Түркияда күчөп жаткан саясий кризис!

Түркияда күчөп жаткан саясий кризис!
Акыркы убактарда Түркия эң туруксуз саясий баскычтардын бирин баштан кечирүүдө. Буга оппозициядагы эң ири партиянын жетекчилигине каршы көрүлгөн болуп көрбөгөндөй соттук чаралар жана алардын артынан каржы базарларындагы ыкчам терс реакциялар себеп болду. Саясий талаш парламент жана жергиликтүү шайлоолордун аянтчасынан сот мекемелеринин коридорлоруна өтүп, байкоочулар муну өлкөдөгү саясий атаандаштыктын табиятындагы бурулуш чекит катары баалашууда.
Муну менен катар чет өлкөлөрдөгү инвесторлорду тынчтандырууга багытталган экономикалык аракеттердин жүрүшү Түркияда саясат менен экономиканын келечеги тууралуу суроолорду пайда кылды. Айрыкча, алдыдагы шайлоо өнөктүктөрү жакындаган сайын күчөп жаткан чыңалуу шартында сот менен саясаттын өз ара байланышы да кеңири суроолорду жаратты.
Учурда Түркияда болуп жаткан окуялар акыркы жылдардагы эң кооптуу саясий кризистердин бири болуп эсептелет. Анткени бул кризис оппозициядагы мэрлердин камалышы менен гана чектелбестен, эң ири оппозициялык партия болгон Элдик-республикалык партиянын өзөгүнө чейин жетти.
Анкарада сот чечимдери чыгарылып, алардын негизинде 2023-жылы Өзгүр Өзелди партиянын төрагалыгына алып келген партиялык курултайдын жыйынтыктары иш жүзүндө жокко чыгарылды. Ошондой эле мурдагы жетекчилик, тактап айтканда Кемал Кылычдароглу жетектеген команда убактылуу жетекчиликке кайра кайтарылды. Бул тууралуу «Аль-Араби аль-Жадид» басылмасы 2026-жылдын 22-майында билдирген.
Расмий түрдө иш партиянын ички шайлоолорунда паракорчулук жана мыйзам бузуулар болгон деген айыптоолорго байланыштуу. Бирок оппозиция бул иш толугу менен саясий мүнөзгө ээ деп эсептейт. Алардын пикиринде, бийлик 2024-жылдагы муниципалдык шайлоодо партия оор жеңилүүгө учурагандан кийин, өзгөчө Экрем Имамоглунун жылдызы жанган соң жана кийинчерээк анын камакка алынышынан кийин, оппозицияны кайра калыптандыруу үчүн сот системасын колдонууда. Ошондуктан оппозиция болуп жаткан окуяларды жөн гана укуктук териштирүү эмес, сотту саясий максатта пайдалануу катары көрөт. Алардын пикиринде, мунун максаты партия жетекчилигинин мыйзамдуулугуна шек келтирүү аркылуу аны алсыратуу болуп саналат. Бул болсо кийинки шайлоолордун алдында саясий атаандашты бөлүктөргө ажыратуу аракети катары бааланууда.
Ал эми өкмөт менен сот органдары сот бийлигинин көз карандысыздыгын жана саясий кийлигишүүнүн жоктугун баса белгилешет. Алардын айтымында, иштер коррупция, административдик мыйзам бузуулар жана муниципалитеттердин же партиянын ички каржылоосуна байланышкан айыптарга тиешелүү. Өкмөт ошондой эле кайсы партия болбосун, ал оппозициядагы партия болсо да, мыйзамдан жогору тура албай турганын кошумчалайт.
Бул иштердин дал оппозиция күч алып жаткан учурда ачылып, кеңейтилиши көңүлдү бурат. Ошондой эле Түркия сыяктуу мамлекетте сот системасы саясаттан толук ажыратылган да эмес, толугу менен саясий курал да эмес. Тескерисинче, ал экөөнүн ортосундагы бүдөмүк мейкиндикте аракет кылат. Саясий максат негизги себеп болбосо да, саясий натыйжа айкын көрүнүп турат. Ал натыйжа — оппозицияны алсыратуу, анын жетекчилигинин аброюна шек келтирүү жана анын ичинде туруксуз абал жаратуу.
