Комментарий

Биргелешкен коргонуу келишиминин мааниси эмнеде?

Биргелешкен коргонуу келишиминин мааниси эмнеде?

Жаңылык:

Түркия, Пакистан жана Сауд Арабия ортосундагы биргелешкен коргонуу келишими.

Комментарий:

Адатта, биргелешкен коргонуу келишимдери мамлекеттер өздөрүн курчаган орток коркунучтарды аңдап жеткенден кийин түзүлөт. Бул жалгыз каршы турса алардын ар бирин өзүнчө жеңип алышы мүмкүн болгон орток душман пайда болгон учурда же өз алдынча каршы турганда аны жеңүү жана анын кол салуусун артка кайтаруу кыйын жана чоң чыгымдарды талап кылган учурда болот. Айрыкча, бул душмандын чоң жана күчтүү мамлекет экенин же бириккен үлкөн аскерий күчтү түзгөн мамлекеттер союз түзгөндө көрүнөт.

Буга эки дүйнөлүк согушта Германияга жана анын союздаштарына каршы Британия, Франция жана Орусиянын түзгөн союзу мисал болот. Анткени ошол эки согуштун алдында Германия эбегейсиз аскерий күч катары өсүп чыккан эле. Ошондой эле Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин коммунисттик Советтер Союзу Чыгыш Европа мамлекеттерин басып алып, аскерий державага айлангандан кийин НАТО альянсынын түзүлүшү да ушуга мисал болот. НАТО альянсынын түзүлгөнүнө жооп катары Советтер Союзунун жетекчилигинде Варшава келишими түзүлгөн.

Бир нече күн мурда Меккеде жогорудагы үч мамлекеттин ортосунда жарыяланган аскерий союзга назар салсак, алардын экөөсү т.а. Пакистан менен Түркия Ислам өлкөлөрүнүн ичиндеги аскерий жактан эң күчтүү мамлекет. Сауд Арабиясы дүйнөдөгү эң күчтүү жана эң ири согуштук аба флотторунун бирине ээ.

Эң биринчи ойго келген суроо: Ислам өлкөлөрүнө алгачкы жолу ушундай биргелешкен коргонуу келишими коштогон аскерий союзду түзүүнү талап кылган коркунуч пайда болдубу? Яхудий түзүмү Палестина жерин дээрлик сексен жыл мурун басып алган жок беле?! Пайгамбардын ﷺ Исра кылган жери жана Исламдын биринчи кыбыласы болгон Акса мечитин дээрлик алтымыш жылдан бери көзөмөлдөп жаткан жокпу?! Ал ондогон жылдардан бери Ислам жерлеринде өлтүрүү, талап-тоноо, кыйратуу жана аймактарды басып алуу кылмыштарын жасап келген жокпу?! Дээрлик үч жылдан бери Газа элин кырып жок кылууга, аны кыйратып, жер менен жексен кылууга киришкен кылмыштары ушул саатка чейин уланган жокпу?! Дээрлик эки жылдан бери Түштүк Ливанды кыйратып, айылдарын жер менен жексен кылып, элин өлтүрүүгө киришип, аны ушул убакытка чейин уланткан жокпу?! Кылмышкер режим кулагандан кийин Сириянын дагы башка жерлерин басып алган жокпу?! Эски Сирия режими жана анын союздаштары Иран менен Орусия бир миллиондон ашуун сириялыктын өмүрүн алган кыргындарды жасап, калкынын жарымынан көбүн жер кезип тентип жүрүүгө мажбур кылган жокпу?! Америка адегенде Афганистанды, андан соң Иракты басып алып, алардын он миңдеген тургундарын өлтүргөн жокпу?! Индия Жамму жана Кашмир мусулмандарына ондогон жылдар бою кол салып, дагы эле улантып жаткан жокпу?!… Бул тизме дагы узарып бара берет.

Бул үч мамлекет чогуу же өз-өзүнчө, Ислам өлкөлөрүнө жасалган айрым кол салууларда ошолор менен же алардын айрымдары менен кайра-кайра союздаш болуп келишкени мындан да өкүнүчтүү…!

