Кыргыз бийлиги өз жарандарына тыюу салган жерлерди чет элдиктерге таркатууда

Кыргыз бийлиги өз жарандарына тыюу салган жерлерди чет элдиктерге таркатууда
Кыргызстандын жаңы Жер кодексине ылайык, мамлекет тарабынан жарандарга курулуш үчүн жер тилкелерин бекер берүү токтотулду. Мындан ары жерди сатып алуу жана сатуу базар шарты менен гана жүрөт. Жерлерди 5 гектардан кем эмес өлчөмдө гана сатууга же бөлүүгө уруксат берилет.
Буга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуу учурундагы билдирүүсү калк ичинде катуу нааразылыкты күчөттү. Анын айтымында, жарандарга жер тилкесин берүүнүн ордуна, аймактарда көп кабаттуу үйлөрдү куруу сунушталат.
Кыргыз коомчулугунун бул темага байланыштуу нааразылыгын жараткан дагы бир жагдай, өлкө бийлиги өз элине бербеген жерлерди каапырларга гектарлап карматуусу болуп жатат. Маселен, Кыргызстан Россияга аскердик базалар жана чек ара кызматы үчүн жалпысынан 924 гектардан ашык жер бөлүп берген. Бул жерлердин көбүнө ижара акысы төлөнбөйт, анын ордуна Орусия Кыргызстанга эскирген аскердик жана техникалык жардамдарды жиберип коет. Буга кошумча, Кыргыз-орус Славян университетине жаңы кампус куруу үчүн Байтик айылынан 30 гектар жер берилди.
Мындан тышкары, «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагы түзүлүп, чет элдиктерге Ысык-Көлдүн жээгинен болжол менен 6 миң гектар аянт жер берилди. Алардан эч кандай салык да алынбайт. Бул аймакта сүткорлукка негизделген эл аралык банк, мейманкана имараттары, анын ичинде казинолорду куруу пландалып жатат.
Жер кодексиндеги өзгөрүүлөрдүн ичинде чет элдик жарандарга Кыргызстанда кыймылсыз мүлк сатып алышына жол берүү да калктын кыжырын келтирүүдө. Мындан ары алар турак жай, батир жана коммерциялык имараттарга ээ боло алышат. Ал эми, жер тилкеси мамлекетте калган менен 49 жылдык мөөнөткө ижарага иштете алышат. Мына ушул кодекс өлкөдө кытай жарандарынын көбөйүшүнө, алардын кыймылсыз мүлктөрдү өздөрүнүн же башкалардын атынан сатып алуусуна шарт түзүп берүүдө. Расмий органдардын маалыматына ылайык, 2025-жылы чет элдик жарандар Кыргызстандан 2408 кыймылсыз мүлк сатып алган. Албетте, бул ортомчуларсыз сатып алынган мүлктөрдүн тизмеси. Ал эми, кыргыз жарандары аркылуу сатып алынган мүлктөр мындан эселеп көп экени талашсыз.
Мына ушул адилетсиз мамиле акыркы мезгилде калк ичинде нааразылыкты күчөтүп барууда. Буга кошумча, мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан имараттардын сапаты жана анын баасынын калктын чөнтөгүнө оор келип жатканы өзүнчө маселе. МИК турак-жай курган подрядчы компаниялардан үйлөрдү чарчы метрин 650-700 доллардан сатып алып, үстүнө 250 доллар кошуп, элге 950 доллардан ипотека шарты, башкача айтканда сүткорлук негизинде сатууда. Өлкөдөгү кымбатчылыкты эсепке алганда, бул үйлөрдү алууга колунда барлар гана кудуреттүү. Ошондой эле, бул жарандарды турак-жай менен камсыздоо маселесин чечпейт. Ошол эле учурда, МИК жана жеке компаниялар элдин эсебинен «акча жасап» жатышат. Бул адилетсизик жана зулум, андан тышкары динибизде арам эсептелген сүткорлукка мажбурлоо болуп эсептелет.
Мунун каршысында, мусулмандар бир үммөт катары жашап турган мезгилдерде Ислам жетекчилери калкты жер жана үй менен камсыздоону өздөрүнүн милдети катары билишкен. Халиф Умар ибн Хаттаб (р.а.) доорунда Куфа, Басра жана Фустат сыяктуу шаарлар курулуп, үй-бүлөлөргө жер тилкеси, турак-жай, суу жана жол инфраструктурасы берилген. Ал эми, турак-жай сыяктуу адамдын жеке мүлкү Исламда кол тийгис укук болуп эсептелген.
Ал эми, Ислам жери жалпы элдин мүлкү болуп, каапырларга берилишине катуу тыюу салынган. Буга халифа Абдулхамид 2 менен жөөттөрдүн өкүлү Херзлдын окуясы ачык мисал. Ошондо, Херзл мамлекеттин карыздарын жабуунун акысына Палестинада еврейлер үчүн жер бөлүп берүүнү сураган. Буга Абдулхамид: «Денемди бычак менен тилип салуу мага Палестинанын бир карыш жеринен баш тартуудан жеңилирээк. Анткени ал менин жеке мүлкүм эмес, Ислам үммөтүнүн мүлкү. Мен тирүү турганымда денебиздин бөлүк-бөлүк кылынышына макул боло албайм… Яхудийлер акчаларын өздөрүндө сактай беришсин. Эгер Халифалык мамлекети кулатылса, анда Палестинаны акысыз эле аласыңар…», – деген.
Демек, адамдарды эзип, эксплуатация кылган капитализм шартында бир гана турак-жай эмес, башка негизги маселелер да чечилиши оор бойдон кала берет. Себеби, бизди башкарып жаткан демократия түзүмүнүн анык жүзү ушул. Маселе адамдарды алмаштыруу менен гана чечилбейт. Анткени, бийликке келген бардык ысымдар өлкөнү пайда жана кызыкчылык негизинде гана башкарышат. Андыктан, адамдарды эмес, түзүмдү түп тамыры менен өзгөртүп, казино, сүткордук, коррупция жана зулумдукту толугу менен токтото турган Алла Таала адамзат үчүн тартуулаган, Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) көрсөткөн жол менен жашасак гана эки дүйнө бактысына жетебиз.
Акылбек Аскаров




