Макала
Trending

Гренландия фактору: Трамптын тарифтик дипломатиясы трансатлантикалык биримдикке кандай коркунуч туудурат

Гренландия фактору: Трамптын тарифтик дипломатиясы трансатлантикалык биримдикке кандай коркунуч туудурат

Дональд Трамптын Дания жана айрым Европа өлкөлөрү менен Гренландиянын АКШнын курамына кошулушу боюнча сүйлөшүүлөрдү дароо баштоого даяр экени тууралуу билдирүүсү жөн гана кезектеги резонанстуу кадам эмес, союздаштарга басым жасоонун кеңири стратегиясынын бир бөлүгү болуп калды. Батыш блогунун ичиндеги аймактык маселе алгачкы ирет соода санкциялары менен коштолду.

Трамп жарыялаган — Гренландияга аскердик контингент жөнөткөн өлкөлөргө каршы 10% көлөмүндөгү бажы төлөмдөрү, кийин аларды 25%га чейин жогорулатуу мүмкүнчүлүгү — экономикалык чарадан мурда саясий белги болуп саналат. Вашингтон Америка рыногуна кирүү мүмкүнчүлүгүн эң жакын өнөктөштөрүнө да басым жасоонун куралы катары колдонууга даяр экенин көрсөттү. Тизмеге Дания, Норвегия, Швеция, Франция, Германия, Британия, Нидерланддар жана Финляндия кирди. Алар Европанын коопсуздук архитектурасында негизги роль ойногон мамлекеттер болуп эсептелет.

Трамптын «Европа Биримдигинин бардык өлкөлөрүн, Данияны көп жылдап субсидиялап келдик» жана «жакшылыкка жакшылык менен жооп берүүнүн убагы келди» деген риторикасы эл аралык мамилелердеги анын коммерциялык көз карашын чагылдырат. Бул логикада коопсуздук жана союздаштык милдеттенмелер киреше-чыгаша тең салмагына жараша бааланат. Гренландия бул шартта Арктикадагы стратегиялык объект гана эмес, АКШнын жаңы басым көрсөтүү моделинин символу болуп калууда.

Европа Биримдигинин реакциясы Брюсселдин бул кырдаалды системалык чакырык катары кабыл алып жатканын көрсөттү. АКШ менен соода келишимин токтотууга даярдык жана Урсула фон дер Ляйен менен Эммануэль Макрондун кескин билдирүүлөрү мамилелердин узак мөөнөттүү начарлоо жараяны башталышы мүмкүндүгүн чагылдырат. Европа өзүнүн суверенитетин каршылаштардан эмес, жүрүм-туруму барган сайын алдын ала күтүүсүз болуп бара жаткан союздашынан коргоого мажбур болууда.

Европа дипломатиясынын жетекчиси Кая Калластын айтымында, АКШ менен ЕБнин ортосундагы ажырымдан негизинен Кытай менен Россия утушка ээ болот, Батыш ичиндеги бөлүнүү Арктикадан тартып Украинага чейинки негизги багыттар боюнча биргелешкен аракеттерди алсыратат, ошол эле учурда Гренландиянын коопсуздугу маселеси соода согуштарына өтпөстөн эле НАТОнун алкагында чечилиши мүмкүн болчу.

Акыр-аягы, «гренландиялык кризис» бир аралдын тагдырынан алда канча кеңири мааниге ээ. Ал АКШнын тышкы саясатынын трансформацияланып жатканын көрсөтүп, Европанын алдына стратегиялык тандоо коюуда: басым жана соодалашуу логикасын кабыл алуу же экономикалык жана коргонуу автономиясын тездетип өнүктүрүү. Украинадагы согуш уланып, дүйнөлүк туруксуздук күчөп жаткан шартта бул тандоо бүтүндөй трансатлантикалык мейкиндиктин келечегин аныкташы мүмкүн.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button