Инфляция жогорку деңгээлде калууда

Инфляция жогорку деңгээлде калууда
Өлкөдө күнүмдүк колдонулуп жаткан товарлардын баалары тынымсыз жогорулап, элди түйшүккө салган проблемалардын бирине айланды. Мындай жогору көрсөткүчтөгү инфляция алты жылдан бери уланып келүүдө. Бул абал дагы канча уланары белгисиз. Себеби бир катар уюмдардын баяндамалары өлкөдө жогору инфляция сакталарын эскертип жатышат.
Эл аралык валюта фондунун «World Economic Outlook» деп аталган баяндамасында көрсөтүлгөндөй, Кыргызстан инфляциянын эң жогорку деңгээли күтүлүп жаткан өлкөлөрдүн дүйнөлүк рейтингинде 19-орунду ээледи. Ага ылайык, 2026-жылы Кыргызстандагы инфляциянын деңгээли 10,6 пайызды түзөт. Бул өлкө дүйнөдө инфляциясы эң жогору мамлекеттердин алдыңкы жыйырмалыгына киришин билдирет.
Инфляция коомдун турмушуна олуттуу таасирин тийгизген маселелердин бири. Себеби баалар жогорулаганда, тагырагы инфляция учурунда адамдардын топтогон каражаты кунсузданып, баалуулугун жоготот. Ошондой эле алар мээнетине күйүшөт. Башкача айтканда белгилүү бир мөөнөт ичинде алып жүргөн маяналары мурунку көлөмдө азык-түлүк же башка нерселерди сатып алууга жетпей калат. Бул капитализмдин катардагы адамдардын мал-мүлкүн тоногон, эмгегин эксплуатация кылган көрүнүш.
Инфляция проблемасы капитализм системасынын ажырагыс көйгөйү болуп эсептелет. Бүгүнкү капитализм өкүм сүрүп жаткан дүйнөдө бардык өлкөлөрдө инфляция бар. Негизинен инфляция проблемасы капитализмдин акча системасына барып такалат. Азыркы акчалардын эч бири реалдуу балуулук менен камсыздалбаган. Бүгүн дүйнө өлкөлөрүнүн дээрлик баарынын валютасы долларга байланган. Ал эми доллар алтын же күмүш сыяктуу баалуу металлдарга байланганын эчак токтоткон. Ушундан улам, дүйнөдө басылып чыгып жаткан акчалардын артында реалдуу таянчу баалуулук жок. Ошон үчүн акча кунсузданып, инфляция жылдан жылга өзгөрүүсүз жогорулап келет.
Андан тышкары, инфляциянын күчөшүнө себеп болгон дагы башка факторлор бар. Аларды учкай айта кетсек, маселен, Исламда арам саналган сүткордук адамдарды, өлкөлөрдү карыз баткагына салып, экономиканы жемирет жана инфляцияны күчөтөт. Учурда сүткордук турмуштун бардык тармагына кирип келди. А түгүл, адамдар күнүмдүк керектөөлөрүн сатып алууда да сүткордук жайылып бара жатат.
Ошондой эле мамлекет тарабынан салынып жаткан салыктар өз кезегинде баалардын жогорулашына алып келет. Ал эми мамлекет салыктардын түрүн көбөйтүп, алардын көлөмүн жогорулатуу менен алек. Ошону менен катар, бажы төлөмдөрү да баалардын жогорулашына алып келген негизи факторлордун бири.
Электр энергиясы, газ жана башка ушул сыяктуу кызматтардын жогорулашы табигый түрдө баалардын асман чапчышына түркү болот. Бийлик болсо жыл сайын электр энергиясын жогорулатып келүүдө. Кудум инфляция менен жарышып жаткандай.
Андыктан, инфляциядан жана экономикадагы башка проблемалардан кутулуунун жалгыз жолу – туура акча системасына өтүү. Тагырагы, алтын жана күмүш системасына өтүү зарыл. Бул система бир кылымдай мурун эле колдонулуп келген. Ал учурда көпчүлүк валюталар алтын менен камсыздалган болчу. Ошондон улам, ал кезде экономикалык проблемалардын, өзгөчө инфляция маселесинин зыяны кыйла төмөн болгон. Ал эми бүгүн инфляция жана андан келип чыккан башка маселелер дүйнөлүк экономикага коркунуч жараткан абалда жашап жатабыз.
Валюта маселесиндеги алтын жана күмүш системасы – бул Ислам кабылдаган чечим. Бирок инфляция сыяктуу проблеманы чечүү үчүн бир гана алтын жана күмүш системасына өтүү жетиштүү эмес. Демек, реалдуу баалуулук менен камсыздалган акча системасы менен кошо Исламдын экономикалык системасын колдонуу кажет.
Исламдын экономикалык системасында бүгүнкү күндөгүдөй салыктардын түрлөрүнө жана бажы төлөмдөрүнө тыюу салынган. Ошондой эле, электр энергиясы, газ сыяктуу учурда төлөнүп жаткан кызматтар үчүн акы алынбайт. Себеби, алар жалпы мүлккө кирип, адамдардын муктаждыгы үчүн сарпталышы керек. Алар элдин эсебинен акча табуунун булагы эмес.
Андыктан экономикалык маселелердин баары Исламды толук колдонуу менен чечилет.
Харун Абдулхак




