МОМУНДАРДЫН ЭНЕСИ РОМЛА «УММУ ХАБИБА» (Р.А)

МОМУНДАРДЫН ЭНЕСИ РОМЛА «УММУ ХАБИБА» (Р.А)
Абу Суфян ибн Харб курайштыктардан бири менин бийлигиме каршы чыгат же бирер маанилүү иште мага каршы болот дегенди оюна да келтирбеген эле. Себеби, ал өзүн «меккеликтер башчы катары моюн сунуп, чын көңүлдөн ыклас коюшкан адаммын» деп ойлогон эле. Ал эми лакабы «Умму Хабиба» болгон кызы Ромла болсо, анын бул оюн текке кетирди. Бул иш мындай башталды. Ромла атасынын кудайын жокко чыгарды жана эри Абдулла ибн Жахш менен бирге эч кандай шериксиз болгон жалгыз Аллага ыйман келтирип, Мухаммад (саллаллоху алайхи ва салламдын) расулдугун тастыктады. Абу Суфян өзүнүн жана ата-бабаларынын динине кызы менен күйөө баласын кайра алып кирүүгө өзүнүн бардык күч жана мүмкүнчүлүгү менен аракет кылса да максатына жете албады. Себеби, ыйман Ромланын жүрөгүнүн тереңинен ушундай бекем жай алган эле, Ромладан аны Абу Суфяндын басымдары да, каары менен жек көрүүлөрү да сууруп ала албайт эле. Кызынын Исламга киргендиги себептүү Абу Суфян кайгыга чөктү. Ал кызын өзүнө моюн сундуруп алууга, Мухаммадды ээрчүүсүнө чек коюуга алсыздык кылгандан кийин, курайштыктардын көзүнө кантип кароону билбей калды.
Курайштыктар да Абу Суфяндын кызы менен күйөө баласына катуу ачууланганын көрүшкөндөн кийин, Ромла жана анын эрине басымдарды өткөрүштү. Алар курайштыктар колдогон зулумдун катуулугу себептүү Меккеге да батпай калышты.
Расулулла (с.а.в) мусулмандарга Хабашистанга хижрат кылууларына уруксат бергенден кийин, Ромла кызы Хабиба жана эри болуп Алла үчүн диндери менен хижрат кылып жаткан, ыймандары менен Нажашийден коргоо сурап жаткан мухажирлердин алдыңкы сабында болду. Ал эми Абу Суфян жана анын курайштык ак сөөктөрүнө бир нече мусулман алардын колунан качып, Хабашистанда ыракат жана бейпилдикте болуулары оор сокку болду. Ушул себептүү, Нажашийге элчилерди жөнөтүштү. Бул элчилер Нажашийди мусулмандарга каршы тукуруп, аларды кармап Курайшка тапшырууну талап кылышты. Кийин, Нажашийге мусулмандар Масих жана энеси Марям туурасында өтө жаман сөздөрдү айтып жатышканын айтышты. Ошондо Нажаший мухажирлердин башчыларына элчи жөнөтүп, диндеринин негизги акыйкаты жөнүндө жана Иса жана энеси Марям жөнүндө эмне деши жөнүндө сурады. Пайгамбарлары Мухаммадга түшкөн Курандан ага окуп берүүлөрүн талап кылды. Мухажирлер Нажашийге Ислам дининин акыйкатын жеткиришип, Куран аяттарынан окуп беришкен эле. Ошондо ал ыйлап жиберди… көз жаштарынан сакалдары суу болду… Кийин Нажаший мухажирлерге мындай деди: Эч шек-күмөн жок, Пайгамбарыңар Мухаммадга түшкөн нерсе менен Иса ибн Марямга түшкөн нерсе экөөсү тең бир жерден чыгууда… Кийин, Нажаший эч шериксиз болгон жалгыз Аллага ыйман келтиргенин, Мухаммад мустафа (с.а.в)дын пайгамбарлыгын тастыктагын ачык жарыя кылды… Дагы ал айланасындагы кечилдер Исламга киришпей, христиан дининде калууларына карабастан, анын топурагына хижрат кылган мусулмандарды өз коргоосуна алууну да жарыя кылды.
