Роя гезити

Саясатчы менен саясат таануучунун айырмасы

Саясатчы менен саясат таануучунун айырмасы

Саясатчы менен саясат таануучу — бири-бирине жакын эки түшүнүк, бирок алардын милдети жана ролу башка.

Саясат таануучу — саясатты илимий жактан изилдеп, саясий окуяларды талдаган адис. Ал мамлекеттерди, саясий системаларды жана эл аралык мамилелерди изилдеп, окуялардын себептери менен натыйжаларын талдайт, андан соң тыянактарды чыгарып, сунуштарды берет. Бирок ошого карабастан, ал саясий ишке практикалык түрдө катышпашы мүмкүн. Эгер ал өзүнүн ойлорун практикалык вакыйлыкка айландырууга умтулган пикирлөөчү болсо, анда ал саясий пикирлөөчүгө айланат.

Ал эми саясатчы — саясат менен практикалык түрдө алектенген, коомдун иштерин башкарууга, чечимдерди кабыл алууга жана өзү кабыл алган пикирге ылайык учурдагы түзүмдү сактоого же өзгөртүүгө умтулган адам. Президент, министр, депутат же кандайдыр бир саясий кыймылдын жетекчиси ушул категорияга кирет. Бирок чыныгы саясатчы кызмат орду менен гана аныкталбайт. Ал дыйкан, соодагер же башка кесиптин ээси болушу мүмкүн, ошого карабастан коомдун жашоосуна жана анын саясий багытына таасир тийгизиши мүмкүн. Тескерисинче, айрым кызмат ээлери расмий кызматтарды ээлеп турушса да, өз алдынча саясий эркке ээ болбой, алардын ролу башкалардын чечимдерин аткаруу менен гана чектелиши мүмкүн.

Коомдогу туура эмес түшүнүк

Тилекке каршы, коомубузда саясат тууралуу туура эмес түшүнүктөр жайылып кеткен. Алардын эң белгилүүлөрүнүн бири: «Саясатка аралашпаш керек, анткени ал бузук жана ыплас иш», — деген сөз.

Бул түшүнүк көптөгөн адамдарды өз коомунун иштерине көңүл буруудан алыстатты. Натыйжада, режимдер үммөттүн көзөмөлүнөн жана алардын эсеп-кысап кылуусунан оолак болуп, адамдар туура эмес саясаттарга кайдыгер болуп калышты. Бул зулумдуктун жана начар башкаруунун уланышына өбөлгө түзүп, үммөттүн маселелерине карата жоопкерчилик сезимин алсыратты.

Саясат деген эмне?

Саясат — ички жана тышкы иштерди камкордук менен башкаруу. Тилдик жактан: «ساسَ – يَسُوسُ – سِياسَة» деп айтылат. Бул — иштерди жөнгө салуу, башкаруу, камкордук кылуу жана башкалардын иштерин өз мойнуна алуу дегенди билдирет. «ساسَ الخيلَ» — «аттарды багып, үйрөтүп, башкарды» деп айтылат. «Саясат» сөзү мына ушул тилдик мааниден келип чыккан. Ал иштерге камкордук кылууну, аларды башкарууну жана тартипке салууну билдирет.

Расулуллах ﷺ айтты:

«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمُ الأَنْبِيَاءُ، كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ، وَإِنَّهُ لَا نَبِيَّ بَعْدِي، وَسَتَكُونُ خُلَفَاءُ فَتَكْثُر»

«Бану Исраилге пайгамбарлар саясат жүргүзүшчү (башкарышчу). Качан бир пайгамбар дүйнөдөн кайтса, анын артынан башка бир пайгамбар келчү. Чындыгында, менден кийин пайгамбар болбойт. Бирок халифалар болот жана алар көп болот». Бухарий жана Муслим риваят кылган.

Ушундан көрүнүп тургандай, «саясат» сөзү өзүнүн түпкү тилдик маанисинде камкордук кылууну жана башкарууну билдирет. Кийинчерээк бул сөз мамлекеттин жана коомдун иштерин башкарууну билдирген термин катары колдонула баштаган. Бул хадисте Расулуллах ﷺ «تَسُوسُهُمْ» деген сөздү колдонуп, саясаттын тилдик маанисин баяндаган. Ошондой эле хадис саясаттын бузук же төмөн иш эмес экенин, тескерисинче, пайгамбарлар алайхимуссалам аткарган ардактуу милдет экенин көрсөтөт.

Куран Каримдеги саясат сөзү

Куран Каримде «саясат» деген сөз өзүнүн ушул сөз формасында келген эмес. Бирок анын маанилери ар түрдүү сөздөрдө жана түшүнүктөрдө келген. Алардын арасында: өкүм, иш, халифалык, бийлик берүү жана шура бар.

Аллах Таала айтты:

﴿وَأَنِ احْكُم بَيْنَهُم بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ﴾

«(Эй Мухаммад), алардын арасында Алла түшүргөн нерсе (дин) менен өкүм кылгын». (Маида: 49).

Бул аят өкүмдүн булагы Аллах Субханаху ва Таала түшүргөн шарият экенин көрсөтөт.

