Кабар

Папе Тиав: “Намаздан маанилүү эмне бар?”

Папе Тиав:Намаздан маанилүү эмне бар?”

2026-жылдагы Дүйнөлүк Кубок үчүн АКШда жүргөн Сенегал курама командасы, синоптиктердин катуу шамал тууралуу эскертүүсүнө жана катаал аба ырайына карабастан, жума намазына барышкан. Мындан улам, Сенегал курама командасынын башкы машыктыруучусу Папе Тиавга журналист “эскертүүлөргө карабастан эмне үчүн жума намазына барганы” тууралуу суроо берди. Анын берген жообу көрүүчүлөргө ыйман сабагын көрсөткөндөй болду.

Намаздан маанилүү эмне бар? Менимче, бул мага бериле турган суроо эмес. Буга акың да жок. Сен шамалдан коркосуң, биз болсо шамалды жараткан Аллахтан коркобуз. Биз бул жерге көңүл ачуучу оюн үчүн келдик, бирок Аллахка ибадат кылуу үчүн жаратылганыбызды унута албайбыз. Эгер бүгүн Дүйнө Кубогунун финалы болуп, биз анда ойноп жаткан болсок дагы, жума намазына барганыбыз үчүн чемпиондуктан ажырай турган болсок дагы, баары бир жума намазын тандамакпыз. Анткени анын убактысы так белгиленген. Биздин динибиздин ибадаттары тууралуу биз менен мындай басымда сүйлөшө албайсыз”.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button