Кабар

Кумарпоздукка тартылган жаштардын саны көбөйүүдө

Кумарпоздукка тартылган жаштардын саны көбөйүүдө

Жогорку Кеңеште депутаттар онлайн-казинолор жаштарга терс таасирин тийгизип жатканын билдиришти. Депутат Бурул Аманованын айтымында, элден онлайн-казинолорго байланыштуу көп даттануулар келип жатат. Айрыкча «Ринго трейд» деген платформа боюнча арыздар көп болууда. Ал бир эле айылдан 200гө жакын жаш жигит алданганын мисал келтирип, өкмөттөн бул маселеге көңүл бурууну талап кылды.

Ошондой эле депутат Улукбек Карыбек уулу да онлайн-казинолордун айынан көптөгөн адамдар акчасынан айрылып жатканын айтты. Анын сөздөрүнө ылайык, мындай оюндарга мектеп окуучулары да аралаша баштаган.

Депутаттар мыйзам боюнча Кыргызстан жарандарына онлайн-казинолорго катышууга тыюу салынганына карабастан, бул талаптар толук көзөмөлдөнбөй жатканын белгилешти.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button