Сакофий

Нафс тууралуу суроого жооп

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроо-жооп

Нафс тууралуу суроого жооп

Урматтуу шейх, Ато ибн Халил Абу ар-Раштага, Аллах аны Өз коргоосунда сактасын. Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатух.

Аллах Таала ушундай даражага жеткирген урматтуу шейхибиз, устазыбыз, жол башчыбыз жана амирибиз! Аллахтан сизге жана кадырлуу үй-бүлөңүзгө дайыма ден соолук, аманчылык, береке жана Өзүнүн сактоосу менен камкордугун насип кылышын сурайбыз. Аамиин.

Андан соң, алдын ала кечирим сурайм. Мен бир гана маселени сурайын деп жатам:

Маркум аалым шейх Такийюддин ан-Набханийдин китептеринде, айрыкча «Исламий шахсия» темаларында, «акыл» жана «аклия» деген терминдер колдонулганын көрдүм. Шейх Такийюддин ан-Набханий бул эки терминди тең так аныктаган, ал тургай «аклияны» аныктоодон мурда «акылды» аныктаган. Бирок шейх Такийюддин ан-Набханийдин китептеринде, өзгөчө «Исламий шахсия» темаларында, «нафстын» аныктамасын таппадым. Тескерисинче, ал дароо эле «нафсияны» аныктаганын көрдүм.

Ошондуктан суроом төмөнкүдөй:

Шейх Такийюддин ан-Набханийдин көз карашында нафстын аныктамасы кандай — эгер мындай аныктама бар болсо? Же болбосо, сиздин көз карашыңыз боюнча нафс деген эмне жана анын акыйкаты кандай? Ошондой эле, нафсты тирүүлүк кубаты (الطاقة الحيوية) деп түшүнүү туура болобу?

Жооп бергениңиз үчүн Аллах сизге жакшылык берсин. Аллах Тааладан сиздин бардык сооптуу амалдарыңыз үчүн дүйнөдө да, акыретте да эң жакшы сыйлык беришин сурайбыз. Аамиин, эй ааламдардын Раббиси!

Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатух.

Бир тууганыңыз: Мухаммад Ариф Биллах (Богор – Индонезия).

Кечирим сурайм, дагы бир суроом бар эле:

Аллах Субханаху ва Таала Куранда уйку учурунда нафсты аларын айткан. Уйку учурунда нафстын алынуусу дегенден эмнени түшүнүү керек? Бул нафс өз ичине акылдын кубатын, организм муктаждыктарды жана гарыйзаларды камтыйт дегенди билдиреби? Анткени адам уктап жатканда булар токтогондой же «өлгөндөй» болуп көрүнөт. Аллах сизге көптөгөн жакшылыктарын берсин!

Жооп:

Ва алейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатух.

Биринчиден: Ооба, биздин китептерде нафска белгилүү бир аныктама берилген эмес. Анткени ал муштарак (амоним) сөз болуп эсептелет, башкача айтканда, аны колдонууда коштолгон каринага (контексттеги далил) жараша ар кандай маанилерди билдирет. Ал эми нафсия болсо колдонууда дайыма бир эле маанини билдириши үчүн белгилүү бир мааниге коюлган истилахий термин.

Муну муштарак лафзга байланыштуу түшүндүрүү үчүн, «Исламий шахсия» 3-китептин 164-бетинде, «Муштарак» бөлүмүндө төмөнкүдөй айтылган:

«Муштарак – бул бир сөз алгачкы коюлушунда эки же андан көп маанини билдириши. Демек, муштарак – эки же андан көп маанинин ар бири үчүн коюлган лафз. Мисалы, «айн» деген сөз көрүүчү көздү, булакты жана алтынды билдирет. Ошондой эле «рух» деген сөз жашоо сырын, Аллах менен болгон байланышты аңдоону жана Жабраилди (алайхис салам) билдирет. Ушуга окшогон башка да муштарак сөздөр бар…

Муштарак араб тилинде бар. Абу ал-Хасан ал-Басрий мындай деген: «Тил аалымдары «куръ» деген сөздү тазалыкка да, айызга да колдонушкан. Экөө бири-бирине карама-каршы маанилер болгону менен, бул тилде муштарак лафздын бар экенине далил болот». Бул Улуу Куранда да келген. Аллах Таала мындай деген:

﴿ثَلَاثَةَ قُرُوءٍ﴾

“…үч жолку айыз мөөнөтүндө…” (Бакара: 228).

