Согуш башталгандан бери Газа секторунун калкы дээрлик 10 пайызга азайды

Согуш башталгандан бери Газа секторунун калкы дээрлик 10 пайызга азайды
Палестинанын Борбордук статистика бюросу (PCBS) 2025-жылдын аягына карата Газа секторунун калкы болжол менен 224–254 миң адамга кыскарганын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, согушка чейин 2,3–2,4 миллионду түзгөн калк учурда 2,13 миллионго чейин азайып, жалпы төмөндөө 10–10,6 пайызды түздү.
Ушундай эле баалоону Европа-Жер Ортолук деңизинин Адам укуктары боюнча мониторинг борборунун төрагасы Рами Абду да келтирген. Анын айтымында, калктын азайышына согуштан каза болгондор, дайынсыз жоголгондор, жаракатынан, ачарчылыктан жана оорулардан каза болгондор себеп болгон.
Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдын аягы – 2026-жылдын башындагы маалыматына ылайык, каза болгондордун саны 70–73 миңге жеткен. Алардын арасында 18–21 миң жаш бала жана 12–14 миң аял бар. Дагы 11 миңге жакын адам дайынсыз. Алардын көбү кыйраган имараттардын алдында калып калган болушу мүмкүн. Ал эми жаракат алгандардын саны 171–173 миңге жетет.
Ошол эле учурда, тынчтык келишими толук аткарылган жок. Ок атышууну токтотуу боюнча түзүлгөн келишимде согуштук аракеттерди толугу менен токтотуу, «Израилдин» аскерлерин Газа секторунан чыгаруу, гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жеткирилишин камсыз кылуу жана кыйраган инфраструктураны калыбына келтирүү каралган.
Бирок маалымдалгандай, бул милдеттенмелер аткарылган эмес. Маалыматтарга ылайык, ок атышууну токтотуу режими болжол менен 3700 жолу бузулган. Мунун кесепетинен 1200дөн ашуун палестиналык каза болуп, дагы 3600дөй адам жаракат алган.
Гуманитардык абал дагы эле оор бойдон калууда. Газа секторуна зарыл болгон жардамдын болгону 35 пайызы гана жеткирилүүдө. Ошондой эле, аймактын болжол менен 70 пайызы «Израилдин» көзөмөлүндө калган.




