Саудия менен БАЭ ортосундагы “сөөк сындыруу” салгылашында Хадрамаут шаары майдан болууда

Саудия менен БАЭ ортосундагы “сөөк сындыруу” салгылашында Хадрамаут шаары майдан болууда
Акыркы күндөрү Хадрамаут облусундагы окуяларды тутандырган негизги себеп — 2025-жылдын 21-ноябрында Америкага таандык «Жаннат Хант» компаниясына Хадрамаутка жакын жайгашкан Шабва облусундагы 5-мунай секторун иштетүү укугу берилгени тууралуу жарыя болду. Бул сектор 2022-жылдын октябрынан бери мунай өндүрбөй токтоп турган. Бул кадам Саудия колдогон Хадрамаут уруулары союзунун көзөмөлү күчөшү менен коштолду. Аталган альянс өз күчтөрүн түзүп, кеңейип баштап, Британия кызматкерлерине коркунуч жаратты. Мунун артынан 2025-жылдын 26-ноябрында БАЭ колдогон Өткөөл кеңештин күчтөрү жана алардын артында турган Британия “Жаркын келечек” деген аталыштагы аскерий чабуулду баштап, Хадрамаут өрөөнүндөгү Сейюн шаарында жайгашкан Биринчи аскердик аймакты көзөмөлгө алууга киришти. Мунун тышкы көрүнүшү терроризмге жана курал-жаракка каршы күрөш катары көрсөтүлдү.
Буга жооп кылып, Хадрамаут уруулары союзунун күчтөрү 2025-жылдын 29-ноябрында Хадрамаут жалпы конгрессинин төрагасы Амр бин Хубайриш ал-Алийидин жетекчилиги алдында Петросила аймагындагы мунай кендерин басып киришти. Бирок Өткөөл кеңештин күчтөрү алар тарапка жылышын улантып, Хадрамаутту жана коңшу Махра облусун толук көзөмөлгө алууга умтулду. Бул абал Саудиядан Мухаммад ал-Кахтани жетектеген комиссиянын келишине жана Өткөөл кеңештин күчтөрү менен Амр бин Хубайриш ал-Алийидин ортосунда аскерий кагылышуулардын алдын алуу үчүн жергиликтүү ортомчулук комиссиясын түзүүгө алып келди.
2025-жылдын 9-декабрында Өткөөл кеңеш Хадрамаут өрөөнү жана коңшу Махра облусу үстүнөн көзөмөлдү толук орнотконун жарыялады. Мунун айынан Саудия 2025-жылдын 12-декабрында жума күнү БАЭ катышкан экинчи делегацияны Аденге жөнөтүп, Өткөөл кеңеш менен анын күчтөрүн келген жерине кайтаруу үчүн зарыл болгон тартиптерди талкуулады. Лагерлерди “Улуттук калкан” күчтөрүнө өткөрүп берүү жана 2019-жылдагы Эр-Рияд конференциясынын сунуштарын сактоо талап кылынды.
Өткөөл кеңештин күчтөрү Хадрамаут өрөөнүндөгү позицияларынан чыгууга жооп бербегендиктен, Эр-Рияд 2025-жылдын 20-декабрында Хадрамаут облусуна караштуу Ал-Вадиа жана Ал-Абр аймактарында “Улуттук калкан” күчтөрүнөн 20 миң жоокерди топтоду. Буга каршы Абу-Дабиден Өткөөл кеңешке колдоо көрсөтүлөрү тууралуу ишендирүүлөр берилди.
Андан соң Эр-Рияд 2025-жылдын 25-декабрында күч колдонуу коркунучу менен кайра кайрылып, Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «мунун арты жакшылыкка алып келбеши мүмкүн» деп эскертти. Үчүнчү жолу 2025-жылдын 27-декабрында Коргоо министри Халид бин Салман: «Өткөөл кеңеш үчүн Хадрамаут жана Махрадагы лагерлерден өз күчтөрүн чыгаруу убактысы келди» деп билдирди. 2025-жылдын 29-декабрында Эр-Рияд Өткөөл кеңеши күчтөрүнүн келген жерине кайтуусу үчүн акыркы мөөнөт койду.
Ошол эле учурда учкучсуз учактар аркылуу жасалган эки өзүнчө чабуул аскерлердин өлүмүнө жана жаракат алышына алып келди: бири Хадрамауттагы Нахиб өрөөнүндө хадарми элита күчтөрүнө, экинчиси Хушм ал-Айн аймагында Өткөөл кеңештин жоокерлерине каршы болду. Бул экөө тең Эр-Рияд тарабынан уюштурулган деп эсептелет.
