Роя гезити

Кемелерди коргообу же Американын таасирин коргообу?

Кемелерди коргообу же Американын таасирин коргообу?
Американын малайлары Америка ислам өлкөлөрүнө каршы жетектеп жаткан кресттүүлөр чабуулунун алкагында анын максаттарын ишке ашыруу үчүн бардык жигердүүлүк жана күчү менен аракет кылышууда. Мунун максаты Ислам Үммөтүн жана анын мүмкүнчүлүктөрүн географиялык жана акыйдавий жактан толук көзөмөлгө алуу, бул жетишкендиктерди Европа менен Кытайды тизелетүү үчүн пайдалануу, эл аралык позицияда жалгыз үстөмдүк кылуу, дүйнө элдерине өкүмдарлык кылуу жана алардын байлыктарын талап-тоноо.
Пакистандагы Американын малайлары Түркиянын мунафыгы менен бирге эки өлкөдөгү үммөттүн аскерий мүмкүнчүлүктөрүн Американын алдында дүйнөнү тизелетүү үчүн пайдаланууга киришти. Алар Сауд үй-бүлөсүнүн падышалыгы менен өз ара союз түзүштү. Египеттеги режим да бул союзга түздөн-түз же кыйыр түрдө кошулууга мындан кем эмес даяр болчу. Египеттеги режимдин Аллахка, Анын Расулуна ﷺ жана мусулмандарга кыянат кылуудагы, аларга душмандык кылып, яхудий жана насроний кафирлерге берилгендик көрсөтүүдөгү тарыхы айтпаса да белгилүү. Муъиз Каирден бир нече метр гана алыстыкта турган Газа Хашимдеги алсыздарга кыянат кылып, аларды жардамсыз калтырышы мунун бир гана мисалы.
Ушул жагдайда өткөн шейшембиде Саудиянын касапчысы Ибн Салмандын өзүнүн кесиптеши Сисиге жасаган сапары орун алды. Каирде өткөн сүйлөшүүлөрүндө алар Ормуз жана Баб эль-Мандеб кысыктарында, ошондой эле Кызыл деңизде кеме каттамдарынын коопсуздугун жана эркин өтүүнү коргоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Египет президентинин билдирүүсүндө Сиси менен Ибн Салман «Ормуз жана Баб эль-Мандеб кысыктарында, ошондой эле Кызыл деңизде деңиз навигациясынын эркиндигин жана коопсуздугун камсыздоого умтулган Египет-Саудия позициясын» ырасташканы айтылды.
Ошол эле учурда Сиси Саудиянын жана Перс булуңундагы мамлекеттердин коопсуздугу Египеттин улуттук коопсуздугунун бир бөлүгү экенин баса белгиледи. Ошондой эле Каир Падышалыктын эгемендигине, туруктуулугуна жана аймактык бүтүндүгүнө, ошондой эле эл аралык деңиз жолдорундагы навигация эркиндигине багытталган ар кандай кол салууларды же коркутууларды айыптай турганын билдирди.
Эки тарап тең аймактагы азыркы шарттар эки өлкөнүн ортосунда көбүрөөк тилектештикти жана координацияны талап кыларын баса белгилешти. Анткени учурда аймак соода жолдоруна жана энергия жеткирүүлөрүнө коркунуч туудурган улам күчөп жаткан башаламандыктарга туш болууда.
Демек, Үммөттүн байлыктарын талап-тоноп, аларды Батыштагы кафир колонизатор кожоюндарына ташып жаткан кемелердин жүрүшүн коопсуз кылуу эки тарапты бириктирген нерсе болуп турат. Же болбосо, өткөн жылы хусийлер Америка менен түзгөн келишимди шылтоо кылып, Баб эль-Мандеб кысыгынан башка кемелерге эмес, алардын кожоюну Американын кемелерине гана өтүүгө уруксат берип жаткан шартта, кризисти анын кызыкчылыктарына кызмат кыла тургандай башкаруу. Ал келишим боюнча хусийлер Американын кемелерине Кызыл деңизде эркин жүрүүгө жана Баб эль-Мандеб кысыгынан өтүүгө уруксат беришет. Башкача айтканда, эки тарап тең америкалык эмес кемелердин жолун тосуу боюнча жетишилген келишимди колдоого макулдашып жатышат.