Демек, эң күчтүү Ислам өлкөлөрүнүн ортосунда мындай союздун түзүлүшүнө түрткү болгон себептер ондогон жылдардан бери бар. Ал тургай бул өлкөлөрдүн ар бири түзүлгөн күндөн тартып эле бири-бирин кайталап, уланып келүүдө. Эбегейсиз аскерий күчкө ээ болгонуна карабастан, бул ири союз эмне үчүн ушул убакка чейин түзүлбөй, учурда түзүлүп жатат?

Ушундай эбегейсиз аскерий мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон аскерий союз Палестина, Ливан, Сирия, Кашмир, Чыгыш Түркстан, Чеченстан жана башка кол салууга дуушар болгон Ислам өлкөлөрүндөгү мусулмандарды колдоо үчүн тез жана чечкиндүү түрдө кыймылга келишин көрөбүзбү?!

Бул үч мамлекет Американын саясатына көз каранды же анын орбитасында айланган мамлекеттердин катарында турушу ачуу чындык. Саясаттын алиппесин түшүнгөн ар бир адам бул альянс Американын чечими болбосо түзүлбөшүн жакшы билет. Ал Иранга жана анын огуна каршы түзүлдү деп айтылса да, же яхудий түзүмү, Индия жана аларды ээрчигендердин огуна каршы түзүлдү деп айтылса да айырмасыз, Американын чечимисиз мындай союз эч качан түзүлбөйт эле. Анткени Американын саясаты аймакта кандайдыр бир мамлекеттин же мамлекеттердин таасири күчөп кетишине жол бербей турган аскерий тең салмактуулукту түзүүнү алга сүрөп жатат. Себеби андай күчтү кийин ооздуктап, өз чегине кайтаруу Америкадан өзү каалабаган күч-аракетти талап кылышы мүмкүн. Кудум, бүгүн Америка Иранды өзүнүн табигый чегине кайтаруу үчүн жумшап жаткан күч-аракети сыяктуу. Анткени Американын арты-артынан келген администрациялары Афганистанда, Иракта, Ливанда, Сирияда жана Йеменде кызматынан пайдаланган Иран учурда Американын аймактагы пландарынын алдында тынчсыздандырган тоскоолдукка айланды.

Бул өлкө жетекчилери Америка саясатынын артынан ээрчип, биргелешкен коргонуу келишимин түзүү менен гана чектелбеши шарт. Алар бул маңызсыз ишти артка калтырып, кубаттуу мамлекет болуу үчүн өлкөлөрүн бириктирүүгө келишүүсү керек. Ал мамлекет өзүнүн Исламий иденттүүлүгүн кайра калыбына келтирип, Исламий жашоону кайрадан баштайт. Жарандык кубаты, аскерий күчү, табигый байлыктары, географиялык кеңдиги жана жер жүзүндөгү эң маанилүү кысыктарды көзөмөлдөөсү менен дүйнөдөгү бардык мамлекеттерден үстөм боло алат. Баарынан маанилүүсү, бул мамлекет өзүндө цивилизациялык рисалатты көтөрүп чыгат жана жер жүзүндөгү бардык күчтөргө тең келе турган рухий кубатка ээ болот. Бирок бул акимдер мындай улуу шарапатка татыктуу эмес. Анткени алардын берилгендиги Аллахка да, Анын Расулуна да, момундарга да эмес, тескерисинче, Батышка, анын цивилизациясына жана саясатына байланган. Алар тууралуу мунафыктар жөнүндө түшүрүлгөн Аллах Тааланын төмөнкү сөзү туура келет:

﴿وَلَوْ أَرَادُوا الْخُرُوجَ لَأَعَدُّوا لَهُ عُدَّةً وَلَٰكِن كَرِهَ اللهُ انبِعَاثَهُمْ فَثَبَّطَهُمْ وَقِيلَ اقْعُدُوا مَعَ الْقَاعِدِينَ﴾

«Эгер алар (жихадга) чыгууну каалашканда ал үчүн даярдык көрүп коюшкан болоор эле. Бирок Алла чыгууларын каалабай аларды жалкоо кылып койду жана аларга «Калгандар (тактап айтканда, аялдар, жаш балдар жана алсыз-кубатсыз кишилер) менен бирге отура бергиле», делди». (Тообо: 46).

Ахмад Аль-Касас

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button