Роя гезити

Магрибдеги үч тараптуу координация колониялык коопсуздук ыкмаларына туруштук бере алабы?

Магрибдеги үч тараптуу координация колониялык коопсуздук ыкмаларына туруштук бере алабы?

Сахел аймагындагы өсүп жаткан коркунучтар НАТОнун жиктелиши жана АКШнын артыкчылыктарынын өзгөрүшү менен кесилишкен аймактык кырдаалда, Тунис, Ливия жана Алжир ортосундагы үч тараптуу коопсуздук координациясы маанилүү орунга чыгууда.

Магрибдеги үч тараптуу координация колонизатордук коопсуздук кийлигишүүлөрүнө туруштук бере алабы?

Сахел аймагында күчөп жаткан коркунучтар, НАТО ичинде жарака кетиши жана Американын артыкчылыктарынын өзгөрүшү, аймактык кырдаалда Тунис, Ливия жана Алжир ортосундагы үч тараптуу коопсуздук координациясы маанилүү орунга чыгууда. Бул координация салттуу коопсуздук түзүмдөрүнө болгон көз карандылыктын азайышы менен пайда боло баштаган стратегиялык боштукту толтуруу аракети катары көрүнүүдө.

Үч тараптуу координация… жалпы коопсуздукка карай магрибдик кадам:

2026-жылдын 16-июнунда Ливиянын борбору Триполиде Ливия, Алжир жана Тунистин орток чек араларын коргоо боюнча жооптуу болгон биргелешкен жумушчу топтун экинчи жыйыны өттү. Бул топ 2025-жылдын январь айында үч өлкөнүн ички иштер министрлеринин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде уюшулган.

Бул жолугушуу жөн гана техникалык мүнөздөгү жыйын болгон жок. Тескерисинче, ал үч тараптуу саясий чечимдин көрүнүшү болду. Анткени товарлар менен адамдардын мыйзамсыз аткезчилиги, уюшкан кылмыштуу тармактар менен терроризмдин күч алышы, ошондой эле Европанын Жер Ортолук деңизинин түштүк жээгинде өз чек араларын кайра уюштуруу стратегиясы сыяктуу чек арадан ашкан коркунучтарга биргелешкен координациясыз каршы туруу мүмкүн эмес экенин бул өлкөлөр түшүнүшөт.

Мындан да маанилүүсү, экинчи жыйындын Триполиде өткөрүлүшү саясий билдирүүнү камтыйт: Ливиянын борбору ички кырдаалдын туруксуздугуна карабастан аймактык координациянын аянтчасы боло аларын жана коопсуздук маселеси эл аралык деңгээлде таанылган мамлекеттик мекемелер аркылуу башкарылышы мүмкүн экенин көрсөттү.

НАТОдогу жарака шартында стратегиялык боштук альтернатива издеп жатат

Бул үч тараптуу координацияга геосаясий маани берип жаткан нерсе — ал пайда болгон туруксуз эл аралык кырдаал. Анткени Америка менен анын НАТОдогу европалык өнөктөштөрүнүн ортосунда болуп көрбөгөндөй чыңалуулар күчөп жатат. Америка Европадагы аскердик милдеттенмелерин кыскартуу боюнча бир нече жолу эскертүү жасап, европалык өнөктөштөрүн коргонуу жаатындагы жоопкерчилигин жетиштүү деңгээлде көтөрбөй жатканын айыптоодо. Муну Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубио да ачык айтып, Иран маселеси боюнча бирдиктүү позицияны кабыл алууда НАТОдогу өнөктөштөрүнүн чечкинсиздигин сынга алды. Бул болсо Батыш альянсынын ичинде тереңдеп бараткан жараканын белгиси болуп саналат.

Бул жарака Африкага да таасирин тийгизбей койгон жок. НАТОго жалпы коопсуздук алкагы катары болгон таянуу азайган сайын, Вашингтон аймактык деңгээлдеги альтернативдүү өнөктөштүктөрдү издей баштады. Бул болсо Американын Түндүк Африкага болгон кызыгуусунун күчөшүн жарым-жартылай түшүндүрөт. Талдоолордо белгиленгендей, Америка менен анын НАТОдогу өнөктөштөрүнүн ортосундагы азыркы чыңалуу Африка коопсуздугун толугу менен алыскы күчтөргө тапшырып коюу мүмкүн эмес экенин эскертүүдө. Тескерисинче, чыр-чатактарды чечүү жана экономикалык кызматташтык үчүн бекемирээк негиз түзүү максатында континенттик мекемелерди чыңдоо зарыл.

Американын кызыкчылыктары: эсеп-кысаптар жана карама-каршылыктар:

Американын бул аймакка болгон кызыгуусу бүгүн эле пайда болгон жок. Бирок Түндүк Африкадагы таасир үчүн эл аралык атаандаштыктын күчөшү, айрыкча Америка менен Европанын ортосундагы атаандаштык, ошондой эле Россия менен Кытайдын ролунун өсүшү бул кызыгууга жаңы дем берди. Бул динамика Американын Туниске карата күчөгөн дипломатиялык аракеттеринен даана көрүнүп турат. Анткени Тунис коопсуздук, саясий жана стратегиялык жактан өз ара байланышкан себептерден улам Вашингтондун өзгөчө көңүл борборуна айланды.

