Машина куруу өнөр жайын түзүү – колонизатор мамлекеттерге жана алардын компанияларына көз карандылыктын алдын алган шаръий милдет Пакистан мисалында

Машина куруу өнөр жайын түзүү – колонизатор мамлекеттерге жана алардын компанияларына көз карандылыктын алдын алган шаръий милдет
Пакистан мисалында
Мусъаб Умайр – Пакистан
Пакистандын «Аль-Фажр» гезити 2026-жылдын 5-июнунда мындай деп жазды: «Мамлекеттик банктын чет өлкө валютасындагы резервдери ушул каржылык жыл үчүн коюлган 18 миллиард долларлык максатка жакындап калды. Бирок соода таңсыктыгынын (дефицит) кеңейиши резервдердин жана акча которуулардын өсүшүн жокко чыгарып коюшу мүмкүн».
Пакистанда соода таңсыктыгы маселеси жыл сайын, ондогон жылдар бою бюджет жарыяланганга чейинки жана андан кийинки талкуулардын негизги темаларынын бири болуп келет. Пакистан түзүлгөндөн бери импорттун наркы экспорттон түшкөн кирешеден алда канча жогору болуп келген. Соода таңсыктыгы каржы таңсыктыгынын негизги себептеринин бири деген жүйө менен өкмөт бюджетти дагы көбүрөөк карыз алуу аркылуу таңсыктыкты жабуу негизинде жарыялайт. Андан соң карыздарды төлөй албай калуудан сактануу үчүн салыктарды көбөйтөт. Мунун баары насыялардын пайыздарын төлөй алыш үчүн жасалат.
Чындыгында болсо, Пакистанда өкмөттүн түрүнө карабастан – жарандыкпы, аскерийби же аралашпы – соода таңсыктыгы үзгүлтүксүз уланып келет. Жыл сайын, эч бир өзгөчөлүксүз, Пакистандын карызы көбөйүп, аны менен кошо сүткордук пайыз төлөмдөрү жана салыктар да өсүүдө. Ар бир өткөн жыл менен бул абал барган сайын оорлоп, кыйынчылык күчөп баратат. Натыйжада адамдар кутулуунун айласын издеп өлкөдөн кетип жатышат. Бирок кыйынчылыктан качып кетүү жалпы калк үчүн чечим эмес. Пакистандагы азыркы экономикалык түзүм шартында бул айлампадан чыгуунун жолу жок экени айкын. Ошентсе да, жыл сайын кайталанган бул көрүнүш көптөгөн мусулмандар арасында суроолорду жарата баштады. Алар бул “тозоктук“ айлампадан чыгуунун жолун издешүүдө. Ал эми бул айлампаны үзүү үчүн соода таңсыктыгынын чыныгы маңызын өзгөчө бир көз караштан, тагыраагы, Аллах Субханаху ва Тааланын өкүмдөрү көз карашынан кароо талап кылынат.
Ал эми шаръий өкүмдөр колдонулуучу чындыкка терең ой жүгүртүп караганда, Пакистан Мамлекеттик банкы жарыялаган жылдык көрсөткүчтөрдү кылдат талдоо өлкөнүн өнөр жайында ачык жана кайгылуу кемчилик бар экенин көрсөтөт. 2025-каржы жылында импорттун жалпы көлөмү 58,7 миллиард долларды түзсө, экспорттон болгону 31,4 миллиард доллар киреше түшкөн. Бул эки көрсөткүчтү салыштыруунун өзү эле соода таңсыктыгынын канчалык чоң экенин айгинелейт.
Импорттун эң чоң бөлүгүн – 15,9 миллиард доллар өлчөмүндөгү «минералдык отун, кара майлар жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продукциялар» түзгөн. Андан кийин 8,4 миллиард долларлык «машиналар жана механикалык жабдуулар», ал эми үчүнчү орунда 2,16 миллиард долларлык «унаалар, учактар, кемелер жана аларга байланыштуу транспорт каражаттары» турган. Экспорт тарабында болсо эң көп киреше алып келген товар «текстиль жана текстиль материалдары» болуп, андан 17,4 миллиард доллар киреше түшкөн.
