Келечекте мусулмандардын мына ушундай халифасы болот (Умар ибн Хаттаб р.а)

Келечекте мусулмандардын мына ушундай халифасы болот
(Умар ибн Хаттаб р.а)
Чындыгында хулафаи рошидиндер адептүүлүк, өз калкынын иштери менен уйкусуз болуу, турмуштук ырахаттардан жүз үйрүү жана исламды толук колдонууга умтулуу сапаттары менен айырмаланып чыгышты. Бул сапаттар аларды жакшылык жана хидаят үлгүсүнө айландырды. Алар аркасында кылымдар бою өчпөй турган из калтырышты. Мына ушундай халифалардын бири Умар ибн Хаттаб (р.а) эле. Чындыгында, Исламга жана анын мамлекетине нусрат берүүдө Умардын туткан орду теңдешсиз болуп эсептелет.
Ибн Масъуд (р.а): Умар Исламга кирмейинче биз Каабанын алдында намаз окуй албайт элек. Умар Исламга киргенден баштап азиз боло баштадык, – дейт. Сухайб ибн Синонур-румий айтат: Умар Исламга киргенден кийин Ислам ашкере болду, ага ачык эле даъват кылынды. Байтулланын алдында тегерек болуп отурдук, аны тооп кылдык, бизге кополдук кылышкандан кийин акыбызды талап кыла баштадык, алардын кылмыштарына жараша жооп да кайтара баштадык.
Умар (р.а) Расулулла (с.а.в)га жакын эле. Маанилүү иштерде ал заттан кеңеш сурайт эле жана ар дайым ал зат менен бирге эле. Расулулла (с.а.в) Умардын кызы момундар энеси Хафса (р.а)га үйлөнгөн. Абу Бакр да Умардан көп кеңеш сурайт эле. Улуу сахабалар менен кеңешип, алардын ыраазылыгы менен ага халифалыкты тапшырган эле. Ислам мамлекети Умардын доорунда Перс жана Румдун үстүнөн жеңишке жетишти. Хижраттын 23 жылы багымдат намазына имамдыкка өтүп турган момундар амирине мажусий (отпарас) Абу Луълуъ кол салган күнгө чейин Ислам мамлекети гүлдөп, кеңейип бара берди. Умар (р.а)нун Халифалык доору 10 жыл 6 айга туура келди. Аманатын тапшырганда 63 жашта болчу.
Умар (р.а)нун Халифалык доору:
Мусулмандар Умар (р.а)га байъат кылууга ижма кылышкандан кийин, Умар Расулулла (с.а.в)дын минбарына көтөрүлдү жана: «Эй адамдар, мен силерге башчы болуп дайындалдым. Эгер мен силер үчүн эң жакшыларыңардан болушума, күчтүүрөөк болушума, кыйынчылыктарыңарды көбүрөөк мойнума алышыма үмүтүм болбогондо, мен силерге таптакыр башчы болбойт элем. Умарга эсеп-китеп күнүн күтүүнүн өзү жетиштүү. Эгер бул ишке бирер адамдын мага караганда күчтүүрөөк экенин билгенимде, бул ишти албетте ага тапшырат элем. Мындай абалда менин андай адамдын үстүнөн валий болушума караганда өлгөнүм абзел. Албетте, Алла Таала силерди мени менен, мени болсо силер менен сынады. Досум Абу Бакрдан кийин мени силерге калтырды. Аллага ант болсун, силердин бирер ишиңер менин назарымдан четте калбайт. Ошону менен бирге силерге дайындалган амирлерим да. Эгер алар ушуну чырайлуу алып барышса, мен да аларга жакшылык кыламын, эгер жаман болушса, аларды ачык жазалаймын», – деди. Кийин, Алладан жардам сурап дуба кылды: «Аллахым, мен корсмун мени өзүң жумшак кыл, алсызмын өзүң кубатта, сараңмын өзүң жоомарттардан кыл». Усман жана Али анын байтулмалдан ала турган айлыгы жөнүндө сураганда, мындай деди: «Мага эки чапан жетет, бири кайнаган жайга, бири кышка. Менин жана үй-бүлөмдүн нафакасы бай да, жакыр да болбогон бир курайштыктын нафакасы менен бирдей болот. Мен өзүмө Алланын малы – байтулмалды жетимдин малындай элестетемин: Эгер муктаждыгым түшпөсө, андан албаймын. Эгер муктаж болуп калсам, андан жакшылык менен пайдаланамын.
