Учурда Йеменде болуп жаткан колонизатордук максаттарды ишке ашыруу үчүн айтылган жалындуу билдирүүлөр жана аскерий аракеттер

Учурда Йеменде болуп жаткан колонизатордук максаттарды ишке ашыруу үчүн айтылган жалындуу билдирүүлөр жана аскерий аракеттер
Жергиликтүү жана чет өлкөлүк маалымат каражаттары ушул жылдын 20-июлунда Йемендеги сегиз мүчөдөн турган Президенттик кеңештин төрагасы Рашад аль-Алиминин телекөрсөтүү аркылуу жасаган кайрылуусун таратышты. Анда ал элдин бардык катмарларын аскерий күчтөрдү колдоого, хусийлердин борбор шаар Санадагы үстөмдүгүн токтотууга жана аларды 12 жылга созулган көзөмөлүнөн кийин ал жерден чыгарууга чакырды. Ал эми хусийлер 2014-жылдан бери өздөрү көзөмөлдөп турган аэропорттор менен портторго коюлган блокаданы алып салуу үчүн кырдаалды курчутуу менен жооп беришти.
Бул Рашад аль-Алими бир жарым айдын ичинде жасаган экинчи курч билдирүү болду. Буга чейин ал 2026-жылдын 11-июнунда БУУнун атайын өкүлүнө сунуштаган көз карашында «чыныгы чечим хусийлер менен бийликти бөлүшүүдө эмес» деп билдирген эле. Бул билдирүү 2026-жылдын 7-июнунда Амманда өткөн Аден менен Эр-Рияддын ортосундагы Координациялык комитеттин жыйындарынан бир апта өткөндөн кийин айтылган. Ошондой эле БУУнун атайын өкүлү Грундберг Сана, Аден жана Эр-Рияддын өкүлдөрүн камтыган Координациялык комитеттин жыйынын өткөрүүгө демөөрчүлүк кылууга чакырган эле.
Ошондой эле аль-Алиминин акыркы билдирүүсү 2026-жылдын 13-июлунда Эр-Рияд Сана аэропортунун учуп-конуу тилкесин бомбалап, Тегерандан келген «Махан» учагынын ал жерге конуусуна жол бербегенден кийин айтылды. Бул учак 2026-жылдын 3-июлунда Ирандын жетекчиси Али Хаменейини акыркы сапарга узатууга катышкан хусийлердин делегациясын алып кетүү үчүн ошол аэропортко конгон эле. Андан кийин эки тараптын жооп аракеттери удаалаш башталды. Алгач хусийлер Абха аэропортун бомбалады. Абха — мусулмандардын акыркы мамлекети болгон Усманий мамлекетинин бийлиги тушунда Йеменге караштуу Усманий Асир башкармалыгынын борбору болгон. Андан соң алар ушул жылдын 20-июлунда Саудия кемелеринин Баб аль-Мандеб кысыгынан өтүшүнө тыюу салуу тууралуу билдирүү чыгарышты. Үч күндөн кийин муну Саудиянын эки мунай танкерин бомбалоо менен улантышты. Буга жооп катары Эр-Рияд 2026-жылдын 25-июлунда Ходейда вилаятындагы жана Кызыл деңиздеги Камаран аралындагы жерлерди бомбалады. Хусийлер ошол эле күнү Жизан жана Янбудагы «Арамко» компаниясын бомбалоо менен жооп беришти. Ошол эле учурда Шабва вилаятынын Мариб жана Байда вилаяттары менен чектешкен аймактарындагы Байхан жана Хариб фронтторунда кагылышуулар тутанды.
Тегеран менен Сананын Ормуз жана Баб аль-Мандеб кысыктарындагы чабуулдары Вашингтондун Эр-Рияддан Йемен аркылуу Араб деңизине мунай куурун тартуусун тездетүү талабын ишке ашырууда. Бул мунайды чыгыш тарапка Тынч океан аркылуу жеткирүү үчүн жасалууда. Эл аралык кризис тобу хусийлердин Баб аль-Мандебдеги кеме жүрүшүн чектөөсүнө Тегерандын тиешеси бар экенин эске алган. Ошол эле учурда Европа Кызыл деңиздеги «Аспидес» операциясы өз кемелеринин ал жерден ийгиликтүү өтүшүн камсыздоону улантып жатканын айтууда. Бул Европа Биримдиги өз кемелерин коргоо үчүн 2024-жылдын 19-февралында баштаган коргонуу мүнөзүндөгү деңиз аскерий операциясы болуп эсептелет.
Жогоруда айтылган Йемендеги жаңжалдын эки тарабы жүргүзүп жаткан бардык саясий жана аскерий аракеттер БУУнун сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүүсүнө даярдык болуп саналат. Максат — 2023-жылдын 7-октябрындагы «Акса ташкыны» операциясынан улам токтоп калган жол картасын кайра жандандыруу. Ага Америка жана анын колунда өскөн яхудий түзүмүнүн Иранга каршы агрессиясы да аралашып кетти. Йемендеги тынчтык менен туруктуулукту бузгандан тартып, аны кайра калыбына келтирүүгө чейин (мейли бул анын элинин канын төгүү аркылуу болсо да) таасир этти!
