Асыл хадис

Пайгамбарыбыздын осуяты биз үчүн бул дүйнөдө жол көрсөтүүчү чырак

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Пайгамбарыбыздын осуяты биз үчүн бул дүйнөдө жол көрсөтүүчү чырак

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

حَدَّثَنَا عَبْدُ اللَّهِ بْنُ أَحْمَدَ بْنِ بَشِيرِ بْنِ ذَكْوَانَ الدِّمَشْقِيُّ حَدَّثَنَا الْوَلِيدُ بْنُ مُسْلِمٍ قَالَ: حَدَّثَنَا عَبْدُ اللَّهِ بْنُ الْعَلَاءِ يَعْنِي ابْنَ زَبْرٍ قَالَ: حَدَّثَنِي يَحْيَى بْنُ أَبِي الْمُطَاعِ، قَالَ: سَمِعْتُ الْعِرْبَاضَ بْنَ سَارِيَةَ، يَقُولُ: قَامَ فِينَا رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ذَاتَ يَوْمٍ، فَوَعَظَنَا مَوْعِظَةً بَلِيغَةً، وَجِلَتْ مِنْهَا الْقُلُوبُ، وَذَرَفَتْ مِنْهَا الْعُيُونُ، فَقِيلَ يَا رَسُولَ اللَّهِ: وَعَظْتَنَا مَوْعِظَةَ مُوَدِّعٍ، فَاعْهَدْ إِلَيْنَا بِعَهْدٍ، فَقَالَ: «عَلَيْكُمْ بِتَقْوَى اللَّهِ، وَالسَّمْعِ وَالطَّاعَةِ، وَإِنْ عَبْداً حَبَشِيّاً، وَسَتَرَوْنَ مِنْ بَعْدِي اخْتِلَافاً شَدِيداً، فَعَلَيْكُمْ بِسُنَّتِي، وَسُنَّةِ الْخُلَفَاءِ الرَّاشِدِينَ الْمَهْدِيِّينَ، عَضُّوا عليها بالنواجذ، وَإِيَّاكُمْ وَالْأُمُورَ الْمُحْدَثَاتِ، فَإِنَّ كُلَّ بِدْعَةٍ ضَلَالَةٌ». (سنن ابن ماجه 42)

Абдулла ибн Ахмад ибн Башир ибн Закван ад-Димашки Аль-Ирбад ибн Сариядан риваят кылат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир күнү биздин арабызда турду. Ал бизге жүрөктөрдү титиретип, көздөрдөн жаш чыгаруучу күчтүү насаат айтты. Оо, Аллахтын элчиси, сен бизге коштошуу сыяктуу насаат айттың деп айтылды. Ошондуктан бизге осуят кыл. Ал: “ Силер Аллахтан корккула, кулак салып, баш ийгиле, эгер ал Хабашстандык кул болсо да, – деди. Менден кийин чоң пикир келишпестиктерди көрөсүңөр, ошондуктан менин сүннөтүмө жана туура жолдогу халифалардын сүннөтүнө ээрчигиле. Аны азуу тиштериңер менен тиштеп алгыла жана жаңы ойлоп табылган нерселерден сак болгула, анткени ар бир бидат адашуу” (Сунан Ибн Мажа 42).

Эң жакшы сөз – бул Улуу Аллахтын сөзү, эң жакшы жол – бул Анын Пайгамбары, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, Мухаммаддын жолу.

Бул асыл хадисте көптөгөн маанилүү көрсөтмөлөр камтылган. Сахабалар, Аллах аларга ыраазы болсун, Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) кутбасындагы коштошууну сезишкен. Бул алар андан өздөрүнө жана өздөрүнөн кийинки үммөткө өздөрү кызыккан нерсени осуят кылуусун суранууга түрткү болду.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) аларга жана алардан кийинки бардык мусулмандарга биринчи кезекте Аллахттан коркууну, башкача айтканда, ар бир иште Кудуреттүү Аллахтан коркууну көз алдыбызда кармоону осуят кылган, ошондо адал жана арам нерселер биздин иш-аракеттерибизде өлчөө болуп калат. Аллахтан коркуу адамдын жана коомдун абалын бардык жагынан, анын ичинде пикирлерди, сезимдерди жана системаларды жакшыртуу үчүн жетиштүү. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бизге осуят кылган дагы бир милдет – бул биз сүйгөн жана бизди сүйгөн, ошондой эле өз жарандарына карата түсүнө же расасына карабай, камкор болуп исламды ишке ашырган башкаруучуларга кулак салып, аларга баш ийүү. Бул душмандарыбыз бизге башкаруучу кылып койгондорго же бийликти күч менен тартып алгандарга баш ийишибиз керек дегенди билдирбейт. Бул башкаруучулар угулууга же баш ийилүүгө укуктуу эмес. Алар биздин, динибиздин жана роббибиздин душмандары, анткени алар капиталисттердин кемчиликтүү жана башаламан мыйзамдарын ишке ашырышат.

Пайгамбарыбыз, ага тынчтык жана береке болсун, бизге тапшырган үчүнчү нерсе – бул динди түшүнүүдө пикир келишпестиктер пайда болуп рассалык, мазхабчылык жана жеке келишпестик күчөгөн учурда – Анын сүннөтүн бекем кармоо, анткени ал Кудуреттүү Аллахтын вахийи. Биз анын урматтуу сахабаларынын үлгүсүн ээрчишибиз керек, Аллах алардан ыраазы болсун. Ал бул жерде Туура Жолдогу халифаларды өзгөчө белгилеп өттү, анткени алар Аллахтын Элчисинин, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, ал бул дүйнөдөн өткөндөн кийин анын сүннөтүнө биринчилерден болуп берилип эң бекем кармангандардан болушкан.

Акырында пайгамбар, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, бизге Аллахтын динине каршы жалган жалаа жапкан бидатчылар келерин жана бул адамдар Аллах Өз кулдары үчүн тандап берген ислам жашоосун бузууну гана көздөшөрүн айтты. Жана адамдарды Аллахтын мыйзамдарынан алыстатуу үчүн, билип же билбей туруп кылган бул адамдардын аракеттери элди, өздөрүн жана аларды ээрчигендерди адаштыруучу болуп саналат.

Биздин урматтуу Элчибиз, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, бизге берген бул осуяттарды биз бүгүнкү күндө канчалык карманып жатабыз? Баардык нерсе үчүн Аллахка мактоолор болсун. Урматтуу Пайгамбар, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, бизге эч нерсени кабарлабай калтырбаганы үчүн Аллахка мактоолор болсун. Ошондуктан кыямат күнү шалаакы жана жалкоо адамдар үчүн Аллах Тааланын алдында эч кандай шылтоо же актоо болбойт.

Биз Аллахтан бизди сөздү угуп, анын эң жакшысын ээрчигендердин катарына кошуусун жана Анын буйругун жана Анын урматтуу Элчисинин, ага тынчтык жана береке болсун, көрсөтмөлөрүн аткарууга жардам берүүсүн суранабыз, ошондо биздин жана бүткүл адамзаттын абалы жакшырат.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1448-х, 10–робиус саани.

2026-ж, 22–сентябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button