Роя гезити

Иордания менен Франциянын ортосундагы коргонуу жаатындагы кызматташтык келишими Иорданиянын өз күчтөрүн колонизаторлук күрөшкө аралаштыруусу болуп саналат

Иордания менен Франциянын ортосундагы коргонуу жаатындагы кызматташтык келишими Иорданиянын өз күчтөрүн колонизаторлук күрөшкө аралаштыруусу болуп саналат

Иорданиянын падышасы Абдуллах II 2026-жылдын 17-сентябрында, бейшемби күнү, Париждеги Майыптар сарайында Франциянын президенти Макрон менен өткөргөн сүйлөшүүлөрүнөн кийин Иордания менен Франциянын ортосунда коргонуу жаатындагы кызматташтык келишимине кол коюлганын жарыялады. Бул келишим эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу жаатындагы өнөктөштүктү тереңдетүүгө багытталган. Падышанын X платформасында жарыялаган билдирүүсүндө келишимдин беренелери же ал камтыган тармактар тууралуу маалымат берилген жок. Бул аскерий келишимдердин айрым сезимтал беренелерин жашыруу үчүн колдонулган чара. Анткени мындай беренелер өлкө ичиндеги нааразы элге же аймактагы таасир жана үстөмдүк үчүн атаандашып жаткан эл аралык күрөштүн тараптарына таасирин тийгизиши мүмкүн. Айрыкча мындай коргонуу келишимдеринин саны көбөйүп жаткан шартта кооптуу.

Бул келишимге кол коюу менен катар Иорданиянын падышасы жана Франциянын президенти Ливандын президенти Жозеф Аун менен да жолугушуу өткөрүштү. Анда алар Ливан армиясын колдоонун жолдорун талкуулоо үчүн «Акаба жолугушуулары» демилгесинин жаңы айлампасын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Эгер ЮНИФИЛ күчтөрүнүн мандаты узартылбаса, алардын ордуна Франциянын колдоосу менен Иордания белгилүү бир рол ойношу мүмкүн экени сезилүүдө.

Ошентсе да, падышанын Францияга жасаган сапарынын соңунда биргелешкен расмий билдирүү жарыяланды. Анда эки өлкө келишим негизделген расмий позицияларды жана коргонуу, коопсуздук жана аймактык маселелерди камтыган жалпы негизги беренелерди белгилешти. Алардын эң маанилүүлөрү төмөнкүлөр:

Франция менен Иорданиянын коргонуу жана коопсуздук тармактарындагы өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгү жана Франциянын Иордания коопсуздугун жана туруктуулугун колдоого болгон милдеттенмеси.

Эки өлкөнүн коргонуу жаатындагы өнөктөштүгүн мындан ары да тереңдетүүгө болгон милдеттенмесин чагылдырган коргонуу тармагындагы кызматташтык келишимине кол коюу.

Эки мамлекеттүү чечимдин негизинде борбору Чыгыш Кудус болгон көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүүнү ишке ашыруу үчүн практикалык кадамдарды жасоо. Эки тарап тең Батыш жээкти аннексиялоо аракеттеринин жана (израилдин) Палестина калкын көчүрүүгө багытталган ар кандай аракеттеринин баарын четке кагышты. Ошондой эле мыйзамсыз E1 конуш куруу долбоорун кайрадан айыпташты.

Сириянын биримдигин, коопсуздугун, туруктуулугун жана эгемендигин колдоо, (израилдин) Сирияга каршы кол салууларын токтотуунун жана 1974-жылдагы күчтөрдү ажыратуу келишимин сактоонун зарылдыгы.

Акыркы убактарда Иордания режими аймактык келишүүлөрдүн жана кагылышуулардын шартында өзүнүн жок болушуна алып келиши мүмкүн болгон күрөштөрдүн чордонунда калып калгандыктан, мунун саясий кесепеттерине жана кыйынчылыктарына байланыштуу катуу тынчсызданууда. Анткени Иран, Америка жана яхудий вужудунун ортосундагы чыңалуу күчөгөн учурда бул күрөштөргө аралашып, аларга тартылып калды. Мындан тышкары, Америка менен Иорданиянын ортосундагы биргелешкен коргонуу келишимине ылайык, Американын Иорданияда аскерий базаларынын болушу да ага таңууланган.