Бул Аден бийликти Аден менен Сананын ортосунда бөлүштүрүүнүн ээси болгон БУУнун алдында өз талаптарынын чегин жогорулатып жатканын билдирет. Бул бөлүштүрүүнүн натыйжасында Аден өкмөтү 2022-жылдын октябрынан бери токтоп турган мунай экспортун кайра баштады. Бул токтоп калуу ага олуттуу таасир тийгизген эле. Мунун каршысында Сана да өз талаптарынын чегин жогорулатууда. Жол картасына ылайык, мунай экспорту кайра башталгандан кийин өлкө боюнча мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары төлөнөт. Ошол эле учурда мурдагыдай эле чет өлкөлүк мунай компаниялары менен мунай чалгындоо боюнча келишимдерди түзүүгө көз жумулат. Болгону келишимдерге Санадагы Мунай министрлигинин мунай секторлору боюнча эл аралык тендерлердин жобосун даярдоо комитети тарабынан формалдуу өзгөртүүлөр киргизилип, келишим түзүлө турган компаниялардын багыты да өзгөрдү. Өлкөдө ээн-эркин каалаганын кылып жүргөн европалык компаниялардын мезгили бүттү. Эми мурда кабыл алынбай келген, Түштүк Корея жана Индонезиянын кийимин жамынган компаниялардын мезгили келди! Алардын Америкага караштуу экени анык.
Экинчи тараптан, Йемендеги бири-бирине карама-каршы колонизатордук кызыкчылыктарга — эски британиялык аскерий колонизаторлук менен жаңы америкалык экономикалык колонизаторлукка — кызмат кылган аймактагы эки көрүнүктүү күч Эр-Рияд менен Абу-Даби да аракетке өттү. Ушул жылдын 21-июлунда Кызыл деңиздеги Синдала аралына жакын жерде Вашингтондун кызматчысы, Саудиянын коргоо министри Халид бин Салман бин Абдулазиз менен Лондондун кызматчысы Мансур бин Заид Аль Нахаян жолугушту. Муну Абу-Дабинин Тышкы иштер министрлигинин хусийлердин Саудия кемелеринин Баб аль-Мандеб аркылуу өтүшүн токтотуу жөнүндөгү билдирүүсүн айыптаган билдирүүсү да бекемдеди. Бул жолугушуу Америка менен яхудий түзүмүнүн Иранга каршы жүргүзүп жаткан согушу экөөнө алып келген жагдайлардын фонунда өтүп жатканы менен, Эр-Рияд менен Абу-Дабинин мындай жакындашуусу алардын Аллахка, Анын Расулуна ﷺ жана Йемен элине кылган кыянаттарын жаап-жашырууга багытталган.
Рашад аль-Алимини Йеменди БУУ Уставынын жетинчи бөлүмүнүн астына койгон эл аралык түзүм дайындаган! Ошол эле түзүм анын сегиз мүчөдөн турган кеңешине да макул болгон. Ошондой эле Жамал бин Умардын кол коюусу менен хусийлерге карата да ушундай кылган. Йемен эли алардын өлкөсүндөгү тынчтыкты эл аралык колонизатордук пландардын кызыкчылыгы үчүн БУУ бузганына күбө! Анын жаңжалы өлкөнү бөлүп-жарып, Сайкс-Пико чек араларына кошумча болгон, эч кандай күчү да, кубаты да жок майда бөлүктөргө ажыратууга алып келет. Алардын жаңы кызматчылары анын пландарын ишке ашырууга, кызыкчылыктарын коргоого жана мунайды талап-тоноонун уланышына кепилдик берүүгө милдеттенишет. Ал эми бул дүйнөсүн курууда жана акыретте Жаратуучусунун алдындагы акыбетинде чечүүчү сөз ыйман ээлеринде кала берет.
Эй, ыйман ээлери! Эл аралык күрөштүн күчтөрүн өзүңөрдөн жана өлкөңөрдөн алыстаткыла, силерден мурункулардын даңкын кайтаргыла жана Аллахтын күчү менен кубатынан нусрат сурагыла. Ал күч силерге Анын буйруктарына баш ийүүнү важиб кылат. Аллах Таала айтат:
﴿وَلَنْ يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً﴾
«Алла эч качан каапырлар үчүн момундар үстүнөн жеңип чыгышына жол бербейт». (Ниса: 141).
Андыктан Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи Рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылуу менен бул буйрукту бекем кармангыла. Анткени ал Йемендин жана бүткүл дүйнөнүн көйгөйлөрүнүн түпкү чечими. Ааламдарга рахмат кылып жиберилген, пайгамбарлар менен расулдардын акыркысы болгон ишенимдүү Расул ﷺ айтты:
«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
«Андан cоң Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».
Роя гезити
Инженер Шафик Хамис




