Роя гезити

Түркия менен Грециянын ортосундагы келишпестиктердин жана чыңалуунун себептери

Түркия менен Грециянын ортосундагы келишпестиктердин жана чыңалуунун себептери
Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис 2026-жылдын 11 жана 13-сентябрь күндөрү Жер Ортолук деңизинде Түркиянын чек арасына өтө жакын жайгашкан грек аралдарын кыдырып, ал жерлерде жайгашкан грек аскерлерин текшергенден кийин, айрыкча, Түркиянын жээгинен 2 чакырым алыстыкта жайгашкан Мейс аралына барган соң Түркия менен Грециянын ортосундагы чыңалуу күчөдү. Натыйжада, аскердик эмес макамга ээ аралдарда аскерлердин бар экени ачыкка чыкты. Бул Түркияны жооп катары чектеш аймактарга аскерлерин жайгаштырууга түрттү.
Греция Усманий фатихтер тарабынан фатх кылынып, 400 жылга жакын убакыт бою Исламдын адилеттүүлүгү менен башкарылган. Кийин Британия, Франция жана Россия Усманий Халифалыкка каршы өз ара келишип, ага каршы согуш ачышты. Натыйжада, Усманий халифалыкты Грециядан бөлүп алып, 1830-жылы Грецияга көз карандысыздык беришти. Бирок көптөгөн аралдар Биринчи дүйнөлүк согушка чейин Усманий Халифалыктын колунда калган.
Халифалыкты жана шариятты жок кылган Мустафа Кемал 1923-жылы Лозанна келишиминде ал аралдарды Грецияга өткөрүп берип, Британия менен Франция Түркияга калтырууну макулдашкан аралдар менен гана чектелген. Белгилей кетсек, бул аралдардын айрымдары Грециянын материктик бөлүгүнөн 600 чакырым алыстыкта жайгашса, Түркиянын жээктеринен болгону 2 чакырым алыстыкта жайгашкан. Эгей деңизинде чоң-кичине аралдар жана аскалуу түзүлүштөр болуп, алардын жалпы саны 1800гө жакын. Алардын 100 аралында калк жашайт, ал эми 24 аралдын аянты 100 чарчы чакырымдан ашат.
Келишпестиктер төмөнкү маселелерде көрүнөт:
Көптөгөн аралдардын тагдыры али чечиле элек. Түркия аларды өзүнө берүүнү талап кылууда, ал эми Греция муну четке кагып, Түркияга Лозанна келишиминде белгиленген аралдарды гана таанууда.
– Келишпестик «Он эки арал» деп аталган аралдардын айланасында жүрүүдө. Бирок чындыгында алар 14 аралдан, ошондой эле он чакан аралдан жана аскалуу түзүлүштөрдөн турат.
– Деңиз чек аралары боюнча келишпестик бар. Греция өзүнүн деңиз чек арасын 12 милге чейин кеңейтүүнү каалайт, ал эми Түркия буга каршы чыгууда.
– Аралдарды аскерлештирүү маселеси боюнча келишпестик бар. Бул «Грециянын Чыгыш Эгей аралдарынын аскердик эмес макамын бузушу» деп аталат. Түркия өзүнө жакын жайгашкан бул аралдарда грек аскерлеринин болушуна каршы чыгып, муну 1947-жылдагы Париж тынчтык келишимине каршы келет деп эсептейт. Анткени бул келишимде аталган аралдарды аскерлештирүүгө тыюу салынган. Ал эми Греция коопсуздук коркунучу бар экенин шылтоо кылууда.
– Кипр маселеси. Бул арал экиге бөлүнгөн. Греция эл аралык деңгээлде таанылган түштүктөгү грек бөлүгүн колдоп, түндүк бөлүгүн ага кошууну каалайт. Ал эми түндүк бөлүгүндө Түндүк Кипр мамлекети жарыяланган. Аны Түркия тааныйт жана ал жерде жайгашкан 30 миңге жакын аскери менен коргоп турат.
– Греция менен Кипрдин грек бөлүгүнүн ортосунда электр байланышын түзүү маселеси. Түркия бул долбоорго жана ага байланыштуу маселелерге өзүнүн макулдугун алууну талап кылууда.
– Греция менен яхудий вужудунун ортосундагы аскердик кызматташтык. Бул аймакта эки тарап биргелешкен деңиз аскердик машыгууларын өткөрүштү. 2026-жылдын 31-августунда «Ахиллес калканы» деп аталган абадан коргонуу системасынын долбоорун түзүү боюнча келишим жарыяланды.
Греция, айрыкча, өлкө ичинде кандайдыр бир маселелер же көйгөйлөр пайда болгондо Түркия менен болгон келишпестиктерин козгоп, күчүн көрсөтүүгө аракет кылат. Анткени келерки жылдын биринчи жарымында жалпы шайлоо өтөт. Кыязы, дал ушул себептен улам анын премьер-министри Жер Ортолук деңизинде Түркиянын чек арасына өтө жакын жайгашкан грек аралдарына сапар жасады. Алардын арасында Түркиянын жээгинен 2 км алыстыкта жайгашкан Мейс аралы да бар. Ал бул аралда грек аскерлеринин бар экенин ачыкка чыгарды. Ал эми эки өлкөнүн ортосундагы келишимдер бул аралда аскерлердин болушуна тыюу салат.