Умар (р.а)нун акимдик жөнүндөгү хутбасы:
Умар (р.а) айтты: «Башкаруу ишине аралашууга өзүндө төмөнкү 4 сапатты камтыган адам гана акылуу: алсыздык болбогон жумшактык, жек көрүүдөн келип чыкпаган кайраттуулук, сараңдыктан алыс болгон үнөмчүлдүк жана ысырапка алып барбай турган жоомарттык. Эгер бул сапаттардын бири табылбаса, калган үчөө да жокко чыгат».
Адамдарга карата туткан орду:
Умар (р.а) Расулулла (с.а.в) жана Абу Бакр (р.а)лардын жолунан барууга умтулду. Жүндөн токулган жамаачы тон киет болчу. Ийининде камчы алып, базарларды айланып жүрчү, кези келгенде адамдарды ушул камчы менен адептүүлүккө чакырат эле.
Умар (р.а) түндө айланып жүрүп элдин абалына кызыгат эле, алардын муктаждыктарын өтөп, аларды туура жолго баштап, аларга таалим берет эле жана муктаждыктарын кандырат эле. Ал кишинин урааны: «Эй нафсим, сен кыяматта менин күнөөлөрүмдү мойнуңа аласың», – деген сөз эле.
Валийлерге карата туткан орду:
Умар (р.а) амирликти сурабаган, ага аракет да кылбаган, тескерисинче андан коркуп кача турган адамдарды валий кылып дайындайт болчу. Эгер бирер адамды валий кылмакчы болсо, ага кат жазып жана мухажирлерден бир нечесин буга күбө кылат эле. Ага шарт коёт эле: Валий бийик даражадагы улоо минбестиги, тамактын жакшысын жебестиги, жумшак жибек кийим кийбестиги о.э. муктаждыксыз эшигин жаап койбоосун талап кылган. Эгер бул шарттардын бирин аткарбаса, аны жазалайт эле. Умар валийлерге Алладан коркуу жана ага моюн сунууну насаат кылчу. Абу Муса Ашъарийге: «Эң бактылуу башчы калкы бактылуу болгон башчы, Алланын алдында эң бактысызы болсо, калкы бактысыз болгону. Сен көңүл ачууга берилүүдөн өзүңдү тыйгын. Анда кол астыңдагы кызматкерлериң да ошондой болуп кетишет. Андай абалда сен Алланын назарында айбанга окшоп каласың. Айбан болсо, караса бардыгы көгөрүп гүлдөп жатат, ал семиремин деп жей баштайт. Албетте, анын кырсыгы семиришинде эле. Ассаламу алайка», – деген эле.
Умар адамдарга: «Мен силердин үстүңөргө акимдерди адамдарыңарды урсун үчүн, намыстарыңарды төгүп же малдарыңарды тартып алсын үчүн эмес, тескерисинче, силерге Роббиңердин китебин жана пайгамбарынын сүннөтүн үйрөтүүлөрү үчүн аким кылганмын. Кимдин акими бирер зулум кылса, албетте, муну мага жеткирсин, мен албетте анын өчүн алып беремин», – деп айтчу.
Умар (р.а) аскер амирлерине кат жолдоп: «Мусулмандарга сокку бербегин, анда сен аларды жолдон тайдырасын. Аларды куру калтырбагын, анда сен аларды шүгүрсүздүккө мажбурлайсын. Алардын үстүнөн кылмыш кылбагын, анда аларды фитналайсын. Аларга ачууланбагын, аларды жоготуп коёсун», – дейт эле.