Бул абал көптөгөн тынчсыздандырган суроолорду жаратат: Кантип эле дээрлик сексен жыл өткөндөн кийин да Пакистандын айыл чарбасы импорттолгон машиналарга жана унааларга көз каранды бойдон калууда? Пакистан акылдуу жана эмгекчил калкка ээ. Ал өзөктүк куралга ээ боло алды жана дүйнөнүн эң өнүккөн өнөр жай өлкөлөрүнө жыл сайын мыкты адистерин жөнөтүп келет. Андай болсо эмне үчүн оор машиналарды жана унааларды өлкө ичинде өндүрө алган жок? Эмне үчүн Пакистандын текстиль өнөр жайы дагы деле импорттолгон машиналарга жана алардын запастык бөлүктөрүнө көз каранды болуп, жабдуулар бузулганда өндүрүш көп учурда токтоп калууда?
Пакистан чийки затка жана энергия булактарына, анын ичинде алдыңкы электрондук чиптерди жана батареяларды өндүрүү үчүн зарыл болгон сейрек кездешүүчү элементтерге бай өлкө. Андай болсо эмне үчүн өзүнүн жаратылыш байлыктарын изилдөө, казып алуу жана кайра иштетүү иштеринде батыш компанияларынын машиналарына көз каранды болуп калууда?
Пакистан наркы төмөн текстиль продукцияларын гана экспорттой алууда. Бул болсо өнөр жайдын эң баштапкы баскычынын гана көрүнүшү. Андай болсо эмне үчүн өлкө унаалар, кыймылдаткычтар, машиналар жана алдыңкы электрондук жабдуулар сыяктуу баалуу продукцияларды өндүрүп, экспорттон чоң киреше таба албай келет?
Бул тынчсыздандырган суроолордун бир гана коркунучтуу жообу бар: Пакистандын өндүрүштүк базасында ондогон жылдардан бери уланып келген терең түзүмдүк кемчилик бар. Ал – машина куруу өндүрүшүнүн жоктугу. Анткени машина куруу өндүрүшүндө машиналарды өзү өндүрөт жана аларды керектөөчүлөргө, өнөр жайга, ошондой эле экономиканын көпчүлүк заводдору менен ишканаларына кызмат кыла турган абалда сактап турат.
Машина куруу өндүрүшүнүн жоктугу кокустук эмес. Тескерисинче, бул атайылап түзүлгөн пландын натыйжасы. Бул – экономикалык колонизаторлуктун бир көрүнүшү. Анткени колонизатор державалар машина куруу өндүрүшүн өз колдорунда гана сактоого аракет кылышат. Ошентип, үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнүн чийки заттарын, наркы төмөн продукцияларын жана ири керектөө базарларын эксплуатациялоону уланта алышат.
Мындай экономикалык колонизаторлукту мүмкүнчүлүк табылган бардык жерде бардык ири колонизатор державалар – Америка, Кытай, Россия жана Европа – жүргүзүп келишет. Ошондуктан америкалык машина өндүрүшүнө жана анын компанияларына көз каранды болуу кытайлык машина өндүрүшүнө көз каранды болуудан кем эмес коркунучтуу. Мындай көз карандылык эч качан бурулуш чекитине айлана албайт жана көз карандысыз, кубаттуу экономиканы кура албайт.
Ушундан улам Пакистандын абалы Түштүк Американын, Африканын же Жакынкы Чыгыштын абалына окшош. Ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн борбордук банктары жана ар түрдүү министрликтери жарыялаган маалыматтарды изилдөө бул чындыкты ар бир мусулман өлкөсүндө дагы тастыктайт.