жана:

﴿وَاللَّيْلِ إِذَا عَسْعَسَ﴾

“…өз караңгылыгы менен келип – кетип жаткан түнгө…” (Таквир: 17),

башкача айтканда, түндүн келиши да, кетиши да назарга тутулуусу мүмкүн. Демек, бул лафз түндүн келиши менен кетишинин ортосунда муштарак болуп турат. Бул муштарак сөз араб тилинде бар экенин көрсөтөт…

Ошондуктан муштарак сөздүн кайсы мааниси көздөлгөнүн аныктоо жана аны ошол мааниге таандык кылуу каринага муктаж. Демек, сөзсүз түрдө көздөлгөн маанини көрсөтүп бере турган карина болушу керек…».

Демек, карина муштарак сөздүн маанилеринин бирин аныктоодо зарыл. Ушул сыяктуу эле «нафс» деген сөз да каринага жараша ар кандай маанилерде келет. Ошол маанилердин айрымдары төмөнкүлөр:

Биринчиден: Абу Хурайрадан риваят кылынган хадисте Расулуллах ﷺ мындай деген:

«أَلَمْ تَرَوْا الْإِنْسَانَ إِذَا مَاتَ شَخَصَ بَصَرُهُ؟» قَالُوا: بَلَى. قَالَ: «فَذَلِكَ حِينَ يَتْبَعُ بَصَرُهُ نَفْسَهُ»

«Адам өлгөндө көзү тик болуп каларын көргөн жоксуңарбы?» – деди. Алар: «Ооба», – дешти. Ал ﷺ: «Бул анын көзү өзүнүн напсисин ээрчиген учурда болот», – деди.

Бул хадисте көз напсини ээрчий турганы айтылган. Демек, бул жердеги «нафс» сөзүнүн маанисин аныктоо үчүн карина керек. Ал карина Умм Саламадан رضي الله عنها риваят кылынган хадисте келген. Ал мындай деген:

دَخَلَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ عَلَى أَبِي سَلَمَةَ وَقَدْ شُقَّ بَصَرُهُ فَأَغْمَضَهُ، ثُمَّ قَالَ: «إِنَّ الرُّوحَ إِذَا قُبِضَ تَبِعَهُ الْبَصَرُ»

«Расулуллах ﷺ Абу Саламанын жанына киргенде анын көзү ачылып калган эле. Ошондо анын көзүн жаап: «Рух алынганда көз аны ээрчийт», – деди».

Бул хадисте көз рухту ээрчий турганы айтылган. Эки хадисти тең Имам Муслим риваят кылган. Демек, өлүм учурунда көз ээрчий турган нафс – бул рух. Башкача айтканда, бул жерде рух менен нафс бир эле мааниде колдонулган.

Экинчиден: Лисан аль-Араб (6/233) китебинде «нафс» сөзүнүн маанилери тууралуу мындай деп айтылган:

1. «Нафс» кээде бүтүндөй адамдын өзүн билдирет. Мисалы: «Менин жанымда үч нафс бар» (б.а. үч адам бар) деген сыяктуу. Ошондой эле Аллах Тааланын төмөнкү сөзүндө:

﴿أَنْ تَقُولَ نَفْسٌ يَا حَسْرَتَى عَلَى مَا فَرَّطْتُ فِي جَنْبِ اللَّهِ﴾

«Бирээр жан: «Алла туурасында (Ал Затка таат-ибадат кылууда) суздук кылганыма асирет-өкүнүч болсун!» (Зумар: 56).

2. «Нафс» кан маанисинде да келет. Ошондой эле көз, көз тийүү, көзү тийген адам, көрө албастык менен караган көз деген маанилерде да колдонулат. «Ага нафс тийди» деген сөз «ага көз тийди» дегенди билдирет.