Умар (р.а) ажылыкта валийлерди, акимдерди жыйып алып, аларды эсеп-китеп кылып: «Менин кайсы бир валийим же акимим бирөө жарымга зулум кылса, азыр аны мага жеткирсин. Ал кандай зулум кылса, мен да ага кудум ошондой зулум кыламын», – деп айтчу эле. Умар (р.а) валийлердин кандай экендигин жана адамдардын алардан канчалык даражада ыраазы экендиктерин тынымсыз сурап турат эле жана аларды элдин алдында эсеп-китеп кылчу.
Умар (р.а) Мухаммад ибн Муслиманы Куфанын валийи Саъд ибн Абу Ваккастын эшигин өрттөп жиберүүгө буюрду. Анткени, ал эшигин адамдардан жаап алган эле. Ал киши валийлерин убадасына бекем турууга буюрат эле. Умар (р.а) «Муну кайдан алдың» деген ыкманы колдонууда катуу турат эле. Ал киши валийлерден валийлик кылып турган убакта тапкан мал-мүлкүн алып коёт эле. Бахрейн валийи Абу Хурайрага да ушундай кылган. Перзенттерин өөп-жыттап эркелетпей турган валийден валийликти тартып алат эле. Анткени, өз перзенттерине ырайым кылбаган адам башкаларга карата да ырайымсыз болот деп билчү. Өзүнүн катуу колдугун да жумшактык жана ырайымдуулук сапаттарына аралаштырып: «Бул ишке (т.а. жетекчиликке) зомбулук кылбай турган кайратка жана алсыздыктан ыраак болгон жумшактыкка ээ болгон адам жөндөмдүү болот», – деп айтчу.
Үммөттүн малын коргоосу жана аны адамдарга бөлүштүрүп берүүсү:
Ал эми үммөттүн мүлкү жаатында алып барган саясаты акылдарды таң калтырат. Эгер садага төөлөрүнөн бирер тайлак Дажла дарыясынын жээгинде жоголуп калса, Алланын алдында жооп берүүдөн коркот эле. Жайдын кайнаган күнүндө төөнү таап, өз ордуна коюп коюуга киришет болчу. Ал тургай, бул жөнүндө Али (р.а): «Эй Умар, сиз чындыгында артыңыздан келе турган халифаларды кыйын абалга салдыңыз», – деген эле.
Умар мусулмандардын мүлктөрүнө өзү кароолчулук кылат эле. Жаран жана мискиндер – эгер алар Исламга биринчи кирген мусулмандардан болсо – аларга өзүнчө сый көргөзөт эле. Мусулмандар арасында бирер ач-жылаңач же муктаж калбаганга чейин малдарды инфак кылууга шашылат эле.
Умар (р.а) социалдык теңдиктин келечегин да пландаштырат эле. «Эгер мүмкүнчүлүгү болгондо байлардын малынын ашыкчаларын алып, мухажир жарандарга бөлүштүрүп берет элем», – деп айтчу. Ал киши исламий коомдо жашаган зиммийлердин жарандарына да карылык нафакаларын камсыздоого буюрган.
Умар (р.а) дыйканчылык жана экономиканы өнүктүрүү үчүн өлүк жерлерди тирилтүүгө буюрат эле. «Ким өлүк жерди тирилтсе, ошол жер аныкы»,- деп айтчу.
Умар (р.а)нун өзүнө белгилеген нафакасы:
Умар үммөттүн мүлкүндө Алладан коркот эле. Өзүн жана үй-бүлөсүн катуу тыйып, жетиштүү боло турган нерсеге ыраазы болчу. Эгер малга муктаж болуп калса байтулмалдан карыз алчу.
Мусаввир ибн Мухрима айтат: Биз такыбалыкты ар дайым Умардан үйрөнчүбүз. Алла мусулмандарга шаарларды фатх кылып, алардын байлыктары Умардын кол астына келип түшкөндөн кийин, кызы Хафса атасынан өзүнө да кененирээк болууну талап кылды. Кызына Расулулла (с.а.в)дын турмушун эскертти Ал тургай, момундар энеси ыйлап жиберди.
Умар дүйнөдөн кайтканга чейин, кудуреттүү болуп туруп, дүйнө ырахаттарынан напсин тыйды.
