Фираундун зулумдугунун кайталануусу жана үммөттүн өзгөртүү вазыйпасы

Фираундун зулумдугунун кайталануусу жана үммөттүн өзгөртүү вазыйпасы
Абдул Салам аль-Бадри
Фираундун окуясы деңизде бир залимдин чөгүп кетиши менен аяктаган өзүнчө бир тарыхый окуя болгон эмес. Тескерисинче, Аллах аны акыйкат алсыраган сайын, адамдар зулумга каршы унчукпай калган сайын, үммөт залимдер менен текеберлерге баш ийүүгө ыраазы болгон сайын адамзат жашоосунда кайра-кайра кайталанып турган аят-керемет кылды. Куран окуяларды көңүл ачуу үчүн баян кылбайт. Тескерисинче, акыйкат менен батылдын ортосундагы күрөштүн мыйзамченемдерин ачып берип, адамдарга зулумдук кандай жараларын жана үммөттөр акыйкат менен адилеттиктин таразасын жоготкондо кандай кулай турганын көрсөтөт.
Фираун жөн гана өзүн кудай деп жарыялаган текебер адам эмес эле. Ал адамдардын аң-сезимин көзөмөлдөөгө, чындыкты бурмалоого жана адамдарды коркутуу, мажбурлоо жана күч аркылуу баш ийдирүүгө негизделген саясий жана фикрий түзүмдүн үлгүсү болгон. Ошондуктан ал өз коомуна мындай деген:
﴿مَا أُرِيكُمْ إِلَّا مَا أَرَىٰ وَمَا أَهْدِيكُمْ إِلَّا سَبِيلَ الرَّشَادِ﴾
“Фираун айтты: “Мен силерге бир гана өзүм каалаган — туура көргөн нерсени көрсөтүүдөмүн жана мен силерди туура жолго гана жетектеймин”. (Гаафир: 29).
Ар бир залим дал ушундай кылат. Ал өзүн чындыкка жалгыз ээлик кылгандай алып жүрөт. Өз пикирин мыйзамга айландырат, өзүн болсо оңдоочу жана куткаруучу катары көрсөтөт. Бирок чындыгында ал өз бийлигин зулумдукка, адамдарды кул кылууга жана элдердин байлыктарын талап-тоноого негиздейт.
Фираундун алдында Муса алайхис саламдын «күнөөсү» жерде бузгунчулук кылганы эмес эле. Тескерисинче, ал адамдарды баш ийүүдөн ойготуу, батылдын мыйзамдуулугун жокко чыгаруу жана кулчулуктун таразасын жалгыз Аллахка гана багыттоо үчүн келген болчу. Ошондуктан Фираун мындай деген:
﴿إِنِّي أَخَافُ أَن يُبَدِّلَ دِينَكُمْ أَوْ أَن يُظْهِرَ فِي الْأَرْضِ الْفَسَادَ﴾
“Чындыгында мен (Муса) силердин диниңерди өзгөртүп жиберишинен же Жер жүзүндө бузгунчулукту көбөйтүүсүнөн коркомун”. (Гаафир: 26).
Тарыхта заалимдер оңдоого чакыруучуларды фитна жана башаламандыктын ээлери деп күнөөлөп келишкен. Анткени алар үммөттүн аң-сезиминен куралдан да көбүрөөк коркушат.
Эң кооптуу төмөндөө баскычы – бул залимдин бар болушу гана эмес, анын фираундук мүнөзү адаттагы көрүнүшкө айланып калышы. Элдердин зулумга ушунчалык көнүп калышы, натыйжада кулчулукту туруктуулук, батылды реалдуу саясат, ал эми моюн сунууну даанышмандык жана акылдуулук деп көрө башташы. Таразалар ушунчалык бузулган учурда маалымат каражаттары зулумдун жарчысы болуп калат, аны актагандар менен мактагандар көбөйөт. Ал эми акыйкат ээлери болсо бузгунчулукту ашкерелеп, ураандардын жалгандыгын ачып бергендиктери үчүн куугунтукка алынат. Ошондуктан Куран турмуштун бузулушун адамдардын Аллахтын шариятынан жүз бурушу менен байланыштырган. Аллах Таала мындай дейт:
﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكًا﴾
“Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот”. (Тааха: 124).
Тар турмуш – бул каражаттын тартыштыгы гана эмес. Ал адамдардын каалоолору жана адам чыгарган мыйзамдар менен башкарылганда, бүт адамзат жашаган жалпы бактысыздык абалы. Мындай учурда материалдык өнүгүү абдан жогору болгонуна карабастан, экономикалык кризистер, психологиялык бузулуулар, үй-бүлөнүн ыдырашы, саясий зулумдук, согуштар кеңири жайылып, бейпилдиктин жоголушу күчөйт.
