Кабар

Имараттар жери менен кошо инвесторго берилет

Имараттар жери менен кошо инвесторго берилет

Президент Садыр Жапаров жаңы жарлыкка кол койду. Бул жарлык мамлекетке ири долбоорлорду ишке ашырууда инвесторлорду тартууну көздөйт. Анын натыйжасында, мамлекетке таандык айрым имараттар менен жерлерди инвесторлорго берүү мүмкүнчүлүгү кеңейди. Бул имараттардын ичинде административдик имарат жана оорукана, поликлиника сыяктуу медициналык мекемелер да бар.

Айрыкча Бишкекте курула турган жаңы медициналык шаарча долбоору маанилүү. Эски ооруканалар жана поликлиникалар жайгашкан имараттар, ошондой эле алардын жер тилкелери инвесторлорго берилүүсү мүмкүн. Бул чечим түз сүйлөшүүлөр аркылуу түзүлгөн келишимдердин негизинде кабыл алынат. Демек, жаңы эрежеге ылайык, инвесторлорго жөн гана имарат эмес, ошол имарат турган жер да өтүшү мүмкүн.

Андан тышкары, мындай ыкма башка мамлекеттик имараттарга да колдонулушу күтүлөт. Ал тургай, тарыхый же маданий мурас катары эсептелген имараттар да, эгер зарыл болсо, ушул механизм менен инвестициялык долбоорлорго кирип, имараттар жери мене кошо инвесторго берилиши мүмкүн.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button