Яхудий түзүмү – баскынчы түзүм. Анын эч кандай мыйзамдуулугу жок жана анын барлыгын таанууга болбойт

Басма сөз баянаты
Яхудий түзүмү – баскынчы түзүм. Анын эч кандай мыйзамдуулугу жок жана анын барлыгын таанууга болбойт
Яхудий түзүмү менен Ливан Вашингтондо төрт күн катары менен жүргүзүлгөн түз сүйлөшүүлөрдөн кийин алкактык келишимге кол коюшту. Келишимде яхудий түзүмү менен Ливан ортосундагы жаңжалды жана анын түпкү себептерин токтотууга, эки тараптын ортосундагы согуш абалын жоюу максат кылынганы айтылган. Ошондой эле анда Ливан армиясы Ливандын аймагындагы иш жүзүндөгү эгемендүүлүктү кайра калыбына келтире турган так жараянга милдеттенери белгиленген. Мындан тышкары, Ливандын түштүгүндөгү эки сыноо аймагында коопсуздук боюнча толук жоопкерчиликти Ливан армиясы акырындык менен өзүнө алары да көрсөтүлгөн.
Бул алкактык келишим жана андагы жоболор, өзгөчө биринчи беренеде: «“Израил“ менен Ливан ар бир мамлекеттин тынчтык учурунда жашоо укугун, ошондой эле эки эгемен жана коңшу мамлекет катары коопсуз жашоого болгон өз ара каалоосун ырастайт…» деп жазылган жобо яхуддар ондогон жылдар бою эңсеп келген нерсени ишке ашырып жатканында эч кандай шек жок. Бул Палестинаны, Ливандын түштүгүн жана Сириянын айрым бөлүктөрүн басып алган баскынчы яхудий түзүмүнүн мыйзамдуулугун ачык таануу болуп саналат. Муну Ислам үммөтү Ливанда да, башка жерде да эч качан кабыл алган эмес жана кабыл албайт. Анткени Ислам үммөтү өз уулдарын Палестинаны толугу менен азат кыла турган күндү күтүүгө тарбиялап келген. Ошондо алар аны фатх кылуучулар катары, такбир айтып киришет.
Яхудий түзүмү Ислам үммөтү үчүн анын тарыхында болгон кайсы гана баскынчылыктан болбосун алда канча алсыз. Анткени үммөт аны жүз миллиондогон мусулмандар менен курчап турат. Бирок мусулмандардын армияларын тушап, аларды Сайкс–Пико дубалдарынын артында кармап турган саясий чечим Палестинанын баскынчылык астында ондогон жылдар бою калышына себеп болду. Бул болсо мусулмандардын армияларына, айрыкча чек арадагы мамлекеттердин армияларына жүктөлгөн милдетти дагы бир жолу ырастайт: алар кыймылга келиши керек, ошондо үммөт да алар менен бирге кыймылга келип, мубарак жерди азат кылат.
Ким бул нормалдашуу келишимдери ар кандай түрү менен Ислам үммөтүн өз багытынан адаштырып, Палестинанын Ислам жери экенин, аны сахабалар фатх кылганын, анда биринчи кыбыла, Расулуллахтын ﷺ Исрасы болгон жер жана эки Харамдан кийинки үчүнчү ыйык мечит болгон Аль-Акса мечити жайгашканын унуттурарын ойлосо, ал жаңылышат! Анткени Ислам үммөтү өз балдарын кичинекей кезинен тартып эле Палестинаны азат кылуу алардын моюнундагы аманат экенин үйрөтөт. Аны азат кыла тургандар болсо Аллах Таала Өзүнүн төмөнкү сөзү менен үммөт арасынан өзгөчөлөгөн жоокерлер экенин билет:
﴿عِبَاداً لَّنَا أُوْلِي بَأْسٍ شَدِيدٍ﴾
«…күч-кубат ээлери болгон пенделерибизди жибердик». (Исра: 5).
Ал эми жүрөгүн үмүтсүздүк каптап, дүйнөсүнөн корккондуктан Америка жана анын тарбиялап өстүргөн яхудий түзүмүнүн артынан ээрчип калгандарга Расулуллахтын ﷺ төмөнкү хадисин эске салабыз:
يَأْتِي عَلَى النَّاسِ زَمَانٌ يُخَيَّرُ فِيهِ الرَّجُلُ بَيْنَ الْعَجْزِ وَالْفُجُورِ، فَمَنْ أَدْرَكَ ذَلِكَ الزَّمَانَ فَلْيَخْتَرِ الْعَجْزَ عَلَى الْفُجُورِ
«Адамдарга ошондой бир заман келет: анда адам алсыздык менен бузукулуктун ортосунда тандоо алдында калат. Ким ошол заманга жетсе, бузукулуктун ордуна алсыздыкты тандасын».
Яхудий түзүмү жана анын артындагы Америка мусулмандардын ар бир өлкөсү бул түзүмдүн мыйзамдуулугун таанышын эңсешет. Андан кийин чек аралар жана башка майда-чүйдө маселелер боюнча сүйлөшүүлөр башталат. Бирок бул сүйлөшүүлөр аны таануу чындыгын өзгөртпөйт. Ошентип, алар яхудийлер үчүн күч менен ишке ашыра албаган нерсени келишимдер аркылуу ишке ашырышат. Натыйжада өз ысымдарын мубарак Палестина жерин жоготуп, аны Ислам үммөтүнүн душмандарына сатып жибергендердин катарына жаздырышат.
Яхудий түзүмү мусулмандардын жерин басып алган баскынчы түзүм. Анын мусулмандар жеринде эч кандай мыйзамдуулугу да, орду да жок. Үммөттү андан жана анын жамандыктарынан куткаруу – үммөттүн бардык армияларынын жоопкерчилиги. Алгач жакыныраак турган армиялардан башталат. Биз аларды дал ушуга чакырабыз жана аларга кайрылууну улантабыз. Аллах Таала мындай дейт:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ مَا لَكُمْ إِذَا قِيلَ لَكُمُ انفِرُواْ فِي سَبِيلِ اللّهِ اثَّاقَلْتُمْ إِلَى الأَرْضِ أَرَضِيتُم بِالْحَيَاةِ الدُّنْيَا مِنَ الآخِرَةِ فَمَا مَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا فِي الآخِرَةِ إِلاَّ قَلِيلٌ﴾
«Эй момундар, силерге эмне болду, Алла жолуна (согушка) чыккыла, делинсе өз жериңерге (тактап айтканда, журтуңарга) жабышып алдынар?! Акырет (нематтары)нан жүз үйрүп, дүйнө турмушунун (жыргалдарына) ыраазы болосуңарбы?! Акырет алдында бул дунүйө нерселери абдан аз нерсе го?!» (Тообо: 38).
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
28.06.26