Ошондон кийин, Умму Хабиба караңгы күндөрү түгөнүп, асманы ачык күндөр келгенин, жол азаптарына толгон сапары аны амандык шаарына жеткирип койгонун сезди. Себеби, ал тагдыр али анын башына кандай күндөрдү салышын билбейт эле… Чындыгында, хикматы улуу болгон Алла анын акылдуулардын да акылын аздырып коё турган ушундай бир оор сыноо менен сыноону жана акыбетте, бул сыноодон ал жеңген абалда чыгып, ийгилик тактысында ыракаттанып отурушун каалады…
Бир түнү Умму Хабиба түш көрдү. Түшүндө эри Абдулла ибн Жахш өтө жаман абалда эле. Ал аябай катуу толкунданып турган жана анын үстүндө кара булут каптап алган деңизде адашып жүргөн эле… Умму Хабиба коркуудан чоочуп ойгонуп кетти… Ал эми көргөн түшүн эрине же бирөөгө айтып берүү жөнүндө ойлоп да көрбөдү… Бирок, көргөн түшү жүзөгө чыкты. Т.а. ошол коркунучтуу түштөн бир күн өтпөй эле, Абдулла ибн Жахш Исламдан муртад болуп, насроний динине кирди… Кийин ал ыпластыктардын энеси болгон аракка көңүл койду жана ичкичтерден ажырабай калды… Эри Умму Хабибага экөөсү тең ачуу болгон эки жолдун бирин тандоосун айтты т.а. «же сени талак кыламын, же насроний болосуң» деди.
Умму Хабиба өзүн үч иш арасында калгандыгын сезди: Же насронийликти кабыл аласың деген эринин чакырыгын кабыл алып, муртад болмок (Алла сактасын). Муну менен дүйнө шерменделигине жана акырет азабына дуушар болмок. Бул ишти ал денесиндеги эти сөөгүнө чейин темир тарак менен таралса да, эч качан кабыл албас эле… Же атасынын дагы эле ширк калаасы болуп турган үйүнө кайтып, тандаган Исламында жеңилип жана кор болуп жашашы керек эле… Же ушул жерде, Хабашистан жеринде калып, үй-бүлөсүз, мекенсиз, жардамчысыз өзү жалгыз жашашы керек болчу… Умму Хабиба (разиаллаху анха) мурунку экөөсүн тең таштап, өз абалында калууну абзел көрдү жана качан Алла Өзүнүн алдынан жарык күндөрдү бергенге чейин Хабашистанда калууга токтом кылды.
Умму Хабиба узакка күтпөдү. Насронийликти кабыл алган эринен иддасы бүтүп, ага жарык күндөр келди… Эч күтпөгөн жерден эшик такылдады. Ачса, астанада Хабашистан падышасы болгон Нажашийдин күңү «Абраха» турган эле. Ал адептүүлүк жана ачык маанай менен саламдашып, ичкери кирүүгө уруксат сурады. Ичкери киргенден кийин мындай деди: Албетте, падыша сизге салам жолдоп, Алланын Расулу Мухаммад (с.а.в) сизди өз никесине сурап жатат деп айттырды… Дагы падыша сизге бир кат жөнөттү, анда ортоңордогу нике бүтүмүндө падыша Расулулланын өкүлү болушу жазылган. Сиз да каалаган кишиңизди өзүңүзгө өкүл кылат экенсиз… Умму Хабиба кубанычынан куштардай бийиктерге көтөрүлдү… Ага кушкабарың үчүн Алла сага жакшылыктардан берсин, кушкабарың үчүн Алла сага жакшылык берсин – деп шаша-буша үстүндөгү тагынчактарын чечип, Абрахага бере баштады… Биринчи, билеригин чечип берди, кийин тезинен шакегин жана сөйкөсүн чечип, аларды да берди… Ушул учурда дүйнөнүн бардык жасалгалары аныкы болсо да, ошол күңгө сүйүнчү кылып берип жибериши анык эле… Ошондон кийин ага «мен өзүмө Халид ибн Саид ибн ал-Аасты өкүл кыламын, ал мен үчүн эң жакын адам» деди.
