Макала

Карыз азгырыгы

Карыз азгырыгы

Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго кеңири көлөмдүү интервью берди. Жапаровдун азыркы тапта интервью бергенин шайлоо алдындагы даярдык десек болот. Ошондой эле, президенттин командасы, өзгөчө маалымат жаатындагы кызматчылары бийликке терс позициядагы маалымат айдыңын жөнгө сала албагандыктан жеке өзү кеңири маек куруп аралашууга аргасыз болууда. Анткени, акыркы мезгилдерде Кытай маселеси, мамлекеттик карыз, бийликке каршы адамдардын билдирүүлөрү жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал бийликтин аброюн түшүрүп жатканы шексиз. Ошон үчүн Жапаров маек берип, болгондо да бийликтин маалымат кызматтарына эмес, батышчыл журналистке интервью берүүгө мажбур болду. Андыктан бул интервью көбүн эсе бийликке каршы болгондордун колдоосун багындырууга багытталганын көрсөтөт.

Жапаров экономикалык маселелерге токтолуп, өзгөчө мамлекеттик карыз тууралуу кабатырланбоого чакырды. Ал беш жыл ичинде мамлекеттик карыз 5 млрд доллардан 10 млрд долларга көбөйгөнү менен, ички дүң продукцияга (ИДП) салыштырмалуу карыз 37 %га кыскарганын белгиледи. Ошондой Жапаров карызды ИДПга салыштырмалуу 70 %га чейин алса боло берет, бирок 50 %дан ашырбагыла деп тапшырма бергенин айтты. Ошол эле учурда, социалдык фонддун Ички дүң өндүрүшкө кошуп эсептелип жатканын эске алган жок.

Жапаров ИДП өсүп жатканын, кабатырланбастан дагы карыз алса болорун ачыктады. Бирок, бул үстүртөн салыштыруу болуп эсептелет. Ушул орунда мамлекеттик карызды бир гана ИДПга салыштырып жыйынтык чыгыруу туура болбойт. Аны жалпы экономикалык абалга салыштыруу зарыл. Андан тышкары ИДПнын өсүп жаткандыгы жалпы элдин жашоо деңгээли жогорулаганын билдирбейт.

Мамлекеттин негизги экономикалык көрсөткүчтөрүнүн бири – бул тышкы соода. Тышкы соода экспорт жана импорттон турат. Тышкы соодада терс сальдо жаралса, тагырак айтканда импорттун көлөмү экспорттон жогору болсо экономикага терс таасирин тийгизет. Бул бир тараптан өлкөнү импортко көз каранды кылууга, экинчи тараптан АКШ доллары, евро сыяктуу туруктуу валюталардын өлкөдөн чыгып кетишине алып келет. Бүгүнкү күндө бул абал жылдан жылга курчуп жатат. Тышкы соода жүгүртүү өсүп жатат, ошону менен бирге терс сальдо да туруктуу түрдө өсүүдө. Маселен, 2020-жылы бул көрсүткүч 1,7 млрд долларды түзгөн болсо, 2025-жылы 10 млрд доллардан ашты. Ал эми 2026-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча тышкы соода 7,9 млрд долларды түздү. Анын 6,8 млрд доллары импортко туура келет. Демек тышкы соодада импорттун катышы 86 %дан ашты.

Ошондой эле инфляцияны да эске алуу зарыл. Улуттук статистика комитети билдиргендей, 2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда керектөө баалары 2025-жылдын декабрь айына салыштырмалуу 4,8 пайызга өстү. Ал эми жылдык эсеп менен инфляция 11 пайызга жетти. Инфляция жаатында Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү арасында маал-маалы менен лидердерликти алып келет. Ал тургай, World Economic Outlook маалыматына ылайык, Кыргызстан дүйнөдө инфляциянын болжолдуу деңгээли эң жогору болгон өлкөлөрдүн алдыңкы жыйырмалыгына кирди.

Андан тышкары, капиталисттик системанын табиятын аңдап түшүнүүбүз шарт. Себеби, капиталисттер, колонизаторлор биз сыяктуу өлкөлөрдү арзан сырьё булагы жана өз продукцияларын өткөрүүчү базар катары карайт. Андыктан алар кен байлыктарыбызды талап-тоноп, өз продукцияларын бизге сатууга кызыкдар. Мындан улам, алар экономиканын негизи болгон өнөр жай тармагы өлкөбүздө өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк беришпейт. Себеби, алардын продукциясына атаандаш продукция өндүрүлүшүнө каршы турушат. Ошон үчүн да капиталисттер эч убакта олуттуу өнөр жай үчүн карыз беришпейт. Тескерисинче алар саясий жана экономикалык тузакка салган тармактарга гана карыз беришет. Ошондуктан, алар ИДПнын 70 %ына жеткенге чейин коркпостон карыз алсаңар боло берет деп таңуулашат жана карыз берүүнү улантышат. Бирок, түпкүлүгүндө бул «берешендиктин» артында алардын кара мүртөз максаттары жатат.

Ал эми, бийлик карыз алууга мажбурланган. Себеби бүгүнкү күндөгү капиталисттик система кредит албастан бир ишти жүзөгө чыгарууга мүмкүн эмес жагдайды түзгөн. Ошон үчүн үлкөн жана майда барат иштердин баарынын тизгини колонизаторлордун чеңгелинде турган кредиттерге байланган.

Ушул себептерден улам, ИДП өстү деп же финасылык уюмдардын ИДПга салыштырмалуу 70 %га чейин кредит алса боло берет деген пикирлерине таянып карыздарды алуу кооптуу. Мамлекет карыздарды пайыздары менен төлөөгө жана алардын артында турган экономикалык, саясий көрсөтмөлөргө баш ийүүгө туура келет. Карыз элдин жон терисинен алынган салыктардан төлөнөт. Бийлик болсо бул карыздарды жабуу үчүн салыктардын түрүн жана көлөмүн ашырууга мажбур болот.

Андыктан, өзүнүн мыйзам-эрежелери менен элдердин жана өлкөлөрдүн буту-колуна кишен салган капиталисттик система четке кагылбаса, мындай «кулчулук» мамиле эч качан токтобойт. Андан кутулуунун жалгыз жолу – бул Ислам. Исламдын адилеттүү системасы бул зулумдукка чекит коюп, адамдардын бакубат жашоосун кепилдеп берет.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button