Саудия режими 100 аалымдын китептерине тыюу салганы айтылууда

Саудия режими 100 аалымдын китептерине тыюу салганы айтылууда
Социалдык тармактарда Сауд Арабиясынын Мадина шаарындагы Ислам университетинин китепкана бөлүмүнө таандык делген документтер тарады. Анда аталган окуу жайда китептери чектөөгө алынышы мүмкүн болгон 100гө жакын аалымдын ысымдары болжолдуу түрдө көрсөтүлгөн.
«Тыюу салынган авторлордун тизмеси» деп аталган документке Абуль Хасан Али ан-Надви, Абу Аъла аль-Маудуди, Хасан аль-Банна, Сайид Кутб, Малик ибн Наби, Юсуф аль-Кардави жана Мухаммад аль-Газали сыяктуу көрүнүктүү ислам аалымдарынын ысымдары киргизилген.
Тыюу салынган аалымдардын катарында Абдульазиз ат-Тарифи, Салман аль-Ауда, Мухаммад Муса аш-Шариф, Сулайман аль-Ульван, Насир аль-Умар жана Сафар аль-Хавали да бар. Маалыматка ылайык, алардын көпчүлүгү учурда камакта кармалып турушат .
Комментарий:
Мухаммад бин Салман бийликке келгенден тартып өлкөдө Батыш идеологиясын жайылтуу үчүн масштабдуу иш-аракеттерди алып барууда. Модернизация жана экономикалык өнүгүү деген шылтоо менен Батыштын жашоо образы кеңири жайылтылып жатат. Кинотеатрлар ачылып, жарым жылаңач артисттер катышкан музыкалык фестивалдар жана концерттер өткөрүлүп, көңүл ачуу индустриясын өнүктүрүү үчүн үлкөн каражаттар сарпталууда.
Ошол эле маалда, өлкөдө эзелтен колдонулуп келген Ислам өкүмдөрү баскычма–баскыч жок кылынып, бийликтин коомду батышташтыруу саясатына каршы чыккандар, кала берсе колдобогондор камакка алынып жатат. Бул камакка алууларга аалымдар да дуушар болууда.
Саудия режими мусулмандардын аң-сезимине жаштайынан Батыштын сакафатын киргизип, ал эми ислам түшүнүктөрүн жок кылуу аракетин баштаган. Маселен, мектеп окуу китептерине өзгөртүүлөрдү киргизип, «Израилге» жана яхудийлерге каршы материалдар алынып салынган.
Буга чейин да Саудия режими окуу китептериндеги материалдарга бир топ өзгөртүүлөрдү жасап келген. 2020–2021-жылдардагы окуу программасынан мусулмандар менен яхудийлер ортосунда согуш сөзсүз болоору, анда мусулмандар яхудийлерди шексиз жеңери жөнүндөгү хадис алынып салынган. Сионисттик күчтөр акча, аялдар жана баңгизат аркылуу өз максаттарына жетүүгө аракет кылат деген текст окуу китептеринен чыгарылган. Ошондой эле жихадды даңазалаган «Аллахтын жолундагы жихад — Исламдын туу чокусу» деген сөздөр окуу китебинен чыгарылган.
Ошентип, Ибн Салман бийликке келгенден тартып өлкө калкынын динине жат болгон түшүнүктөрдү таңуулап, ал эми Исламдын түшүнүктөрүн жок кылууга аракет кылып келе жатат.
Харун Абдулхак




