Макала
Trending

Жеткирүү чынжырларынын ыдырашы жана глобализациянын аягы

Жеткирүү чынжырларынын ыдырашы жана глобализациянын аягы

Устаз Набил Абдулкарим

Он жылдаган убакыт бою экономикалык глобалдашуу дүйнөлүк сооданын кыймылы жүргөн жалпы алкак болуп келди. Бул мезгилде өндүрүш тармактары континенттер аркылуу кеңейип, фабрикалар, порттор жана жеткирүүчүлөр Чыгыш Азиядан Европага жана Америкага чейин созулган татаал жеткирүү чынжырлары аркылуу бири-бирине байланышкан.

Глобалдашуу заманбап дүйнөнүн жүзүн аныктаган эң көрүнүктүү кубулуштардын бири болуп эсептелет. Ал дүйнөнү өз ара тыгыз байланышкан аянтка айландырууга салым кошуп, мамлекеттер менен коомдор мурун болуп көрбөгөн деңгээлде өз ара тыгыз аракеттенүүдө. Бул чек аралар аркылуу товарлардын же пикирлердин гана өтүшү эмес, тескерисинче, экономика, сакофат, саясат жана технологияны камтыган комплекстүү процесс болуп, адамдардын жашоо образына, мамлекеттердин өндүрүш үлгүлөрүнө жана эл аралык күч тең салмактарына таасир кылат.

Бул түшүнүк акыркы он жылдыкта күчтүү түрдө көрүнгөнү менен, анын тарыхый тамырлары алыскы кылымдарга барып такалат. Ал ири географиялык ачылыштар менен башталып, өнөр жай революциясы менен өнүгүп, бирок азыркы калыбында Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин айкын көрүнүп, байланыш жана интернет революциясы менен тездеди. Глобализациянын жаралышын жана өнүгүшүн түшүнүү аркылуу дүйнө кандай таризде өзгөргөнүн түшүнүүгө болот. Бирок адегенде Экинчи дүйнөлүк согушка чейинки жана андан кийинки глобалдашуунун айырмасына токтолобуз.

Экинчи дүйнөлүк согушка чейин глобалдашуу соода жана колониялык мүнөздө болуп, европалык колонизатордук кеңейүү менен тыгыз байланышкан. Ири мамлекеттер колонияларды көзөмөлдөп, алардын ресурстарын пайдаланган жана эл аралык соода тармактарын түзгөн. Бул мезгилде эл аралык институттар жок болуп, глобалдашуу чектелүү жана туруксуз мүнөзгө ээ болгон, мыйзамга эмес күчкө таянган. Соода жолдору аскердик күч менен көзөмөлгө алынган, технологиянын таасири дээрлик байкалган эмес, экономика Европанын айланасында топтолуп, калгандары көз каранды же колония болгон.

Ал эми Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин глобалдашуу Бириккен Улуттар Уюму, Эл аралык Валюта Фонду, Дүйнөлүк Банк, кийинчерээк Дүйнөлүк Соода Уюму сыяктуу ири эл аралык институттар аркылуу көбүрөөк тартипке салынды. Натыйжада ондогон мамлекеттерде иш жүргүзгөн ири дүйнөлүк компаниялар пайда болду. Мисалы, «Кока-Кола», «Майкрософт» ж.б. Албетте, бул компаниялардын баары дүйнөгө үстөмдүк кылган ири мамлекеттерге таандык компаниялар болуп саналат. Ошентип, Европа колонизатордон өнөктөшкө айланды.

Советтер Союзу кулагандан кийин ири технологиялык өнүгүүлөр болуп, көп улуттуу компаниялар пайда болуп, санариптик глобалдашуу (глобалдык байланыш платформалары, маалымат агымы, электрондук соода ж.б.) кеңири жайылган соң, глобалдашуу адамдардын күнүмдүк жашоосуна мурдагыдан да кеңири жана терең таасир кыла баштады. Тилекке каршы, ал бүгүнкү күндө кризистерде үстөм ролду ойногон факторго айланды. Алардын айрымдарын, мисал иретинде гана атап өтсөк:

Дүйнөлүк экономикалык өз ара байланыш ашкере деңгээлде бирдиктүү тармакка айланды. Бул көрүнүштүн оң жактары болгону менен, кандай гана болбосун, майда кризис өтө тез жайылып кетишине алып келет. Мисалы, 2008-жылдагы АКШдагы ипотекалык кризис, Европадагы банктардын кыйрашы, Азиядагы жумушсуздук жана башка көптөгөн көрүнүштөр. Башкача айтканда, бул тыгыз байланыш экономикалык кризистин “жугуштуулугун” өтө ылдам кылды.

Каржы кризисинин тез кыймылдаган капитал аркылуу жайылышы: миллиарддаган долларлар чек аралар аркылуу бир нече мүнөттүн ичинде жылат. Бул каржы базарларынын чыныгы өндүрүшкө эмес, тез өзгөрүп турган күтүүлөргө таянышына алып келди. Натыйжада капиталдын капыстан агып кетиши, мамлекет валюталарынын бир күндүн ичинде кулашы, товарлар же энергия бааларынын күтүүсүз төмөндөшү жеңилдеди. Мунун баары мындай глобалдашууга чейин мүмкүн эмес эле.

