Россияга каршы Европада күчөп жаткан коопсуздук жана согуштук аракеттердин көмүскө тарабына сереп

Россияга каршы Европада күчөп жаткан коопсуздук жана согуштук аракеттердин көмүскө тарабына сереп
Россия-Украина согушу стратегиялык түшүнүк боюнча ири державалардын ортосундагы чоң согуш болуп эсептелет. Анда Россия түздөн-түз катышуучу, Америка менен Европа көшөгө артында турган күчтөр, ал эми Украина согуш жүрүп жаткан майдан болуп саналат. Ошондуктан бул согуштун эл аралык кырдаалга тийгизген стратегиялык таасири өтө кооптуу жана терең.
Американын бул согуштагы максаты Россияны согуштун сазына батырып, Россия менен Кытайдын ортосунда кандайдыр бир союз түзүлүшүнө жол бербөө, ошол эле учурда Россиянын аскердик кубатын талкалап, шал кылуу. Ошондой эле бул согушту Европанын негизги алек болгон ишине жана тынчын алган маселесине айлантып, аны эл аралык майдандан обочолонтуу. Америка Украина-Россия согушунун курчушуна белгилүү бир чектелген чек жана деңгээл белгилеген. Мунун максаты согуштун ал чектен ашып, НАТО жана аны менен бирге Америка аралашып кала турган чоң согушка айланып кетишине жол бербөө.
Ал эми Британия бул согушту эл аралык кырдаалды аралаштырып, күчтөрдү кайрадан бөлүштүрүү жана эл аралык абалды өзүнүн колонизатордук саясатына кызмат кыла тургандай кылып кайра калыптандыруу үчүн эң чоң мүмкүнчүлүк деп эсептейт. Британиянын Украинага берешендик менен көрсөтүп жаткан уулуу колдоосунун максаты бул согушту ири эл аралык согуштун босогосуна чейин жеткирүү. Муну менен ал эл аралык кырдаалдын түзүлүшүн жана күчтөр тең салмактуулугун өзгөртүп, жоготкон колонизатордук таасирин кайра калыбына келтирүүнү көздөйт.
Ал эми Европага жана учурда ал жакта күчөп жаткан мобилизация менен согуштук риторикага келсек, Европа Россияга каршы жакын арада боло турган согушка жана кеңири масштабдуу чабуулга даярданып жаткандай көрүнөт. Мындай абал Европанын кырдаалын, Европа мамлекеттеринин стратегиялык жана аскердик абалын, айрыкча анын саясатында активдүү роль ойногон Германия, Франция жана Италия сыяктуу мамлекеттердин абалын кылдат талдап чыгууну талап кылат.
Россия-Украина согушунун коркунучу тууралуу согуштук риторика күчөп, эскертүүлөр көбөйүп жатканына, бул согуш Украина аймагындагы согуштан Европанын коопсуздук кризисине айланып баратканына жана анын акыркы ондогон жылдардагы Европа коопсуздугуна туулган эң чоң коркунуч катары сыпатталып жатканына, акыркы убактарда Россиянын НАТО жана Европа мамлекеттерине каршы аба мейкиндигин бузуу, диверсиялык иштерди жүргүзүү, киберчабуулдарды уюштуруу жана гибриддик аракеттери көбөйгөнүнө карабастан, Европанын бул согуштук риторикасы өзүнүн кескиндиги жана катуу үнү менен анын артында турган чыныгы түрткүлөрдү, себептерди жана максаттарды көздөн жашырууда.
Россиянын Украинага каршы согушу Европанын коопсуздугуна коркунуч туудурса да, Россия Украинадагы согушка аралашып, анын сазына батып калган. Анын тышкы иштер министри Лавров Россия Европа менен согушууну көздөбөй турганын абдан ачык билдирип, кайра-кайра кайталап келет. Ал 2025-жылдын 27-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө: «Россиянын НАТОго же Европа Биримдигине кол салуу ниети болгон эмес жана азыр да жок», — деп билдирген. Ошондой эле Путин бул айыптоолорду бир нече жолу четке какканын кошумчалаган.
2026-жылдын 9-февралында Лавров: «Биз Европанын эч бир бөлүгүнө кол салбайбыз. Мындай кылууга бизде эч кандай себеп жок», — деген. Ал эми 2026-жылдын 16-сентябрында Екатеринбургда Россия «Батыш мамлекеттерине кол салууну көздөбөй турганын жана мындан эч кандай кызыкчылыгы жок экенин» дагы бир жолу кайталап, Москва буга чейин да муну бир нече жолу ырастаганын айткан.