3. «Танафаса» – бир нерсе үчүн бири-бири менен атаандашуу, көрө албастык кылуу жана жарышуу дегенди билдирет. Аллах Таала мындай деген:

﴿وَفِي ذَٰلِكَ فَلْيَتَنَافَسِ الْمُتَنَافِسُونَ﴾

«Ошондуктан, мелдешүүчү кишилер (мына ушундай түбөлүк нематка жетүү жолунда) мелдешсин».

Башкача айтканда: «Ошого умтулгандар умтулсун».

Ошондой эле Мугира жөнүндө келген хадистеги «سَقِيمُ النِّفَاسِ» деген сөз «атаандаштык жана таймаш аны алсыратып койгон» деген маанини билдирет.

Дагы бир хадисте мындай делет:

«…فَوَاللَّهِ لَا الْفَقْرَ أَخْشَى عَلَيْكُمْ، وَلَكِنْ أَخْشَى عَلَيْكُمْ أَنْ تُبْسَطَ عَلَيْكُمُ الدُّنْيَا كَمَا بُسِطَتْ عَلَى مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ، فَتَنَافَسُوهَا كَمَا تَنَافَسُوهَا، وَتُهْلِكَكُمْ كَمَا أَهْلَكَتْهُمْ»

«…Аллахка ант болсун, мен силер үчүн жакырчылыктан коркпойм. Бирок силерден мурдагыларга дүйнө кенен берилгендей эле силерге да кенен берилип, алар сыяктуу ага атаандашып, ал аларды кыйраткандай силерди да кыйратып коюшунан корком».

Бул жердеги «мунафаса» – бир нерсеге умтулуу жана аны өзүнө гана таандык кылууга аракеттенүү деген маанини билдирет.

«Лисан аль-Араб» китебинен үзүндү аяктады.

Көрүнүп тургандай, «нафс» сөзүнүн маанисин аныктоо үчүн тексттеги карина керек. Напсинин жана андан чыккан сөздөрдүн башка да маанилери бар. Алардын ар бири да каринага муктаж.

Ошондуктан биз нафска белгилүү бир туруктуу маанини берген жокпуз. Себеби анын мааниси каринага жараша аныкталат. Демек, мааниси ошол эле тексттеги же башка бир тексттеги каринага жараша өзгөрөт.

Экинчиден: Ал эми төмөнкү аяттын мааниси тууралуу сурооңузга келсек:

﴿اللَّهُ يَتَوَفَّى الْأَنْفُسَ حِينَ مَوْتِهَا وَالَّتِي لَمْ تَمُتْ فِي مَنَامِهَا فَيُمْسِكُ الَّتِي قَضَى عَلَيْهَا الْمَوْتَ وَيُرْسِلُ الْأُخْرَى إِلَى أَجَلٍ مُسَمًّى إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ﴾

«Жандарды өлүм убактыларында, (алигиче) өлбөгөндөрдүн болсо уктап жаткан убактарында Алла алат. Анан Өзү өлүмгө өкүм кылган жандарды (денелерге кайтарбай) кармап калат, башкаларын болсо белгиленген бир мөөнөткө чейин (ажалдары жеткенче) кайра коюп жиберет. Албетте, мында пикир-ой кыла турган коом үчүн аят-үлгүлөр бар».
(Зумар: 42).

Менин оюмча, бул аяттын мааниси төмөнкүдөй: Аллах Субханаху ва Таала адам өлгөндө анын напсисин жашоого тиешелүү бардык иштерден толук кайтарып алат. Ошондой эле уйкуда да напсилерди эркин кыймылдоо, айырмалоо, иш-аракет кылуу ж.б.у. сыяктуу нерселерден кайтарып алат.

Муну дагы даана түшүндүрүү үчүн тафсир китептеринде жана тил китептеринде келген айрым маалыматтарды келтирем.

1. Тафсир аль-Куртубий, Зумар сүрөсү, 42-аяттын тафсиринде мындай деп айтылган:

﴿اللَّهُ يَتَوَفَّى الْأَنْفُسَ حِينَ مَوْتِهَا﴾

«Жандарды өлүм убактыларында Алла алат».