Жеткирүү чынжырларына ашкере көз карандылык дүйнөнү өтө алсыз абалга алып келди. Анткени, өндүрүш процесси мамлекеттер боюнча бөлүнүп кетти — чийки зат бир өлкөдө, өндүрүш башка өлкөдө, чогултуу үчүнчү өлкөдө, ал эми бөлүштүрүү өзгөчө компаниялар аркылуу жүргүзүлөт ж.б. Мунун натыйжасында Кытайдагы бир порттун жабылышы Европада товар тартыштыгын жаратат, энергия тармагындагы кризис Азиядагы заводдордун токтошуна алып келет, ал эми Украинадагы согуш дүйнөлүк азык-түлүк инфляциясын шарттайт.

Глобалдашуу (кино, медиа, интернет) аркылуу иденттүүлүк кризисин жана фикрий кагылышууларды жаратты. Мунун баары бир колдо топтолду. Өзүнчө иденттүүлүгү бар коомдорго жаңы сакофат жана баалуулуктар таңууланып, ошол иденттүүлүктүн тынчтыгы бузулду. Бүгүнкү күндө башыбыздан өткөрүп жаткан ахлакый бузулуу капыстык эмес, тескерисинче, сакофий жана медиа глобалдашуусу түзгөн бүтүндөй бир түзүлүштүн натыйжасы. Ал абсолюттук индивидуализмди, диний чектөөлөрдөн жана салттардан бошонуу идеясын жайылтат, денени товарга айлантат жана ырахатты максат катары кабыл алат. Мунун баары дүйнөнү басып алуу үчүн Батыш тарабынан долбоорлонгон. Ошондуктан, ал бир катар платформаларды түздү, алардын ичинде Netflix, Голливуд, бузукулукка түрткү берген таасирдүү «жылдыздар», порнографияны дүйнөлүк индустрияга айланткан көптөгөн платформалар жана бардык социалдык тармактар ж.б. бар.

Мунун баары жеңүүчүлөрдүн — бай мамлекеттер, ири корпорациялар жана каржы борборлорунун казыналарына агып, дүйнөнүн бардык жериндеги жакыр мамлекеттердин, орто жана жакыр катмарлардын эсебинен жүрдү. Натыйжада өтө терең социалдык ажырымдар пайда болду.

Глобалдашуу аркылуу болгон бул «ачыктык» бүгүн дүйнө азабын тартып жаткан тең салмаксыздыкты жаратты. Акыры дүйнө азыркы абалга т.а. бүгүн дүйнөнү башкарган аз сандагы топтун ач көздүгүн канааттандыруу үчүн кызмат кылууга такалды. Алар глобалдашуу аркылуу жүрүм-туруму жана баалуулуктары бирдей болгон адамды өндүрүүнү көздөшөт. Башкача айтканда, сакофаты керектөөгө негизделген, бир эле продуктуну керектеген, бир гана экономикалык үлгүдөгү либералдык капитализмде жашаган, «бирдиктүү динге» ишенген бирдиктүү адамды иштеп чыгууну максат кылышат. Ал «дин» индивидуализмди жана чексиз эркиндикти жайылтат, ахлакый бузулууну, насстан жана салттан бошонууну, рухту коомдон бөлүүнү негиз кылат.

Дүйнө мамлекеттери глобалдашуунун өздөрүнө тийгизген таасирин байкап жатышат. Ошондуктан мамлекеттер глобалдашууну кайрадан баалоого киришти, айрыкча 2008-жылдагы дүйнөлүк каржы кризисинен, коронавирус маалындагы жеткирүү чынжырларынын үзүлүшүнөн, Украинадагы согуштан, ошондой эле Кытай менен Америка ортосундагы, Россия менен НАТОнун ортосундагы геосаясий чыңалуулардан кийин катуу изилдене баштады.

Ушундан улам бул мамлекеттер белгилүү бир чараларды көрө баштады жана аймактык экономикалык таасирди курууга киришти. Мисалы, АСЕАН, БРИКСтин аймактык нускасы, Чыгыш Африка келишимдери. Бул аймакташуу демилгелери ташуунун ылдамдыгын (б.а. жакын географияны), коопсуздук жана саясий туруктуулукту, ошондой эле өнөр жай интеграциясын жеңилирээк камсыздоого аракет кылууда.

Ошондой эле биз бүгүн Трамптын акыркы президенттик мөөнөтүндө ал соода глобалдашуусун чектеген жогорку бажы төлөмдөрүн киргизгенин көрдүк. Ал чип өнөр жайын Азиядан Америкага жана Мексикага көчүрүүгө умтулуп, сейрек кездешүүчү минералдарды кайра иштетүү чынжырларын түзүүгө, Кытайга көз каранды болбоого аракет кылууда. Мындан тышкары, ири компанияларды Азиядан Америкага кайра кайтарууга умтулуп, кайтып келгендерге чоң жеңилдиктерди берип, ал эми өлкөдөн тышкары өндүрүлгөн товарларга олуттуу тоскоолдуктарды коюуда. Бул алардын глобалдашуу доору акырындап аяктап бара жатканын жакшы түшүнгөндүгүн көрсөтөт.

