Роя гезити

Судан – трагедиянын сандары жана агенттердин күрөшү ортосунда

Судан – трагедиянын сандары жана агенттердин күрөшү ортосунда

2026-жылдын 16-июнунда Судандагы улуттук жана эл аралык гуманитардык мыйзамдардын бузулушу жана кылмыштарды иликтөө боюнча улуттук комиссия согуш башталгандан бери 15 миң мыйзамсыз камоо жана мажбурлап дайынсыз жоготуу катталганын жарыялады.

Комиссияны жетектеген Судандын башкы прокурорунун орун басары Интисар Абдулъал Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, катталган кылмыш иштеринин саны 149 миң 860ка жеткенин билдирди. Алардын ичинен 385 иш туруктуу күчтөрдүн (армия, полиция жана чалгын кызматы) кызматкерлеринин мыйзам бузуулары боюнча козголгон. Бул кызматкерлердин кол тийбестиги алынып, сот жообуна тартылууга даярдалган.

Ал ошондой эле соттор кылмыштарга, мыйзам бузууларга жана Ыкчам колдоо күчтөрү менен кызматташууга байланыштуу 10 миң 417 иш боюнча чечим чыгарганын айтты. Дагы 21 миң 787 иш боюнча тергөө аяктап, аларды кароо үчүн улуттук сотторго жөнөтүлгөнүн билдирди.

Интисар Абдулъал БУУдагы бул жыйынга катышуусу Адам укуктары боюнча кеңешке адилеттүүлүктү камсыз кылуу, жабырлануучулардын укуктарын калыбына келтирүү жана кылмышкерлердин жазасыз калышына жол бербөө боюнча улуттук аракеттер тууралуу маалымат берүү максатын көздөөрүн баса белгиледи.

БУУ жана анын уюмдары Судандагы абалды дүйнөдөгү эң чоң гуманитардык кырсык, ошондой эле эң ири ачарчылык жана жер которуу кризиси катары мүнөздөдү. АКШнын Мамлекеттик департаментинин башкы өкүлүнүн орун басары: «150 миңден ашуун адам өлтүрүлдү, 14 миллиондон ашуун адам жер которду жана трагедия дагы эле уланууда», – деп билдирди.

Социалдык иштер министри министрлик согуш башталгандан тартып 2025-жылдын октябрына чейин 1800 зордуктоо фактысын каттаганын маалымдады. Бул көрсөткүчкө Фашер жана Кордофандагы окуялар кирбейт. Зордуктоолор көпчүлүк учурда үй-бүлө мүчөлөрүнүн көз алдында жасалганы, ошондой эле аялдар менен балдарды кулчулукка алуу, аларды коңшу өлкөлөргө сатып жиберүү фактылары катталганы айтылды.

Sudan Tribune гезити Эл аралык эмгек уюмунун маалыматына таянып, бомбалоолор жана кол салуулардан улам саламаттык сактоо мекемелеринин 37%ы иштен чыкканын билдирди. Ошондой эле, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун отчетуна ылайык, 1858 медицина кызматкери каза болуп, 490у жаракат алган.

Согушка чейин жумушсуздук деңгээли 32% болсо, азыр ал 80%га жетип, 5 миллион адам негизги киреше булагынан ажыраган.

БУУнун баяндамасында Чек арасыз дарыгерлер уюму 2024-жылдын январынан 2025-жылдын мартына чейин Түштүк Дарфурда сексуалдык зомбулукка кабылган 659 адамга медициналык жардам көрсөткөнүн билдирди. Уюмдун маалыматына ылайык, бул учурлардын 68%ы зордуктоо, 94%ы аялдар жана кыздар, 31%ы 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр, ал эми 7%ы 10 жашка чейинки балдар болгон.

Судан өкмөтү Ыкчам колдоо күчтөрүн Дарфур аймагындагы Дагрис жана Шала түрмөлөрүндө адам органдарынын мыйзамсыз соодасы менен алектенген уюшкан тармакты башкарууда деп айыптады. Өкмөттүн маалыматы боюнча, бул эки түрмөдө болжол менен 20 миң аскердик жана жарандык туткун кармалууда. Бирок Ыкчам колдоо күчтөрүнө жакын булактар бул айыптоолорду четке какты.

