Комментарий

Борбор Азия өлкөлөрү “Акаба демилгеси”не катышууда

Борбор Азия өлкөлөрү “Акаба демилгеси”не катышууда

Астанада “Акаба демилгеси” деп аталган «Жасалма интеллект тармагындагы коопсуздук» темасына арналган саммит өттү. Жыйынга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Иорданиянын падышасы Абдалла II бин аль-Хусейн, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев катышты. Чогулгандар коопсуздукка туудурган коркунучтарды чогуу баалап, аларга каршы кандай чара көрүү керектигин макулдашты.

Акаба саммити Иорданиянын падышасы Абдалла II тарабынан 2015-жылы негизделген. Анын максаты террорчулукка каршы күрөштө дүйнөдөгү ар кайсы тараптын коопсуздук жана аскердик багыттагы аракеттерин координациялоо, кызматташтыкты жолго коюу жана тажрыйба алмашуу. Аталган саммиттин ар бир жолугушуусу белгилүү бир аймакка арналат.

Комментарий:

Акыркы убактарда Иордания режими аймактагы чыңалуулардын шартында өзүнүн жок болушуна алып келиши мүмкүн болгон күрөштөрдүн чордонунда калганын сезип жатат. Айрыкча, Иран, Америка жана яхудий вужудунун ортосундагы чыңалуу күчөгөн учурда бул күрөштүн ортосунда калууда. Ошондой эле, анын яхудий вужуду менен тарыхый мамилелеси сакталып калган. Бул болсо анын Ислам жана мусулмандарга карата кыянаттыгын ашкерелеген негизги белгилерден болуп калды.

Мындан улам, падыша эл аралык майданда өзүнүн жасалма таасирин көрсөтүү жана өз кожоюндарын ыраазы кылуу максатында “терроризм” коркунучун шылтоо кылып, “Акаба демилгесин” алга сүрүп жатат. Мындан араы бул процесске Борбор Азия диктаторлору да кошула турганын ачык билдиришти.

Түпкүлүгүндө, терроризм жана экстремизм түшүнүктөрү Исламга жана мусулмандарга каршы күрөш экендиги эбак ачыкталган. Алардын шылтоосу менен Ислам дааваты чектелип, мусулмандардын биримдигин жана шариятты талап кылгандар камалып жатышат. Ошол эле учурда, диктатор режимдер бул түшүнүктөрдү өздөрүнүн бийлигин сактоо, каршылаштарын жок кылуу үчүн колдонушууда. Маселен, Борбор Азия өлкөлөрүндө терроризм жана экстремизм шылтоосу менен жыл сайын жүздөгөн мусулман камакка алынууда. Бул үчүн миллиондогон долларлык каражатты сарптап жатышат.

Демек, бул режимдердин кафир колонизаторлордун кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн жасаган кадамдары алардын тактысын сактап калат деп ойлосо, жаңылышат. Анткени, колонизаторлор өзүнүн кызыкчылыктары жана үстөмдүгү кайда болсо, ошол жакка багыт алат. Анда туруктуу достор да, туруктуу альянстар да, атүгүл туруктуу малайлар да жок. Эгер кайсы бир өкүмдардан же ага көз каранды режимден ала турган пайдасы түгөнсө, же аны өз кызыкчылыктарына тоскоолдук кылып жатат деп эсептесе, аны бүтүндөй саясий чөйрөсү менен кошо дароо четтетет. Эгер режим өзүнүн бийлигин сактоодо жана коопсуздугун коргоодо өз элине таянбаса, анда анын ач көз душмандарынан коргой турган таянычы да, коргоочусу да болбойт.

Андыктан, бул малай режимдер өз кожоюндарын эмес, Аллахты ыраазы кыла турган амалды аткарууга убакыт келбедиби?

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button