Басма сөз

Трамп кайрадан согушту тутантып, Ормуз кысыгын өзүнөн коргоо үчүн салык төлөөнү талап кылууда!

Басма сөз баянаты

Трамп кайрадан согушту тутантып, Ормуз кысыгын өзүнөн коргоо үчүн салык төлөөнү талап кылууда!

Американын президенти Трамп дүйшөмбү күнү өлкөсү «Ормуз кысыгы аркылуу ташылган бардык товарларга 20% өлчөмүндө салык салат» деп жарыялады. Бул анын Перс булуңунда согушту кайрадан тутанткан жаңы аскерий операцияны баштагандан кийинки билдирүүсү болду. Өз кезегинде Трамптын билдирүүсүнө жооп катары БУУга караштуу Эл аралык деңиз уюму эл аралык кеме жүрүү үчүн колдонулган кайсы гана кысык болбосун, андан өтүү үчүн төлөм киргизүүгө каршы экенин билдирип, мындай чара мыйзамсыз экенин айтты.

Трамптын чечимдеринде текебердиктен, бой көтөрүүдөн, мусулмандардын мал-мүлкүнүн ыйыктыгына кайдыгер мамиле кылуудан жана алардын өлкөлөрүнүн коопсуздугун тоготпоодон башка эч кандай логика жок экени көрүнүп турат. Анткени бул согушту баштагандын өзү Америка болгон, ал тургай аны аймак элине күч менен таңуулады. Ал бомбалады, өлтүрдү, кыйратты, өрттөдү жана аймак өлкөлөрүн аскерий кагылышуунун айлампасына сүйрөдү. Эми болсо бул кагылышуунун максаты башынан эле ачык турган Ормуз кысыгын кайра ачуу болуп калды!

Америка алып келген кыйроолору үчүн аймак элинен жана бүт дүйнөдөн кечирим сурап, дүйнөлүк базарларга тийгизген экономикалык зыяндарын төлөп берүүнүн ордуна, анын президенти кысыкты ачып, анын коопсуздугун камсыздаганы үчүн төлөм талап кылууда!

Бул мусулмандарды тоготпоо жана Трамптын Америкасын каптаган текебердик. Ал ушунчалык деңгээлге жеткендиктен, элдердин байлыгын талап-тоноону өзүнүн мыйзамдуу укугу катары көрүп калды. Бул Трамптын мындай биринчи билдирүүсү эмес. Ал буга чейин да бай мамлекеттер, тактап айтканда Булуң өлкөлөрү, Америкага акча төлөшү керектигин айтып келген. А түгүл, Американын Иранга каршы жүргүзгөн согушунун бардык чыгымдарын да ошолор төлөшү керек деп талап кылган. Ал Булуң өлкөлөрүнүн башкаруучуларына өз чөнтөгүндөгү капчыкка мамиле кылгандай мамиле кылууда.

Трамптын өз максатына жетиши жана аймакка карата көз карашын ишке ашырышы — бул аймактын мындан ары да басмырланышын, колонияланышын жана анын келечегине үстөмдүк орнотулушун билдирет. Ал эми аймактагы Американын аскерий базаларын кабыл алып, алардын зомбулук көрсөтүп, каалагандай аракет кылышына шарт түзгөн башкаруучулар сыяктуу анын пландарын коштогондор өз буту менен өлүмгө бара жаткан адамга окшош. Бул анык зыянга учуроо. Аллах Таала мындай деген:

﴿إِنَّمَا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ قَاتَلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَأَخْرَجُوكُم مِّن دِيَارِكُمْ وَظَاهَرُوا عَلَى إِخْرَاجِكُمْ أَن تَوَلَّوْهُمْ وَمَن يَتَوَلَّهُمْ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ﴾

«Алла силерди жалгыз днниңер туурасында силер менен урушкан, силерди өз журттарыңардан кууп чыгарган жана силерден кууп чыгарууда бири-бирине жардамдашкан кимселерден – алар менен достошууңардан кайтарат. Эгерде ким алар менен достошсо, мына ошолор заалим кимселердин өзү». (Мумтахана: 9).

Тескерисинче, болуп жаткан окуялар аймактагы мамлекеттер үчүн Американын көлөкөсүнөн чыгууга жакшы мүмкүнчүлүк болуп турат. Анткени Америка азыр эң күчтүү абалында эмес. Ал дүйнөлүк деңгээлде достору менен союздаштарын жоготуу коркунучун, Кытай жана Орусия сыяктуу атаандаш мамлекеттердин күчөшүн, өз элинин согуштардын жана авантюралардын чыгымдарын көтөрүүгө даяр эместигин, ошондой эле фикрий жана цивилизациялык жактан алсырашын башынан өткөрүп жатат.

Ошондуктан аймактагы күч жана кудурет ээлеринин ичинен ихластуу адамдар жетекчиликти өз колуна алып, башкаруунун багытын Америкага жана Батышка көз карандылыктан жана баш ийүүдөн кутулуу тарапка бурушу, ошондой эле Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб ут-Тахрирге нусрат бериши зарыл. Ошондо алгачкы жетекчилер менен фатихтердин жолу кайрадан жанданат.

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

14.07.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button