Үй-бүлөсүнө кылган нафакасы:
Умар (р.а) уулу Аасимди үйлөндүргөндөн кийин, байтулмалдан бирер нерсе албашы үчүн соода менен алектенүүгө буюрду. Үй-бүлөсүнө: «Силердин кимиңер мен кайтарган нерсени кылса, анын азабын эки эсе кылып беремин», – деп айтчу. Уулу Абдулланын жайлоодо багып жүргөн төөсүн саткандыгынын кабары жеткенден кийин, ага муктаждыгына жете турган каражатты берип, калганын байтулмалга тапшырткан эле. Абу Муса Ашъарий Умардын аялы Аатика бинти Зайдга килем тартуу кылганда, «буга биздин муктаждыгыбыз жок» деп аны өзүнө кайтарып берген.
Азык-түлүк жана кийимдери:
Умар (р.а) жан сактоого жете турган тамак менен чектелчү. Өзүн да, үй-бүлөсүн да турмуштун ырахаттарынан, жакшы тамак-аштардан тыят эле. Ал киши хутба окуп турганда Салман «эмне үчүн эки тон кийип алдыңыз» деп Умарга каршылык билдирди. Ошондо Умар уулу Абдулланы чакырып экинчи тондун кайдан экендиги жөнүндө сурады. Ошондо Абдулла «Аны атама мен бердим» деди. Ошондон кийин «буюруңуз эй момундар амири, угабыз жана моюн сунабыз» деди.
Абдулла ибн Масъуд: «Умарды көп эстегиле, Анткени, аны эстегенде, адилеттүүлүк эсиңерге келет», – дейт.
Кургакчылык жылы:
Умар (р.а) кургакчылык жылында Аллага: «Эй Алла, Сен бизди чаңкоо менен азаптабагын. Бизден балээни көтөргүн», – деп дуба кылчу. Ал Амр ибн Аас, Шамдын валийи Муавия ибн Абу Суфян, Ирактын валийи Саъд ибн Абу Ваккастардан жардам сурады. Ошондо алардан жардам келип, адамдарга жеңилдик болду жана коркунуч жоголду.
Умар (р.а) кызматкерлеринин адамдарга тамак-аш таркатып берүүлөрү менен чектелбестен, өзү тамактарды көтөрүп алып, муктаждарга бөлүштүрүп жүрөт эле. Ал киши кургакчылык жылында өзүнө эт жегенге бүтүндөй тыюу салган. Ал тургай, зайтунду жей бергенинен ичи кулдурайт эле.
Умардын фатхтары:
Умар (р.а)нун халифалыгы доорунда төмөнкү шаар жана өлкөлөр фатх кылынды: Шамдан Ярмук, Басра, Рамас, Урдун, Байсан, Жаабия, Табария, Палестина, Ромла, Аскалан, Газа, Савахил, Куддус, Баълбакка, Химс, Кинасирин (Сирия), Халаб (Сирия), Антакия, Жазира, Хирон, Рихо, Рикко, Насибайн, Раъсуайн, Сумайсот, Айн (Абу Даби), Ридда, Баср өлкөсү, Робиъа өлкөсү, Мусул шаары (Ирак), Армения, Египет, Македония, батыш Таробилис (Ливия), Барка (Ливия), Ирак жана Перс тараптан Кадисия, Хайрат, Вахри Сир (Ливан), Сабоб, Хамадон (Яман), Рой (Иран) Кавлис, Хурасан, Истахор (Иран), Исфахан (Иран), Сус, Мерв, Нишапур (Иран), Журжан (Иран) Азербайжан жана башка шаарлар. Умардын аскерлери Нил дарыясын бир нече жолу кесип өтүштү. Анын чабандестери Ооганстан жана Орто Азия тоолорунда шейит болушту.
Хижрий тарых:
Умар (р.а) сахабалар менен мусулмандар үчүн жыл санакты баштоо жөнүндө кеңешти. Расулулла (с.а.в)дын Мединага хижрат кылуусун санактын башы, мухаррам айын жылдын башы деп эсептөөгө келишилди. Бул окуя хижраттын 16-жылында болгон эле.
