Басма сөз

Ислам Кызматташтык Уюмунун аялдар конференциясы Батыштын баалуулуктарын жайылтуучу жана муслима аялдардын каны төгүлүп жатканына унчукпай турган аянтча

Басма сөз баянаты

Ислам Кызматташтык Уюмунун аялдар конференциясы
Батыштын баалуулуктарын жайылтуучу жана муслима аялдардын каны төгүлүп жатканына унчукпай турган аянтча

Пакистандын борбору Исламабад шаарында 2026-жылдын 12–13-июль күндөрү Ислам Кызматташтык Уюмунун аялдар маселелери боюнча министрлер конференциясынын тогузунчу жыйыны өтүүдө. Ага 57 мамлекеттен 190го жакын өкүл аял катышууда. Афганистан өкмөтүнүн бир да өкүлү катышпаган бул конференцияда аялдардын билим алышы, аларды күчтөндүрүү жана коомдук турмушка катышуусу талкууланууда.

Бул конференция аялдарды күчтөндүрүү жөнүндө сөз кылып жаткан учурда, Палестинанын Батыш Жээгиндеги муслима аялдар яхудий түзүмүнүн рейддерине, камактарына, мажбурлап көчүрүүлөрүнө жана зомбулугуна туш болууда. Газадагы аялдар болсо бомбалоо, курчоо жана ачарчылыктын азабында тирүү калуу үчүн күрөшүп жатышат. Кытайдын коммунисттик өкмөтү аялдарды камакка алуу, аларды тукумсуздаштыруу, төрөттү чектөө чараларын таңуулоо жана Чыгыш Түркстандагы аялдарды башка кытай этносторунун эркектери менен мажбурлап никелештирүү аркылуу уйгурларды зордоп ассимиляциялап, алардын исламий жана этностук өзгөчөлүгүн жок кылууга аракет кылууда. Ошондой эле рохинжа аялдары өлтүрүү, зордуктоо, мажбурлап көчүрүү жана жарандыктан ажыратуу сыяктуу кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө. Индиядагы, өзгөчө Ассам жана Кашмир аймактарындагы муслима аялдар хиндутва идеясынын кысымы жана зомбулугуна дуушар болушууда. Мындан тышкары, Орусиядан тартып Европа жана Америкага чейин муслима аялдар исламофобияга жана диний амалдарын аткарууга коюлган чектөөлөргө, айрыкча хижабга тыюу салууга туш болуп жатышат…

Ошого карабастан, дүйнөнүн ар кайсы жерлериндеги муслима аялдар туш болуп жаткан оор көйгөйлөргө, зомбулукка жана азап-тозокко байланыштуу так, чечкиндүү жана практикалык позицияны ээлебестен, бул конференция аял маселесин Афганистандагы башкаруучу бийликке саясий басым көрсөтүүнүн куралына айландырууга аракет кылууда. Мындай мамиле бул жыйынды уюштуруучулар үчүн аял маселеси чыныгы гуманитардык тынчсыздануу эмес, тескерисинче саясий максаттарды ишке ашыруунун жана эл аралык түзүм жактырган стандарттарды таңуулоонун куралы экенин көрсөтүп турат. Ошондуктан мындай конференциялардын ишенимдүүлүгү айтылган сөздөр, билдирүүлөр, расмий сүрөттөр же катышуучулардын саны менен эмес, аткарылышына кепилдик берилген чечкиндүү иш-аракеттер менен өлчөнүшү керек. Аль-Акса мечитин жана Палестинаны коргоо урааны астында түзүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин эбегейсиз саясий, экономикалык, аскерий жана өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, ал исламий өлкөлөрдүн негизги маселелерин натыйжалуу коргой алган жок. Анын тарыхы көз боёмочу жыйындардан, куру убадалардан, кайра-кайра кайталанган билдирүүлөрдөн жана алсыз чечимдерден гана турат!

Ушул себептен улам бул конференция үммөттүн тагдырын аныктаган чечүүчү маселелерден качып, «аялдарды күчтөндүрүү» деген ураандын алдында батыштын секулярдык баалуулуктарын таңуулоого жана жайылтууга жол ачууда. Бул уюмдун дээрлик 57 жылдык ийгиликсиздигинен, унчукпаганынан жана кыянаттыгынан кийин үммөт андан эч кандай жакшылык күтпөшү керек. Анткени мусулмандардын жерлерин, ыйык жайларын жана канын коргой албаган режимдер мусулман аялдарынын көйгөйлөрүн кантип чече алмак эле? Ошондуктан мындай таңууланган жана ийгиликсиз күн тартиптерин чечкиндүү түрдө четке кагуу фарз. Үммөт улуттук мамлекеттерге, көз каранды башкаруучуларга же ийгиликсиз уюмдарга үмүт артпастан, өзүнүн бирдиктүү мамлекетин — Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн олуттуу фикрий жана саясий күрөшкө киришиши керек. Ал үммөттү колонизаторлуктун үстөмдүгүнөн куткарат, таңууланган чек араларды жок кылат жана бардык мусулмандардын жерлерин, ыйык жайларын, айрыкча аялдардын ар-намысын жана укуктарын коргойт.

﴿يَعِدُهُمْ وَيُمَنِّيهِمْ وَمَا يَعِدُهُمُ الشَّيْطَانُ إِلَّا غُرُوراً﴾

«(Шайтан) аларга убадаларды берет, аларды куру кыялдарга салып коёт. Акыр-акыбетте шайтан берген убадалар бүт бойдон жалган-азгырык болуп чыгат». (Ниса: 120).

Хизб ут-Тахрирдин Афганистан вилаятындагы маалымат бөлүмү

14.07.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button