мамилелерин карап чыгып мындай деди: «Менимче Түркия керемет, алар чындап эле таң калычтуу болушту жана биз алардан кирүүгө болбойт деп талап кылган аймактардын чегин сакташты». Ошондой эле Түркия президенти Эрдоганды «керемет лидер» деп сыпаттады.
Трамп Эрдоганды мактап, аны керемет лидер деп аташы ар бир акылдуу адам үчүн жашыруун эмес мааниге ээ. Буга чейин да ал аны мактап: «Мен Эрдоганды жакшы көрөм, ал да мени жакшы көрөт» деген. Бул болсо куфрдун башчысы, Аллахка, Анын элчисине ﷺ жана момундарга душман болгон Трамп тарабынан Эрдогандын Америкага болгон берилгендигине жана ага чоң кызматтарды көрсөткөнүнө берилген күбөлүк болуп саналат. Мунун баары 24 жыл бою Эрдогандын Түркиясы бул кылмышкер душманга кандай маанилүү кызматтарды көрсөтүп келгенин ачык далилдейт.
Анткени «Америка биринчи», «Американы кайрадан улуу мамлекет кылалы» деген ураандарды максат кылган Трамп, Эрдоганды жана анын бийликтеги адамдарын таң калычтуу, керемет деп мактап жатат, анткени алар анын максатына кызмат кылууда. Алар Түркияны «аймактардан тышкары» кармашты дегени, Америка жана яхудий түзүмүнүн Иранга, андан мурда Газага, Сирияга, Иракка жана Афганистанга каршы агрессиясына мусулмандарды жана алардын өлкөлөрүн колдоо үчүн кийлигишүүдөн алыс кармашты дегенди билдирет.
Ошентип Эрдоган бул душмандарга мусулмандар рошид халифалардын бири Умар ибн ал-Хаттаб разыяллаху анху доорунда фатх кылынган Иран сыяктуу исламий өлкөнү талкалоого мүмкүнчүлүк берип жатат. Алар аны басып алууга же түздөн-түз үстөмдүк кылууга даярданып жатышат, Эрдоган болсо мусулмандар өлтүрүлүп жатканда аларды колдоо үчүн кийлигишпей жатат. «Биз алардан кирүүгө болбойт деп талап кылган аймактардын чегин сакташты»!
Ушуга окшош абал Америка толук колдогон яхудий түзүмүнүн Газага каршы агрессиясында да болду. Америка Түркиядан жана башка аймактагы мамлекеттерден согуш аймагынан тышкары калууну талап кылып, аны кеңейтип жибербөө үчүн ачык жана так түрдө президенти Байден жана мурдагы тышкы иштер министри Блинкен аркылуу кийлигишпөөнү эскерткен. Натыйжада яхудий түзүмү эки жыл бою Газа тилкесинде геноцид жүргүзүп, аны талкалады жана жырткыч агрессиясын дагы деле улантууда. Ал тургай Эрдоган жана анын бийликтеги адамдары «Трамп кирүүгө тыюу салган аймактардан тышкары» калуу менен эле чектелбестен, яхудий түзүмү менен мамилелерди үзбөй, сооданы улантуу аркылуу бул агрессияны колдошту. Алар анын өлтүргүч аскерлерин азык-түлүк жана суу менен камсыз кылышты, курал өндүрүү үчүн чийки зат беришти, ошондой эле Азербайжандын президенти Алиев аркылуу нефть жана газ менен камсыздап, алардын танктары менен учактарын иштетүүгө шарт түзүштү.
Мына эми яхудий түзүмү Аль-Акса мечитин жаап, аны басып алуу жана Халилдеги Ибрахими мечитинде жасагандай эле, аны мусулмандар менен яхудийлердин ортосунда бөлүштүрүү аракетин көрүүдө. Ал эми отурукташып алган топтору өз аскерлеринин коргоосу астында Батыш жээкте мусулмандарга кол салууда. Ошол эле учурда Эрдогандын Түркиясы Американын көрсөтмөлөрүнө ылайык, согуштун масштабы кеңейбеши үчүн кийлигишпей жатат!
Эрдогандын Түркиясы Америка колдогон яхудий түзүмү Сириянын аскердик күчтөрүн б.а. учактарды, танктарды, аэропортторду, аскердик лагерлерди, курал заводдорун жана ок-дары кампаларын талкалаганда да кийлигишкен жок. Бул жайларга жакын жайгашкан жана Сирияда турган анын аскерлери болгону карап турушту. Андан кийин яхудий түзүмү Америка колдоосу менен жаңы аймактарды басып алып, Дамасктын четине чейин жетип, Түштүк Сирияда өзү үчүн коопсуз буфердик аймак түзөрүн жарыялады. Бул болсо Американын буйругуна баш ийүү менен «Трамп алардан кирүүгө болбойт деп талап кылган аймактардын чегин сактоо үчүн» жасалды!
Ошол себептен Түркия кийлигишпейт, ал эми яхудий түзүмү Америка колдоосу менен Ливанга кол салып, ал жактагы өзүнө коркунуч туудурушу мүмкүн болгон курал-жарактарды жана күчтөрдү жок кылууга аракет кылууда. Андан соң Литани дарыясынын түштүгүндө өзү үчүн коопсуз буфердик аймак түзүүнү көздөйт.