Экономикалык колонизаторлуктун планы Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнө, анын ичинде Ислам дүйнөсүнө таңуулап жаткан өнүгүү моделинен да көрүнүп турат. Бул колонизаторлук модел жергиликтүү продукцияларды жана наркы төмөн чийки заттарды экспорттоону, ошондой эле кымбат чет өлкөлүк товарларды импорттоону жеңилдетүү үчүн темир жолдорду, автомобил жолдорун, кампаларды жана портторду курууга уруксат берет. Бирок ал туруктуу өнүгүүнүн, өнөр жай тармагында көз карандысыздыктын жана жакырчылыктан чыгуунун чыныгы ачкычы болгон машина куруу өндүрүшүнө жол бербейт. Анткени дал ушул машина куруу өндүрүшү өлкөгө кымбат машиналар менен унааларды өзүндө өндүрүү аркылуу алардын импортун кыскартууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле өзүнүн чийки зат ресурстарын чет өлкөлүк компанияларга өткөрүп бербестен чалгындоого, казып алууга жана кайра иштетүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары, ал өлкөгө чет мамлекеттерге кооптуу деңгээлде көз каранды болбостон, толук жана коопсуз аскердик өнөр жай инфраструктурасын курууга мүмкүндүк берет. Андай көз карандылык жаңжал чыккан учурда пайдаланылып кетиши мүмкүн. Ошондуктан Батыштын өнүгүү моделин сокур түрдө аткаруу Пакистанда жылдан жылга, он жылдыктан он жылдыкка чейин абалдын мындан ары да начарлашына гана алып келди. Батыштык эксперттер менен аткаминерлердин сунуштарын сөзмө-сөз аткаргандардын айрымдары бир нече жылдан кийин айласы кетип баш чайкап калышса да, өлкөлөрүнүн абалы начарлай берди.
Пакистандын өнөр жайына мына ушундай кайгылуу чындык мүнөздүү. Машиналарды, кыймылдаткычтарды, унааларды жана электрондук чиптерди өндүрө албоо импорттун көлөмү экспорттон түшкөн кирешеден дайыма алда канча жогору болушуна алып келет. Натыйжада бул айырманы жабуу үчүн жаңы карыздар алынат. Ал эми анын кесепетинен пайыздык төлөмдөрдүн өсүшүнө жараша салыктар да көбөйөт.
Эл аралык валюта фондунун 2026-жылдын 14-майында жарыяланган №26/101 мамлекеттик баяндамасында Пакистан өкмөтүнүн 2026–2027-жылдардагы федералдык кирешеси 17,145 миллиард рупий болушу көздөлгөн. Ал эми 2001–2002-жылдары бул киреше 619 миллиард рупий болгон.
Ал эми жакында, Аллах Субханаху ва Тааланын уруксаты менен, Халифалык мамлекетинде колдонулуучу шаръий өкүмдөр бул көйгөйдү толугу менен чечүүнү сунуштайт. Бул өкүмдөр мусулмандарды экономикалык колонизаторлуктун азабынан куткаруучу жалгыз жол болуп саналат.
Бул өкүмдөр жөн гана кооз ойлор, бир нече варианттын ичиндеги тандоо же көптөгөн альтернативдүү моделдердин бири эмес. Тескерисинче, алар бүткүл адамзаттын Жаратуучусу болгон Аллах Субханаху ва Тааланын буйруктары жана тыюулары. Ошондуктан ал өкүмдөрдү бекем ыйман адамдардын жүрөгүндө пайда кылган даанышмандык, жигердүүлүк жана чечкиндүүлүк менен моюн сунуп, аткаруу зарыл. Бул өкүмдөрдүн жыйындысы машина куруу өндүрүшүнүн жоктугу маселесине, анын ичинде аны каржылоо маселесине да толук чечим берет.
Биринчиден: Машина куруу өндүрүшүн түзүү
Бул көрүнүп турган, болушу мүмкүн болгон жана жашыруун душмандарга каршы материалдык үстөмдүктү сактоо жагынан шаръий милдет.
