Саясий

Йемендеги аскердик чыңалуунун көлөмү Йемендеги аскердик чыңалуунун көлөмү 

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Суроо жооп
Йемендеги аскердик чыңалуунун көлөмү 
Суроо:
Жума күнү Сауд Арабия, Түркия жана Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн штаб башчылары Мекке биргелешкен коргонуу келишиминин алкагында Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядда жолугушуп, Саудия туш болгон коопсуздукту жана коркунучтарды талкуулашты. (Аль-Жазира, 26.09.2026). Хуситтер Сауд Арабиясы же Америка кийлигишпестен Йемендин батыш жээгинин баарын же көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлгө алганга чейин бул жолугушуу өткөрүлбөй турган. А түгүл, Трамп хуситтер Кызыл деңиздеги америкалык кемелерге кол салбоого убада беришкенин, ошондуктан Америка кийлигишпей турганын да айтып жаткан! Иш ушундай болду. Бир нече күндөн бери хуситтер батыш жээкте оңой эле алдыга жылып келе жатышты. 2026-жылдын 11-сентябрында хуситтер тобу бир нече күнгө созулган чабуул учурунда Баб аль-Мандабды толугу менен көзөмөлдөп бүткөнү жарыяланган. Хуситтер тобу Хайс, Аль-Хоха, Аль-Моха жана анын портун басып алып, Баб аль-Мандаб жана Майюн аралына чейин жетип барды. Бул кандайча оңой-олтоң болуп кетти? Эмне үчүн Сауд Арабиясы жана анын үч тараптуу альянсы буга каршы кийлигишкен жок? Эмне үчүн Америка Иранды колдогон топторго каршы экенин билдирип келгененине карабастан хуситтердин бул иш аракетине каршы кийлигишкен жок, анткени хуситтер бул аймакта Иранды колдогон негизги аскердик уюм болуп саналат?! Тескерисинче, Америка хуситтер менен түздөн-түз байланышта болгонун жарыялады. Бул топ 2026-жылдын 20-сентябрында АКШ менен байланышта болгонун да мойнуна алды. Иран менен байланышы бар бул уюмга карата Американын планы кандай?
Жооп: Маселени тактоо үчүн, төмөнкүлөрдү карап чыгабыз:
1. Йемендеги эл аралык чыр-чатак 1960-жылдардын башынан бери уланып келет. Ал Йемендин мурдагы колониялык державасы Улуу Британия мене кийин жаңы колониялык держава Америка тарабынан уланып жатат. Ар бир колонизатордун өзүнүн аймактык жана жергиликтүү малай куралдары бар. Улуу Британиянын Йеменге тийгизген таасири Али Саалих башында турган малайлары аркылуу 1978-жылдан 2011-жылга чейин өмүр сүргөн… Анан Мансур Абд Раббо Хади анын артынан келди. Андан кийин Америка Сауд Арабиядагы малайына Йемен ишине кийлигишүүнү буйруду. Ал 2015-жылы “Чечкиндүү бороон” операциясын жана Сауд Арабиясы жетектеген “Мыйзамдуулукту колдоо коалициясын” түзгөнүн жарыялаган. Бирок чындыгында бул хусит тобун колдоо үчүн болгон. Биз 2015-жылдын 26-мартындагы басылмабызда айткандай: “Америка Йеменди күч менен башкара алышы үчүн хуситтерге Иран аркылуу ар кандай курал-жарак жана жабдууларды берип келген, анткени ал саясий борбордун көпчүлүгү британиялык малайлардан тураарын түшүнөт. Ошентип, хуситтер Йеменге үстөмдүк кылууга күчүбүз жетет деп ойлошкондуктан, Президент чыгарган мыйзамдар аркылуу өздөрү каалаган нерсени алуу үчүн президент Хадини курчоого алышты. Ал алгач макул болуп, анан аны үй камагына алганга чейин ишке ашырууну кечеңдетти. Анан ал алардан Аденге качып кеткен, бирок алар аны кууп жетишти бирок ал экинчи жолу алардан качып кетти”. (аягы).