Ал эми Аллах адамдын адилеттүүлүктүн көлөкөсүндө жашашын каалаган. Ошондуктан Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарууну жердин оңолушунун жана жашоонун түзөлүшүнүн негизи кылган. Аллах Таала мындай деген:
﴿يَا دَاوُودُ إِنَّا جَعَلْنَاكَ خَلِيفَةً فِي الْأَرْضِ فَاحْكُم بَيْنَ النَّاسِ بِالْحَقِّ وَلَا تَتَّبِعِ الْهَوَىٰ﴾
“Эй Давуд, акыйкатта Биз сени жерде халифа кылдык. Эми сен (көңүл) каалоосуна ээрчип кетпегин!”. (Саад: 26)
Исламдагы халифалык түшүнүгү үстөмдүк кылуу же зомбулук эмес. Тескерисинче, ал адилеттүүлүктү орнотуу, укуктарды коргоо жана адамзатка жакшылык рисалатын жеткирүү жоопкерчилиги болуп саналат. Аллахтын шариятын четке каккан жана өкүмдарлыкты адамдардын каалоолору менен кызыкчылыктарына тапшырган ар кандай түзүм, эркиндиктин, өнүгүүнүн же демократиянын ураандары менен кооздосо да, бузгунчулуктун эшиктерин ачат. Мына ушундан улам Исламдын рисалаты жекече насааттар менен гана чектелбеген, ар тараптуу хазарий өзгөртүү рисалаты болгонун түшүнөбүз. Анткени Пайгамбар ﷺ адамдарды руханий жактан тарбиялоо менен гана чектелген эмес, ал ﷺ Исламды колдонгон жана анын дааватын дүйнөгө жеткирген коомду жана мамлекетти курган. Натыйжада үммөт чачыранды, алсыз уруулардан адилеттүүлүк, илим жана ырайым менен дүйнөнү жетектеген үммөткө айланган. Сахабалар да ушул улуу маанини терең түшүнүшкөн. Алар Ислам адамды адамдарга кул болуудан куткаруу үчүн келген деп эсептешкен. Ошондуктан Рабий ибн Амир Персиянын кол башчысына мындай деген:
«ابتعثنا الله لنخرج العباد من عبادة العباد إلى عبادة رب العباد، ومن جور الأديان إلى عدل الإسلام، ومن ضيق الدنيا إلى سعة الدنيا والآخرة».
«Аллах бизди адамдарды адамдарга кул болуудан адамдардын Роббисине кул болууга, диндердин зулумунан Исламдын адилеттүүлүгүнө, дүйнөнүн тарчылыгынан бул дүйнө жана акыреттин кеңдигине чыгаруу үчүн жиберди».
Бул адамды фикрий, саясий жана экономикалык жактан азат кылган акыйда. Ал адамды жалгыз Аллахка гана кул кылып, залим түзүмдөргө же текебер күчтөргө көз каранды кылбайт.
Бүгүнкү күндө үммөттүн бөлүнүп-жарылышы, алсыздыгы, чет элдик үстөмдүккө дуушар болушу жана саясий-экономикалык бузгунчулукка кабылышы Ислам бийлигинин турмуштан жок болушунан өзүнчө көрүнүш эмес. Анткени Аллахтын шарияты менен башкаруу жок болгондо, анын ордун сырттан алынган түзүмдөр ээледи. Алар үммөттү башкаларга көз каранды кылып, байлыктарын талап-тоноого, биримдигин ыдыратууга жана чечимдерин ири державалардын эркине байлап коюуга алып келди. Ошондуктан чыныгы ойгонуу жарым-жартылай реформалар же саясий жамоо-жаскоолор аркылуу эмес, үммөттүн өз улуулугунун негизине т.а. Исламга жашоонун ар тараптуу түзүмү катары кайтып келиши менен гана ишке ашат.
Үммөт өз динине болгон ишенимин кайра жандандыра турган фикрий аң-сезимге муктаж. Ошондой эле колонизатор мусулман өлкөлөрүнө таңуулаган долбоорлордун жалгандыгын ашкерелей турган аң-сезимге да муктаж. Муну менен бирге адамдарды Исламга жөн гана турмуштан обочолонгон жеке ибадаттардын жыйындысы катары эмес, ойгонуунун, башкаруунун жана адилеттүүлүктүн долбоору катары байланыштырган ихластуу саясий амалга да муктаж. Анткени бүгүнкү күрөш чек аралардын гана күрөшү эмес, ал пикирлердин, түшүнүктөрдүн жана түзүмдөрдүн күрөшү. Ким туура фикратка жана так хазарий долбоорго ээ болсо, келечекти куруу мүмкүнчүлүгү да ошонун колунда болот.
Ушул күрөш кызуу жүрүп жаткан шартта момун адам кайдыгер же сырттан карап туруучу болбошу керек. Тескерисинче, ал үммөтүнүн түйшүгүн көтөргөн, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарган жана акыйкат менен адилеттиктин бийлигин кайрадан турмушка кайтаруу үчүн ихластуу адамдар менен бирге амал кылган адам болушу зарыл. Аллах Таала мындай деген:
﴿وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ﴾
“Силерден жакшылыкка чакыра турган, ибадат-итаатка буйра турган жана күнөө-жаман иштерден кайтара турган бир жамаат болсун. Дал ошолор ийгилик табуучулар – (тозоктон) кутулуучулар”. (Али Имран: 104).
Ошондуктан бүгүн бузгунчу вакыйлыкка ыраазы болбоо, аны жөн гана талдап же төмөндөөгө кайгыруу менен чектелбөө үммөттүн мойнундагы важиб болуп саналат. Тескерисинче, акыйкатты орнотуу жана Аллахтын шариятын жер жүзүндө өкүмдар кылуу үчүн ихластуу амал кылуучулар менен бирге амал кылуу милдет. Ошондо үммөт Аллах каалагандай адамдарга күбө болгон үммөткө кайра айланат жана Ислам бүтүндөй адамзат үчүн кайрадан ырайым, адилеттүүлүк жана туура жол көрсөтүүчү болуп кайтып келет. Анткени ушундай жол менен гана фираундук зулум кыйрайт, адамдын кадыр-баркы камсыз болот, асман менен жердин берекелери ачылат жана мусулмандар Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарууну таштап койгон күндөн тартып жоготкон ордун кайрадан кайтарып алышат.




