Борбор Азиядагы аскерий түзүмдөр модернизация урааны астында НАТОго багыт алып жатабы же жаңы көз карандылыккабы?

Борбор Азиядагы аскерий түзүмдөр модернизация урааны астында НАТОго багыт алып жатабы же жаңы көз карандылыккабы?
Жаңылык:
Казакстандагы армия жана коопсуздук органдарында Пентагон менен АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (CIA) таасири күчөп жатабы? «PolitNavigator» басылмасы жарыялаган билдирүүлөргө ылайык, Вашингтон Астананы өзүнүн стратегиялык орбитасына тартып, ал аркылуу Борбор Азиянын калган өлкөлөрүндөгү таасирин күчөтүүгө умтулууда. Макалада Казакстандын коопсуздук органдары менен америкалык мекемелердин ортосундагы байланыштар кеңейип жатканы баса белгиленип, бул процессте Азербайжанга өзгөчө рол берилгени айтылат.
Комментарий:
Казакстан 1994-жылдан бери НАТОго караштуу «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасына катышып келет жана 2006-жылдан тартып альянс менен институттук кызматташтыгын тереңдетти. Бүгүнкү күндө бул мамилелер жогорку аскерий билим берүү, штабдарды даярдоо, логистика жана армиялардын операциялык шайкештиги сыяктуу бир катар тармактарды камтыйт.
Ошол эле учурда Казакстан Россия, Кытай, Түркия жана Европа өлкөлөрү менен аскерий-техникалык мамилелерин өнүктүрүүдө. Ушуга таянып, азыркы вакыйлыкты Казакстандын толугу менен НАТОго өтүшү катары баалоо туура эмес. Тескерисинче, муну Астананын бир нече булакка таянган аскерий модернизациясы деп баалоо туурараак болот. Анткени Россиянын Борбор Азиядагы аскерий-техникалык мүмкүнчүлүктөрү алсырады, жада калса анын өзү да айрым тармактарда модернизацияга муктаж. Ошентсе да, аскерий тармакта НАТО стандарттарына тереңирээк ыңгайлашуунун стратегиялык кесепеттери келечекте окуялардын кандай өнүгүшүнө байланыштуу болот. Бирок бул жердеги негизги суроо башка: аскерий модернизация качан тышкы технологиялык жана институттук көз карандылыкка айланышы мүмкүн? Эгер курал бир мамлекеттен, байланыш системасы башка мамлекеттен, ал эми чалгындоо технологиясы жана кадрларды даярдоо үчүнчү мамлекеттен келсе, бул мамлекеттин өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн чектеши мүмкүн. Бул маселе улуттук коопсуздук үчүн, айрыкча санариптик инфраструктура, чалгындоо жана аскерий байланыш тармактарында олуттуу маселе болуп эсептелет.
Бул процесс Өзбекстанга да таасир этүүдө. Ал Түркия менен аскерий кызматташтыгын күчөтүп, биргелешкен машыгууларды өткөрүүдө жана учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүү, кадрларды даярдоо, аскерий медицина тармактарында кызматташууда. Ошол эле учурда Россия менен аскерий-техникалык жана даярдоо жаатындагы мамилелерин сактап калууда. Бул анын бир тарапка ооп кетпестен, бир нече күч борборлору менен параллелдүү түрдө мамиле жүргүзүп жатканын көрсөтөт.
Ошондой эле Түркиянын аймакка кирип баруусу да сезилерлик даражада. Анын учкучсуз учуучу аппараттары, коргонуу өнөр жайы жана аскерий технологиялары Борбор Азияда чоң кызыгуу жаратууда. Бул процессте Азербайжан маанилүү байланыш түйүнүнө айланды: Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы аскерий байланыштар күчөп, Түркия, Азербайжан жана Борбор Азиянын ортосунда транспорт жана коопсуздук тармактарындагы кызматташтык бекемделүүдө. Азербайжан аймактагы Батыш таасиринин негизги байланыш түйүнүнө айланып баратат деген көз караштар да бар.