2. Андан кийин Британия малайы болгон БАЭ Йеменди куткаруу шылтоосу менен Сауд Арабиясы тарабынан түзүлгөн жогоруда айтылган коалицияга кирди, анан Йемендин түштүгүндөгү көптөгөн аймактарды хуситтердин чеңгелинен бошотуп, Британиянын жана анын жергиликтүү малайларынын таасирин күчөттү. Алар хуситтердин маанилүү порту болгон Ходейдага жетип, аны дээрлик басып алышкан жана андан кийин Санага барууну максат кылышкан. Бирок, Америка гуманитардык көйгөйлөр шылтоосу менен дүйнөлүк коомчулукту ага каршы козгоп, Швецияда жыйын өткөрдү, анда Ходейда шаарында ок атышууну токтотуу жана БАЭнин күчтөрүн жана Тарик Салих жетектеген куралдуу топторун андан чыгарып кетүү каралган. Шаардын коопсуздугу хуситтердин колунда калды. Биз муну 2018-жылдын 20-декабрында берген суроо жоопто да айтып өттүк: “Британия хуситтердин күчү Ирандын колдоосу аркылуу экенин билген жана Сана аэропорту жабылып, түштүк порттору көзөмөлдөнгөндөн кийин, Ходейда порту Иран үчүн хуситтерге колдоо көрсөтүүчү жалгыз куткаруучу күчкө айланган. Ошондуктан, БАЭ Ходейданы көзөмөлдөө үчүн ага карай жылган, ал эми Ходейданын айланасындагы иш аракеттер жана салгылашуулар, Ходейда порту Йеменге миллиондогон йемендиктерге жардам көрсөтүп келет деген шылтоолор менен Американын олуттуу четке кагуусу менен кабыл алынган. Америка тимеле адамзатка кандайдыр бир жардам берип жүргөнсүгөн түр жаратты, болбосо ал жана анын Сириядагы малайлары Бириккен Улуттар Уюмунун көзөмөлү астында шаарларды муунтуп курчоого алып жана аскердик бомбалар менен жерди жексен кылып адамзат укугун тебелеп-тепсеп салышкан эле … Бирок Америка Ирандын хуситтерди аскердик жактан колдоосу үчүн Ходейда портун ачык кармоо максатында гуманитардык кризисти шылтоо катары бетине кармады.
3. 2022-жылы Сауд Арабиясында Йемендин Президенттик Кеңеши түзүлгөнү жарыяланган, аны президент Хадинин ордуна Рашад аль-Алими жетектеген, Хади өзүнүн толук ыйгарым укуктарын ушул кеңешке өткөрүп берген. Ага чейин, 2022-жылдын 2-апрелинде согушуп жаткан тараптар Йеменде эки айлык ок атышууну токтотууга макул болушкан. Йемендеги ок атышууну токтотуу 2022-жылдын 2-апрелинде күчүнө кирген. Бириккен Улуттар Уюму жана Америка Кошмо Штаттары күтүүсүздөн түзүлгөн ок атышууну токтотуу келишимин кубаттап, аны узартууга чакырышты. Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү мурдагы британия малайлары болгону менен, Америка Сауд Арабиясы аркылуу кеңештин башчысы Аль-Алимини ал британиялыктардын малайы болгонуна карабастан, аны өз тарабына тарта алды. Анткени ал Йемендин мурдагы президенти Али Абдулла Саалихтин убагынан бери жогорку саясий кызматтарды ээлеп келген. Бирок, анын Сауд Арабиясында жашаганы жана каржылык жана коопсуздук жагынан Саудиянын колдоосун алгандыктан ага көз карандылыгы бар эле. Мунун баары Сауд Арабиясына бекем таяныч берди, ал акыркы учурларда бир топ өнүктү. Кеңештин башка мүчөлөрүнө келсек, алардын көпчүлүгү Эмираттардын, башкача айтканда, британдыктардын жолдоочулары болгон. Биз 2022-жылдын 20-апрелиндеги суроого жоопто айттык: “Президенттик кеңештин бардык мүчөлөрү БАЭ тарабынан жана президент Хадинин өз тобу тарабынан колдоого алынган ошондуктан кеңештеги натыйжалуу пикир Британияга баш ийгени байкалат”. Ошондуктан тынчтык келишими, бул чечим жана кеңештин түзүлүшү Америка менен Британиянын макулдашуусу менен ишке ашты. Малайлар жана орбитада айлангандар бардык учурларда бул келишимге баш ийишет. Бирок бул келишим туруктуу эмес, бул келишимге алып келген жагдайлар өзгөргөнгө чейин гана ал күчүндө болот!
