Роя гезити

Судан өкмөтүнүн экономикалык саясаттагы башаламандыгы

Судан өкмөтүнүн экономикалык саясаттагы башаламандыгы

Судан фунтунун кескин арзандоосу уланып, бир АКШ долларына карата дээрлик 5000 фунтка жеткен рекорддук деңгээлге жакындады. Бул болсо баалардын кайрадан кескин өсүшүнө түрткү берип, улуттук валюта өз наркынын чоң бөлүгүн жоготушуна алып келди. Натыйжада бул абал түздөн-түз элдин турмушуна таасир этти. Эл аралык миграция уюмунун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө үй-бүлөлөрдүн 86%ы эң негизги муктаждыктарын да камсыздай албай калды. Калктын оор абалы күнүмдүк турмуштун эң жөнөкөй керектөөлөрүнөн эле көрүнүп турат. Маселен, бир газ баллонун толтуруунун баасы 120 миң фунтка жетти. Бул сумма тогузунчу даражадагы мугалимдин 86 миң фунт болгон айлыгынан да жогору. Ал эми биринчи даражадагы мугалимдин 225 миң фунт өлчөмүндөгү айлыгы бир үй-бүлөнүн бир айлык нанга болгон чыгымын да жабууга жетпейт.

Судан фунту долларга жана башка чет элдик валюталарга салыштырмалуу тогуз эсеге чейин арзандап, өз наркынын 90%ын жоготту. 2023-жылы доллардын курсу 570 фунт болсо, азыр 4700 фунтка жетти. Айрым маалыматтар боюнча ал жакын арада 5000 фунтка чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Ошондой эле Сауд риалынын курсу 200 фунттан 1050 фунтка, ал эми Египет фунту 13 судан фунтунан 98 судан фунтуна чейин өстү.

Улуттук валютанын мындай кескин арзандашы бааларга жана калктын сатып алуу жөндөмүнө түздөн-түз сокку урду. Натыйжада товарлардын баасы он эсеге чейин кымбаттады. Мисалы, бир галлон бензиндин баасы 3000 фунттан 30000 фунтка чейин өстү. Ошол эле учурда эмгек акынын реалдуу наркы кескин төмөндөдү. Бир нече жыл мурун мугалимдердин айлыгы 181–498 АКШ долларына барабар болсо, бүгүнкү күндө анын көлөмү болгону 17–84 доллардын тегерегинде калды. Бул алардын номиналдык айлыгы мурдагыдай эле 86 миңден 225 миң фунтка чейин сакталып турганына карабастан ушундай болду.

Экономикалык кризистин негизги себеби Суданда капиталисттик экономикалык системанын белгилүү куралдары болгон салыктарды, бажы төлөмдөрүн жана монополияны колдонууда жатат. Бүгүнкү күндө салыктар товарлардын баасынын болжол менен 70%ын түзөт. Ал эми бажыдагы доллардын расмий курсу 2025-жылдын башынан бери 2000 фунттан 3222 фунтка чейин көтөрүлүп, 61%га өстү. Айрым товарларды импорттоо укугу белгилүү тараптардын монополиясына айланып, алар бааларды өздөрү көзөмөлдөгөн шартта, баалардын кымбатташы жана элдин турмушунун оорлошу табигый натыйжага айланууда.

Ал эми улуттук валютанын арзандашынын үч негизги себеби бар. Биринчиси – соода балансынын тартыштыгы. Судандын экспорту болжол менен 2,6 миллиард долларды, ал эми импорту 6,5 миллиард долларды түзөт. Натыйжада 3,9 миллиард долларга жакын тартыштык пайда болууда. Импорт экспорттон көп болгон сайын, импортту каржылоо үчүн чет элдик валютага болгон суроо-талап өсөт. Бул доллардын курсунун жогорулашына жана жергиликтүү валютанын баасынын төмөндөшүнө алып келет.

Кызыгы, Судан мындай тартыштыкка дуушар боло тургандай жаратылыш ресурстары жакыр өлкө эмес. Ал Африкадагы эң ири алтын өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат, дүйнөдөгү араб сагызынын (гуммиарабик) негизги бөлүгүн өндүрөт. Мындан тышкары, анын ири айыл чарба, мал чарба жана кен байлыктары бар. Бирок коррупция жана өндүрүштү кыйраткан мамлекеттик саясаттар Суданга бул байлыктардан чыныгы пайда көрүүгө мүмкүнчүлүк берген жок.

Мунун эң ачык мисалдарынын бири – алтын тармагы. Финансы министринин билдирүүсүнө ылайык, 2025-жылы Суданда болжол менен 70 тонна алтын өндүрүлгөн. Бирок расмий түрдө анын болгону 20 тоннасы гана экспорттолгон. Өкмөт алтын өндүрүшүн көзөмөлдөп турганына карабастан, анын бир бөлүгү гана экспорттолуп, калганы жооптуу кызматкерлердин чөнтөгүнө кетүүдө. Эгер ушул 70 тонна алтындын өзү гана толугу менен экспорттолсо жана башка эч кандай экспорт болбосо, Судандын экспортунун көлөмү 9 миллиард долларга жетмек. Бул болсо соода балансында 2,5 миллиард долларлык профицитти камсыздамак.