Фатх кылынган жерлердин өкүмү:
Умар (р.а)сахабалардан фатх кылынган жерлерди мужахиддерге бөлүп бериши же мындай жерлерден хирож алынып, өз ээлерине калтырышы жөнүндө кеңеш сурады. Фатх кылынган жерлерден хирож алынып, жерлер өз ээлерине калтырылышы жөнүндө бир токтомго келинди жана бул эң туура чечим эле.
Девандарды (мамлекеттик иш алып баруу мекемелерин) түзүү:
Фатх кылынган өлкөлөр көбөйүп, Исламий мамлекеттин чегаралары кеңейгенден кийин, мал-мүлк көбөйүп, айланадан каражаттар агып келип, каражаттар байтулмалга батпай калды. Ошондон кийин, Умар (р.а) кеңеш жыйынында адамдарды туткан орундарына карап жазып чыгууга буюрду. Муну Расулулла (с.а.в)дын туугандары Хашимийлерден башташты. Умар (р.а) адамдарга бөлүштүргөн мал туурасында мындай дейт эле: Менин адамдардан айырмам жок. А бирок, биздин Алланын Китебине карата туткан ордубуз жана Расулулла (с.а.в)дын бир бөлүгү болгонубуз көңүлгө алынат. Демек, ар бир адамга исламда сыноого учураганына, исламга эртерээк киргенине, исламда бай болгонуна, муктаждыгына карап белгиленет. Аллага ант болсун, мал ашып калса, андан Санаа тоосундагы чабанга да – чабанды ордунан кыймылдатпаган абалда – өз үлүшү тийет.
Умар (р.а) Мекке менен Медина ортосунда мусапыр жана жолоочуларга нан, талкан, курма жана мейиз сыяктуу азыктар менен жардам көрсөтө турган бир үй курууга буюрду. О.э. адамдарды суу жана муктаждыктары менен камсыздоо үчүн жолдорду курууга буюрду.
Бөбөктөрдүн нафакасы:
Умар (р.а) эмчектен чыккан бөбөктөр үчүн нафака белгиледи. Бир күнү Умардын кулагына бир бөбөктүн энеси баласын убагынан эрте чыгармакчы болуп жаткандыгынын кабары жеткенде: «Өкүнүчтүү эй Умар, мусулмандардын канча наристелери көз жумду экен», – деп ошондон кийин нафаканы Исламда туулган балдарга белгиледи. Ошону менен баланы эмчектен эрте чыгарууга үндөөчү фактор калбады.
Аскерлер төрт айдан ашык кармап турулбасын:
Умар (р.а) адатына ылайык, түндө Мединанын көчөлөрүн айланып жүрүп, бир аялдын жалгыздык отунда куурулуп айтып жаткан наалатын угуп калды. Умар келип, Хафса (р.а)дан «аял киши эрсиз канчага чыдай алат» деп сурады. Хафса (р.а)«төрт ай» деп жооп берди. Ошондон кийин Умар аскерлерди төрт айдан ашык кармап турбастыкка буйрук чыгарды.
Үйлөнбөгөн жана чабандес жигиттерди казатка жөнөткөн:
Умар (р.а) жихаддарга үйлөнгөнгө караганда үйлөнбөгөн жигиттерди, кайраттуу чабандестерди жиберет эле. Өзү алардын арасында жүрүп, саптарын буза турган нерселерден кайтарат эле.
Душмандарга жакын жайларда хаддарды (жаза-чараларды) аткаруу кээ бир ыйманы алсыз адамдардын жүрөктөрүнө азгырык салуу үчүн шайтанга кеңири жол ачып берет. Натыйжада, алар капыр тарапка качып кетүүлөрү мүмкүн. Ошондуктан, Умар аскер жетекчилеринен душманга жакын жерлерде жазалоону аткарбастыкты талап кылган.
Жөөттөрдү сүргүн кылуу:
Расулулла (с.а.в) Хайбарды фатх кылгандан кийин, анын калкын өз каалоосуна коюп, Хайбар курмазарларынан алына турган түшүмдүн жарымы мусулмандарга болушуна токтом кылган эле. Умардын дооруна келип, Хайбар жөөттөрү ансарлардын бирине, кийин Абдулла ибн Амирге кол салды. Ошондо Умар Расулулла (с.а.в)дын «Араб жарым аралында эки дин чогуу болбойт» деген сөзүн ишке ашырып, аларды сүргүн кылууга буйрук берди.