4. Анан күтүлгөндөй болду. 2025-жылдын аягында Айдарус аз-Зубайди жетектеген жана БАЭнин колдоосу менен Йемендеги Түштүк Өткөөл Кеңештин күчтөрү аскерий иш чараларды башташты. Ал Президенттик Кеңештин мүчөсү жана өз күчтөрүн Хадрамаут жана Аль-Махрага жайгаштырган, ошондон кийин иштер абдан татаалдашып кеткен. 2025-жылдын 30-декабрында Йемендеги Сауд Арабиясы жетектеген коалиция БАЭден Хадрамавт губернаторлугундагы Мукалла портуна келген курал-жарактарды жана согуштук унааларды бутага алуу менен чектелген аскердик операция жүргүзгөнүн жарыялаган. Саудиянын бул коркутуусу БАЭ өз күчтөрүн “баш ийип” Йеменден чыгарып кетүүнү жарыялаганга чейин уланды. Сауд Арабиясы БАЭнин Йемендеги жолдоочуларын (Айдарус аз-Зубайди жетектеген Түштүк Өткөөл Кеңеш) Хадрамаут менен аль-Махраны таштап кетүүсүн талап кылган коркутуп-үркүтүүсүн андан ары улантты. Андан кийин Йемендеги Түштүк Өткөөл Кеңешинин күчтөрү чегинип баштады… Андан кийин аз-Зубайди 2026-жылдын 8-январында Сомали аркылуу Абу-Дабиге качып кетти!
5. Батыш жээкте жакында болгон окуяга, башкача айтканда, 3-сентябрь жана 11-сентябрда хуситтер Хайс, Аль-Хоха, Аль-Муха жана анын порту, Майюн аралын жана Кызыл деңиздин түштүгүндөгү Йемендин калган аралдарын басып алып, Баб аль-Мандебге чейин жетип барган окуяга келсек. Бул окуя 2018-жылы БАЭ жана анын жергиликтүү жактоочуларынын Ходейдадан куулуп чыгышы менен болгон окуя жана 2025-жылдын аягы 2026-жылдын башында БАЭнин анын жактоочуларынын Хадрамаут жана Аль-Махрадан куулуп чыгышы менен болгон окуяга окшош. Мен муну ушул окуяга окшош деп айтаар элем. Хусит операциясы аркылуу Америка Британиянын Йемендин батыш жээгиндеги малайларына сокку урууну каалаган. Тарик Салих жетектеген “Республикалык гвардиянын өзөгү менен улуттук каршылык көрсөтүү” деп аталган, БАЭ тарабынан жана кожоюну Британиянын өтүнүчү менен каржыланып, корголуп келген бул кыймылдын Кызыл деңиз жээгиндеги Моха жана Халиддеги лагеринин кулашы ошондой эле хусит тобу анын бардык жээктерин толук көзөмөлгө алуусу менен аяктады. 2026-жылдын 10-сентябрында Моханын кулашы бул каршылык көрсөтүү лидери, британия малайы жана мурдагы президент Али Салихтин жээни, Британия малайы БАЭ тарабынан колдоого алынган Тарик Салихке катуу сокку болду. Британиянын башка агенти Айдарус аз-Зубайди жеңилип, БАЭге качууга аргасыз болгондон кийин, Британиялык агенттерди жок кылуу үчүн бул дагы бир кадам болду. Бул кадам эске алынса, Сауд Арабиясы өзүнүн агенттерин Республикалык гвардияга киргизе алгандыгы байкалат. Андан кийин алар Сауд Арабиясынын буйругу менен Йемендин батыш жээгиндеги аймактарындагы позицияларынан чегиништи. Интернетте жарыяланган аудио жазууларда көрүнүп тургандай, Тарик Салих жетектеген гвардиядагы британиялык күчтөр башаламандыкка кабылып, ага кол салуу болгондон кийин шаардагы бардык позициялардан чегинүүнү буйрук кылууга аргасыз болгон. Ал муну “ички чыккынчылык” деп мүнөздөгөндө, гвардиянын ичиндеги саудиялык канаттарды, ал эми “бир туугандардын чыккынчылыгы” деп мүнөздөгөндө, Сауд Арабиясынын өзүн айткан. Саудия аны колдоого жана хусилердин кыймылдарына каршы туруу үчүн эч кандай кыймыл жасаган жок. Андан кийин, хуситтер мурда Санага каршылыксыз киргендей эле бул аймактарга каршылыксыз киришти.
