Комментарии

Казакстанда мектептерде жоолук салынууга тыюу салуу маселеси кайрадан көтөрүлүүдө

Казакстанда мектептерде жоолук салынууга тыюу салуу маселеси кайрадан көтөрүлүүдө

Жаңы окуу жылынын алдында Казакстандын Агартуу министрлиги мектептердеги баш кийим маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды.

7-августта министрлик билим берүү уюмдарынын уставдарына ылайык, окуучуларга мектеп имаратында баш кийим кийип жүрүүгө жол берилбей турганын билдирди. 10-августта мекеме мектеп формасына коюлган талаптар боюнча кайрадан түшүндүрмө берди.

Ал эми 17-августта агартуу министринин биринчи орун басары Шынар Акпарова мектептерде диний мүнөздөгү баш кийимдерди кийүүгө жол берилбей турганын билдирип, бул талаптар сакталбаган учурда ата-энелер жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экенин эскертти.

Бул билдирүүлөр социалдык тармактарда талкуунун улам күчөшүнө себеп болууда. Анткени маселе Казакстан мусулмандарынын диний ишенимдерине жана кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү. Талкуу мектеп формасынын талаптары менен гана чектелбестен, жалпы эле жашоодо, балдарды тарбиялоодо жана билим берүүдө дин тутуу эркиндиги кандай деңгээлде камсыздалышы керек деген маселеге барып такалууда.

Казакстан бийлигинин мындай билдирүүлөрү биринчи жолу болуп жаткан жок. Мектептерде «баш кийим» деген жалпы түшүнүк менен аталган хижаб маселеси дээрлик ар бир жаңы окуу жылынын алдында курчуп келет. Бул жерде «баш кийим» деген жалпыланган терминден ислам дининин талаптарына ылайык аялдар үчүн милдеттүү болгон хижаб жана жоолук гана назарда тутулуп жатканы талашсыз.

Укуктук жааттан алганда, мындай чектөөлөр Казакстан Республикасынын Конституциясында кепилденген абийир жана дин тутуу эркиндигине тескери келет. Мындан тышкары, Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 149-беренесинде адамдын абийир жана дин тутуу эркиндигин ишке ашырууга тоскоолдук кылуу үчүн жоопкерчилик каралган.

2023-жылы Караганда шаарындагы №36 мектепте ак жоолук салынганы үчүн эки окуучу кызды сабакка киргизбей койгон учур боюнча сотко доо арыз берилген. Бул окуя Казакстанда чоң коомдук резонанс жараткан. 2024-жылы сот мектептин бул аракеттерин мыйзамсыз деп тапкан.

Саясий өңүттөн алганда, мындай аракеттер мусулман коому менен болгон тирешүүнү атайылап курчутуу аракети катары каралууда. Жоолукка тыюу салууну билим берүүнүн светтик мүнөзүнө шылтоо кылууга болбойт. Анткени светтүүлүк диний кийимдерге тыюу салууну түшүндүрбөйт. Анын үстүнө, ал баш кийим же жоолук окуучунун билим алуусуна кандайдыр бир тоскоолдук жарата турганын далилдебейт.

Мусулмандар бул маселени жакшы түшүнүп, бийликтен колониялык саясаттын таасири менен таңууланган жана Казакстан мусулмандарынын кызыкчылыктарына каршы келген негизсиз чектөөлөрдү киргизбөөнү талап кылууга тийиш. Ошондой эле, ар бир балага билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк берилишин жана адамдын абийир жана дин тутуу эркиндиги урматталышын талап кылуу зарыл.

Мындай тыюулар аркылуу бийлик өзү үчүн ашыкча керексиз көйгөй жаратып жатат. Мусулмандардын диний ишенимдерине тиешелүү чектөөлөр, коомдун бир бөлүгү тарабынан жөн гана мектеп формасына коюлган талап катары эмес, жеке ишенимге кийлигишүү катары кабыл алынат. Бул мамлекеттик институттарга болгон ишенимди төмөндөтүп, социалдык чыңалууну күчөтүп, өзгөчө социалдык тармактарда бул теманын айланасында адамдардын топтолушуна жана козголушуна алып келиши ыктымал.

Жыйынтыктап айтканда, “бийликке зарылдык жана коомдук пайдасы ачык-айкын болбогон чектөө жөнүндө талкуу жаратып, өз коомунун бир бөлүгү менен мамилени курчутуунун эмне кереги бар?” – деген жөнөкөй суроо туулат. Коомдук биримдикти бекемдөөнүн ордуна, мындай саясат тескери натыйжа берип, мамлекеттик бийликке болгон ишенимсиздикти, нааразылык маанайын жана мусулмандарга карата адилетсиз мамиле жасалып жатат деген түшүнүктү күчөтөт. Андан да жаманы, мындай кадамдар Ислам динине каршы багытталган баскынчылардын буйругу аткарылып жатканын билдирет.

Хужжат Жамиа

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button