Мединага балагатка жеткен туткун киргизилбейт:
Умардын мындан максаты Мединаны кудайсыздыктын коркунучунан жана Исламга душмандык кылуучулардын жамандыгынан сактоо эле. Бирок, Куфа валийи Мугира ибн Шуъба Умарга колунан өтө көп иштер келе турган бир кул жөнүндө жазганда, Умар анын Мединага киришине уруксат берген. Жогоруда айтканыбыздай, Умардын мындай этияттыктан максаты, Медина даъваттын бекем коргону болуп калуусу эле.
Пайгамбардын мечитин кеңейтүү:
Умардын дооруна келип, мусулмандар кыйла көбөйүп кеткенден кийин, ал киши Расулулла (р.а)дын мечитин кеңейтүүгө токтом кылды. Аббас ибн Абдулмутталиб жана момундар энелеринин үйлөрүнөн башка мечиттин айланасындагы бардык короолорду сатып алды. Умар Аббастан короосун сатууну сурады. Аббас көнбөдү. Ал сөзүндө бекем туруп алгандан кийин, экөө Убай Ибн Каъбга араларында казылык кылуусу үчүн барышты. Расулулла (с.а.в)дын баскынчылыктан кайтаруучу хадисине ылайык, иш Аббастын пайдасына чечилди. Умар бул өкүмгө ыраазы болду. Мына ошол убакта Аббас короосун чын дилден эхсан кылып, мечитке берип жиберди. Муну адамдардын жеке мүлкү кол тийгис экенин көрсөтүүнү каалаган эле.
Адамдарды таравих намазына чогултуу жана мечитти жарык кылуу:
Умар (р.а) адамдарды таравих намазына чогултту жана мечитти чырактар менен жарык кылып жиберди. Ошондо Али ибн Абу Талиб: «Эй Алла, мечиттерибизди жарык кылып берген Умардын мүрзөсүн да жарык кылып, нурга толтур», – деди.
Исламга алгачкы киргендерди жакын тутту:
Умар Исламга биринчилерден болуп кирген жана бул жолдо ар түрдүү сыноолорго учураган мусулмандарды өзүнө жакын санайт эле. Бир күнү анын эшигинин алдына Курайштын шейхтери келишти. Алардын арасында Сухайл ибн Амр, Абу Суфян ибн Харб жана башкалар бар эле. Умар биринчи Сухайб, Билал жана Аммар сыяктуу Бадрга катышкандарды чакырды. Ошондо Абу Суфян «Бүгүнкүдөй күндү эч көргөн эмесмин, тигил кулдарга уруксат берет, бизге болсо карабайт», – деди. Умар: «Аллага ант болсун, мен силердин жүзүңөрдөн ачуу жана нааразылык белгисин көрүп турамын. Эгер ачуулансаңар, өзүңөргө ачуулангыла. Анткени, алар да, силер да бирдей даъват кылындыңар. Алар динге шашылып киришти, силер болсо кечигип кирдиңер», – деди.
Умардын биринчи болуп кылган иштери:
Умар (р.а) заманынан алдыда жүрөт эле. Ал биринчи болуп Куранды китеп кылып чыгаруу токтомун чыгарды. Биринчи болуп хижрий санакты киргизди. Адамдарды бир имамдын артынан таравих намазына топтоду. Биринчи болуп адамдарды төрт такбир менен жаназа окууга топтоду. Биринчи болуп түндө кароолчулук кылып жүрдү, акаарат кылган адамга жаза белгиледи. Биринчи болуп, арак ичкенге сексен дарра урду. Биринчи болуп Египеттен кемеде Мединага тамак-аш алып келди. Биринчи болуп кирешесинен садака кыла турган жерди «вакф жери» деди. Биринчи болуп дарраны колдонду. Биринчи болуп шаар курган да Умар болду. Биринчи болуп өнүмдүү жерлерди жана тоолуу жерлерди өлчөдү. Биринчи болуп казыларды сурак кылды. Биринчи болуп Расулулла (с.а.в)дын мечитине таш жаткырды.