Аллах Таала мындай деди:
﴿وَأَعِدُّوا لَهُم مَّا اسْتَطَعْتُم مِّن قُوَّةٍ وَمِن رِبَاطِ الْخَيْلِ تُرْهِبُونَ بِهِ عَدُوَّ اللَّهِ وَعَدُوَّكُمْ وَآخَرِينَ مِن دُونِهِمْ لَا تَعْلَمُونَهُمُ اللَّهُ يَعْلَمُهُمْ﴾
«(Эй момундар), алар үчүн мүмкүнчүлүгүңөрдүн барынча күч топтоп) жана токулуу аттарды даярдап койгула, муну менен Алланын жана өзүңөрдүн душманыңарды жана да алардан тышкары, силер билбей турган, бирок Алла биле турган башка бирөөлөрдү да коркунучка саласыңар».
(Анфал: 60).
Чындыгында, өнөр жайдын туу чокусу – аскердик өнөр жай. Дал ушул тармактан кадимки өнөр жайды алдыга сүрөгөн жаңы ойлоп табуулар жаралат. Ошондой эле машина куруу өндүрүшүн түзүү Исламга жана мусулмандарга душман болгон күчтөргө көз каранды болуунун зыянынан сактануу жагынан да шаръий милдет.
Расулуллах ﷺ мындай деген:
«لَا ضَرَرَ وَلَا ضِرَارَ»
«Зыян тартууга да, зыян жеткирүүгө да болбойт».
Дагы мындай деген:
«مَنْ ضَارَّ أَضَرَّ اللهُ بِهِ، وَمَنْ شَاقَّ شَاقَّ اللهُ عَلَيْهِ»
«Ким (башкага) зыян келтирсе, Аллах да ага зыян жеткирет. Ким (башканы) кыйынчылыкка салса, Аллах да аны кыйынчылыкка салат».
Бүтүндөй Ислам дүйнөсү чет өлкөлүк күчтөрдүн машина куруу өндүрүшүнө көз каранды болгону үчүн чоң зыян тартты. Бул чет өлкөлүк күчтөр үммөттүн базарларын жана ресурстарын көзөмөлдөп турушат. Ошондуктан рошид Халифалык дароо эле оор машина өндүрүшүн курууга көңүл бурат. Шарият уруксат берген кирешелерге таянып жана шарият арам кылган чыгымдарды токтотуу аркылуу Халифалык дүйнөдөгү эң мыкты акыл ээлерин, алардын көбү мусулмандар, машина өндүрүшүн өтө тез темпте түзүүгө тартат.
Экинчиден: Карыздарга топтолгон сүткордук пайыздарды төлөбөө, анткени ал риба
Аллах Субханаху ва Таала мындай деди:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَذَرُوا مَا بَقِيَ مِنَ الرِّبَا إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ﴾
«Эй, ыйман келтиргендер! Алладан корккула жана эгер чыныгы момун болсоңор, сүткорлук саркындыларын таштагыла (т.а адамдарга берген карызыңарга пайыз кошуп албагыла)».
(Бакара: 278).
Аллах Таала дагы мындай деди:
﴿فَإِن لَّمْ تَفْعَلُوا فَأْذَنُوا بِحَرْبٍ مِّنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ ۖ وَإِن تُبْتُمْ فَلَكُمْ رُءُوسُ أَمْوَالِكُمْ لَا تَظْلِمُونَ وَلَا تُظْلَمُونَ﴾
«Эми эгер (буйругубузду) аткарбасаңар, анда Алла жана анын элчиси тарабынан болуучу сүткорлукка каршы согушту угуп билгиле! Эгер тообо кылсаңар, мүлкүңөр өзүңөргө, заалим да, мазлум (кордолгон) да болбойсуңар».
(Бакара: 279).
