Өз элин алдаган башкаруучу тозок отуна татыктуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Өз элин алдаган башкаруучу тозок отуна татыктуу
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Бул тууралуу Сахих аль-Имам Муслимдин тафсири ан-Нававиде “Өз элин алдаган башкаруучу тозок отуна татыктуу” деген бөлүмдө айтылат:
عن معقل بن يسار قال: إن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: “لا يسترعي الله عبدا رعية يموت حين يموت وهو غاش لها إلا حرم الله عليه الجنة“
Маъкал бин Ясардан риваят кылат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтты: “Аллах пендесине бир элди аманат кылса, ал аны алдап жатып өлсө, Аллах ага бейишти арам кылат”.
Урматтуу бир туугандар:
Өзүнөн башка жагымсыз нерселерге макталбаган Аллахка мактоолор болсун. Анткени Бул мыйзамсыз башкаруучулар мыйзам бузууга барып, текебердик кылып, зулумдук кылгандыктан, үммөткө андан өткөн жагымсыз нерсе калбады. Алардын бактысыз башкаруусунун тушунда үммөт эң оор күндөрүн жана эң алдамчы жылдарын башынан өткөрдү. Бул жалганчы башкаруучулардын учурунда жалганчы чынчылга, чынчыл жалганчыга айланды, элдин атынан жалган сүйлөгөндөргө маани берилип, үммөт алардын эзүүчү бийлигин, анын азап-тозокторун, трагедияларын башынан өткөрүп, аларды каргады, алар үммөттү каргашты. Бул баштары бош, бок курсак башкаруучулар киши өлтүрүүнүн жана кыйноонун соодагерлери, кылымдын каракчыларына айланышты. Аллах бул куттуу революциялардын жарылышын, үммөттү кулчулуктан боштондук майданына алып чыгып, Жаратуучусуна жана Коргоочусуна кайтуу ураандарын көтөрүп, башкаруучуларынын башын тарыхтын таштанды челектерине ыргытууну каалады.
Эй мусулмандар:
Бул башкаруучулардын бул дүйнөдөгү шерменделиги, ал эми акыреттеги шерменделиги жөнүндө айта турган болсок, алардын бейишке кирүүсүнөн баш тартылып, тозоктун түпкүрүндө түбөлүк азап чегип жатышы жетиштүү жана бул кандай гана коркунучтуу тагдыр.
Оо, Аллахым, акыреттен мурун бул дүйнөдө алардын шермендеси чыгуусун көргөз жана алардын тактыларынын урандыларынын үстүнө экинчи адилеттүү Халифалыкиы курууга бизге жардам бер, Оо, Аллахым, аамиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1448-х, 7-мухаррам.
2026-ж, 22–июнь.
