Комментарий

Казакстанда тойдо жамандыктан кайтарган аксакалга кылмыш иши козголду

Казакстанда тойдо жамандыктан кайтарган аксакалга кылмыш иши козголду

Казакстандын Жетысай шаарындагы аксакалга той өтүп жаткан учурда жаман иштерден кайтарганы үчүн кылмыш иши козголду.

Социалдык тармактарда тараган видеодон белгилүү болгондой, ал шариатка ылайык тойканаларда эркектер менен аялдарды бөлүп отургузуу керектигин айткан. Ошондой эле, бузукулукка себепчи болуп жаткан айрым ырчыларды сындаган. Анын пикири социалдык тармактарды талкуу жаратып, милиция тарабынан кылмыш иши козголду.

Комментарий:

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө демократиялык мыйзамдар бузукулуктардын жайылышына жол ачып, коомдун адеп-ахлагын оңдоого чакыргандарды кылмышкерге айлантууда. Бүгүнкү күндөгү тойлордун көпчүлүгү мас кылуучу ичимдиктерсиз өткөн менен, адепсиздик кеңири жайылган. А түгүл, махрамы болбогондор менен бузукулук бийлер кеңири жайылган. Ал эми, расмий мыйзамдар мындай бузукулуктарды токтотуунун ордуна, жамандыктан кайтарган мусулмандарды камакка алууда.

Пайгамбар (с.а.в) айткан:
حدثنا قتيبة حدثنا عبد العزيز بن محمد عن عمرو بن أبي عمرو عن عبد الله الأنصاري عن حذيفة بن اليمان عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: “والذي نفسي بيده لتأمرن بالمعروف ولتنهون عن المنكر، أو ليوشكن الله أن يبعث عليكم عقابا منه ثم تدعونه فلا يستجاب لكمرواه الترمذي وقال حسن صحيح.

“Жаным колунда болгон Затка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтарасыңар. Болбосо Аллах өз алдынан силерге азап жиберет. Ошондо Ага дуба кыласыңар, бирок дубаңар кабыл болбойт” (Тирмизий риваят кылган жана аны хасан сахих деп айткан).

Демек, ар бир жамандыкты көргөн мусулман адам, жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакыруу милдет. А бирок, Исламдын бийлик жана турмуштан узак болушу куфр пикирлери менен сакофатынын үммөттүн жашоосуна кирип келишине кеңири жол ачты. Мусулмандардын жүрүм-туруму, пикирлери жана туйгулары Исламдан алыстоосуна алып келди. Аллахтын буйруктарынан жана тыюуларынан алыстап, а түгүл үммөт арам аралашкан деңиздин ортосундагы толкундар арасында күн кечирип калды. Капитализм, демократия жана секуляризм караңгылыгынын ортосунда жашап калды. Караңгылык үстүнө караңгылык кошулууда. Ал тургай, өлчөөлөр жакшылыкты жамандыкка, жамандыкты жакшылыкка айланта турган өлчөө болуп калды. Чынчыл – жалганчыга, жалганчы – чынчылга айланууда. Мындан жа жаманы, мусулмандар жакшылыкка буюруу жана жамандыктан кайтаруу жөнүндө ойлонбой калды. Мусулмандардын мечиттерде сажда кылып, алакандарын көтөрүп Аллахка жалбарып, Аллахтан ондогон жылдар бою абалын өзгөртүүсүн суранып жатканын көрөсүң. Бирок алар өздөрүнө: “Эмне үчүн абалыбыз өзгөргөн жок, эмне үчүн душмандарды жеңе алган жокпуз?”, – деп суроо беришкен жок. Эгер алар Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам)дын хадисин аң сезимдүү пикирлешсе, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарып калышмак. Жекече гана эмес тескерисинче, буйрук жана тыюунун башаты болгон мамлекетти тикелөөгө аракет кылышмак.

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button