Азыркы учурда мусулман өлкөлөрүнүн кирешелеринин басымдуу бөлүгү мамлекеттик карыздарды тейлөөгө, башкача айтканда, насыялардын сүткордук пайыздарын жана айып пулдарын төлөөгө жумшалууда. Бул көрүнүш өзгөчө Пакистанда даана байкалат. А түгүл Пакистан Мамлекеттик банкы мамлекеттик чыгымдарды сүткордук пайыздарга кеткен чыгымдар жана пайыздарга тиешеси жок чыгымдар деп өзүнчө бөлүп эсептейт. 2025-каржы жылында жалпы мамлекеттик чыгымдар 21,5 триллион рупийди түзгөн. Анын ичинен федералдык деңгээлдеги сүткордук пайыздык төлөмдөр 15,7 триллион рупийге жеткен.
Ошондой эле сүткордук пайыздарды төлөө көлөмү 2022-каржы жылындагы 1,99 миллиард доллардан 2025-каржы жылында 3,59 миллиард долларга чейин өсүп, 80,4%га көбөйгөн.
Ошого карабастан, Пакистандын тышкы жана ички карызы жылдан жылга, он жылдыктан он жылдыкка чейин өсүүсүн улантып келүүдө.
Чындыгында, риба токтобой канап турган жара сыяктуу. Ал экономиканын денесин алсыратып, аны түп-тамырынан реформалоо жана экономикалык көз карандысыздыкка жетүү үчүн зарыл болгон иштерди аткарууга жөндөмсүз абалга алып келет.
Үчүнчүдөн: Карызды сүткордук пайыздарын төлөбөстөн кайтаруу
Карыз маселесин туура чечүүнүн жолу – Пакистанды чексиз риба карызынын туңгуюгуна түшүрүлгөн мезгилде өлкөнү башкарууга катышкан бузук башкаруучуларды жана кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу. Ислам шариятында Расулуллах ﷺ валийлерди жана кызматкерлерди кирешелери боюнча мухасаба кылып турган. Бул тууралуу ал ﷺ мындай деген:
«مَنِ اسْتَعْمَلْنَاهُ عَلَى عَمَلٍ فَرَزَقْنَاهُ رِزْقًا، فَمَا أَخَذَ بَعْدُ، فَهُوَ غُلُولٌ»
«Кимди бир кызматка дайындап, ага ошол кызматы үчүн акы белгилесек, андан кийин (ашыкча) алган нерсеси арам (мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз өзүнө алуу) болуп эсептелет».
Ошондой эле Умар ибн аль-Хаттаб رضي الله عنه кызматкерлердин байлыгын алар кызматка дайындалганга чейин жана кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин эсепке алып турганы риваят кылынган. Эгер алардын мүлкүндө негизсиз көбөйүү байкалса, аны алардан алып койчу. Айрым валийлердин мүлкүн да текшерип, байлыгын кызмат ордун жана таасирин пайдалануу аркылуу топтогонуна шек туулса, алардын мал-мүлкүнүн бир бөлүгүн алып, Байтул-малга өткөрчү.
Төртүнчүдөн: Үммөткө зыян алып келген шарттар коюлган жаңы карыздарды, рибасыз болсо да, четке кагуу
Карыздар колонизаторлук өнүгүү моделине негизделген шарттар менен кошо келет. Бул болсо чет өлкөлүк державалардын машина куруу өндүрүшүнө болгон көз карандылыкты сактап калат жана мусулмандардын чийки заттарына, ошондой эле алардын базарларына чет элдик үстөмдүктүн эшигин ачат.
Расулуллах ﷺ мындай деген:
«لَا ضَرَرَ وَلَا ضِرَارَ»
«Зыян тартууга да, зыян жеткирүүгө да болбойт».
Ошондуктан Халифалык Лондон клубуна кирген коммерциялык банктардан да, Париж клубуна кирген мамлекеттик кредиторлордон да карыз албайт. Муну менен көз карандылыктын кыйратуучу айлампасына чек коёт.
