Эмне үчүн Судандагы согуш тийиштүү деңгээлде көңүл бурууга ээ болбой жатат?

Эмне үчүн Судандагы согуш тийиштүү деңгээлде көңүл бурууга ээ болбой жатат?
Суданда уланып жаткан аскерий туңгуюк Дарфурдун чек араларында токтоп калган операциялардын жүрүшүн курчап турган бүдөмүк жагдай тууралуу көптөгөн суроолорду жаратууда. Байкоочулар үчүн козголоңду токтотуу максатында армиянын Дарфурда талаада илгерилей албай жатышынын себептерин түшүнүү кыйын болууда. Мунун натыйжасында аймак Ыкчам колдоо күчтөрүнүн көзөмөлүндө калып жатат. Операциялардын токтоп калышы менен катар, согушту токтотууда ийгиликке жетишпей туруп, жөнгө салуу аракеттери эмне үчүн Жидда платформасы же “төрттүктүн” демилгелери менен гана чектелип жатканы тууралуу да суроо жаралат. Ошондой эле бул согушту токтотуу үчүн реалдуу басым көрсөтүүдө эл аралык коомчулуктун негизсиз шалаакылыгынын себептери тууралуу чоң суроолор бар.
Бул суроолорго жооп берүү үчүн ачык-айкын жана талашсыз бир чындыкты билүү зарыл. Ал — Судандагы саясий жана аскерий кырдаалды Америка көзөмөлдөп турат жана башкаларга анын ишине кийлигишүүсүнө жол бербейт.
Муну ырастаган көптөгөн белгилер жана мисалдар бар:
1. Америка — Судандагы согуштун негизги кыймылдаткычы. Согуш башынан эле Эркиндик жана өзгөрүү күчтөрүнүн курамына кирген, Британия менен Европага ыктаган жарандардын бийлигине жол ача турган Алкактык келишимди үзгүлтүккө учуратуу үчүн Американын көрсөтмөсү менен башталган. Аларды мурдагы премьер-министр Абдулла Хамдок жетектеген. Ошондой эле Америка белгилүү келишимдердин тексттерин эч өзгөртүүсүз таңуулайт (Женева жана Швейцариядагы сүйлөшүүлөрдө болгондой). Бул Американын калыс ортомчу ролун ойнобой турганына, тескерисинче, мамлекеттин секулярдуулугун кепилдей турган, өлкөнү бөлүп-жара турган жана армия өлкөнү майдалоого жол ача турган аймактык армиялардын пайдасына таркатып жиберүүчү шарттарды таңуулоо аркылуу чечимдин түзүлүшүн өзү даярдап, келечектеги мамлекеттин түзүлүшүн өзү долбоорлоп жатканына далил.
2. Америка согушту өзү көнүп калган америкалык сценарийди ишке ашыруу үчүн пайдаланды. Ал түштүктү бөлүп чыгарууда колдонгон ошол эле механизмдер аркылуу өлкөнү бөлүү сценарийин кайталап, улутчулдук жаатындагы чырларды козгоо менен бөлүнүүгө жол ачуу үчүн жаңы козголоңду пайда кылды. Натыйжада Ньяла Ыкчам колдоо күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү жаңы борборго айланды. Анын өзүнчө валютасы жана Хартумдагы өкмөткө баш ийбеген, толук кандуу мамлекеттин иштерин башкаруучу администраця бар. Ага армия да, айтылып жаткан эл аралык басым да – эч ким кол салбайт жана анын администрациясын эч ким бузбайт.
3. Дарфур менен Порт-Суданда эки өкмөт түзүү аркылуу Ливия сценарийин бекемдөө.
Америка Ньялада Порт-Судандагы өкмөткө каршы турган «Таъсис өкмөтү» жарыялангандан кийин, эки бийликти жана эки өкмөттү бекемдөө аркылуу Ливияда болуп жаткан көрүнүштүн дал өзүндөй абалды түзүп, Дарфурдун бөлүнүп чыгышына жетүү үчүн өз аракеттерин багыттады. Америка бул сценарий бышып жетилиши үчүн согушту узартуу максатында айыптоо жана каралоо менен гана чектелип жаткандыгы буга далил болот.
4. Чечимди Жидда платформасы аркылуу “монополиялаштыруу” жана башка чечимдерге жол бербөө.
Америка Жидда платформасын түзүп, бул маселени толугу менен өз колуна алуу жана өз эркинен тышкаркы ар кандай ортомчулукка жол бербөө үчүн аны сүйлөшүүлөрдүн жалгыз платформасына айлантты. Айрыкча Британия жана Франция сыяктуу Европага караштуу күчтөр Париж, Аддис-Абеба же Найроби платформалары сыяктуу параллелдүү платформаларды ачып, өздөрүнө орун табууга аракет кылышууда, бирок Америка буга жол бербейт. Британиянын Жидда платформасынан башка платформаларды түзүү аракеттери кайра-кайра ийгиликсиз болду. Алардын бири — 2025-жылдын 15-апрелинде өткөн Лондон эл аралык конференциясынын жүрүшүндө Судан боюнча атайын эл аралык байланыш тобун түзүү аракети болду. Бул Британиянын Тышкы иштер министрлигин бул багыт боюнча келишимге жетишилбегенине байланыштуу кайгысын ачык билдирүүгө түрттү.