Ошондой эле Иордания режими яхудий вужуду менен тарыхый мамилелерге, үзгүлтүксүз уланып келген өз ара аскерий жана коопсуздук коргоосуна карабастан, андан да тынчсызданып, коркунуч сезүүдө. Падыша БУУдагы сөзүндө эки мамлекеттүү чечимди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнүн азайышына, Батыш жээктин аннексияланышына жана конуштардын курулушуна байланыштуу кооптонууларын билдирген. Анткени бул жагдайлар палестиналыктарды көчүрүү жана «альтернативдүү мекен» түзүү жөнүндөгү кооптонууларды күчөтүүдө. Бул тууралуу падыша да, Макрон да БУУдагы сөздөрүндө билдиришкен.

Ушундай терең аскерий, коопсуздук жана саясий коркунучтардын шартында Иордания режими аба системаларын, чалгындоо, көзөмөлдөө жана байкоо жүргүзүү системаларын өнүктүрүү аркылуу өзүнүн аскерий коргонуу жөндөмдүүлүгүн күчөтүү зарылдыгын сезүүдө. Ошондой эле ал заманбап жабдууларды жана учкучсуз учуучу аппараттар, киберкоопсуздук сыяктуу салттуу эмес согуш каражаттарын алуу булактарын диверсификациялоого муктаж. Ошондуктан ал өзүнүн геосаясий абалын айрым Европа мамлекеттеринин, аймактагы өлкөлөрдүн жана Кытайдын кызыкчылыктарын, көздөгөн максаттарын жана аларга кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруу менен байланыштыруу аркылуу коргонуу жөндөмдүүлүгүн күчөтө аларын түшүндү. Мунун ордуна өзүнүн бийлигинин сакталышын жана саясий туруктуулугун коргоону көздөдү. Дал ушул максатта ал армияны заманбап согуш жүргүзүү услубдарына ылайыкташтыруу үчүн кайра түзүмдөштүрүүнү жана аны аталган мамлекеттердин кызыкчылыктарын ишке ашырууда алардын ордуна пайдаланууну талап кылды. Мындай мамлекеттердин бири — Иорданияда он жылдан бери аскерий базалары бар Франция.

Франциянын бул келишимдин артында турган аракети Европанын өзүн аймактык күрөштөрдө Американын айрым тараптарды толук жактоосуна салыштырмалуу араб мамлекеттери үчүн альтернативдүү жана кыйла тең салмактуу өнөктөш катары көрсөтүү каалоосун чагылдырат. Париж менен Лондондун ортосунда Жакынкы Чыгыш аймагында мурдатан бери кызыкчылыктардын дал келүүсү бар. Ошондуктан Иордания менен Франциянын ортосундагы келишим өзүнүн терең геосаясий маңызы боюнча тарыхый таасир аймагын сактап калууга багытталган атаандаштык жана өз алдынчалык мүнөзгө ээ. Буга Франция менен Британиянын өздөрүнүн турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын Американын азыркы тышкы саясатындагы катуу башаламандыкка жана Американын саясий чечим кабыл алуучу чөйрөлөрүнүн шайлоо күрөштөрү менен алек болушуна көз каранды болбостон коргоо каалоосу түрткү болууда.

Акыркы убактарда Иордания түзгөн биргелешкен коргонуу келишимдеринин саны көбөйдү. Алсак, 2021-жылы Америка менен келишимге кол койгон. Ал эми Парижде түзүлгөн акыркы келишим мындай келишимдердин төртүнчүсү болуп, ага чейин Австрия жана Нидерландия менен да ушундай эки келишимге кол коюлган. Мындан тышкары, өткөн жылы Брюсселде НАТО менен келишимге кол коюлуп, анын негизинде Амманда альянстын дипломатиялык байланыш кеңсесин ачуу каралган. Ал эми акыркы сүйлөшүүлөр Иордания менен Британиянын ортосундагы аскерий кызматташтыкты жана координацияны күчөтүүнүн жолдорун талкуулоого арналды.