Ал эми күтүүсүз өнүгүү катары, сегиз мүчөдөн турган Президенттик кеңештин төрагасы шейшемби күнү, 30-декабрда, Йеменде 90 күнгө өзгөчө абал жарыялаганын, БАЭ менен биргелешкен коргонуу келишимин жокко чыгарганын билдирип, бардык эмираттык күчтөрдөн 24 саат ичинде Йеменден чыгып кетүүнү талап кылды. Ошол эле учурда коалиция Хадрамауттагы Мукалла портунда Фужайрадан келген эки кеме менен жеткирилген курал-жарак жана согуштук унааларды бомбалады. Ал эми ал-Алими жарандарды коргоо деген ураан алдында Саудия күчтөрүнүн Хадрамаутка киришин суранды. Ушул маалда Тарик Аффаш, Абдуррахман ал-Махрами жана Фараж ал-Бухсани Айдрус аз-Зубайдиге кошулушту. Ал-Алиминин солгундашы Саудиянын ага көрсөткөн катуу басымынан улам болду Саудиянын басымы күчөгөн сайын Британия өзүнүн башка колу болгон Өткөөл кеңешти кыймылга келтирди.
Өткөн ай ичинде Өткөөл кеңештин күчтөрү Хадрамаут облусуна киргенден кийинки саясий окуялардын өнүгүүсүн карай турган болсок, Эр-Рияд бейшемби күнү, 25-декабрда, Тышкы иштер министрлиги аркылуу билдирүү таратып, анда: «Хадрамаут жана Махра облустарында акыркы мезгилде Түштүк Өткөөл кеңеш тарабынан жасалган аскерий кыймыл-аракеттер Президенттик жетекчилик кеңешинин макулдугусуз жана коалиция жетекчилиги менен координацияланбастан, бир тараптуу жүргүзүлдү», — деп белгиледи. Ошондой эле билдирүүдө: «Түштүк Өткөөл кеңеш чыңалууну токтотуп, өз күчтөрүн Хадрамаут жана чыгыштагы Махра облустарынан шашылыш жана тынч жол менен чыгарат деген демилгесине үмүт артабыз», — деп айтылды.
Эртеси күнү БАЭнин Тышкы иштер министрлиги жооп иретинде билдирүү таратып, анда «йемен элинин кызыкчылыктарына кызмат кылуу жана анын туруктуулук менен гүлдөп-өнүгүүгө болгон мыйзамдуу умтулууларын ишке ашыруудагы ролун» баса белгиледи. Ошондой эле «Йемендеги туруктуулукту жана өнүгүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзгөн бардык аракеттерди колдоого берилгендигин, мунун аймактын коопсуздугуна жана гүлдөп-өнүгүшүнө оң таасир тийгизерин» билдирди. Мунун артынан Катар, Оман, Кувейт жана Бахрейн да ушуга окшош билдирүүлөрдү жасашты.
18-ноябрда Британиянын Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы мурдагы колония аймактары боюнча министри Хеймиш Фолкнердин Аденге сапары жана бин Салмандын Вашингтонго баруусу менен башталып, андан соң 21-ноябрда Шабвадагы 5-мунай секторун бир жуманын ичинде «Жаннат Хант» компаниясына өткөрүп берүү чечиминин чыгышы, 26-ноябрда «Жаркын келечек» операциясынын башталышы жана 29-ноябрда Амр бин Хубайриш ал-Алий күчтөрүнүн Петромасиладагы мунай кендерине кириши менен уланган окуялардын тизмеги – баары бир эле негизги темага, тактап айтканда Йемендин чыгышындагы мунай үчүн болгон күрөшкө байланыштуу экенине шек калтырбайт.
Өткөөл кеңеш күчтөрүнүн Хадрамаут жана Махра облустарына кириши 2023-жылдан бери макулдашылган жол картасына таасир тийгизүүдө. Санаа менен Адендин ортосунда жаңы сүйлөшүү айлампасын баштоо тартиптери талкууланган эле, бирок «ал-Аксa ташкыны» операциясынан улам кийинкиге жылдырылган. Бул кадам Хадрамаут жана Махра облустарындагы окуяларга катышпай турган, бирок катышып жаткандай эсептелген хуситтерге Сананы башкаруу мыйзамдуулугун берүү мүмкүнчүлүгүн дагы бир мөөнөткө алыстатат. Бирок ошол эле учурда Йемендин түштүгүн бөлүнүп-жарылууга түртүп, анын айрым бөлүктөрүнүн Сайкс–Пико картасынан тышкары жоголуп кетишине алып барууда.