2015-жылдан бери НАТОнун курамына кирбеген негизги өнөктөш макамына ээ болгон Тунис, айрыкча деңиз тармагында аймактык ролун күчөтүүгө умтулуп, аймактык аскерий кызматташтыктын платформасына айланууну каалайт. Бул 2026-жылдын июнь айында Американын Европа жана Африкадагы деңиз күчтөрүнүн командачысынын Туниске жасаган сапары аркылуу да көрүндү. Андагы сүйлөшүүлөр негизинен Жер Ортолук деңизиндеги деңиз кызматташтыгына багытталган.

Бирок Американын Алжирге карата позициясы эң татаал бойдон калууда. Вашингтон Алжирдин терроризмге каршы күрөшүүдөгү тажрыйбасын моюнга алганы менен, анын Россия жана Кытай менен болгон тыгыз алакалары, ошондой эле айрым сезимтал аймактык маселелер боюнча өз алдынча позициясы себептүү ага өтө этият мамиле кылууда. Ошондуктан Вашингтон кош стратегияны жүргүзүүгө аракет кылып жатат: бир жагынан Алжирдин коопсуздук жаатындагы тажрыйбасынан пайдалануу, экинчи жагынан болсо аны Батыш менен толук союздаш болууга түртпөстөн, бейтараптык чөйрөсүндө кармап туруу.

Ал эми Ливия Вашингтон үчүн Түндүк Африкадагы коопсуздуктун ачкычы болуп саналат. Себеби анын саясий туруктуулугу чыныгы чек ара коопсуздугунун негизги шарты катары каралат. Ошондуктан Вашингтон Ливиядагы тараптардын көз караштарын жакындатуу үчүн дипломатиялык демилгелерди көтөрүп, мамлекеттик мекемелерди бириктирүүгө жана натыйжалуу коопсуздук координациясы үчүн ылайыктуу шарттарды түзүүгө аракет кылууда.

Көз карандысыз магрибдик көз караш:

Ушундай өзгөрүүлөрдүн шартында мындай суроо жаралат, Магриб өлкөлөрү тышкы стратегияларды жөн гана кабыл алуучу ролу менен чектелеби же өз алдынча коопсуздук көз карашын түзүүгө умтулабы?

Тунис, Ливия жана Алжирдин ортосундагы үч тараптуу координация туура багыттагы кадам болуп саналат. Бирок ал аймактын калган өлкөлөрүн да камтыган кеңири көз караш менен толукталмайынча толук кандуу боло албайт.

Түндүк Африка туш болуп жаткан Сахел аймагындагы туруксуздуктан тартып мыйзамсыз миграцияга жана уюшкан кылмыштуулукка чейинки чакырыктар колонизаторлор калтырып кеткен жасалма чек араларды тааныбайт жана алыскы борборлордон келе турган чечимдерди күтпөйт. Атлантика аркылуу түзүлгөн мамилелердеги жарака да аймактык коопсуздукту башкаларга ишенип тапшыруу — шарияттагы күнөөсүнөн тышкары — мындан ары узак мөөнөттүү стратегиялык тандоо эмес, тескерисинче, чоң тобокелдиктерди камтыган коюм экенин ырастап турат.

Ошондуктан жалпы жана көз карандысыз көз карашка чакыруу жөн гана саясий ураан эмес, тескерисинче, шаръий важиб жана коопсуздук менен экономика үчүн турмуштук зарылдык болуп саналат. Анткени Магриб өзүнүн стратегиялык географиялык жайгашуусу, адамдык жана табигый ресурстары аркылуу чек араларын коргогон, эгемендигин сактаган аймактык коопсуздук тутумун түзүүгө жөндөмдүү. Бул болсо ондогон жылдар бою аймакты коопсуздук тосмосу же эл аралык атаандаштыктын майданы катары гана карап келген колонизатордук пландардан алыс болушу керек.

Демек, негизги чакырык Америкадан да, Европадан да эмес. Ал толугу менен Магрибдин өзүнө тиешелүү. Бул болсо үммөттүн жана анын күч ээлеринин ушул тарыхый учурдун маанисин аңдап түшүнүүсүнөн башталат. Максат — кечээги колонизаторлуктун барагын жаап, эртеңки биримдикти калыптандыруу. Анткени чыныгы коопсуздук жалаң гана күзөт патрулдары жана камералар менен курулбайт. Ал үммөткө өзүнүн бийлигин кайра кайтарып бере турган, демилгени өз колуна алып, коопсуздук жаатындагы эгемендикти камсыз кыла алган мамлекетти бекемдей турган саясий жана хазарий долбоор аркылуу гана курулат. Бул болсо улуу державалардын көзөмөлүнөн жана алардын өзгөрүлмө күн тартиптеринен алыс болушу керек.

Роя гезити

Устаз Ясин бин Яхья

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button