Асыл хадис

Аллахтын элчисинин (с.а.в) ачык-айкын жолу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Аллахтын элчисинин (с.а.в) ачык-айкын жолу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عَنْ عَبْدِ الرَّحْمَنِ بْنِ عَمْرٍو السُّلَمِيِّ أَنَّهُ سَمِعَ الْعِرْبَاضَ بْنَ سَارِيَةَ يَقُولُ: وَعَظَنَا رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مَوْعِظَةً ذَرَفَتْ مِنْهَا الْعُيُونُ وَوَجِلَتْ مِنْهَا الْقُلُوبُ، فَقُلْنَا: يَا رَسُولَ اللَّهِ إِنَّ هَذِهِ لَمَوْعِظَةُ مُوَدِّعٍ فَمَاذَا تَعْهَدُ إِلَيْنَا؟ قَالَ: “قَدْ تَرَكْتُكُمْ عَلَى الْبَيْضَاءِ لَيْلُهَا كَنَهَارِهَا، لَا يَزِيغُ عَنْهَا بَعْدِي إِلَّا هَالِكٌ، مَنْ يَعِشْ مِنْكُمْ فَسَيَرَى اخْتِلَافًا كَثِيرًا، فَعَلَيْكُمْ بِمَا عَرَفْتُمْ مِنْ سُنَّتِي وَسُنَّةِ الْخُلَفَاءِ الرَّاشِدِينَ الْمَهْدِيِّينَ عَضُّوا عَلَيْهَا بِالنَّوَاجِذِ”. رواه ابن ماجه

Аль-Ирбад ибн Саариянын айтканын уккан Абдуррахман ибн Амр ас-Суламинин риваятында мындай деди: Аллахтын элчиси, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, бизге көзүбүзгө жаш алып, жүрөгүбүз титиреген насаат айтты. Ошондо биз: Оо, Аллахтын элчиси, бул чындыгында коштошуу насааты, анда бизге эмнени насаат кыласыз? – дедик. Ал мындай деди: Мен силерди айдан ачык жолдо калтырдым, анын түнү күндүзү сыяктуу. Менден кийин ал жолдон кыйроо алдында калгандардан башка эч ким четтебейт. Силердин араңардан ким узагыраак жашаса, көп пикир келишпестиктерди көрөт. Андыктан менин сүннөтүмдөн жана туура жолдогу халифалардын сүннөтүнөн билгениңерди азууңар менен тиштегендей бекем кармангыла. Ибн Мажа риваят кылган.

Урматтуу бир туугандар:

Мусулмандар кылымдар бою, дүйнөдө цивилизация, кадыр-барк, өнүгүү жана мыктылык жагынан айырмаланып тура алган улуу мамлекеттин көлөкөсүндө исламды ишке ашырып келишкен. Ошол учурда бул мамлекет фикхте, пикирий өнүгүү кеңдигинде жана улуулукка жетүүдө адамзат тарыхында болуп көрбөгөн даңктын туу чокусуна жетти. Батышта Пиреней тоолоруна, чыгышта Кытайга, түндүктө борбордук Россияга жана түштүктө борбордук Африкага созулган даңазалуу цивилизацияны курду. Бул цивилизация сахабалардын, таабииндердин жана алардан кийинкилердин каны менен жаралган даңк, таза, жаркыраган улуулук. Урматтуу элчибизден, ага Аллахтын салам-салаваты болсун, осуят алуу менен көптөгөн пикир келишпестикке туш болсок да, анын жолунан четтеп аны унутпообуз керек.

Эй мусулмандар:

Мусулмандар бардык кыйшык жолдорду басып өтүп, улутчулдук менен патриотизмди сынап көргөндөн кийин, пайгамбарынын айдан ачык жолун жоготушту. Алар социализм менен капитализмди, демократия менен эркиндикти, светтик конституцияларды, парламенттерди жана мыйзам чыгаруучу кеңештерди баштарынан өткөрүп көрүштү. Бул аларга эч кандай пайда алып келген жок, тескерисинче, жүгүнүн үстүнө жүктү көбөйттү. Ооба, үммөт өзүнүн ачык жолун жана катасыз халифалыгын этибарга албай, эки ачуу-таттууну тең татып көрдү. Ал тургай, урматтуу элчибиздин, ага Аллахтын салам-салаваты болсун: لَا يَزِيغُ عَنْهَا بَعْدِي إِلَّا هَالِكٌ، “Менден кийин андан кыйроо алдында тургандардан башка эч ким четтебейт”, – деп эскерткен сөздөрү да этибарга алынбады. Эми силер бул шалаакылыктын натыйжасын көрүп жатасыңар: өздөрүн жана элин каапыр колонизаторго саткан малай башкаруучуларды көрүп жатасыңар. Үммөт жоголуп, анын мүмкүнчүлүктөрү жоголуп, ал кемсинтүү жана кордук абалына түштү. Көрүп турганыңардай, аны сөз менен айтып жеткирүүнүн кажети жок. Ошондуктан, биз сиздерди, эй мусулмандар, сүйүктүү Мухаммаддын, ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун, сүннөтүнө, айдан ачык жолуна чакырабыз. Жана пайгамбарлыктын үлгүсүндөгү экинчи адилеттүү Халифалык аркылуу жер жүзүндө Аллахтын өкүмүн орнотуу үчүн чын жүрөктөн жасалган амал кылууга чакырабыз.

Оо, Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылтуучу, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн Халифалыкты курууну тездет. Оо, Аллахым, жер жүзүн Өзүңдүн улуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл. Ааммиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1448-х, 1робиус саани.

2026-ж, 13-сентябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button