6. Муну тастыктаган нерсе, Сауд Арабиясы биргелешкен үч тараптуу альянсты активдештирген жок, ошондой эле бул альянстагы өнөктөштөрүнөн: Пакистан менен Түркиядан кийлигишүүнү суранган эмес, бул анын хуситтерге каршы олуттуу чара көргүсү келбей турганын жана ага тиешеси бар экенин тастыктайт. Анткени бул үчтүк альянстын түзүлүшүнүн артында турган Америка Сауд Арабиясындагы аймактарды бутага алып жаткан хуситтерге каршы анын активдешүүсүн жана кийлигишүүсүн талап кылган жок! Түркия менен Пакистан айыптоолор жана жардам берүүгө даяр экендиктерин билдирген жарым-жартылай билдирүүлөр менен гана чектелишти. Чынында эле, бин Салман аларга кайрылган да жок, аларга эч кандай кайрылуу да жасаган жок. Ал Йемендин батыш жээгинин толугу менен же көпчүлүк бөлүгү хусилердин колуна өткөнгө чейин күттү, андан кийин Мекке коалициясы хусилердин чабуулдарына каршы Сауд Арабиясына жардамын карап чыгуу үчүн коопсуздук жыйынына чакырды! Жума күнү Сауд Арабиясынын борбору Эр-Риядда Сауд Арабиясынын, Түркиянын жана Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн штаб башчылары Мекке биргелешкен коргонуу келишиминин алкагында Падышачылык туш болгон коопсуздукту жана коркунучтарды талкуулоо үчүн жолугушту. Сауд Арабиясынын Коргоо министрлиги жолугушууда чалгындоо жана аскердик кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле каршы жооп кайтаруу жана жамааттык коргонууну күчөтүүгө салым кошо турган мүмкүнчүлүктөрдү интеграциялоо маселелери талкууланганын билдирди. Министрликтин маалыматы боюнча, штаб башчылары коопсуздук кырдаалын карап чыгып, Меккеге жана Падышачылыктагы жарандык инфраструктурага багытталган кол салууларды айыпташты. Келишимдин тараптары жамааттык коргонууга болгон милдеттенмелерин бекем ырасташты, бул үч өлкөнүн Сауд Арабия Падышачылыгынын коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого болгон чечкиндүүлүгүн чагылдырат. (Аль-Жазира, 2026-жылдын 26-сентябры). Башкача айтканда, Хуситтер Йемендин батыш жээгинде өз көзөмөлүн бекемдегенден кийинки болгон жолугушуу болчу!
6. Андан тышкары, Америка Иранды колдогон күчтөргө сокку уруп жатканын бир нече жолу жарыялаганына карабастан, Хуситтердин бул аскерий аркетине каршы кийлигишкен да сокку да урган жок. Ал Сауд Арабиясынан аларга каршы сокку уруусун да талап кылган жок, ошондой эле Ирандын калган бөлүктөрү болгон Сирия, Ирак жана Ливандагы бөлүктөрүнө каршы катаал чараларды көргөнүнө карабастан, үч тараптуу альянсты да активдештирүүнү талап кылбады. Хуситтер Йеменде Ирандын күчтүү колу болгонуна карабастан, Америка менен Сауд Арабиясы башка иранды колдогон топторго каршы болгондой чечкиндүү чараларды көрүшкөн. Хуситтердин Йемендин батыш жээгин көзөмөлгө алышына жол бербөө үчүн эч кандай кадамга да барышкан жок! Алардын бул маселедеги кутумдары баарына айдан ачык көрүнүп турат. Рейтер агенттиги 2026-жылдын 13-сентябрында үч булакка шилтеме жасап: “… АКШнын президенти Трамп Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны “менин жакшы досум” деп мүнөздөдү. Мен баары жакшы болот жана мүмкүн болушунча эң жакшы абалда болот деп гана айта алам”,-деди. Бул Трамптын бул кутумдун артында турганын билдирет, анткени баары жакшы жана эң жакшы болот дегени, башкача айтканда, Америка каалагандай болот жана натыйжа анын пайдасына болот дегени! Муну АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Сауд Арабиясына болгон сапары жана анын башкаруучусу Ибн Салман менен батыш жээктеги хуситтердин чабуулу учурунда жолугушуусу муну дагы бир жолу тастыктайт. Ал 2026-жылдын 8-сентябрындагы билдирүүсүндө: “Американын Сауд Арабиясы менен абдан күчтүү аскердик жана коргонуу байланыштары бар. Биз бул окуяларды кылдаттык менен көзөмөлдөп жатабыз”,-деди. Америкалык расмий өкүл Америка окуяларды кылдаттык менен көзөмөлдөп жатканын, башкача айтканда, болуп жаткан окуялардын баарынан кабардар экенин ачык айтты!