Адептүүлүк жана Алладан коркуусу:
Шакегине: «Ваиз кааласаң, өлүм жетет. Эй Умар», – деп чегилген эле. Умар (р.а) түндө Мединанын абалынан кабар алганы чыкты. Бир ансарийдин короосунун жанынан өтүп бара жатса, ансарий тик туруп намаз окуп жаткан экен. Умар акырын анын кыраатын тыңшай баштады.
– «Роббиңдин азабы шек-күмөнсүз болот! Ал үчүн бирер кайтаруучу – тосмо жок». [52:7-8].
Ушул жерге жеткенде Умар «Каабанын Роббисине ант болсун, бул акыйкат» деди. Кийин эшегинен түштү да, дубалга сүйөнүп узак туруп калды. Кийин үйүнө кайтты. Ошондон кийин Умар бир ай кесел болуп жатып калды. Адамдар аны көргөнү келип, кандай кесел экендигин түшүнө алышпайт эле.
Бир күнү минбарга чыгып, адамдарга хутба кылды. Бул убакта ал киши момундар амири эле. Аскерлери Кисро жана Рум салтанатын талкалап жаткан эле. Минбарда туруп: «Эй адамдар, мен түшүмдө курма же мейиз үчүн Бани Махзумдук таякелеримдин койлорун багып жүргөнүмдү көрдүм», – деди. Умар минбардан түшкөндө адамдар таң калганынан катып калышты. Абдурахман ибн Авф келип, «эй момундар амири, муну менен эмне демекчисиз» деди. Ошондо Умар: «Эй ибн Авф, жалгыз калдым. Ошондо напсим «сен момундар амирисиң, сени менен Алланын ортосунда эч ким жок, демек, сенден абзел адам барбы» деди. Ошондо напсиме өз ордун билдирип коёюн дедим», – деп жооп берди.
Көбүнчө Медина көчөлөрүндө жолуккан жаш балдардын колдорунан кармап алып, көздөрү толо жаш менен «Эй балам, менин акыма дуба кылгын, сен күнөөдөн тазасын, сенин дубаң кабыл болот» дечү эле. Көбүнчө Абу Муса Ашъарийди чакырып алып, таасирдүү жана ширин добуш менен Куран аяттарынан окуп берүүнү сурайт эле. «Бизге Роббибизди эстетиңиз, эй Абу Муса», – деп айтчу. Абу Муса окуп, Умар болсо ыйлайт эле. «Эгер түндө уктасам, напсимди өлтүрөмүн. Күндүзү уктасам, калкымдын акысын сая кетиремин», – деп айтчу. Умар Шамдан Мединага кайтканда, элинин абалынан кабар алуу үчүн адамдардан бөлүнүп калды. Чатырда бир кемпир отурган эле. Умар анын алдына барып:
-Умар эмне иш кылып жатат, – деп сурады.
-Умар соо-саламат кайтып келди. Алла анын ажырын бербесин, – деди.
-Эмне үчүн?
-Ал момундарга амир болгондон бери мага бир дирхам да, бир динар да тийбеди.
-Умар сиздин абалыңызды билбесе керек да.
-Субханалла! Адамдарга валий болгон адам батыш менен чыгышта эмне кеп-сөз бар экендигинен кабарсыз калат деп ойлогон эмес экенмин.
-Ошондо Умар ыйлап: Эй эне, Умар жөнүндөгү бул арызды канчага сатасыз? Менин ага боорум ооруйт. Кыяматта кантип жооп берет?
-Эй балам, шылдыңдаба.
-Мен шылдыңдап жатканым жок.
Акыры Умар кемпирди көндүрдү. Арызды 25 динарга сатып алды. Алар ушундай тартышып турганда Али ибн Абу Талиб менен ибн Масъуд келип, момундар амирине салам беришти. Ошондо кемпир колдорун башына коюп алып:
Мен момундар амиринин өзүнүн алдында акаарат кылдымбы, – деди. Умар: Эч нерсе эмес, Алла сизге ырайым кылсын, – деди.