Өткөөл кеңештин долбоору — Британиянын жер үстүндө жүргүзгөн колониялык күрөшүн БАЭнин колу аркылуу, ал эми Америкага таандык ач көздүктү Эр-Рияддагы Салман жана анын уулу Мухаммад аркылуу кайра жандандыруу болуп саналат. Ал шексиз мурдагы колониялык кагылышууларды, мисалы 1978-жылдын 26-июнун жана 1986-жылдын 13-январындагы окуяларды ойготууда. Мындай шартта Йемен эли үчүн бир гана чечим калууда — кечээ кандай болушса, ошондой «ыйман, акылмандык жана фыкх ээлери» болуп кайра кайтуу.
Өзүн Хадрамауттагы окуяларга тиешеси жоктой көрсөткөн Америка 1960-жылы Хадрамауттун Самуд аймагында «Пан Американ» компаниясы аркылуу мунайды изилдөө кудугун каздырган. Ошондой эле бүгүн Ормуз жана Баб ал-Мандеб кысыктарынан көз каранды болбоого, мунай соодасынын багытын Атлантика океаны аркылуу өтүүчү адаттагы жолдун ордуна Индия жана Тынч океандар тарапка, өзүнө карай буруу үчүн иш алып барууда.
Формалдуу көз карандысыздыктан 58 жыл өткөн соң британ министринин пайда болушу эмнени билдирет?!
Окуялар Араб деңизине чыгып турган Хадрамаут жана Махра аймактарында, Кызыл деңиздеги жүрүп жаткан кагылышка жакын жерде өнүгүүдө. Ошондой эле Араб деңизин көзөмөлгө алуу каалоосу Абу-Дабинин Йеменге таандык Сокотра, Мийун жана Зугар аралдарын өздөштүрүүсү, ал жерлерде яхудий түзүмүнүн болушу менен тыгыз байланыштуу. Яхудий Улуттук коопсуздук изилдөөлөр институту Өткөөл кеңеш күчтөрүнүн Хадрамаутту жана түштүк облустарды көзөмөлгө алышынын чыныгы өлчөмдөрүн ачыктады. Анда Өткөөл кеңеши түштүк Йемендин бөлүнүшү үчүн саясий жана коопсуздук колдоо алып, анын ордуна яхудий түзүмү менен нормалдашууга жана Абрахам келишимдерине кошулууга даярданып жатканы айтылды.
Саудия менен БАЭ Йеменди бөлүп-жарууда агенттин ролун ойношууда жана өздөрүн мындай тагдырдан алыспыз деп ойлошот. Ирак менен Йемендин бөлүнүшү Исламга жана мусулмандарга каршы 2001-жылы башталган кресттүүлөрдүн жортуулдары менен кошо пландалган, бөлүнүү жолундагы үчүнчү өлкө катары Нажд менен Хижазды алдыга чыгарат. Калкынын санынан тогуз эсе көп чет элдик жумушчулар жашаган БАЭ болсо, батыштын колониялык саясаттарына кызмат кылуусу жана яхудий түзүмү менен ашкере жакындашуусу аркылуу өзүн олуттуу коркунучтарга дуушар кылды.
Кызыгы, Хадрамаут адашкандай абалда. Ал Сана бийлигине да, Түштүк Өткөөл кеңештин бийлигине да кошулууну каалабайт. Бирок Саудия да 1934-жылдагы согуштан кийин Осмон доорундагы Асирди Йеменден алып кошуп алгандай, Хадрамаутту да өзүнө кошууну эңсеп келет.
Хадрамаут калкынын жана жалпы Йемен элинин негизги көйгөйү — аларды камкордукка алууга татыксыз адамдардын башкаруусунда калышы. Алар Йеменде жүрүп жаткан эл аралык кагылыштын эки тарабына тең тартылган. Бул адамдары мусулмандарды бириктирген, Исламды саясий түзүм катары кайра турмушка алып келүүдөн корккондор алып келишкен. Ал эми алардын арасындагы такыбаа, диндар адамдар саясий сахнадан алыс калып, таасирдүү рол ойной албай келишет. Алар саясий күрөшкө кирип, Исламий жашоону кайра баштоо үчүн пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө багытында иш алып бармайынча, абал өзгөрбөйт.
Роя гезити
Шафик Хамис