Америка мурда Иранды Перс булуңундагы мамлекеттерди коркутканы үчүн коркунуч катары пайдаланып келгендей эле, бүгүн согуш шарттарын дүйнөнү т.а. Европаны, Кытайды жана алардын артында турган жана айланасындагы өлкөлөрдү коркутуу үчүн пайдаланууда. Мында Россиянын Украина менен болгон согушу менен алек болуп жатканы жана анын, мисалы, Кытай менен союз түзүүсү же Европа менен жарашуусу үчүн саясий перспектива жок экени да эске алынууда.
Ушул контекстте Сиси Саудия өзүнүн коопсуздугун жана туруктуулугун коргоо үчүн көрүп жаткан чараларды Египет да колдой турганын баса белгиледи. Башкача айтканда, бул Американын аймактагы жетишкендиктерин коргоо болуп саналат. Алардын арасында Йемендеги Британиянын малайларына т.а. хусийлердин каршылаштарын куугунтуктоо жана бомбалоо аркылуу аларга мүмкүнчүлүк берүү да бар. Муну хусийлерге душмандык кылып жаткандай көрүнүү жана аларга каршы согуш жүргүзүү аркылуу ишке ашырышууда.
Дал ушул саясат хусийлерге акыркы убактарда маанилүү ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүнчүлүк берди. Алар Йемендин Кызыл деңизге жана Баб эль-Мандеб кысыгына караган батыш жээгинин айрым бөлүктөрүн көзөмөлгө алышты.
Демек, Сисинин Саудия көрүп жаткан чараларды колдоорун ырасташы бул операцияга көмөк көрсөтүү жана ага катышууга даярдыкты билдирет. Балким, бул операциянын алкагында Йеменге Пакистан, Түркия жана Саудия күчтөрү менен катар Египет аскерлери да түшүрүлүшү мүмкүн. Максат — Йемендин борборундагы жана түштүгүндөгү Британиянын малайларын жок кылуу, андан кийин Америка хусийлерден өз кызыкчылыгын толук алып бүткөн соң, хусийлерди да жок кылып, алардын, Британиянын жана Ирандын урандыларынын үстүнө йемендик Карзайды орнотуу.
Каапырлыктын башы болгон Америка жана анын ишенимдүү жоокерлери б.а. Аллахтын, Анын Расулунун ﷺ жана мусулмандардын душмандары болгон мусулман өкүмдарлары башкарып жаткан бул ыплас оюндун шартында, Үммөттөгү калыс адамдар, айрыкча аскерий чоң күчүнөн мурда акыйдасы менен күчтүү болгон бул өлкөлөрдөгү калыс адамдар бул кыянаттыкты токтотушу керек. Эгер бул кыянаттыкка жол берилсе, ал баарын жеп-жутуп, америкалык жырткыч жаныбар аймакта үстөмдүк кылып, анын калкын эң жаман түрдө кордоп-эзет. Анын кызыл терилүүлөр, Борбордук жана Түштүк Америка, Хиросима менен Нагасаки, Афганистан, Ирак жана башка жерлердеги тарыхы — жырткычтык жана жапайылык тарыхына ачык мисал. Демек, ал азыркы замандын Хулагусу, атүгүл андан да өткөн кылмышкер.
Ошондуктан Пакистанда, Хижазда, Кинанада жана Түркияда Трамптын жоокерлери болгон бул кыянатчыларды бийликтен кулатуу важибдиги — важибдик жагынан эч бир башка важиб тең келе албаган өкүм. Ага көңүл бурбоо же анда жакшылык бар деп ойлоп кылынган кандай гана башка иш болбосун согуш күнү душманга арка салып качууга тең келген кылмыш.
﴿فَلْيَحْذَرِ الَّذِينَ يُخَالِفُونَ عَنْ أَمْرِهِ أَنْ تُصِيبَهُمْ فِتْنَةٌ أَوْ يُصِيبَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ﴾
«(Пайгамбардын) буйругуна каршы иш кыла турган кишилер өздөрүнө бирер фитна-кайгы жетип калышынан же жан чыдагыс азап жетип калышынан сактанышсын!» (Нур: 63).
Роя гезити 
Махмуд Ал-Лайси

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button