Ал эми:

﴿وَالَّتِي لَمْ تَمُتْ فِي مَنَامِهَا﴾

«…(алигиче) өлбөгөндөрдүн болсо уктап жаткан убактарында Алла алат» деген сөздүн мааниси тууралуу ар кандай пикирлер айтылган.

Алардын бири мындай дейт:

«Аллах аларды рухтары денелеринде кала турган абалда, иш-аракет кылуудан кайтарып алат. Андан соң:

﴿فَيُمْسِكُ الَّتِي قَضَى عَلَيْهَا الْمَوْتَ وَيُرْسِلُ الْأُخْرَى﴾

«Анан Өзү өлүмгө өкүм кылган жандарды (денелерге кайтарбай) кармап калат, башкаларын болсо кайра коюп жиберет», башкача айтканда, уктап жаткан адамды кайра ойготуп, анын өлүмүнө белгиленген мөөнөт келгенге чейин кайрадан иш-аракет кылууга мүмкүндүк берет».

Ибн Иса мындай деген… Саид ибн Жубайр мындай деген:

«Аллах өлгөн адамдардын рухтарын алар өлгөндө алат, ал эми тирүүлөрдүн рухтарын алар уктаганда алат. Анан Аллах каалаганчалык бири-бирин таанып билишет. Кийин:

﴿فَيُمْسِكُ الَّتِي قَضَى عَلَيْهَا الْمَوْتَ وَيُرْسِلُ الْأُخْرَى

«Анан Өзү өлүмгө өкүм кылган жандарды (денелерге кайтарбай) кармап калат, башкаларын болсо кайра коюп жиберет», башкача айтканда, аларды кайра кайтарат…»

Ошондой эле Пайгамбар ﷺ мындай деген:

«كَمَا تَنَامُونَ فَكَذَلِكَ تَمُوتُونَ، وَكَمَا تُوقَظُونَ فَكَذَلِكَ تُبْعَثُونَ»

«Кандай уктап жатсаңар, ошондой өлөсүңөр. Жана кандай ойгонсоңор, ошондой кайра тирилесиңер».

Ошондой эле Умар رضي الله عنه:

«Уйку — өлүмдүн бир тууганы», – деген.

Жабир ибн Абдуллахтан риваят кылынган хадисте мындай делет:

قِيلَ : يَا رَسُولَ اللَّهِ أَيَنَامُ أَهْلُ الْجَنَّةِ؟ قَالَ : لَا، النَّوْمُ أَخُو الْمَوْتِ وَالْجَنَّةُ لَا مَوْتَ فِيهَا

«Эй, Аллахтын Элчиси! Бейиш ээлери уктайбы?» – деп сурашты. Ал ﷺ: «Жок. Уйку — өлүмдүн бир тууганы. Ал эми Бейиште өлүм жок», – деди.

Бул хадисти Имам ад-Даракутний риваят кылган.

Жыйынтык:

А) Биз нафска белгилүү бир аныктама берген жокпуз. Себеби анын мааниси каринага жараша аныкталат. Демек, мааниси ошол эле тексттеги же башка бир тексттеги каринага жараша өзгөрөт.

Б) Мен төмөнкү аяттын мааниси:

﴿اللَّهُ يَتَوَفَّى الْأَنْفُسَ حِينَ مَوْتِهَا وَالَّتِي لَمْ تَمُتْ فِي مَنَامِهَا فَيُمْسِكُ الَّتِي قَضَى عَلَيْهَا الْمَوْتَ وَيُرْسِلُ الْأُخْرَى إِلَى أَجَلٍ مُسَمًّى إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ﴾

Аллах Субханаху ва Таала адам өлгөндө анын напсисин жашоого тиешелүү бардык иштерден толук кайтарып алат. Ошондой эле уйкуда да напсилерди эркин кыймылдоо, айырмалоо, иш-аракет кылуу ж.б. нерселерден кайтарып алат, — деген маанини көбүрөөк туура деп эсептейм.

Бул маселеде менин басымдуу көз карашым ушул. Аллах эң жакшы Билүүчү жана эң Даанышман.

Бир тууганыңар,
Ата ибн Халил Абу ар-Рашта

1448-хижрий жыл, 14-Сафар
2026-жылдын 28-июль.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button