Ошондой эле Россиянын Европа аймагында, тагыраагы, өзүнө коңшулаш аймактарда гибриддик аракеттерин күчөтүшү Европанын Украинага улам өсүп жаткан колдоосуна каршы коргонуу жана жооп кайтаруу аракеттеринин катарына кирет. Бул аракеттер Европа мамлекеттерине кол салуу катары классификацияланбайт.
Ошондой эле Европадагы бул согуштук мобилизация Россияга каршы жакын арада боло турган Европа согушунун башталышы экенин Европанын өзүнүн баяндамалары жана Европа чалгындоо кызматтарынын баалоолору да четке кагууда. Европанын расмий жана институттук баяндамалары менен баалоолоруна ылайык, «үстүбүздөгү он жылдыктын аягы, айрыкча 2029–2030-жылдар Россиянын НАТОго мүчө мамлекеттердин бирине коркунуч туудуруу мүмкүнчүлүгү жагынан маанилүү мезгил катары белгиленүүдө».
Бул баяндамаларда Россия 2030-жылы Европага аскердик чабуул жасай турганы тууралуу эч кандай ишарат жок экенине көңүл буруу керек. Тескерисинче, алар негизинен Россиянын аскердик кубаты кооптуу деңгээлге жетиши же согуш баштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу жөнүндө сөз кылууда. Демек, булар шашылыш согуш баштоо тууралуу баяндамалар эмес, Россиянын аскердик кубатынын келечектеги абалына жасалган талдоолор.
Ушундан улам эң маанилүү суроо туулат: учурда Европада жүрүп жаткан бул коопсуздук мобилизациясынын жана күчөп жаткан согуштук риториканын артында эмне турат?
Мунун жообу Европадан тышкаркы, Европанын стратегиялык коопсуздугу үчүн өтө маанилүү жана кооптуу болгон фактордо, башкача айтканда, Америкада жатат. Тагыраагы, Трамптын Европаны коопсуздук кепилдигинен жана коргоо калканынан ажыратуусу, НАТО алдындагы милдеттенмелеринен баш тартып, анын финансылык жана аскердик жүктөрүн Европанын мойнуна илүүсү Европаны катуу олку-солку кылды. Европа муну Украина согушунун жүрүшүндө өз башынан өткөрдү.
Америкага таянуунун кесепетинен келип чыккан бул олку-солку абал Европанын америкалык курал-жарактарга өтө көз каранды болушу менен ого бетер татаалдашты. Анткени бул көз карандылык аскердик жактан баш ийүү деңгээлине жеткен. Европага импорттолгон курал-жарактардын 64%ы, айрыкча авиация тармагындагы куралдар, Америкадан келет.
Демек, күчөп жаткан согуштук риториканын артында Американын коопсуздук калканынын алсырай башташынан келип чыккан олку-солкулук жана америкалык курал-жарактарга өтө көз каранды болуу туңгуюгу турат. Анткени Америка администрацияларынын улам алмашып турушу жана Америкадагы курч саясий бөлүнүү шартында бул курал-жарактарга таянуунун кепилдиги жок. Мунун Европага тийгизген кесепеттери менен катар анын стратегиялык жана аскердик кемчиликтери да ачыкка чыкты.
Ошондуктан Европанын бул согуштук риторикасынын жашыруун мүдөөсү жана чыныгы максаты Европанын аскердик, өнөр жайлык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн кайрадан калыбына келтирүү. Бул болсо өтө чоң көлөмдөгү чыгымдарды талап кылат. Европадагы оор экономикалык кризис, анын колонизатордук таасир аймагынын тарышы, андан түшкөн кирешелердин азайышы жана эл арасындагы нааразылыктын күчөшү шартында мындай чыгымдар коом үчүн өтө оор жана түйшүктүү болуп саналат.
Ошентип, Европа Россиянын Украинага каршы согушун Европанын аскердик өнөр жайын кайрадан калыбына келтирүү, аны менен бирге башка өнөр жай тармактарын өнүктүрүү жана өз технологияларын түзүү үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк катары көрө баштады. Ошондой эле Россиянын Европа коопсуздугуна туудурган экзистенциалдык коркунучун шылтоо кылып, бул иштерге кеткен чыгымдарды жана алардын оорчулугун коомго кабыл алдырууну көздөөдө.
Европанын коргонууга жумшаган чыгымдары өтө тездик менен өстү. Алсак, НАТОго мүчө Европа мамлекеттери менен Канаданын негизги коргонуу чыгымдары 2025-жылдын өзүндө эле болжол менен 20%га көбөйдү.
