Макала
АКШдагы системалык кастык абалдагы шайлоодо Абдул Аль-Сайиддин жеңиши

АКШдагы системалык кастык абалдагы шайлоодо Абдул Аль-Сайиддин жеңиши
АКШдагы орто мөөнөттүү шайлоо демократтардын көп орунга ээ болуусу менен гана айырмаланбастан, Конгресстеги күчтөрдүн тең салмактуулугунун өзгөрүшүнө себеп болуп, мурун тарыхта катталбаган окуя менен коштолду. Тактап айтканда, Мичиган штатынан Демократиялык партиянын өкүлү Абдул Аль-Сайид АКШ Сенатындагы орун үчүн болгон шайлоодо жеңишке жетти.
Ошентип, Американын тарыхында мусулман адам федералдык деңгээлдеги сенаторлук кызматка биринчи жолу ээ болду.
Бирок жеке мусулмандын саясий майдандагы мындай жеңиши, кастык маанайдагы ураандар жана терең идеологиялык тоскоолдуктар өкүм сүргөн жагдайда орун алууда.
Аль-Сайид же Конгресстин өкүлү Латифа сыяктуу Демократиялык партиянын талапкерлери АКШнын Конституциялык системасынын алкагында иш алып барып, Америкадагы демократиялык мекемелерди колдоп келишкенине карабастан, АКШнын саясий чөйрөсүндө мусулмандарды саясий улуттун толук кандуу бөлүгү катары кабыл алууга каршы туруктуу көз караш сакталып келет. Бул көрүнүш мусулмандарга карата терең идеологиялык кастык мамиленин бар экенин ачыктайт.
Шайлоо жүрүшүндө Дональд Трамп жана анын тарапташтары теги мусулман болгон Демократиялык партиянын талапкерлерине каршы агрессивдүү чабуулдарды жүргүзүштү.
Трамп Аль-Сайидди ачык эле «жихадчы» деп атап, аны радикалдык көз караштарды карманат деп айыптады. Муну менен ал коомдук талкуунун багытын реалдуу социалдык-экономикалык көйгөйлөрдөн башка жакка буруп, элдин алдында жалпы коопсуздукка коркунуч туудурган абалды пайда кылууга аракет кылды.
Бул билдирүү мусулмандардан чыккан саясатчылар Капитолийде кошумча текшерүүдөн өткөрүлүп, алар үчүн металл издегичтерди орнотуу керектиги тууралуу шылдың сөздөр жана мазактоолор менен коштолду.
Трамп жетекчилигинин астындагы оңчул күчтөр үчүн адамдын мыйзамга болгон берилгендигине, же демократияны колдогонуна карабастан саясаттагы мусулмандар баары бир «бөтөн» бойдон кала беришет.
Бул саясий багыттын маңызы катаал бир түшүнүккө барып такалат: бул түзүмдүн көз карашында мусулмандардын баары бир бүтүн топ катары кабыл алынат. Алардын арасынан кимиси болбосун, канчалык аракет кылбасын, эч качан «өзүбүздүкү» деген кишиге айлана албайт жана аларга карата ишенимсиздик менен нааразычылык бүтпөйт.
Бул жагдайда демократиялык саясий абалды Куранда баяндалган түбөлүктүү чындык менен салыштыруу өзгөчө мааниге ээ:
«…Алар (каапырлар) колунан келсе силерди тээ диниңерден кайтарганга чейин силер менен согуша беришет.
(«Бакара» сүрөсү, 217-аят).
АКШнын капиталисттик саясий түзүлүшүнүн алкагында мусулмандар канчалык деңгээлде коомго жана саясий түзүмгө аралашпасын, мыйзамдуу шайлоолордо канчалык жеңишке жетпесин жана демократиялык баалуулуктарды канчалык коргобосун, бул идеологиянын ээлери үчүн алар баары бир толук укуктуу жаран боло алышпайт.
Алар мусулмандардан диний жана улуттук өздүгүнөн толук баш тартууну, анын ордуна системага толук баш ийүүнү жана кор абалда болууну талап кылышат.
Америкалык консерваторлордун идеологиялык кооптонуулары.
Аль-Сайидге, Латифага жана башка саясий лидерлерге карата айтылган сын-пикирлердин жана чабуулдардын артында бийлик системасында калыптанган терең идеологиялык карама-каршылыктар жашырылган.
Биринчиден, «ак христиан» өздүгүнүн (White Christian Nationalism) солгундашы.
Мусулмандардын мыйзам чыгаруу бийлигинин эң жогорку деңгээлдеринде орун алышы, айрым консервативдүү адамдар тарабынан мамлекетти башкаруудагы тарыхый көпчүлүктүн үстөмдүгүнө коркунуч туудуруучу фактор катары бааланууда.
Экинчиден, «сырттан келген коркунуч» жөнүндөгү түшүнүктүн кыйрашы.
Батыштын саясий риторикасы мусулмандарды сөзсүз түрдө «бөтөн» же «душман» катары көрсөтүүгө негизделет. Ал эми, мусулмандын АКШда мыйзамдуу жол менен бийликке келиши шайлоочуларды өз тарабына тартуу үчүн колдонулуп келген ыңгайлуу саясий куралдын таасирин жокко чыгарат.
Абдул Аль-Сайиддин жеңиши, саясий басымдын жана капиталисттик түзүм тарабынан жайылтылган жек көрүү көз караштарынын күчтүүлүгүнө карабастан, америкалык коомдун мусулмандарга болгон мамилеси өзгөрүп жатканын көрсөттү. Бул ошондой эле, ишенимсиздикке негизделген капиталисттик түзүмүнүн жетекчи мабда катары идеологиялык жана саясий жактан алсырап бара жатканынан кабар берген көрүнүш болуп саналат.
Абду Шүкүр




