Мусулман акимдер Американын буйруктарын аткарып, коргонуу келишимин түзүүгө кудуреттүү, бирок мусулмандар алардан жардам сураганда артка чегинишет!

Басма сөз баянаты
Мусулман акимдер Американын буйруктарын аткарып, коргонуу келишимин түзүүгө кудуреттүү,
бирок мусулмандар алардан жардам сураганда артка чегинишет!
Вахий түшкөн Меккеде, мусулмандардын кыбыласы жана ибадаттары өтүүчү жайда Түркия, Пакистан жана Саудия акимдери саммит өткөрүү үчүн чогулуп, анда биргелешкен коргонуу келишимине кол коюшту. Саммиттин жыйынтыктоочу билдирүүсүндө келишим үч мамлекеттин ортосунда биргелешкен тоскоолдук күчүн бекемдөөгө жана коргонуу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталганы айтылды. Ошондой эле келишимде кол койгон мамлекеттердин бирине жасалган кандай гана куралдуу кол салуу болбосун, баарына жасалган кол салуу деп эсептелери белгиленген. Билдирүүдө кошумчалангандай, келишим үч мамлекеттин ортосундагы «тарыхый байланыштарга» жана орток стратегиялык кызыкчылыктарга негизделет, аймактагы жана дүйнөдөгү коопсуздук менен туруктуулукту бекемдөөгө багытталат.
Биз, Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү, төмөнкү маселелерди баяндайбыз:
Биринчиден: Бул акимдер саммиттин жыйынтыктоочу билдирүүсүндө Исламды эскерүүдөн баш тартып, «тарыхый байланыштарды» эскеришти. Бул мусулман өлкөлөрүн Исламдан башка эмне байланыштырат? Алардын баары бир кезде бир мамлекеттин — Халифалыктын бир бөлүгү болгонунан башка дагы эмне бар? Бирок алар өз кожоюну Америкага моюн сунган, кор болгон абалда калуудан башканы каалашпайт. Алар өз билдирүүсүндө калп айтышты. Анткени бул жыйында аларды Американын буйругуна баш ийүүдөн башка эч нерсе бириктирген жок.
Экинчиден: Бул акимдердин Аллах түшүргөн шарият менен өкүм жүргүзбөө кылмышынан жана мусулман өлкөлөрүн бөлүп-жаруу кылмышынан тышкары, алар Американын буйруктарына баш ийип, мусулман өлкөлөрүндөгү анын үстөмдүгүн дагы да бекемдөө жана Жакынкы Чыгыштагы жаңы коопсуздук тартиптеринде ага жардам берүү үчүн бул коргонуу келишимин түзүшүүдө. Америка Жакынкы Чыгышты Кытай менен болгон күрөшүндө өзүнө дарбаза жана баштапкы таяныч кылууну көздөп жатат. Ал эми бул акимдер Американын колундагы курал болууга ыраазы болушту.
Үчүнчүдөн: Бул үч мамлекеттин аскерий альянсы мусулмандардын армиялары биригүүгө кудуреттүү экенин далилдеди. Демек, яхудий түзүмү массалык кыргындарды жасап жатканда, Газа калкы мусулмандардан жардам сураганда, алар Газа калкына жардам берүүгө кудуреттүү эле. Бирок бул акимдер артка чегиништи. Ал тургай алардын айрымдары яхудий түзүмүнүн Газага каршы согушу учурунда аны колдошту. Газа калкына артын салып, Американын аскерий келишим түзүү чакырыгына шашыла жооп берген бул пас, жөндөмсүз акимдердин жүзүндө уяттан бир үзүм эт да калган жок!
Төртүнчүдөн: Эгер Америка ушул альянс же башка альянстар аркылуу Халифалыктын тикеленишине тоскоол боло алабыз деп ойлосо, анда анын үмүтү бекер болду, жебеси бутага тийбей калды. Үммөт өз Халифалыгын тикелөө максатына жетүүгө жакындап калды. Жакында Америка өзү каалаган нерсени ишке ашырып берет деп ойлогон малайларынын шамалга сапырылганын көрөт. Үммөт аларды бут алдында тебелеп, берекелүү жерден яхудий түзүмүн жок кылууга аттанат. Андан соң жүзүн өзүнө зулум кылган, колония кылган жана байлыктарын талап-тоногондорго буруп, аларга өздөрү кыялданып жүргөн шайтандын азгырыктарын жана напсинин кыялдарын унуттурат.
Бешинчиден: Биз бардык мусулмандарга жана алардын арасындагы күч-кубат ээлерине кайрылабыз: силер акимдериңердин эбегейсиз армиялары менен альянс түзгөнүн көрдүңөр. Бирок бул жихад кылуу жана мусулман өлкөлөрүн азат кылуу үчүн да, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө үчүн да болгон жок. Качанга чейин бул акимдер силерди жана силердин армияларыңарды ири мамлекеттердин кызыкчылыктары үчүн оюнчук кылып пайдалана беришет?! Андыктан бул акимдерден кутулуу жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб ут-Тахрир менен бирге аракет кылууга шашылгыла.
﴿إِنْ يَنْصُرْكُمُ اللهُ فَلَا غَالِبَ لَكُمْ﴾
«Эгер силерге Алла жар болсо эч ким силерди жеңе албайт».
(Аали Имран: 160).
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
09.08.26