Россиянын коркунучу чыныгы коркунуч болгону менен, Европанын кайрадан куралдануусунун артында Россия түздөн-түз туудурган коркунучтун көлөмүнөн көз карандысыз стратегиялык, аскердик, өнөр жайлык, саясий жана экономикалык түрткүлөр да бар.
Андан тышкары, Кытай фактору да бар. Кытайдын өнөр жай продукциялары жана технологиялары Европага агылып кирип, аны Кытай товарларынын базарына айландырды. Кытайдын ашыкча өндүрүштүк кубаттуулугу жана өнөр жай продукциялары аркылуу Европага экономикалык жактан кирип келиши Европанын соода тартыштыгын ого бетер күчөттү. Бул тартыштык жылына 360 миллиард еврого жетип, Европанын жалпы импортунун 22,3%ын түздү. Муну менен катар Европанын өнөр жай жана технология тармагындагы көйгөйлөрү да курчуду.
Кытай электромобилдер, аккумуляторлор, электроника, программалык камсыздоо, технология жана жашыл энергетика рынокторуна кирип келди. 2026-жылдын экинчи чейрегинде эле Европа Биримдигинин Кытайдан импорттогон товарларынын көлөмү 153,6 миллиард еврого жетип, Биримдиктен тышкаркы өлкөлөрдөн келген жалпы импорттун 21,9%ын түздү.
Европанын өнөр жай базасынын алсырап, негизги өнөр жай тармактарына сокку урулушу Кытайга байланыштуу кризисин ого бетер курчуткан фактор болду. Бул Европанын Кытайга экспорту азайып, ал жактан импорту көбөйгөндүгүнүн натыйжасында келип чыкты.
Буга мисал катары Германиянын экономикасы үчүн өтө маанилүү болгон автомобиль өнөр жайындагы оор кризисти келтирүүгө болот. 2026-жылдын июль айында эле Германиянын автомобиль өндүрүшү 9,2%га төмөндөгөн. Ал эми 2025-жылдын аягына чейин бул тармакта 109 миңден ашуун жумуш орду жоголгон.
Мындай абал Европа комиссиясын Европа менен Кытайдын ортосундагы мамилелердеги тең салмаксыздыктарды жоюу жана өз ара мамилелерде тең укуктуулукту камсыз кылуу зарылдыгы жөнүндө ачык жана катуу үн менен айтууга мажбур кылды.
Бул тең салмаксыздыктардын негизги себеби — Европанын өнөр жай тармактарынын начарлап, артка кетиши, ошондой эле технология, электр кыймылдаткычтары, микрочиптер жана программалык камсыздоо тармактарында инновация менен өнүктүрүүнүн алсыздыгы.
Европа Биримдиги жана анын негизги мамлекеттери Кытайдын экономикалык чабуулуна каршы туруу, ошондой эле Америкага аскердик жана технологиялык жактан көз карандылыктан кутулуу үчүн өз экономикасын кайра курууну, өнөр жай жана технологиялык түзүмүн өнүктүрүүнү өтө маанилүү стратегиялык зарылдык деп эсептешет. Мунун негизги кыймылдаткыч күчү аскердик өнөр жай болуп саналат. Анткени ал Европанын өнөр жайын жана технологиясын өнүктүрүүчү негизги лаборатория жана өндүрүш борбору болуп саналат.
Демек, Кытай фактору жана андан келип чыккан кыйынчылыктар да Европанын аскердик кубатын, өнөр жайын жана технологиясын кайра куруу жана өнүктүрүү максатында жүрүп жаткан бул мобилизациянын жана күчөп жаткан согуштук риториканын артындагы эң маанилүү түрткүлөрдүн бири болуп саналат.
Бирок сөз сөз бойдон калат. Ал эми аны иш жүзүндө аткаруу жана ага байланыштуу кыйынчылыктар таптакыр башка маселе. Европанын чачыранды жана бытыранды абалы, анын бири-биринен айырмаланган жана өз ара карама-каршы келген стратегиялык жана колонизатордук максаттары, чачыранды аракеттери, эбегейсиз карыздары жана мунун баарынан мурда сакофий жана цивилизациялык жактан банкрот болушу — Европа эле эмес, бүтүндөй Батыш үчүн да чечилиши өтө кыйын, атүгүл мүмкүн болбогон негизги түйүн болуп саналат.
Булар Батыштын өлүмүнүн алгачкы белгилери. Мындай учурда тумарлар да, колдонмолор да эч кандай пайда бербейт.
Роя гезити
Устаз Мунажи Мухаммад