7. Муну дагы бир жолу тастыктаган нерсе, Америка Йемен өкмөтүнүн аскердик кийлигишүү өтүнүчүн четке какты. Рейтер агенттиги 2026-жылдын 21-сентябрында Йемендеги булакка жана Батыштагы булакка шилтеме жасап, мындай деп билдирди: “Йемендин президентик Кеңешинин башчысы Рашад аль-Алими кечээ телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Трамптан АКШнын аскердик жардамын сураган жана булактар Трамп сүйлөшүү учурунда аскердик колдоо көрсөтүү боюнча эч кандай түз убада бербегенин билдиришкен”. Трамп ошондой эле мындай деп билдирди: “Хуситтер биз менен байланышты, алар биз менен согушкусу келбейт, алар биздин кийлигишпөөбүздү артык көрүшөт жана көпчүлүк кемелердин өтүшүнө жол берип жатышат”. (Аль-Араби Аль-Жадид, 13.09.2026). Рейтер агенттиги 2026-жылдын 16-сентябрында беш булакка шилтеме жасап, “АКШнын расмий өкүлдөрү дем алыш күндөрү Маскаттагы АКШ элчилигинин ичинде йемендик хусит тобунун өкүлдөрү менен жашыруун жолугушуу өткөрүшкөнүн” билдирген. Сүйлөшүүлөргө хуситтердин белгилүү өкүлдөрү, анын ичинде АКШнын санкцияларына кабылган топтун өкүлү Мухаммад Абдул Салам жана Абдул Малик аль-Ажри катышты. Бул булактар: “Жолугушууда хуситтердин өкүлдөрү 2025-жылы Вашингтон менен кол коюлган ок атышууну токтотуу келишимин сактоого жана америкалык же израилдик кемелерди бутага албоого убада беришти”, – деп билдиришти. Бирок алар Саудия сыяктуу душмандын кемелерине кол салуу укугун сактап калышкан. Хусилердин саясий бюросунун мүчөсү Мухаммад аль-Бухайти 2026-жылдын 20-сентябрында Санадан Associated Press агенттигине Zoom аркылуу берген маегинде муну мойнуна алды. Анын хусит жамааты менен Американын ортосунда Оман Султандыгы аркылуу кыйыр байланыштар болгон жана хусит жамааты президент Трамптын администрациясына Кызыл деңизде жана Баб аль-Мандаб кысыгында Американы же анын кемелерин бутага алууну көздөбөй турганын жана анын азыркы операциясы Сауд Арабиясына каршы багытталгандыгын билдирген. Вашингтон бул жамааттын күчтөрү Йемендин батыш жээгинде алдыга жылып, Баб аль-Мандаб кысыгына караган аймактарга жеткенге чейин алар менен байланышын уланткан. Мунун баары, болгон окуя Америка тарабынан пландаштырылганын жана Хусит тобу бул планды билип туруп аткарганын көрсөтүп турат!