5. Судандагы кагылышууга эл аралык көңүл буруунун алсыздыгын түшүндүрүү: Америка армиядагы жана Ыкчам колдоо күчтөрүндөгү өзүнө караштуу жетекчилер аркылуу кагылышууну башкарып, Судандагы саясий жана аскерий таасирди бекем көзөмөлдөп турат.
Армиядагы жана Ыкчам колдоо күчтөрүндөгү жетекчилер америкалык күн тартибин эч тартынбастан аткарып жатканын ырастаган көптөгөн далилдер бар. Мунун эң чоң далилдеринин бири:
1. Армиянын Дарфурдагы бардык шаарлардан биринин артынан биринен чыгып кетиши жана аларды Ыкчам колдоо күчтөрүнө өткөрүп бериши.
2. Согуш аракеттеринин Дарфур вилаяттарынын чек араларында токтоп калышы жана армия күчтөрүнүн кагылышууну чечүүгө кудурети жетип турганына карабастан илгерилебей жатышы. Анткени Америкага ыктаган армиянын жогорку жетекчилери армия күчтөрүнүн алдыга жылышын токтотуп турушат. А түгүл армия жоокерлеринин арасында жогорку жетекчилер менен жолукканда: «Тизгинди бошотуңуз, урматтуу мырза!» деген сөз белгилүү болуп калды. Мунун мааниси — алар жеңишке жетүүгө жана согушууга ынтызар, бирок «урматтуу мырза», башкача айтканда, жогорку жетекчи алардын тизгинин бошотпой жатат, башкача айтканда, чабуулга өтүп, козголоңду басууга буйрук бербей жатат.
3. Судан өкмөтү 2025-жылдын 10-мартында өлкөдө тынчтык жана туруктуулукту орнотуу деген жүйө менен Дарфур шаарларынан чыгып кетүү боюнча сунуштаган жол картасы.
2025-жылдын 3-апрелинде бир нече маалымат сайттары, алардын ичинде «Индепендент Арабия» да, Судандын БУУдагы өкүлү Аль-Харис Идрис 10-мартта БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке тапшырган документти жарыялашты. Анда өлкөдө тынчтык жана туруктуулукту орнотуу боюнча жол картасы камтылып, мындай деп айтылган:
«Ок атышууну токтотуу болушу керек, бирок анын алкагында Хартум вилаятынан, Кордофандан жана Аль-Фаширдин айланасынан толугу менен чыгып, милициянын болушун кабыл ала турган Дарфур вилаяттарына эң көп дегенде 10 күндүн ичинде топтолуу керек… Көчүрүлгөндөрдүн кайтып келүүсү жана гуманитардык жардамдардын кирүүсү эң көп дегенде үч айдын ичинде башталууга тийиш. Ошондой эле мамлекеттин ар түрдүү мекемелеринде жашоону жана иш жүргүзүүнү кайра калыбына келтирүү, суу, электр энергиясы, жолдор, саламаттык сактоо жана билим берүү сыяктуу зарыл инфраструктураны оңдоо керек. Бул иштерди аткаруу мөөнөтү алты айдан ашпоого тийиш… Тогуз ай аяктагандан кийин демөөрчү тарап менен козголоңчу күчтөрдүн келечеги тууралуу талкууга жана сүйлөшүүгө киришүүгө болот. Ошондой эле согуштан кийин мамлекет башкарылуучу өткөөл мезгилди көзөмөлдөй турган көз карандысыз адамдардан өкмөт түзүлөт. Судандын ичинде БУУнун көзөмөлү астында эч кимди четте калтырбаган жалпы судандык-судандык диалог өткөрүлүп, анын жүрүшүндө судандыктар өз өлкөсүнүн келечегин аныкташат».
Азыр дал ушул нерсе болуп жатат.
Судандын гана эмес, дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнүн чечими колонизатор мамлекеттер же аларга караштуу тараптар өз күн тартибин ишке ашыруу үчүн сунуштаган уулуу чечимдер жана дарылоолор менен болбойт. Тескерисинче, чечим бардык иштерди илахий вахийдин насстарына кайтарууга буюрган улуу Ислам акыйдасынан келип чыгышы керек. Аллах Таала айтты:
﴿فَإِن تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ إِن كُنتُمْ تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ۚ ذَٰلِكَ خَيْرٌ وَأَحْسَنُ تَأْوِيلاً﴾
«Эгер кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар, эгер чынында эле Аллага жана Акырет Күнүнө ишенсеңер ал нерсени Аллага жана пайгамбарына кайтаргыла. Мына ушул жакшыраак жана көркөмүрөөк чечим». (Ниса: 59).
Аллах Таалага жана Анын Расулуна ﷺ кайтаруу өкүмдү, саясатты, султанды жана жашоонун бардык тармактарын Исламдын негизинде курууну важиб кылат. Бул болсо Ислам мамлекетин — нубувват минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө менен гана болот. Аны тикелөө үчүн аракет кылбаган адам күнөөкөр болот. Пайгамбар ﷺ айтты:
«وَمَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنُقِهِ بَيْعَةٌ مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً»
«Ким мойнунда байъаты болбогон абалда өлсө, жахилият өлүмү менен өлгөн болот». Муслим риваят кылган.
Роя гезити
Устаз Мухаммад Жамиъ (Абу Айман)
Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлүнүн жардамчысы