Хабашистандагы эң бир урматтуу Нажашийдин кең жана заңгыраган сарайында, хабаштар өлкөсүндө жашап калган сахабалардын улуулары топтолушту. Алардын башчысы Жаъфар ибн Абу Талиб, Халид ибн Саид ибн ал-Аас, Абдулла ибн Хузафа ас-Сахмий жана башкалар болуп, алардын бардыгы Абу Суфяндын кызы Умму Хабибанын Расулуллага никеленишинин күбөсү болуу үчүн келишкен эле. Бардыгы келип болгондон кийин, Нажаший жыйынга башчылык кылып, мындай хутба окуду:
“Куддус, Момун жана Жаббар болгон Аллага алкыш мактоолор айтамын. Алладан башка кудай жоктугуна жана Мухаммад Анын Расулу экендигине о.э. Иса ибн Марям да ал жөнүндө башарат бергендигине күбөлүк беремин. Амма баъд, албетте, Расулулла (с.а.в) менден аны Абу Суфяндын кызы Умму Хабибага никелешимди сураган эле, мен кабыл алдым жана Алланын Расулунунун сүннөтүнө ылайык, Расулулла тарабынан Умму Хабибага төрт жүз алтын динар махр беремин… Нажаший ушундай деп, Халид ибн Саид ибн ал-Аастын алдына динарларды төктү.
Ошондо Халид ордунан туруп, мындай деди: Аллага мактоолор болсун. Ага мактоолор айтамын, Андан жардам сураймын, Ага истигфар айтып, Ага тооба кыламын. Күбөлүк беремин, Мухаммад Алланын Расулу жана пендеси. Алла ал затты мейли капырлар жаман көрүшсө да, бардык диндер үстүнөн үстөм кылуу үчүн, хидаят жана акыйкат дин менен жөнөткөн.
Амма баъд, мен Расулулла (с.а.в) сураган талабына ыраазымын жана мени өкүл кылган Умму Хабиба бинти Абу Суфянды Расулуллага жубай кылдым. Алла Өз Расулуна ушул жубайынан береке тартууласын жана Умму Хабибага да Алла тагдыр кылган бул жакшылык куттуу болсун… Ал ошондон кийин махрды алып, аны Умму Хабибага жеткирип берүүгө ашыкты. Аны көрүшүп сахабалар да кетүүгө даярданышты. Ошондо аларга карап Нажаший «отургула, акыры, пайгамбарлардын сүннөтү боюнча, алар үйлөнүшсө тамактанышкан го» деди да, аларга тамак берди. Топтолгондор тамактанып бүткөндөн кийин, таркашты.
Умму Хабиба мындай дейт: Мага махр малы жетип келгенден кийин, андан элүү мискал алтынды ажыратып, мага кушкабарды жеткирген Абрахага бердим жана «мага кушкабар жеткиргениңде менде каражат жок эле, сага бергенимди гана бердим» дедим… Арадан эч канча убакыт өтпөстөн, алдыма Абраха дагы келди жана ага берген алтындарымды кайтарып берип жатып, артынан ага берген тагынчыктарымды да чыгарып берди жана «Падыша мага сизден эч нерсе албашымды дайындады, аялдарына болсо, өзүңөрдөгү бардык атыр-упаларды сизге жеткирип берүүлөрүн буюрду» деди. Кийин ошол күң кыз эртеси мага варс (заъфарон даярдала турган сары чөп), гүл жана миск жеткирип берди жана «сизден бир өтүнүчүм бар» деди. Эмне өтүнүч? – дедим. Ал: Чындыгында, мен Исламды кабыл алдым жана Мухаммад (с.а.в)дын динине ээрчидим. Эми менден набийге салам жолдоп, мен Алла жана Расулуна ыйман келтиргенимди ал затка билдирип коюуну унутпаңыз, – деди.
Кийин мени Расулулла (с.а.в)га узатты. Ал зат менен жолукканымда нике жөнүндөгү ушул окуяны, Абрахага кылган иштеримди айтып бердим жана анын жолдогон саламын жеткирдим. Расулулла анын саламына курсант болду жана «алайхассаламу ва рохматуллохи ва барокатуху» деди.
Булар Алла Субханаху ва Таала Исламда момундар энесине берген жакшылыктардын бир бөлүгү болуп саналат. Момундар энесинин дасторкону Алланын булардан башка жакшылыктары менен да толуп ташкан. Мындан мусулмандардын аялдары таалим алышып, башкаларга жакшы үлгү болушса ажеп эмес.

