Комментарий

Экстремизмге каршы күрөш деген шылтоонун артындагы саясий алсыздык

Экстремизмге каршы күрөш деген шылтоонун артындагы саясий алсыздык

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга чакырып, экстремисттик жана террордук уюмдардын ишине катышуу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертти. Министрлик маалыматтын аныктыгын текшерүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жарандарды шектүү интернет-топторго тартылып кетүүдөн сак болууга үндөдү (24.kg).

Комментарий:

ИИМдин жарандарды «сак болууга» чакырган кезектеги билдирүүсү, шайлоо алдында турган бийликтин саясий алсыздыгын жана кооп-коркунучун кабарлайт. Күчтүү идеология жана элдин колдоосу болбосо, бийлик жүйөлүү далилдерсиз эң төмөнкү ыкмаларга, тактап айтканда, саясий атаандаштардан арылууга жана шашылыш кабыл алынган репрессиячыл мыйзамдарга таяна баштайт.

Мындан бир нече күн мурда оппозициялык «Шумкар» кыймылынын тыюу салынган уюмдардын катарына киргизилүүсү, азыркы түзүмдүн чыныгы жүзүн ачыктоодо. Мындай ыкма илгертен эле колдонулуп келет. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки 30 жыл ичинде бийлик өкүлдөрү Кремлдин көрсөтмөсү менен ар кандай Исламий кыймылдарга жана саясий партияларга ырааттуу түрдө тыюу салып, экстремизм деген айыпты ар кандай каршы келген пикирлерди басуунун куралы катары колдонуп келишкен.

Бийликке альтернативдүү көз караштар, сын-пикирлер же өзүнө жакпаган диний-саясий ишмердүүлүктүн баары мыйзамдан тышкары деп жарыяланууда. Мыйзамдар шашылыш түрдө кабыл алынып, коомдук тартипти коргоонун ордуна жарандарды басмырлоонун жана алардын үнүн басуунун куралына айланууда. Режим өз элинен коркуп, бийлигин коркутууга, тыюуларга жана күч түзүмдөрүнө таянуу менен гана сактап калууга аракет кылууда. Мунун баары саясий алсыздыктын ашкере көрүнүшү болуп саналат. Чыныгы күчтүү бийлик пикирдин күчү менен жеңет, ал эми алсыз бийлик элди дайыма коркутуп, оозун жабууга аракеттенет.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button