Алиев киргизген чектөөлөр коомчулуктун нааразылыгын күчөттү

Алиев киргизген чектөөлөр коомчулуктун нааразылыгын күчөттү
Азербайжандагы мамлекеттик мектептерде мугалим жана окуучуларга карата хижаб кийүүгө расмий тыюу салынгандан кийин массалык нааразычылык күчөп, айрым мектептерде сабакка бойкот жарыялоо учурлары катталды. Өлкөнүн Министрлер кабинети мугалимдердин кийимине карата жаңы талаптарды бекитип, алардын кийими светтик билим берүү принцибине жана ишкердик стилге шайкеш болушу керектигин белгиледи. Мугалимдерге жана окуучуларга карата киргизилген бул талаптардын иш жүзүндө колдонулушу хижаб кийген кыздардын мамлекеттик мектептерде билим алуусуна тоскоолдук жаратууда.
Жаңы эрежелер коомчулукта кескин нааразылык жаратып, айрым аймактарда окуучулардын сабакка бойкот жарыялоосуна алып келди. Бир катар мектептерде тилектештик акциялары өтүп, окуучулар хижаб кийген диндар мугалимдерин жана жоолук салынган классташ кыздарын колдоо максатында жалпы жамааты менен бирге сабакка баруудан баш тартышты.
Социалдык тармактарда мугалимдерди колдогон көптөгөн видео кайрылуулар жана флешмобдор жарыяланды. Кеңири тараган видеолордо хижаб кийгендиги үчүн мектепке киргизилбей калган мугалимдер менен көз жашын төгүп коштошуп жаткан окуучуларды көрүүгө болот. Айрым ата-энелер болсо балдарын үйдөн окутууга өткөрүүгө даяр экенин ачык билдиришүүдө.
Саясий ийгиликсиздигин моюнга алгысы келбеген бийлик нааразылыкка катуу чаралар менен жооп берди. Хижабга байланыштуу жаңы талаптарды ачык сындаган белгилүү азербайжандык теолог Абгүл Сулейманов 30 суткага административдик камакка алынды.
Билим берүү министрлиги менен мектеп жетекчилиги ата-энелерге басым көрсөтүү аркылуу кырдаалды көзөмөлгө алууга аракет кылууда. Бирок ага карабастан айрым мектептерде сабакка бойкот жарыялоо уланууда.
Бул окуялар Алиевдин саясатына, анын ичинде сионисттик планга Алиевдин шериктештигине каршы мусулмандардын нааразылыгы күчөп жаткан шартта болуп жатат. Стамбулдагы Азербайжан консулдугунун алдында Алиевдин “Израилди” колдогон саясатына каршы өткөн ири нааразылык акциясы болуп өттү.
Түркиянын Özgür-Der ассоциациясы уюштурган митинг «Мындай мамлекет бизге бир тууган боло албайт» деген ураан астында өттү. Нааразылык акциясынын катышуучулары бийликке карата эки негизги айыптоо коюшту:
2026-жылдын сентябрынын аягында “Израилдин” премьер-министри Биньямин Нетаньяху БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөп жатканда, Түркия жана 70ке жакын өлкөнүн делегациялары нааразылык иретинде жыйындар залынан чыгып кетишкен. Ал эми Азербайжандын өкүлдөрү орундарында калып, Нетаньяхунун сөзүн угушкан. Бул көрүнүш Түркиянын коомчулугунда нааразылык жараткан.
Митингдин катышуучулары эки өлкөнүн лидерлери тартылган плакаттарды көтөрүп, «Достугуңарга каргыш тийсин!» деген ураан менен чыгышкан. Алар Газа тилкесиндеги оор кырдаалга карабастан, Бакунун “Израиль” менен аскердик жана экономикалык байланыштарын улантып жатканына нааразычылыгын билдиришти.