2026-жылдын 15-июнунда Al Jazeera Net сайты Ыкчам колдоо күчтөрү Түндүк Дарфурдагы Амбро аймагына караштуу Орши суу сактагычынын айланасында экинчи күн катары менен айылдарды өрттөп, элдин мүлкүн талап-тоноону улантып жатканын кабарлады. Мунун айынан миңдеген үй-бүлөлөр коңшу аймактарга массалык түрдө көчүүгө аргасыз болушту.

Түндүк Дарфурдагы элдик каршылык кыймылынын расмий өкүлү Абу Бакр Ахмад Имам “Al Jazeera Net сайтына билдиргендей, Ыкчам колдоо күчтөрү кечээ эртең менен аймакка аскердик техникаларды, ошондой эле атчан жана төө минген согушкерлерди колдонуп кеңири масштабдагы чабуул жасаган. Чабуулдун натыйжасында 8 айыл толугу менен өрттөлүп, Орши базары тонолуп жана өрттөлгөн. Ошондой эле көп сандагы мал жана элдин үй-мүлкү талап-тонолгон. Бул чабуул Тина чек ара аймагына, Карновойго жана алардын айланасына учкучсуз учактар менен болуп көрбөгөндөй күчөтүлгөн чабуулдардан бир нече күн өткөндөн кийин жасалды. Ошол эле учурда Оршиден качкан жергиликтүү тургундар бак-дарактардын түбүндө баш калкалап, ачык асман алдында түнөп жатышат.

Абу Бакр Имамдын “Al Jazeera сайтына билдиришинче, Ыкчам колдоо күчтөрү азыркыга чейин аймактан чыга элек жана турак жайларды кеңири масштабда өрттөөнү улантууда. Ал ошондой эле бул аймакта жергиликтүү элди коргой турган эч кандай аскердик күч жок экенин айтты.

Имамдын маалыматына ылайык, алдын ала эсеп боюнча кеминде 5 жай тургун каза болуп, дагы башкалары уурдалып кеткен. Миңдеген үй-бүлөлөр өрөөндөргө жана коңшу аймактарга качып, бак-дарактардын түбүндө ачык асман алдында жашоого аргасыз болушууда.

Өз кезегинде Дарфур аймагынын губернатору Муни Арко Минави өзүнүн Фейсбук баракчасындагы билдирүүсүндө бул жаңы кылмыш «Дарфурдагы калктын демографиялык картасын өзгөртүүгө багытталган системалуу стратегиянын бир бөлүгү» экенин белгиледи.

Өткөн жылдын 24-майында Ыкчам колдоо күчтөрүнүн дрондору эл жыш жайгашкан Тина базарына сокку урган. Натыйжада 14 жай тургун, алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар каза болуп, ондогон адамдар жаракат алышкан. Эртеси күнү ушул сыяктуу кыргын Карновойдо кайталанып, анда 7 адам каза болуп, 20дан ашуун киши жаракат алган. Чабуулдар Амбро жана анын айланасындагы аймактарды да камтып, акырындык менен күчөгөн эскалациянын бир бөлүгү болду.

Өткөн жылдын 26-майында Ыкчам колдоо күчтөрү Тинанын батышындагы Басу суу сактагычын бутага алып, натыйжада 3 жай тургун каза болуп, 100 миңден ашуун жер которгон адам жана жергиликтүү тургундар үчүн негизги жашоо булагы болгон суу камсыздоо системасы талкаланган.

Байкоочулардын айтымында, жарандык инфраструктуранын кайра-кайра бутага алынышы жашоо шарттарын жок кылууга жана жай тургундарды жер которууга мажбурлоого багытталган системалуу саясаттын белгиси болуп саналат. Ушундай эле көрүнүш Тина, Карновой жана Амбро аймактарында да кайталанган.