Умар кагаз алдырып, ага: «Бисмиллахир Рохманир Рохийм. Бул Умар ибн Хаттаб халифа болгондон баштап ушул күнгө чейин бул аялга кылган зулуму жөнүндөгү арызды андан 25 динарга сатып алгандыгы жөнүндөгү келишим. Эми бул кемпир махшарда Умарга дааба кылбайт. Умар мындан кутулду. Буга Али ибн Абу Талиб жана Абдурахман ибн Масъуд күбө», – деп жазды. Кийин Умар катты уулуна алып барып, «Эгер өлсөм, муну кепиниме кошуп көмгүн, Роббиме алып кетемин» деди.
Умар ооруп калганда ага бал дааба болот деп айтышты. Байтулмалда азыраак бал бар эле. Минбарга чыгып: «Эгер уруксат берсеңер, балдан алайын, уруксат бербесеңер, аны алуу мага арам», – деди. Мусулмандар ага уруксат беришти.
Өлүм төшөгүндө: Өлүм жакындашып жатканда уулу Абдуллага : «Эй Абдулла, башымды балыштан алып, топуракка кой. Ажеп эмес, Алла мага карап, ырайым кылса», – деди. Умарга артынан канжар урулганда табып ага сүт ичирди. Сүт жараланган жерден чыгып кетти. Ошондо Умар өзү да ыйлады, айланасындагыларды да ыйлатты: «Эгер мага жер жүзүндөгү бардык нерселер берилгенде, Кудуреттүү, Улуу Заттан коркконумдан баарын курман кылып жиберет элем», – деди. «Сиз ушуга ыйлап жатасызбы», – деп сурашты. «Мындан башка нерсе мени ыйлаткан жок», – деди. Ошондо Ибн Аббас: «Эй момундар амири, Аллага ант болсун, сиздин исламга киришиңиз чоң нусрат болду, сиздин имамдыгыңыз фатхтарга бай болду. Сиздин амирлигиңиз жер жүзүн адилеттүүлүккө толтурду. Эки адам таарынышып калса, албетте, алар сиздин сөзүңүзгө кирет эле», – деди. Ошондо Умар «мени отургузгула» деди. Отуруп алгандан кийин, Ибн Аббаска «сөздөрүңдү мага кайтала» деди. Ибн Аббас сөздөрүн кайталагандан кийин, «мен үчүн ушундай кылып Алланын алдында да күбөлүк бересиңби» деди. Ибн Аббас «ооба» деп жооп берди.
Умар жаралангандан кийин, адамдар аны менен коштошкону келгенде аларга: «Мен Расулулла (с.а.в) менен дос болдум. Ал зат менден ыраазы болду. Кийин Абу Бакрга дос болдум. Ага кулак салып, итаат кылдым. Кийин Абу Бакр көз жумду. Мен кулак салуучу жана итаат кылуучу болуп калдым. Мен болгону мына ушул амирлик ишинен гана коркомун», – деп айтты.
Халифа шайлоо жана шуро асхабдары:
Умар кимди халифа кылып шайлоо маселесин Усман ибн Аффан, Али ибн Абу Талиб, Зубайр ибн Аввам, Талха ибн Убайдулла, Абдурахман ибн Авф жана Саъд ибн Абу Ваккастардын ортосуна таштады. Абдулла ибн Умар да шурого катышып, бирок эч нерсеге баш болбойт эле.
Атасын Расулулла (с.а.в)дын мүрзөсүнүн жанына коюуну Айша энебизден сурады. Алла Таала момундар амиринен ыраазы болсун. Бүт дүйнө ага окшогонун таптакыр көрбөгөн мына ушундай таза сийратты кайталоочу халифанын келишин Расулулла (с.а.в) башарат кылган. Бүгүнкү күндө үммөт зарыгып күтүп турган мына ушул башарат жүзөгө чыксын. Бул башараттын жүзөгө чыгуусу кандай бактылуу адамга насип болор экен. Ал үммөттүн эле эмес, тескерисинче, бүт дүйнө жүзүнүн бактысы болот, инша Алла.