Бул силкинүүнүн дал ушул учурда болушу сөзсүз түрдө бир катар кесепеттерге алып келет. Алардын ичинен:
1. Ички саясатта курч саясий бөлүнүү күчөйт. Өкмөттү колдогондор менен оппозицияны колдогондордун ортосундагы ажырым тереңдейт. Коомдун бир бөлүгүндө соттун көз карандысыздыгына болгон ишеним азайып, бул жакынкы келечекте саясий нааразылыктардын күчөшүнө же коомдук чыңалуунун пайда болушуна алып келиши мүмкүн.
2. Элдик-республикалык партиянын ичинде бөлүнүү коркунучу бар. Эски жана жаңы жетекчилердин ортосунда тиреш жаралышы мүмкүн. Натыйжада партиянын кийинки шайлоолорго даярдыгы алсырайт.
3. Экономикалык жактан Стамбул фондулук биржасы болжол менен 6% төмөндөдү. Ошондой эле банк акциялары катуу басымга кабылды. Өкмөт түрк лирасын колдоого аракет кылды. Түркиянын экономика министри Лондондо инвесторлордун тынчсыздануусуна өтө сезимтал реакция жасады. Өкмөт чет элдик инвесторлорго экономикалык саясат өзгөрбөй турганын, Борбордук банк акча-кредиттик саясатты катаалдаштырууну улантарын жана саясий туруксуздукка карабастан каржылык кыйроо болбой турганын түшүндүрүүгө аракет кылууда.
Тилекке каршы, базарлардын өзү эле буга чейин жогорку инфляциядан, түрк лирасынын наркы түшүшүнөн жана башка экономикалык кризистерден жапа чегип келген.
Сот менен саясаттын ортосундагы талаш дагы эле ачык бойдон калууда. Бул эң сезимтал маселелердин бири болуп эсептелет. Анткени өлкө ичинде да, сыртында да сот мекемелеринин саясий тирешүүлөрдөн канчалык деңгээлде көз карандысыз экени тууралуу баалоолор ар түрдүү. Өзгөчө соттук чаралар шайлоо процессиндеги өзгөрүүлөр менен бир убакта болуп жатканда, мыйзам менен саясаттын ортосундагы чек бүдөмүк болуп калды.
Өлкө бийлик лагери менен оппозициянын ортосундагы курч бөлүнүү абалында жашап жатат. Учурда болуп жаткан окуялар саясий талааны мыйзамдык негизде кайра тартипке келтирүү болушу мүмкүн же келе жаткан шайлоолордун алдында күчтөрдүн тең салмактуулугун кайра түзүүдөгү жаңы баскычтын башталышы болушу мүмкүн.
Мына ушул нерселер капитализмдин исламий өлкө болгон Түркияда жараткан натыйжасы. Адамдар өздөрү чыгарган мыйзамдын айланасында бөлүнүп, бийликке жана таасирге ээ болуу тактысына отуруу үчүн күрөшүп жатышат. Негизи үммөттүн иштерин башкарууда бийлик сөзсүз түрдө күрөшүүсү керек эмес о.э. кызмат орун сыймык эмес, жоопкерчилик болушу керек.
Өкүнүчтүүсү, биз мусулмандар катары өз мабдабызда толук Раббаний Шариятты алып жүргөнүбүзгө карабастан, бизди алсыздыктын үстүнө дагы алсыздыкка түрткөн батыш мыйзамдарын карманууну улантып жатабыз.
Эй Түркия эли! Исламий жашоонун кайра башталышына тоскоол болгон бардык бөгөттөрдөн ашып өткүлө жана Халифалык дооруна кайткыла. Анткени биздин иззатыбыз, дүйнөдө жана акыретте кутулуубуз да ошол улуу мамлекетте болот. Түркиянын баатырлары Аллахты жана Анын Элчисин ﷺ ыраазы кыла турган жаңы доорго жол ачууга кудуреттүү.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَنْصُرُوا اللَّهَ يَنْصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾
«Эй момундар, эгер силер Аллага жардам берсеңер (тактап айтканда Анын жолунда жихад кылсаңар), Ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында кадамдарыңарды бекем, туруктуу кылат». (Мухаммад: 7).
Роя гезити
Устаз Набил Абдулкарим




