Согушка 12 жыл: Колонизаторлор Йемен элинин канын төгүүнү качан токтотушат?!

Согушка 12 жыл: Колонизаторлор Йемен элинин канын төгүүнү качан токтотушат?!
БУУнун Йемен боюнча атайын өкүлү Ханс Грундбергдин кеңсеси 2026-жылдын 10-июнунда, шаршемби күнү Амманда өткөн жыйын тууралуу билдирүү жарыялады. Бул жыйынга Йемен өкмөтүнүн Аскердик координация комитетинин өкүлдөрү жана Саудия жетектеген Йемендеги «мыйзамдуулукту» колдоо коалициясынын биргелешкен күчтөр командачылыгынын өкүлдөрү катышты.
Мезгил-мезгили менен өткөрүлүп турган Координация комитетинин бул жыйыны 2026-жылдын 7-июнунда, жекшемби күнү башталып, 10-июнда, шаршемби күнү аяктады. Ага Шаиъ аз-Зиндани министрлигинин өкүлдөрү жана Йеменге каршы согушту жетектеп жаткан Эр-Рияддын өкүлдөрү катышты. Максат – башында айтылгандай хусийлерди бийликтен кулатуу эмес, тескерисинче аларды бийликте бекемдөө болду. Бул болсо түштүк, чыгыш аймактарында жана Батыш жээкте жайгашкан, негизинен Британиянын эркеси болгон БАЭге караштуу, хусийлерге каршы турган аскердик түзүмдөрдү талкалоо аркылуу ишке ашырылууда.
Бул комитет 2022-жылдын май айында БУУнун көзөмөлү алдында түзүлгөн. Максаты – ок атышууну токтотууну көзөмөлдөө, өкмөттүк күчтөр менен хусийлердин ортосундагы жарашуу келишимин бекемдөө, саясий чечимге жетишүүгө жана жаңжалды токтотууга түрткү берүү болгон. Комитеттин курамына Йемен өкмөтүнүн, хусий жамаатынын жана «мыйзамдуулукту» колдоо коалициясынын аскердик өкүлдөрү кирет. Ал жыйындарын БУУга караштуу атайын өкүлдүн кеңсесинин көзөмөлүндө үзгүлтүксүз өткөрүп келет. Бул жыйындар 2022-жылдын апрелинде БУУ жарыялаган элдешүүдөн кийин, Йемендеги куралдуу жаңжалдын эки тарабынын катышуусу менен өткөрүлө баштаган.
Грундберг 2026-жылдын 21-апрелинде Амманда ушул сыяктуу жыйынга Эр-Рияддын өкүлдөрү менен бирге чогулткан хусийлер болсо, 2026-жылдын 10-июнунда, шаршемби күнү чыккан билдирүүгө эч кандай жооп беришкен жок жана унчукпай калышты. Ал билдирүүдө үч тараптын өкүлдөрү катыша турган жаңы жыйын өткөрүүгө чакырык жасалган, бирок анын датасы көрсөтүлгөн эмес.
Аммандагы жыйын хусийлердин 2026-жылдын 8-июнунда, дүйшөмбү күнү басылып алынган Палестина тарапка ракеталарды жана учкучсуз учактарды учурушу менен дал келди. Мындан мурда, хусийлердин өкүлү Яхья Сариъ 2026-жылдын 28-мартында, ишемби күнү Иранды колдоо үчүн согушка киргенин жарыялагандан кийин, БУУнун атайын өкүлү Грундберг 2026-жылдын 29-мартында, жекшемби күнү өз кеңсеси аркылуу билдирүү жасап, хусийлердин согушка кириши Йемендеги жаңжалды чечүүнү ого бетер кыйындатарын, анын экономикалык кесепеттерин тереңдетерин жана жай тургундардын азап-тозогун узартарын айткан. Амманда төрт күнгө созулган жыйындарда төмөнкү маселелер талкууланды: ок атышууну токтотуу, деңиз коопсуздугу жана чыңалууну азайтуу боюнча кадамдар.
Акыркы 12 жыл ичинде БУУнун өкүлдөрү хусийлерди эл аралык системада эңсеп жүргөн “бийликтин мыйзамдуулугу тууралуу күбөлүктү” беребиз деген жем менен дайыма азгырып келишкен. Ошонун алкагында Грундберг дагы бир жолу: «Аскердик координация комитетинин алкагында жана башка каналдар аркылуу олуттуу диалогду сактоо Йеменде туруктуу тынчтыкка жетишүүгө багытталган кеңири аракеттерибизди олуттуу түрдө колдой алат», – деп билдирди.
Бул жыйын Аденде жана түштүк вилаяттарда жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдүн шартында өттү. Алар армияны ар башка шартта түзүлгөн ар түрдүү аскердик түзүмдөрдү бириктирүү деген аталыш менен кайра уюштурууну, ошондой эле «Мекен калканы» деген аталыш алдында аскердик жана коопсуздук жетекчилерин алмаштырууну камтыйт. Бул долбоорду Эр-Рияд таңуулап, аны Саудия Коргоо министрлигинин кеңешчиси Фалах аш-Шахрани жетектеп жатат. Мунун максаты – кожоюну болгон Американын кызыкчылыгына кызмат кылып, аз-Зиндани өкмөтү көзөмөлдөгөн аймактардагы Британиянын малайларын жок кылуу.