Ошондой эле өкмөттүн салык саясаты өндүрүштү кыйраткан негизги куралдардын бири болду. Анткени көп сандагы салыктар менен алымдар айыл чарба жана өнөр жай тармактарынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу түрдө жокко чыгарды.

Албетте, азыркы согуш экономикалык кризисти дагы да күчөттү. Бирок ал кризистин чыныгы башаты эмес. Анткени Судан фунтунун кунсузданышы жана баалардын өсүшү согуш башталганга чейин эле көп жылдар мурда башталган. Бирок согуштун шарттары өкмөткө кадимки учурда ишке ашыруу кыйын болгон экономикалык чараларды өткөрүүгө, тагыраагы, «чыгармачыл башаламандыкка» окшош жагдайды түзүп берди. Мындай чаралардын бири – улуттук валютанын баасын төмөндөтүү болду.

Ал эми Судан фунтунун арзандашынын экинчи себеби – учурдагы акча системасынын өзүндө. Анткени колдонулуп жаткан валюта эч кандай бекем негизге таянбаган милдеттүү кагаз акча. Мамлекет аны каалаган учурда эч кандай камсыздоосуз басып чыгара алат. Белгилүү болгондой, акча массасынын көбөйүшү инфляцияны күчөтөт. Инфляция болсо валютанын наркын төмөндөтүп, адамдардын эмгегинин үзүрүн жана топтогон каражаттарын нарксыздандырат.

Үчүнчү себеп – экономиканы кыйраткан Эл аралык Валюта Фондунун шарттарын аткаруу. Алардын бири улуттук валютанын долларга карата баасын төмөндөтүү. Фонд мамлекеттен өз валютасынын наркын түшүрүүнү талап кылат. Бул өлкөнүн байлыктарын талап-тоноого багытталган колониялык максаттарды көздөйт.

Өкмөттүн көрүп жаткан чаралары болсо көйгөйдүн себептерин эмес, анын кесепеттерин гана жоюуга багытталган. Маселен, өкмөт күйүүчү майдын кымбатташына импорттоочуларды күнөөлөп, мындан ары импортту өз министрликтери аркылуу жүргүзөрүн жарыялаган. Бирок эки күндөн кийин бул чечиминен баш тартып, импорттоочулардан импортко уруксат алуу үчүн 200 килограмм алтынды депозит катары коюуну талап кылган. Бул көрүнүш өкмөттүн чараларындагы башаламандыктын деңгээлин айкын көрсөтүп турат.

Белгилей кетүүчү жагдай, мамлекет күйүүчү май рыногунан сыртта эмес. Анткени төрт мамлекеттик компания импорттолгон күйүүчү майдын болжол менен 50%ын алып келет. Калган жарымы болсо 38 жеке компаниянын ортосунда бөлүштүрүлөт.

Мындан тышкары, мамлекет бензиндин ар бир литрине 31% өлчөмүндө салык салат. Ошондой эле күйүүчү майды бир аймактан экинчисине ташууда ар бир литр үчүн 500 фунтка чейин аймактык жыйым алынат. Демек, капиталисттик жыйым-салык саясаты аркылуу мамлекет өзү элдин түйшүгүн көбөйтүп, күйүүчү майдын баасынын өсүшүнө себеп болуп жатат.

Судан фунтунун наркын сактап калуу үчүн анын туруктуу жана бекем негизи болушу зарыл. Ал негиз – алтын. Демек, алтын менен камсыздалбаган акча басылып чыгарылбашы керек. Алтын стандарты колдонулган учурда фунт өзүнүн ички наркына ээ болот. Ошондо адамдар акчасынын наркы түшүп кетет деп коркуп, топтогон каражаттарын долларга же башка валютага алмаштырууга муктаж болбойт.

Судандагы экономикалык көйгөйлөрдүн түпкү чечими – Даанышман жана бардык нерседен Кабардар болгон Аллахтын өкүмдөрүнө негизделген исламий экономикалык системаны колдонууда. Бул система Судандын байлыктарын натыйжалуу пайдаланууга жана адамдардын алардан өндүрүштө, өнөр жайда жана соодада пайда көрүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле ал сүткорлукка негизделген Эл аралык Валюта Фонду менен Дүйнөлүк банктын өлкөнүн экономикалык саясатына кийлигишүүсүнө бөгөт коюп, алардын улуттук валютабыздын кунун төмөндөтүүсүнө жол бербейт. Мындан тышкары, бул система өлкөбүздүн үстүнөн доллардын колониялык үстөмдүгүн жоюп, акча системасынын негизин бекем пайдубалга – алтын стандартына негиздейт.

Алтын миңдеген жылдар бою акча системасынын негизи болуп келген. Ислам да ушул негизди кабыл алып, бир катар өкүмдөрдү алтынга байланыштырган. Алтын туруктуу негиз болуп саналат, анткени ал баалуу металл болгондуктан анын наркы дээрлик өзгөрбөйт. Бирок мындай системаны ишке ашыруу үчүн Халифалык мамлекети керек. Азыркы малай бул режимдер аны жүзөгө ашыра алышпайт.

Роя гезити

Инженер Басил Мустафа

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button