Аллах Таала дагы айтты:

﴿يَا دَاوُودُ إِنَّا جَعَلْنَاكَ خَلِيفَةً فِي الْأَرْضِ فَاحْكُم بَيْنَ النَّاسِ بِالْحَقِّ وَلَا تَتَّبِعِ الْهَوَىٰ فَيُضِلَّكَ عَن سَبِيلِ اللَّهِ﴾

«Эй Давуд, акыйкатта Биз сени жерде халифа кылдык. Эми сен (көңүл) каалоосуна ээрчип кетпегин! Болбосо ал сени Алланын жолунан аздырат. Албетте Алла жолунан аза тургандар үчүн эсеп китеп Күнүн (Кыяматты) унутуп калгандары себептүү катуу азап бар». (Сад: 26).

Бул аят адилеттүүлүк башкаруу негизделиши керек болгон негиз экенин баяндайт.

Ошондой эле Куран Каримде өкүм жүргүзүү жана адамдардын иштерин башкаруу маанисин билдирген башка терминдер да келген. Алардын бири — истихлаф, башкача айтканда, адамды жер жүзүндө халифа кылуу. Аллах Таала айтты:

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْض﴾

«Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну убада кылды». (Нур: 55).

Ошондой эле алардын бири — тамкин, башкача айтканда, үстөмдүк жана кудурет берүү. Аллах Таала айтты:

﴿الَّذِينَ إِن مَّكَّنَّاهُمْ فِي الْأَرْضِ أَقَامُوا الصَّلَاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ وَأَمَرُوا بِالْمَعْرُوفِ وَنَهَوْا عَنِ الْمُنكَرِ وَلِلَّهِ عَاقِبَةُ الْأُمُورِ﴾

«Аларды (мусулмандарды) эгер Биз жер жүзүнө үстөм кылсак, алар намазды толук аткарышат, зекетти (тийиштүүлөргө) беришет, жакшылыктарга буйрушат, жамандыктан кайтарышат. (Бардык) иштердин акыбети Алланын (эрк-ыктыярында)». (Хаж: 41).

Бул аят Исламдагы башкаруунун милдеттерин баяндайт. Алар: намазды толук аткаруу, зекет берүү, маъруфка буюруу жана мункардан кайтаруу. Ошондуктан аалымдар бул аятты Исламдагы бийликтин максатын баяндаган эң маанилүү аяттардын бири деп эсептешкен. Анткени башкаруунун милдети түзүмдү сактоо же экономиканы башкаруу менен гана чектелбейт. Тескерисинче, анын милдети — адилеттүүлүктү орнотуу жана коомду Аллах Субханаху ва Тааланын буйруктарына ылайык башкаруу.

Курандагы терминдердин дагы бири — амр. Аллах Таала айтты:

﴿وَأَمْرُهُمْ شُورَىٰ بَيْنَهُم﴾

«Алардын иштери (дайыма) өз-ара акыл-кеңеш (менен) болот». (Шура: 38).

Ошондуктан: «Куранда халифалык айтылган эмес же ал жөнүндө сөз болгон эмес», — деген сөз туура эмес. Анткени жогорудагы аяттарда өкүм жүргүзүү, истихлаф жана адамдардын иштерин башкаруу түшүнүктөрү ачык-айкын баяндалган.

Демек, саясат — жаңылыктарды карап туруу, гезиттерди окуу же окуяларга комментарий берүү гана эмес. Мунун баары саясатчыга керектүү нерселерден болгону менен, саясаттын чыныгы маңызы — үммөттүн ички жана тышкы иштерин Исламдын негизинде камкордук менен башкаруу жана бул принциптерди турмуш вакыйлыгында жүзөгө чыгаруу үчүн аракет кылуу.

Исламдагы саясий аң-сезим

Мусулмандагы саясий аң-сезим — дүйнөгө жана анда болуп жаткан окуяларга Ислам акыйдасы аркылуу кароо, башкача айтканда, ар бир вакыйлыкты «Лаа илааха иллаллах, Мухаммадур Расулуллах» таразасы менен баалоо.

Эгер адам өзүнүн пикирин вакыйлыкты түшүнүүнүн жана аны өзгөртүүнүн негизи кылууга умтулса же өзүнүн пикирлери жашоодо үстөм болуп, коомдо колдонулушу үчүн күрөшсө, анда ал саясатчы болот. Анткени саясат пикирлерди жана принциптерди турмуш вакыйлыгында ишке ашыруу үчүн иш-аракет жана күрөш жүргүзүү менен тыгыз байланышта. Саясат — окуяларды билүү же аларды талдоо гана эмес.

Жыйынтыктап айтканда, саясат таануучу саясатты изилдеп, аны талдайт. Ал эми саясатчы — коомдун иштерин башкаруу же башкаруу түзүмүн оңдоо үчүн белгилүү бир пикирге жана программага ылайык иш алып барган адам.

Ал эми мусулмандагы саясий аң-сезим вакыйлыкка Ислам акыйдасы аркылуу кароодо жана акыйкат менен адилеттүүлүктү орнотууга карата жоопкерчиликти сезүүдө көрүнөт.

Ошондуктан Исламда саясат адамдардын белгилүү бир тобуна гана тиешелүү иш эмес. Тескерисинче, ал — үммөттүн иштерине камкордук кылууга жана анын кызыкчылыктарын Аллах Субханаху ва Тааланын өкүмдөрүнө жана Расулунун ﷺ сүннөтүнө ылайык сактоого байланышкан жоопкерчилик.

Роя гезити

Устаз Ислам Абу Халил – Өзбекстан

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button