Куралдуу күрөш кыймылдарынын биргелешкен күчтөрүнүн расмий өкүлү, майор Мутаваккил Али Вакил Абужа Аль-Жазира Нет сайтына билдиргендей, суу булактарына жасалган чабуул Басу суу сактагычы менен гана чектелбестен, Орши суу сактагычын жана Амбро менен Тинадагы башка аймактарды да камтыган.

Түндүк Дарфурдагы элдик каршылык кыймылынын расмий өкүлү Абу Бакр Ахмад Имам буга чейин жасаган билдирүүсүндө болуп жаткан окуялар кокустук эмес экенин айтып: «Суу булактарын талкалоо жана мечиттерди бомбалоо жөн гана кокустук эмес. Бул жашоо булактарын жок кылууга, калкты мажбурлап көчүрүүгө жана демографиялык жактан өзгөртүүгө багытталган алдын ала ойлонулган план», – деген.

Акыркы жумаларда Тина, Карновой, Амбро жана Орши аймактарында бир нече ирет жер которуу толкундары болду. Ыкчам колдоо күчтөрү алдыга жылууну улантып жаткандыктан, коргоонун жоктугу жана коопсуздук коркунучтарынын уланышы элди өтө оор абалга кептөөдө. Жаңы жер которгондор буга чейин эле бак-дарактардын түбүндө ачык асман алдында жашап жаткан миңдеген үй-бүлөлөргө кошулууда. Алардын баш калкалоочу жайы, азык-түлүгү жана дары-дармеги жок. Чабуулга кабылган аймакта жарадарларды кабыл ала турган талаа ооруканасы жок. Өрттөлгөн айылдарда суу таптакыр жок болуп калган. Ал эми жер которгон үй-бүлөлөр мурда Тина, Карновой жана Амбродо болгондой эле, өрөөндөрдөгү бак-дарактардын түбүнөн кандайдыр бир коопсуз жай издөөгө аргасыз болуп жатышат.

Бул күчөгөн чабуулдар Ыкчам колдоо күчтөрү Басу суу сактагычын бутага алгандан бир нече күн өткөндөн кийин болду. Юридикалык адистер бул окуяны Женева I протоколунун 54-беренесине ылайык, жай тургундар үчүн өтө маанилүү болгон суу объектилерин жок кылууга тыюу салынгандыктан, «толук кандуу согуш кылмышы» деп баалашты.

Курандын өлкөсү, Каабанын жабуусун жасаган Али Динардын өлкөсү болгон, мыкты эли бар Суданда бүгүн болуп жаткан окуялар башкаруучулардын моюн сунуусу, агенттиги жана кожоюндарынын артынан ээрчүүсү болбогондо эч качан болмок эмес. Ал башкаруучулар өз кожоюндары кескелдириктин ийинине кирсе да артынан кирүүгө даяр!

Бул согуш Американын көрсөтмөсү менен анын агенттери Бурхан жана Дагало аркылуу Европанын, айрыкча Британиянын Судандагы таасирин жоготуу үчүн тутандырылды. Натыйжада, бул маанисиз согуш алып келген мыйзам бузууларга жана трагедияларга эч көңүл бурулбай, бүгүнкү абал жаралды.

Суданды колонизаторлордун куйруктары башкарып кала берсе, Судан элинин абалы оңолбойт. Анткени алар бизге карата эч кандай туугандыкты да, келишимди да сакташпайт. Алардын эң чоң максаты жана бардык билгени – өлкө менен элдин кыйрашына алып келсе да, өз кожоюндарынын ыраазылыгына жетүү.

Ошондуктан, кутулуу да, башпаанек да Аллах Таала жана Анын Элчиси ﷺ биз үчүн ыраазы болгон Ислам мамлекетинде Ислам өкүмдөрүн колдонуу аркылуу гана болот. Ал мусулмандардын биримдигин жана күчүн сактап, каапырларды жеңе турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети.

Роя гезити

Устаз Абдулхалик Абдун Али

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button