Ошол эле учурда Россия менен Кытай аймактагы өз таасирин сактап калууга аракет кылууда. Россия үчүн Борбор Азия салттуу коопсуздук мейкиндиги болуп эсептелсе, Кытай үчүн чек аралардын коопсуздугу, соода коридорлору жана экономикалык кызыкчылыктар маанилүү. Ошондуктан аймак бара-бара Америка-Кытай атаандаштыгы, Россиянын кызыкчылыктары жана Түркиянын таасири кесилишкен майданга айланып баратат. Бул процесстер АКШнын Борбор Азиядагы стратегиялык таасирин кеңейтүү саясатына шайкеш келет.
Жыйынтык: Борбор Азия мамлекеттери азырынча кайсы бир тышкы күчтүн аскерий орбитасына толук кире элек. Бирок тышкы аскерий-технологиялык таасир барган сайын күчөп жатат. Ошондуктан аймак аскерий жана технологиялык жактан Россияга да, АКШга да, Кытайга да, башка тышкы күчтөргө да көз каранды болбошу керек. Ошондуктан, өз алдынча коргонуу өнөр жайын куруу, технологияны өнүктүрүү, квалификациялуу кадрларды даярдоо жана стратегиялык чечимдерди өз алдынча кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн калыптандыруу негизги милдет болуп саналат.
Тилекке каршы, бүгүнкү күндө Борбор Азия мамлекеттери Батыштын аскерий, экономикалык жана социалдык сунуштарын барган сайын көбүрөөк кабыл алып, Америка менен Батыштын таасир аймагына улам тереңирээк кирип бара жатат. Ал эми тышкы күчтөргө көз каранды болбоо алардын өздөрүнүн да, элдеринин да кызыкчылыктарына жакшыраак кызмат кылмак. Мунун эң туура жолу — аймактагы мүмкүнчүлүктөрдү бириктирүү, өз аймагында оор жана коргонуу өнөр жайын өнүктүрүү жана аскерий муктаждыктарды мүмкүн болушунча өз алдынча камсыз кылуу. Анткени тышкы күчтөргө көз карандылык эч бир мамлекетке чыныгы өнүгүү да, чыныгы көз карандысыздык да алып келген эмес.
Борбор Азия мамлекеттери өздөрүнүн стратегиялык геосаясий маанисин, тарыхый ордун жана дүйнөлүк илимге кошкон зор салымын унутпастан, Ислам негизинде биригип, колонизаторлукка алып баруучу Батыштын сунуштарын четке кагышы керек. Ошондо Ислам аларды бириктирип, Халифалыкка карай илгерилөөгө негиз түзөт жана өздөрүн дүйнөдөгү улуу күчтөр деп эсептеген державаларды, Аллах кааласа, алар менен эсептешүүгө мажбурлайт. Ааламдардын Роббиси айтат:
﴿وَأَعِدُّوا لَهُم مَّا اسْتَطَعْتُم مِّن قُوَّةٍ وَمِن رِّبَاطِ الْخَيْلِ تُرْهِبُونَ بِهِ عَدُوَّ اللَّهِ وَعَدُوَّكُمْ وَآخَرِينَ مِن دُونِهِمْ لَا تَعْلَمُونَهُمُ اللَّهُ يَعْلَمُهُمْ﴾
“(Эй момундар), алар үчүн мүмкүнчүлүгүңөрдүн барынча күч топтоп) жана токулуу аттарды даярдап койгула, муну менен Алланын жана өзүңөрдүн душманыңарды жана да алардан тышкары, силер билбей турган, бирок Алла биле турган башка бирөөлөрдү да коркунучка саласыңар. Алла жолунда эмнени сарп кылсаңар, силерге зулумдук кылынбастан толук кылып кайтарылат”. (Анфал: 60).
Ислам Абу Халил




