«Единая Россия» партиясынын улутчулдук багыты

«Единая Россия» партиясынын улутчулдук багыты
«Единая Россия» партиясы өткөн жыйында миграция саясатынын жаңы багыттарын белгиледи. Алардын катарында Борбор Азиядан келген мигранттардын укук бузууларына карата «нөлдүк толеранттуулук» принцибин киргизүү, миграциялык көзөмөлдүн бирдиктүү системасын түзүү, чет өлкөлүктөргө карата санариптик идентификациялоону күчөтүү, аймактардын муктаждыгына жараша жумушчу күчүн уюшкан түрдө тартуу бар. Ошондой эле Россиянын «мыйзамдарын жана салттуу баалуулуктарын сыйлабаган» адамдарды өлкөдөн чыгаруу жана алардын кирүүсүнө тыюу салуу сунушталды.
Көпчүлүк бул чараларды миграциялык саясаттын кезектеги катаалдашы катары баалап жатат. Бирок Россияда миграцияны көзөмөлдөө үчүн зарыл болгон механизмдер ансыз деле жетиштүү: реестрлер, биометрикалык маалыматтар, санариптик эсепке алуу системалары, депортация, өлкөгө кирүүгө тыюу салуу жана башка административдик рычагдар бар.
Мындай шартта “эмне үчүн Россиянын бийлиги мигранттарды өзгөчө кооптуу катмар катары көрсөткөн саясий риториканы кайра-кайра күчөтүп жатат?” деген суроо туулат.
Буга жооп катары «мигранттардын ар кандай укук бузууларына карата нөлдүк толеранттуулук» деген сөз көп нерсени түшүндүрө алат. Эгер кеп чындап эле укук тартибин камсыз кылуу жөнүндө болуп жатса, анда бул принцип баарына бирдей колдонулушу керек эле: жарандыгына карабастан, ар бир укук бузууга нөлдүк толеранттуулук көрсөтүлүшү керек. Бирок сунушталып жаткан бул формулага ылайык, негизги айыпкер катары «мигранттар» гана көрсөтүлүп жатат.
Ошентип, маселе укуктук чектөөлөр менен гана чектелбестен, социалдык тоскоолдуктарды да жаратууда. Мында адамдын кесипкөйлүгү же жөндөмдүүлүгү эмес, анын теги, маданий өзгөчөлүгү, дини, тили, жашоо образы жана «салттуу баалуулуктар» деп аталган бүдөмүк өлчөмдөргө канчалык деңгээлде туура келери барган сайын маанилүү болуп баратат.
Ошол эле учурда Россия экономикасы чет элдик жумушчу күчүнө муктаж экенин моюнга алууда. Москва чет өлкөдөн эмгек ресурстарын тартууга кызыкдар, бирок ошол эле маалда миграцияны барган сайын катуу көзөмөлдөнгөн системага айлантууга умтулууда. Башкача айтканда, мигрант өлкөгө эмгек күчү катары керек болгон учурда гана келип, керектүү жерде иштеп, идентификациядан өтүп, дайыма көзөмөл астында жүрүшү шарт.
Демек, Россия мигранттардан баш тартып жаткан жок, анткени ал аларга муктаж. Болгону Россия алардын макамын өзгөртмөкчү. Башкача айтканда, иштөө үчүн келген адам бара-бара көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон эмгек ресурсуна айланууда.
Ушул жерден Россиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон «достугу» жана «стратегиялык өнөктөштүгү» тууралуу риторикасына карата олуттуу суроо жаралууда.
Москва Кыргызстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга жана аймактагы башка мамлекеттерге достук, тарыхый жакындык жана стратегиялык кызматташтык тууралуу дайыма айтып келет. Бирок Россияга каражат табуу үчүн барган дал ушул өлкөлөрдүн жарандары улам күчөтүлгөн көзөмөлгө жана коомчулуктун шектенүүсүнө туш болууда.