Бешинчиден: Шарият белгилеген кирешелерге таянуу
Аларга төмөнкүлөр кирет: ганиматтар, зекет, айыл чарба жерлеринен алынуучу хараж, риказдан алынуучу бештен бири (хумс), мамлекеттин мүлктөрү, анын ичинде мамлекет өзү жүргүзө турган машина куруу өндүрүшү, ошондой эле каапырлардан алынуучу бажы төлөмдөрү, кен байлыктар жана энергия булактары сыяктуу умумий мүлктөн түшкөн кирешелер, мураскери жок адамдардын мурастары, бузук башкаруучулардан жана мамлекеттик кызматкерлерден кайтарылып алынган каражаттар, айып пулдардан түшкөн каражаттар, муртаддардын мүлкү жана зарыл учурда бай адамдарга убактылуу салынуучу салыктар.
Мындан тышкары, Халифалык Исламга жана мусулмандарга каршы иш жүзүндө согуш абалында болбогон көптөгөн мамлекеттер менен айыл чарба жана өнөр жай продукциялары үчүн тышкы рынокторду кеңейтүүгө көзөмөл жүргүзөт. Ошондой эле Халифалык согуш абалындагы эмес чет мамлекеттер жана ири компаниялар менен каржылык жеңилдиктерди алуу боюнча байланыш түзө алат. Бул өндүрүш долбоорлору үчүн зарыл болгон машиналарды, жабдууларды жана материалдарды алдын ала макулдашылган узагыраак мөөнөттүү баа менен импорттоону билдирет. Бул болсо рибага негизделбеген келишим аркылуу ишке ашат.
Алтынчыдан: Энергетика жана кен байлыктары тармагына умумий мүлктөн ири каражаттарды бөлүү
Расулуллах ﷺ мындай деген:
«الْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ فِي الْمَاءِ وَالْكَلَأِ وَالنَّارِ»
«Мусулмандар үч нерседе шерик: сууда, жайытта жана отто».
Анас رضي الله عنه Ибн Аббастан رضي الله عنهما риваят кылган хадисте мындай кошумча келген:
«وَثَمَنُهُ حَرَامٌ»
«Анын баасын алуу да арам».
Бул жердеги «от» (النار) деген сөз күйүүчү майдын маанисинде колдонулган. Буга өнөр жайда, машиналарда жана заводдордо отун катары пайдаланылган бардык энергия түрлөрү, ошондой эле газ жана күн энергиясы менен иштеген өндүрүштөр да кирет. Булардын баары умумий мүлккө кирет. Ошондой эле Расулуллах ﷺ Абъяд ибн Хаммалга туз кени бар жерди менчикке берүүдөн баш тарткан. Себеби ал жерде көп көлөмдөгү минералдык байлык бар эле. Бул өкүм бардык кен байлыктарын камтыйт: жез, темир, алтын сыяктуу катуу кендерди, сейрек кездешүүчү минералдарды, ошондой эле мунай сыяктуу суюк жана жаратылыш газы сыяктуу газ түрүндөгү кен байлыктарды камтыйт.
Булар жеке менчиктей пайдасы компания ээлерине таандык эмес. Ошондой эле мамлекет каалагандай сарптай турган мамлекеттик менчик да эмес. Тескерисинче, булар умумий мүлк болуп эсептелет. Аларды жалгыз Халифалык мамлекети башкарып, казып алуу, сатуу жана бөлүштүрүү иштерин көзөмөлдөйт. Ал эми түшкөн кирешелер мусулмандардын жамаатынын муктаждыктарына жумшалат.
Мындан тышкары, мусулман өлкөлөрүнүн Халифалык алдында биригиши ресурстарды бириктирүүгө, Ислам өлкөлөрүнүн ортосундагы кымбат импортту токтотууга мүмкүндүк берет. Бул болсо бүтүндөй үммөт деңгээлинде өнөр жай революциясын жаратуучу күчтүү түрткү болот.