Трамп Түркиядан талап кылгандай эле, аймактагы башка мамлекеттерден да согуштун масштабы кеңейбеши үчүн кийлигишпөөнү талап кылды. Алар болсо кор болгон, баш ийген абалда ага жооп беришти. Ошондуктан ал Түркия менен катар Саудия, Катар, БАЭ, Бахрейн, Кувейт жана Индонезияны да мактап, алардын позициялары үчүн ыраазычылык билдирип, Америкага зор колдоо көрсөткөнүн белгиледи.
Ооба, Эрдогандын Түркиясы жана Трамп мактаган бул мамлекеттер Американын жана яхудий түзүмүнүн агрессиясына унчукпай, яхудий түзүмү менен мамилелерин үзбөй, өз аймактарында түзүлгөн аскердик базаларды жаап салбастан, аларга ошол базалардан чыгып агрессиясын улантууга мүмкүнчүлүк берүү менен чоң колдоо көрсөтүштү. Натыйжада Америка жана анын кол баласы яхудий түзүмү исламий күчтөрдү биринин артынан бирин жок кылууга жетишип, акырында бардык исламий өлкөлөрдү яхудий түзүмүнө же америкалык таасирге коркунуч жаратчу куралдан толук тазалайт.
Бул мамлекеттер мындай позициялары менен өздөрүн акылдуу деп ойлошот, Американын жана яхудийлердин «карышкырларынан» кутулабыз, башкаларды жеп жатканда бизге кезек келбейт деп эсептешет. Бирок алар жакшы билишет: яхудий түзүмү аларга ачык эле коркунуч туудурат. Анткени анын премьер-министри Биньямин Нетаньяху Нилден Евфратка чейинки «Улуу (израилди)» түзүүнү кааларын жана аймактагы коркунучтуу куралга ээ жалгыз күч болууну көздөй турганын ачык айткан. Калгандары болсо анын түзүмүнө коркунуч жараткан куралдан толугу менен ажыратылышы керек деп эсептейт.
Америка да бул идеяны колдой турганын яхудий түзүмүндөгү элчиси Майк Хакаби аркылуу билдирди. Ал 2026-жылдын 21-февралында яхудий түзүмүнүн бүтүндөй Жакынкы Чыгышты басып алышына каршы эч нерсе көрбөй турганын айтып, «яхудийлердин жери Нилден Евфратка чейин» экенин билдирди. Ал: «Эгер яхудийлер анын баарын алышса жакшы болот» деп, муну «Кудай Ибрахим аркылуу тандаган элге берген жер» деп атады.
Америка буга окшош нерсени 2003-жылы Иракта жасаган. Ал кезде Иракта яхудий түзүмүн коркуткан жана аны жеңип, Палестинаны азат кыла ала турган күч бар эле. Бирок Америка Эрдогандын Түркиясы жана аймактагы мамлекеттердин колдоосу менен Иракты, анын аскердик күчүн, курал өндүрүшүн талкалап, илимпоздорун өлтүрүп, байлыктарын тоноп кеткен. Түркия жана Булуң өлкөлөрү Америкага аскердик базаларын ачып беришкен.
Ошондой эле Эрдогандын Түркиясы Американын Афганистанга каршы агрессиясында да колдоо көрсөткөн жана өзү менен бирге Булуң өлкөлөрү да Америкага базаларын ачып берген. Ал тургай Түркия НАТО жетекчилиги астында бул согушка катышкан. Эрдоган муну менен мактанып, Түркияны НАТОго эң көп колдоо көрсөткөн мамлекеттердин бири деп атап, мисал катары Афганистанда, Кореяда жана Куба кризисинде Америка менен альянсты колдогонун айткан.
Мындан улам ар бир акыл-эстүү адамга, ал тургай аз да болсо ой жүгүрткөн адамга Эрдогандын чоң кыянатчы экени айкын болот. Ал кафирлерди дос тутуп, алардын башчысы Трампка жана анын мамлекетине чоң колдоо көрсөтүүдө. Ал башка Ислам өлкөлөрүнүн кафирлерди ээрчиген башкаруучуларынан айырмаланбайт. Ошондуктан аны ээрчүү жана актоо жаиз эмес, тескерисинче аны жана бардык кафирлерди колдогондорду айыптоо керек.
Ошондой эле динине, жерине жана үммөтүнө күйгөн, Аллах менен акырет күнүнө жолугушууну үмүт кылган ар бир мусулман үчүн мындай башкаруучуларды жана алардын режимдерин кулатуу, аларды тамыры менен жок кылуу зарыл экендиги айкын болот. Анткени алар Исламга каршы келген негиздерге жана кафир Батыштан алынган конституциялар менен мыйзамдарга негизделген. Ошондой эле аң-сезимдүү, ихластуу ар бир мусулман үчүн бул жаман абалдардан жана Америка менен яхудий түзүмүнүн аймактагы үстөмдүгүнөн кутулуунун жалгыз жолу Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты орнотуу жана Ислам өлкөлөрүн анын роясы астында бириктирүү экендиги айкын. Ошондуктан үммөт уулдары бул максатты ишке ашыруу үчүн Хизб ут-Тахрир менен бирге иш алып баруусу же жок дегенде аларды колдоосу ыймандын эң алсыз даражасы болуп саналат.
Роя гезити
Асъад Мансур