8. Йемендин батыш жээгиндеги хусилердин чабуулдары менен болгон жана болуп жаткан окуяларды жана хуситтер дээрлик бүт жээкке жакындап калганын эске алганда, Америка Адендеги Йемен өкмөтүнө жардам берүү үчүн эч кандай кадам таштаган жок. Ошондой эле Хуситтердин чабуулдары ага жеткенге чейин барса да Сауд Арабиясы буга каршы эч кандай кадам таштаган жок. Бул Омандын борбору Маскатта хуситтердин өкүлдөрүнүн америкалыктар менен жолугушууларына жана Аден өкмөтүнүн өтүнүчүнө карабастан, Американын Йемен батыш жээгиндеги хуситтердин чабуулдарына жооп кайтарууга кийлигишпөөсү жөнүндөгү жогоруда айтылган билдирүүлөргө кошумча. Мунун баары Йемендин батыш жээгинин көпчүлүк бөлүгүн хуситтердин басып алышы Америка менен Сауд Арабиясынын макулдугу менен болуп жатканын жана ал төмөнкү үч максатка туура келерин көрсөтүп турат:
Биринчиси: Йеменди башкарууга хуситтерди тартуу жана аларга башкаруудагы негизги ролду берүү, андан кийин акырындык менен Йемендеги британия малайларын бийликтен четтетүү. Айрыкча, Йемендеги Британ жолдоочуларынын баары жок кылынбагандыктан, алардын айрымдары Президенттик Кеңештин ичинде жана анын айланасында болушкандыктан, аларды четтетүү зарыл.
Экинчиден: бул маселе Ирандагы режимди азгырып өзүнө тартуу жана Америкага карата жумшак позицияны ээлөөгө жол ачуу каражаты болуп саналат, бул Нью-Йорктогу Америка-Иран жолугушууларында айкын болду. Ошол сыяктуу эле, Ирандын президенти жана тышкы иштер министри тарабынан сунушталган, Трамптын жактыруусун күтүп, Ирандын орбиталык мамлекетке кайтып келишин күткөн Иран планы Трамп тарабынан текебердик менен четке кагылды. Анткени ал дагы эле Иран баш ийген малай мамлекет гана болушу керек деп эсептейт…
Үчүнчүсү: жоокер үчүн эс алуу маселеси, анткени Америка бир айдан кийин орто мөөнөттүү шайлоолорго туш болот. Шайлоо процесси кырдаалды, айрыкча куралдуу кагылышууну шайлоо аяктаганга чейин тынчтандыруу керектигин талап кылат.
Көрүнүп тургандай, бул үч максат, өз-өзүнчө же жалпысынан, Америка менен Сауд Арабиясынын Йемендин батыш жээгин хуситтер басып алганына натыйжалуу жооп кайтарбагандыгынын артында турат. Ошондуктан хуситтер батыш жээгин оңой эле басып алды!
9. Ошентип, биз Йеменде англо-америкалык чыр-чатактын күчөп жатканын көрүп жатабыз, бирок ал аймактык жана жергиликтүү малай куралдар менен ишке ашууда. Анын эли бул чыр-чатактын отуну болуп саналат жана ондогон жылдар бою андан абдан көп жабыркап келет. Бул жергиликтүү куралдар элди эмес, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын ойлошот. Ошондуктан, Йемен үчүн согушуп жаткан колонизатор державалардын өз таасирин сактап калуусуна жана кеңейтүүсүнө мүмкүндүк берген бул малай куралдардан арылуудан башка эч кандай куткарылуу жок. Бул нерсеге Аллах убада кылган пайгамбарлык үлгүгө негизделген Туура Жолдогу Халифалыкты куруу менен гана жетишүүгө болот:
﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ﴾
{Аллах силердин араңардан ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандарга жер жүзүндө сөзсүз орун басар (халифа) кылам деп убада берди}. 
Аллахтын элчиси, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, бул тууралуу сүйүнчүлөп мындай деген:
«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
“Андан кийин пайгамбарлык үлгүгө негизделген Халифалык болот”. Ахмад, Ат-Таялиси жана Аль-Баззар риваят кылышкан. 
Ошондуктан, биз Аллахтын Элчиси, ага Аллахтын салам-салаваты болсун мындай деген:
«Силерге Йемен эли келди. Алардын жүрөктөрү назик, көңүлдөрү жумшак келет. Ыйман – Йеменде, даанышмандык (хикмат) да Йеменде» (аль-Бухари жана Муслим риваят кылышкан).
Пайгамбарыбыз мактаган Йемен элине кайрылабыз: Биз аларды бул улуу ишти ишке ашырууда Хизб-ут-Тахрирди колдоого чакырабыз, ошондо баарыбыз Кудуреттүү Аллахтын убадасын жана Анын Элчисинин, ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун, куш кабарын аткаруу үчүн биргелешип иштейбиз, ошондо биз эки дүйнөдө тең жеңишке жетебиз, бул улуу жеңиш.
1448-х, 15-робиул аахир.
2026-ж, 27-сентябрь.
S

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button