Жетинчиден: Тышкы сооданы алтын жана күмүш негизинде кайра жүргүзүү жана доллардын адилетсиз үстөмдүгүнө чекит коюу
Расулуллах ﷺ алтын менен күмүштү акча каражаты катары белгилеп, аларды товарлардын баасын жана эмгек акынын өлчөмүн аныктоодогу жалгыз ченем кылган. Бардык бүтүмдөр ушул ченемдин негизинде жүргүзүлгөн.
Ал кездеги акча бирдиктери укия, дирхам, даник (дирхамдын сегизден бири), кырат, мискал жана динар болгон. Булардын бардыгы Расулуллах ﷺ доорунда белгилүү эле, адамдар аларды колдонушкан. Расулуллах ﷺ алардын колдонулушун жактырганы анык далилдер менен белгиленген. Соода, кун төлөө жана махр алтын менен күмүшкө негизделген акчалай ченем боюнча эсептелген. Муну сахих хадистер да тастыктайт. Ошондой эле бул өлчөмдөрдүн салмагы Мекке эли колдонгон өлчөө системасына негизделген. Расулуллах ﷺ мындай деген:
«الوزن وزن أهل مكة»
«Өлчөм (салмак) – Мекке элинин өлчөмү».
Исламдагы акча бирдиктерин азыркы өлчөмдөр менен салыштырганда: 1 динар = 4,25 грамм алтын, 1 дирхам = 2,975 грамм күмүш. Ошентип, шарият өкүмдөрү акча системасын алтын менен күмүшкө байлап койгон. Бул акча системасы колдонулган мезгилде азыркыдай бир өлкөнүн акчасын башка өлкөнүн валютасына байлоодон келип чыккан каржы кризистери болгон эмес.
Алтын жалгыз акчалай ченем болуудан чыгарылгандан кийин доллар дүйнөлүк үстөмдүк кылуучу валютага айланды. Андан соң Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында түзүлгөн Бреттон-Вудс системасында алтын менен катар америкалык доллар да акчалай ченем катары кабыл алынды. Кийин болсо, өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарында анын ордун жалгыз америкалык доллар ээледи.
Мунун натыйжасында Америка экономикасындагы ар кандай солгундоо дүйнөнүн башка бардык өлкөлөрүнүн экономикасына оор сокку урууда. Себеби бул өлкөлөрдүн валюта резервдеринин көпчүлүгү, ал тургай дээрлик бардыгы өзүнүн ички наркы көп учурда басылган кагаз акчанын наркынан ашпаган кагаз доллар менен камсыздалган.
Халифалык жергиликтүү валюталарды америкалык доллардын наркын сактап калуу үчүн алсыраткан доллар үстөмдүгүнүн адилетсиздигине чекит коёт.
Көйгөйдүн канчалык чоң экенин эске салган дагы бир оор мисал катары, 2026-жылдын 29-майында Пакистан рупийинин америкалык долларга карата курсу 1 доллар = 278,50 рупий болгон. Ал эми ушул миң жылдыктын биринчи он жылдыгында бул көрсөткүч болжол менен 1 доллар = 60 рупий эле. Халифалык дүйнөнү эл аралык соодада алтын стандартына кайтууга баштап барат. Ошол эле учурда өз валютасынын негизи катары туруктуураак болгон алтын менен күмүшкө негизделген стандартты сактайт.
Ар бир бюджет жарыяланган сайын Пакистандын башкаруучулары жакырчылыкты азайтуу, өнүгүү, сыйкырдуу чечимдер, «кайырчынын идишин» сындыруу жана карыз тузагынан чыгуу тууралуу айтып келишет. Бирок алардын иш-аракеттери жакырчылыктын, карыздын жана байлыктарыбызга болгон чет элдик үстөмдүктүн дагы да күчөшүнө алып келүүдө.