Глобалдашуудан чыгууну каалаган мамлекеттер аймактык жайгашууга өтүп, төмөнкү иштерди кыскача түрдө аткарууга тийиш:

1. Өлкө жана анын продукцияларын коргогон саясат жүргүзүү.

2. Ички жана аймактык азык-түлүк коопсуздугун түзүү.

3. Аймактын же региондун ичинде энергия булактарын диверсификациялоо.

4. Аймактык каржы жана акча-кредиттик альянстарды түзүү.

Ушул сыяктуу башка пункттар да мамлекеттерге глобалдашуудан чыгууга жардам бере алат.

Бул глобалдашуунун кыйрашын жана жоголушун ылдамдата турган нерселер төмөнкүлөрдүн бири же бир нечеси болушу мүмкүн: эл аралык системаны солкулдаткан каржы кризиси, жалпы глобалдашууга болгон ишенимдин жоголушу жана аймактык альянстарга өтүү, аймактык экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо, долларга жана алыскы жеткирүү чынжырларына көз карандылыкты азайтуу, бирдиктүү дүйнөлүк тартиптин ордуна көп уюлдуу дүйнөлүк тартипти калыптандыруу.

Мындай окуялар тарыхтын айлампасында, тартышуу абалында жана жаратылыш мыйзамдарында адаттагы көрүнүш болуп эсептелет. Глобалдашуунун өтө жогору көтөрүлүшүнөн кийин аймактык кыскаруу баскычы келет, андан соң кыйроо болуп, жаңы тең салмак кайрадан курулат. Ошондуктан Исламдын мабда катары дүйнөнүн жетекчилигине кайтып келиши качып кутулгус жана жакын, ин шаа Аллах. Анын келишин тездетүү биздин колубузда. Дүйнөнүн бардык бурчундагы мусулмандар бул өзгөрүүлөр менен кыйроолордун шартында бүгүнкү мүмкүнчүлүктүн канчалык чоң экенин аңдап түшүнүүгө тийиш. Ислам өлкөлөрүнө каршы катуу чабуулдарга карабастан, бул чечимдин альтернативасы дал ушул өлкөлөрдүн ичинде. Анткени алардын элдери көтөрүп жүргөн таза, Роббаний акыйда дүйнөнү башкарууга жарактуу жалгыз система.

Эй, мусулмандар! Аллах бизге көптөгөн ырыскыларды, өзгөчө географиялык орунду насип кылды жана эгерде биз Анын шариятын кайрадан турмушта колдонсок, мындан да көбүн убада кылды. Анда жер өз кенчтерин чыгарат, асман өз берекелерин жаадырат. Мына ушул маселеге улуу шейх, азхарий аалым, мужтахид мутлак Такыйюддин Набханий (рахимахуллах) көңүл буруп, Хизб ут-Тахрирди негиздеген. Бүгүн ал Ислам турмушун кайра жандандыруу үчүн фикраттын жынсынан болгон тарыйкат менен иш алып барган, капитализмдин каалоосу жана куралдары менен булганбаган жападан жалгыз уюм болуп саналат.

Андан кийинки жетекчилердин аракеттери менен үммөттүн долбоору эң майда-баратына чейин колдонууга даяр болду. Анын жигиттери мүмкүнчүлүктү пайдалануу жана күч ээлеринин көңүлүн буруу үчүн күнү-түнү эмгектенип жатышат. Аллах уруксаты менен, алар даяр.

Эй, бул үммөттүн ихластуулары болгон калктар жана күч-кубат ээлери! Бул партия менен бирге болууну бекемдегиле, ошондо биз бирге рошид Халифалыкты өзүнүн чыныгы ордуна кайтарып, дүйнөнү Исламдын нуру менен жарык кылабыз. Аллах Таала айтты:

﴿يَا أَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَكُمْ بُرْهَانٌ مِنْ رَبِّكُمْ وَأَنْزَلْنَا إِلَيْكُمْ نُورًا مُبِينًا ۝ فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا بِاللَّهِ وَاعْتَصَمُوا بِهِ فَسَيُدْخِلُهُمْ فِي رَحْمَةٍ مِنْهُ وَفَضْلٍ وَيَهْدِيهِمْ إِلَيْهِ صِرَاطًا مُسْتَقِيمًا﴾

«Эй адамдар, силерге Роббиңерден далил келди. Дагы биз силерге ачык Нурду түшүрдүк. Аллахка ыйман келтирип, Ага байланган заттарды, Өз тарабынан болгон мээрим, берешен, жоомарттыгына киргизет. Дагы аларды Өзүнүн Туура Жолуна жолдойт». (Ниса: 174-175).

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button