Греция Түркияга чакырык таштап, Эгей деңизиндеги аралдарда өзүнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн жана аскердик инфраструктурасын чыңдоодо, келишимдерди бузууда жана деңиз чек араларын кеңейтүүгө аракет кылууда. Анткени ал Түркия буга чейин мунун баарына карабастан, ага каршы олуттуу аскердик аракет көрбөгөнүн жакшы билет.
Белгилей кетсек, Греция менен Түркия Американын жетекчилиги астындагы бир эле аскердик альянска мүчө. Бирок бул альянстын дагы бир мүчөсү болгон Франция 2020-жылы Грецияны Түркияга каршы тукурууга аракет кылып, ага өзүнүн аскердик кемелерин жөнөткөн жана аны менен биргелешкен аскердик машыгууларды өткөргөн. Муну менен Франция аймакта өз таасирин орнотууга аракет кылган. Бирок Америка ага каршы туруп, Грецияга басым жасаган жана Греция яхудий вужуду менен биргеликте Европага газ жеткирүү үчүн курууну пландаган газ кууру долбооруна материалдык жана саясий колдоо көрсөтпөй турганын жарыялаган. Натыйжада, Греция айласыз абалда калып, долбоор ишке ашпай калган.
Эрдогандын Түркиясы Американын таасир чөйрөсүндө айланып, анын кызыкчылыктарына кызмат кылууда жана тышкы саясатта Америка менен макулдашмайынча эч кандай аракетке барбайт. Ошондуктан Греция менен болгон тирешүүдө Америкага таянып, анын кандай кадам жасарын күтүп турат. Түркия Америка көрсөтмө бергенде Сирия, Ливия жана Азербайжан багытында аракетке өткөн. Бирок яхудийлер тарабынан геноцидге дуушар болуп жаткан жана азыр да ошол абалда калган Газа калкына жардам берүү үчүн эч кандай аракет жасаган жок. Анткени Америка «согуштун масштабын кеңейтпөө» деген шылтоо менен буга уруксат берген эмес. Президент Трамп да Түркияны Америка яхудий вужуду менен биргеликте Иранды 40 күндөн ашык убакыт бою бомбалап жатканда кийлигишпегени үчүн мактаган.
Америка Грециядагы өз таасирин бекемдөөнү каалайт. Ошондуктан ал грек аралдарындагы аскердик базаларын кеңейтип, жаңыларын кошуп, аларды жаңы аскердик күчтөр жана жоокерлер менен чыңдады. Ушул себептен улам Америка Түркиянын Греция менен болгон чыңалууну күчөтүшүн каалабайт. Тескерисинче, аны Греция менен элдешүүгө түртүүдө. Ошондуктан ар бир чыңалуудан кийин эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү жолугушуп, чыңалууну басаңдатууга аракет кылышат.
Греция Америкадан коркот жана Европа Биримдигинин мүчөсү болгондуктан Европанын, айрыкча Франциянын колдоосуна таянат. Ал эми Франция жагдайга жана башкаруучуларынын маанайына жараша ойлонулбаган саясаттарды жүргүзүп, кийин алардан кайра баш тартат. Буга чейин да Франция Грецияны Түркияга каршы колдогон кезде Америка кийлигишкенден кийин өз позициясынан кайткан.
Ошондуктан Грециянын коркутуулары белгилүү бир чектен ашпайт. Анткени анын Түркияга каршы аскердик жактан туруштук берүүгө кудурети жетпейт жана гректер түрктөрдөн коркушат. Эгер Түркиянын башкаруучуларында Фатих жана Сулайман Кануний сыяктуу Усманий фатихтерде болгон чыныгы көз карандысыз эрк, кайраттуулук жана ихластуулук болгондо, алар аракетке өтүп, бул аралдарды өз көзөмөлүнө алышмак.
Америка Грециянын саясий абалы кандай болбосун, андан баш тартпайт. Анткени Греция Жер Ортолук деңизинин чыгышында Ислам өлкөлөрү менен түздөн-түз чектешкен Батыш өлкөсү болуп саналат. Ошондуктан ал Батыш үчүн маанилүү база болуп эсептелет. Америка аралдардагы аскердик катышуусун күчөтүүдө. Балким, муну Түркияда саясий абал өзгөрүп, Америка өзүнүн аскердик базаларын жаап, аскерлерин Түркиядан чыгарып кетүүгө аргасыз болгон учурда Грецияны альтернатива катары пайдалануу үчүн да жасап жаткандыр. Америка мындай өзгөрүүдөн коркот. Анткени Түркиянын калкы мусулмандар жана алардын арасында түп-тамырынан бери өзгөртүү жасоо жана пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн ихластуулук менен аракет кылып жаткандар бар.
Роя гезити
Асъад Мансур

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button