Пакистан Ислам дүйнөсүндө өзгөчө көрүнүш эмес. Бирок анын трагедиясын ого бетер күчөткөн жагдай бар б.а. ал аскердик кубаты, айыл чарба мүмкүнчүлүктөрү, эмгек ресурстары, энергия булактары жана кен байлыктары жагынан дүйнөдөгү эң күчтүү өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет.
Мусулмандарды зыяндан алыстатууга жетекчилик кылуунун ордуна, Пакистан башкаруучулары азыркы экономикалык колонизаторлуктан түздөн-түз пайда көрүшүүдө. Алар коррупция аркылуу жана мамлекетке же умумий мүлккө таандык болушу керек болгон мүлктөрдү өздөрүнө менчик кылып алуу аркылуу эбегейсиз байлык топтошууда.
Алар эч качан өзгөрүү алып келишпейт. Анткени алар азыркы абалдан пайда көрүп жатышат. Өлкөгө канчалык зыян келсе да аларды кызыктырбайт. Андай адамдардан кантип чечим күтүүгө болот?
Тескерисинче, алар акылдуу адистердин чет өлкөгө кетишин «акылдардын кирешеси» деп аташат. Анткени алар дүйнөнүн төрт бурчуна кеткен эң мыкты уул-кыздарыбыздын Пакистандагы азап чегип жаткан туугандарына жиберген акча которууларынан башка нерсени көрө алышпайт.
Чындыгында болсо, алар биздин улуу динибиз – Ислам дини татыктуу кылган нерсени эч качан алып келе алышпайт.
Өзгөрүү өзүбүздүн колубуз менен, динибиздин негизинде болушу керек. Баарыбыз шарият өкүмдөрүнүн негизинде өзгөрүү үчүн аракет кылышыбыз зарыл. Бизге жаңы түзүм, жаңы конституция жана жаңы жетекчилик керек. Ошондуктан экинчи рошид Халифалыктын шаръий конституциясын кайра орнотуу үчүн аракет кылышыбыз керек. Анткени өзгөрүү жетекчилик менен бирге жүргүзүлгөн аракет аркылуу келет.
Татыктуу жетекчилик – азыркы түзүмдөрдүн чындыгын ондогон жылдар бою изилдеп, алардын кемчиликтерин жакшы билген жана биздин иштерибизди башкаруудагы шарият өкүмдөрүн терең өздөштүргөн адамдардын жетекчилиги.
Ал эми алдыбыздагы жөндөмдүү жетекчилик – Хизб ут-Тахрирдин жетекчилиги. Ал Ислам дүйнөсүнүн бардык аймактарында, атүгүл Ислам дүйнөсүнөн тышкары жашаган мусулмандардын арасында да шариятка негизделген жөндөмдүү саясатчылардын муундарын даярдап чыккан. Эми болгону колубузду алардын колуна берүү гана калды.
Аллах Субханаху ва Таала мындай деди:
﴿وَابْتَغِ فِيمَا آتَاكَ اللَّهُ الدَّارَ الْآخِرَةَ وَلَا تَنسَ نَصِيبَكَ مِنَ الدُّنْيَا وَأَحْسِن كَمَا أَحْسَنَ اللَّهُ إِلَيْكَ وَلَا تَبْغِ الْفَسَادَ فِي الْأَرْضِ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ الْمُفْسِدِينَ﴾
«Дагы Алла, сага берген байлык – дөөлөт менен (оболу) Акырет (жыргалчылыгын) издегин, дүйнөдөн болгон үлүшүңдү да унутпагын. Алла сага кайрымдуулук кылган сыяктуу сен да (Алланын пенделерине) кайрымдуулук кыл. Жерде (зордук – зомбулук менен) бузукулук кылууга аракеттенбе. Албетте Алла бузуку кишилерди сүйбөйт». (Касас: 77).
Аль вай журналынын 481-санынан