Иордания коомчулугу коюп жаткан суроо мындай: бул келишимдер Иорданиянын жана анын элинин кызыкчылыктарын, коопсуздугун коргоого, талап-тонолгон байлыктарын, кыйраган экономикасын жана эбегейсиз карыздарын чечүүгө, яхудий вужудунун элди көчүрүү коркунучуна каршы турууга жана эки мамлекеттүү чечим дипломатиясынын ийгиликсиздигин жоюуга кандайча кызмат кылат? Бул жерде капиталисттик демократиялык мамлекеттердин эки жүздүүлүгү ачык көрүнүп турат. Алар диктатура, репрессия, оозду жабуу жана режимге берилгендерге артыкчылык берүү менен мүнөздөлгөн режим менен анын өз элинин эсебинен кызыкчылыктарын ишке ашыруусу үчүн тил табышып, координация жүргүзүп жатканына унчукпай турушат.

Демек, Иорданиянын колонизатор кафир Батышка таянышы — капиталисттик саясаттын түшүнүгү боюнча утулууга алып бара турган күрөө. Анткени капиталисттик саясат — бул кызыкчылыктар жана пайдалар саясаты, ошондой эле кризистерди башкаруу саясаты. Ал өзүнүн кызыкчылыктары жана үстөмдүгү кайда болсо, ошол жакка багыт алат. Анда туруктуу достор да, туруктуу альянстар да, атүгүл туруктуу малайлар да жок. Эгер кайсы бир өкүмдардан же ага көз каранды режимден ала турган пайдасы түгөнсө, же аны өз кызыкчылыктарына тоскоолдук кылып жатат деп эсептесе, аны бүтүндөй саясий чөйрөсү менен кошо дароо четтетет. Эгер режим өзүнүн бийлигин сактоодо жана коопсуздугун коргоодо өз элине таянбаса, анда анын ач көз душмандарынан коргой турган таянычы да, коргоочусу да болбойт.

Бул жерде Франция жергиликтүү расмий маалымат каражаттары келишимди колдоону актоо жана мусулмандарды адаштыруу үчүн сүрөттөп жаткандай дос мамлекет эмес экенин эске салуу керек. Анткени Франция кресттүү жортуулдарынан бери Исламга жана мусулмандарга кол салууда негизги роль ойноп келген. Франция 1917-жылы Шам өлкөлөрүн басып алган учурда генерал Гуронун Дамаскта Салахуддин Айюбийдин кабырынын алдында: «Мына, биз кайтып келдик, эй Салахуддин, тур!» — деп айткан сөзүн эске салуунун өзү эле жетиштүү.

Франциянын Тунис менен Алжирди басып алышы, ал жактагы мусулмандарды кыргынга учуратышы, Алжирдин миллиондогон тургундарын өлтүрүшү, миңдеген адамдардын башын кесип, аларды Париждеги адам баш сөөктөрүнүн музейине коюшу — анын Исламга жана мусулмандарга болгон крестчил жек көрүүсүнүн иш жүзүндөгү көрүнүшү болду.

Буга чейин Франциянын президенти Макрон да Исламга чабуул жасап, ал «дүйнөнүн бардык жеринде кризиске туш болуп жатат» деп айткан. Мына ушул жек көрүүнүн баары бир гана аянычтуу максатка — мезгили келип жеткен Халифалык мамлекетинин тикеленишине тоскоолдук кылууга багытталган. Анткени Халифалык мамлекети бул колонизаторлордун ниеттерин жана ач көздүк максаттарын ашкерелеп, бүгүнкү күндө дүйнө муктаж болуп турган адилеттүүлүк менен ырайымдуулукту орнотот.

Роя гезити

Доктор Халид аль-Хаким

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button