Эгер өлкөлөр чындап эле өнөктөш болсо, анда эмне үчүн өнөктөш мамлекеттин жараны Россияда өзүн өнөктөш катары эмес, көзөмөлдүн объектиси катары сезип жатат?
Бул жерде миграциялык саясат административдик гана эмес, саясий милдетти да аткарып жатат. Мигрант мамлекеттин күчүн көрсөтүү үчүн эң ыңгайлуу объект. Ал дароо көзгө көрүнөт, юридикалык жактан алсыз, саясий өкүлчүлүгү дээрлик жок жана мамлекеттин аракетине толук кандуу жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Коомдук аң-сезимде мигрантты кылмыштуулук, мыйзамсыздык, «бөтөн» маданият жана салттуу жашоо образына коркунуч жараткан көрүнүштөр менен байланыштыруу да оңой.
Ошондуктан «нөлдүк толеранттуулук» саясаты социалдык чыңалууну көзөмөлдөөчү ролун аткарууда. Бул жерде сөзсүз түрдө кандайдыр бир жашыруун бирдиктүү план бар деп айтуунун кажети жок. Чыныгы көйгөйлөр татаал болуп, аларды чечүү тез натыйжа бербеген учурда, мамлекет үчүн өзүнүн күчүн көрсөтө ала турган конкреттүү бир «душманды» таабуу эң оңой жана ыңгайлуу жол болот.
Бирок бул маселе өзгөчө Украинадагы уланып жаткан согуш менен бирге козголуп жатканы кооптондурат. Узакка созулган кагылышуу дайыма коомду мобилизациялык абалда кармоону талап кылат. Тагыраагы, айлана-чөйрөдө коркунуч бар, өлкө душмандардын курчоосунда, коом биригүүсү керек, ал эми бийлик көзөмөлдү дагы да күчөтүшү шарт деген түшүнүк калыптанат.
Дал ушул себептен улам «Единая Россия» партиясынын бүгүнкү багытын миграциялык саясатты реформалоого каралган аракет катары гана баалого болбойт. Бул – Россия бийлигинин баскынчылык мамилесинин канчалык терең экенин көрсөтүп турган көрүнүш. Анткени кеп мыйзам алдында баары бирдей болгон коом жөнүндө эмес, адамдарды алардын коомдогу макамына, аларга болгон ишенимдин деңгээлине, пайдалуулугуна, тегине жана маданий жактан «туура келер-келбесине» жараша бөлгөн системанын калыптанышы жөнүндө болуп жатат.
Борбор Азия үчүн Кремль менен болгон мындай «достук мамилелердин» кесепети келечекте өзгөчө олуттуу болушу мүмкүн. Москва достук, ЕАЭБ, жалпы эмгек рыногу жана тарыхый жакындык тууралуу айта берет. Бирок катардагы адамдын Россияга болгон мамилеси дипломатиялык билдирүүлөрдүн негизинде эмес, Россиянын чек арасынан өткөндө, миграциялык борборлордо, жумуш ордунда жана күнүмдүк турмуштагы мамилелерден калыптанат.
Адамдарды белгиленген эрежелерди сактоого мажбурлоого болот. Бирок аларды достукту сезүүгө мажбурлай албайсың.
Эгер Россия коңшу мамлекеттерге мамлекеттер аралык өнөктөштүк тууралуу айтып жатып, ошол эле учурда алардын жарандарына күнүмдүк турмушта ишенбестик менен мамиле кылууну уланта берсе, анда Борбор Азиянын Россиядан алысташы үчүн сырттан бир нерсе уюштуруунун деле кереги жок болуп калат. Россия мындай ажырымды өзү эле жаратып коё алат.
Алла Таала Ыйык Куранда мындай дейт:
“Момундар момундарды таштап коюп, каапырларды дос тутушпасын! Ким Ошондой кылса, анда ал Алла тарабынан эч нерседе эмес (Тагыраак айтканда Аллага чоочун)” (Аал Имран, 3:28)
Хужжат Жамиа