Мындан тышкары, кайрадан жанданган киши өлтүрүүлөрдүн толкуну да ушул учурга туура келди. Ал 2026-жылдын 3-июнунда, шаршемби күнү Хадрамаут вилаятынын Сейюн шаарында чалгын кызматынын офицери полковник Лафи Ахмад Салим бин Жаъфар аль-Амиринин өлтүрүлүшү менен башталды. Андан кийин 2026-жылдын 4-июнунда, бейшемби күнү, Мукалла шаарында Хадрамауттун губернатору жана сегиз мүчөдөн турган кеңештин мүчөсү Салим Ахмад аль-Ханбашинин штаб-квартирасы белгисиз үч учкучсуз учак менен бутага алынды. 2026-жылдын 6-июнунда, ишемби күнү Ходейда вилаятынын Хоха аймагында биринчи дивизиянын командачысы бригадалык генерал Яхья Вахиш анын кортежине коюлган жардыруучу түзүлүштүн жарылуусунан каза болду. 2026-жылдын 7-июнунда, жекшемби күнү, Мукаллада Мукалланын мурдагы коопсуздук башкармалыгынын жетекчисинин уулу Мухаммад Ахмад аль-Хамади өлтүрүлдү. Ал эми 2026-жылдын 8-июнунда, дүйшөмбү күнү Абьян вилаятынын Мудия аймагында коопсуздук кызматкери Адли Махрук өлтүрүлдү. Ошентип, жума күнүндөгү тыныгууну эске албаганда, киши өлтүрүүлөр беш күн катары менен уланды.
Мунун артынан 2026-жылдын 10-июнунда, шаршемби күнү Адендеги «Чоңдор бригадаларына» караштуу ас-Сулбан аскер лагеринде жарылуу болуп, алдын ала маалымат боюнча 12 адам каза таап, дагы 9 адам жаракат алды.
Мунун баары мамлекеттик сектор кызматкерлеринин Сана менен Адендеги айлык акысынын берилбей жатышы, Санада бензинге кошулма аралаштырылышы, Аденде дизел баасынын кымбатташы жана эң оболу электр энергиясы баш болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн кескин начарлашы сыяктуу оор ички кырдаалдын шартында болуп жатат. Мунун баары мусулман жерлеринин ортосунда болуп жаткан аскердик чыңалуулардын шартында орун алууда. Анда Америка өзүнүн кол баласы болгон яхудий түзүмүнүн жардамы менен 2026-жылдын 28-февралынан бери Иранга каршы аскерий чабуул жана блокада жүргүзүп, Ормуз кысыгын жапты. Мунун баары Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө деген шылтоо менен жасалууда. Бул Америка мурда Афганистанды жана Иракты массалык кыргын салуучу куралга ээ болушуна жол бербөө деген жүйө менен басып алган окуялардын кайталанышы эмеспи?!
Мындан тышкары, БУУнун атайын өкүлү Грундберг хусийлерге кысым көрсөтүүнү улантып, алардын колунда 2024-жылдын май айынан бери кармалып турган БУУнун жана башка батыш уюмдарынын 73 кызматкерин бошотууну талап кылууда. Бул 73 кармалган адам өздөрүнүн тыңчы экенин билишеби же билишпейби, чындыгында алардын абалы бирдей. Ошондой эле ал алардын кармалып турушунан улам БУУнун программалары жана ага окшогон уюмдар көрсөткөн жардамдардын кыскарышын байланыштырып жатат. Бул БУУнун кысымына БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш да кошулуп, жардамдардын кыскарышы үчүн жоопкерчиликти хусийлерге жүктөдү.
Эл аралык система дүйнө иштерин мына ушундайча башкарат. Анын пландарына өз ыктыяры менен кошулбаган өлкөлөргө каршы согуш ачат жана өзү сунуштаган чечимдер аркылуу элдерди кыйнайт. Мунун баары өз колу менен түзүп, кыйшык тактарга отургузган, Аллахка жана Анын Элчисинен жүз бурган башкаруу системалары аркылуу ишке ашырылууда. Эл аралык система булганыч саясий оюндун бардык карталары өзүнүн колунда калышын каалайт. Бирок ал жардамдарын токтотобуз деп коркутуп, элдерди ачарчылыктан өлөсүңөр деп үркүтүү менен аларды түбөлүк басынтып, эзип тура албайт. Эгер алар өзүнө каршы чыгып, өздөрүнүн Жаратуучусуна жана адамзат үчүн бактылуу жашоо тартибин түшүргөн Раббисине моюн сунушса, анда мындай коркутуулар пайдасыз болуп калат. Аллах Таала мындай деген:
﴿وَلَوْ أَنَّ أَهْلَ الْقُرَىٰ آمَنُوا وَاتَّقَوْا لَفَتَحْنَا عَلَيْهِم بَرَكَاتٍ مِّنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ﴾
«Эгер ал кыштактардын (жайлардын) калкы ыйман келтирип, такыбадар болгондо, албетте, Биз аларга асман менен жердин береке (дарбазаларын) ачып койгон болоор элек». (Аъраф: 96).
Бул болсо мусулмандар жер жүзүндө Ислам башкаруусун – экинчи рошид Халифалыкты – тикелөө үчүн үнүн бийик чыгарып, чечкиндүү аракет кылышы керек дегенди гана билдирет. Анткени эл аралык система өзүнүн сасык жыты менен бүт дүйнөнү каптап бүттү.
Роя гезити
Инженер Шафик Хамис




