Роя гезити

Айыпсыз камоо жана ырайымсыз кыйноо: Палестина балдары яхудий түрмөлөрүндөгү тозокто

Айыпсыз камоо жана ырайымсыз кыйноо: Палестина балдары яхудий түрмөлөрүндөгү тозокто

2026-жылдын 6-майында Анадолу агенттиги яхудий армиясы басып алынган Батыш Жээктин ар кайсы аймактарында рейддерди жүргүзүп, натыйжада кеминде 17 палестиналыкты, анын ичинде бир баланы жана эки аялды камакка алганын кабарлады. Туткундар боюнча маалымат бюросу бул кол салуулар Батыш Жээкте күн сайын күчөп жаткан камоолордун алкагында болуп жатканын жана аялдар менен балдарды да кошуп, коомдун ар түрдүү катмарларын бутага алып жатканын билдирди.

Туткундардын иштери менен алектенген палестиналык мекемелер, анын ичинде Туткундар коому, Газадагы согуш башталгандан бери Батыш Жээктен, анын ичинде Кудустан, 1630дан ашуун бала жана Газа секторунан ондогон балдар баскынчы күчтөр тарабынан камакка алынганын маалымдашты. Алар Мегиддо түрмөсүндө бир баланын ачарчылык, ажыратуу жана кордоо саясатына дуушар болгондон кийин шахид болгонун белгилешти. Азыркы учурда 350 бала, анын ичинде эки кыз, бардык эл аралык жашы жете электерди коргоо стандарттарына таптакыр каршы келген түрмөлөрдө оор шарттарда кармалууда. Алар кыйноо, ачарчылык, медициналык кароосуз калтыруу, жыныстык зомбулук, жамааттык обочолонтуу жана жакындары менен жолугушуудан ажыратуу сыяктуу кылмыштарга туш болуп жатышат.

Укук коргоо жана эл аралык баяндамалар яхудийлердин палестиналык балдарды камоосу системалуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын көрсөтөт. Жыл сайын орточо эсеп менен 700гө жакын палестиналык бала камакка алынат. 2025-жылдын декабрынын аягына карата яхудий түзүмүнүн түрмө кызматы 351 жашы жете элек палестиндикти «коопсуздукка байланыштуу айыптар» менен, дагы 106 жашы жете элек баланы «мыйзамсыз жүрүү» айыбы менен кармап турганын билдирген.

Баскынчы бийлик өтө катаал саясаттарды колдонот. Балдардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, алардын 73 пайызы камалгандан кийин физикалык зомбулукка кабылган, 95 пайызынын колдору байланып, 86 пайызынын көздөрү таңылган. Көптөгөн балдар түн ортосунда үйлөрүнөн кармалып кетишет жана сурак ата-энелеринин же адвокаттардын катышуусусуз жүргүзүлөт.

Аскердик соттордо балдар боюнча чыгарылган өкүмдөрдүн үлүшү 95 пайызга жетет. Кеңири тараган айыптардын катарына таш ыргытуу жана социалдык тармактар аркылуу «үгүт жүргүзүү» кирет. Яхудий түзүмү балдарга каршы административдик камак саясатын (айып тагылбастан жана соттолбостон камоо) колдонуп келет. Өзгөчө Кудустун балдары катуу бутага алынууда жана алардын жүздөгөнү камакта кармалууда.

Өткөн ондогон жылдар бою баскынчы яхудий түзүмү туткун болгон балдарга каршы адамгерчилик баалуулуктарына каршы келген системалуу саясаттар аркылуу физикалык жана психологиялык басым жасоо иштерин жүргүзүп келди. Балдар ар дайым анын мыйзам бузууларына эң көп дуушар болгон катмар болуп калды. Бул өлтүрүү жана жарадар кылуу, билим алуудан ажыратуу же он миңдеген балдарды камакка алуу аркылуу жүзөгө ашырылды. Алар шаарларга басып кирүү маалында, кагылышуулар учурунда, текшерүү бекеттеринде жана көчөлөрдө, ошондой эле мектептерден кармалып кетишкен. Мындан тышкары, Газанын балдары аскердик операциялар учурунда көп учурда адам калканы катары колдонулган. Ошондой эле кыргын согушунун эки жылы ичинде 20 миң бала шахид болду. 56 миңден ашуун бала ата-энесинин биринен же экөөнөн тең ажырап жетим калды. Ал эми 5100дөн ашуун бала өмүрүн сактап калуу үчүн шашылыш медициналык эвакуацияга муктаж.

Бул саясат бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Бул ой-жүгүртүү кыргын жана этникалык тазалоого негизделген. Мунун ачык көрүнүшү азыр Газа секторуна каршы жүргүзүлүп жаткан агрессияда байкалууда. Баскынчы күчтөрдүн жоокерлери өлтүрүүнү, балдарды, аялдарды жана кары-картаңдарды камоону улантып жатышат. Алардын жүрүм-турумун эч кандай ахлакый эрежелер да, инсаний баалуулуктар да токтото албайт. Баскынчылардын убактылуу жашап турган мезгилинен берки кылмыштарынын тарыхына көз жүгүртсөк, алардын адамгерчиликке эч кандай тиешеси жок экенин көрөбүз. Алардын артында балдардын жана аялдардын канын төгүүгө уруксат берген ашынган диний өкүмдөр турат. Алар муну бул балдар менен аялдар келечекте ата-бабаларынын жолун жолдоп, жерин, ар-намысын жана акысын коргойт деген коркунуч менен акташат. Ошондуктан алар палестин элин жана палестин каршылыгынын жаңы муунун түп-тамыры менен жок кылууну зарыл деп эсептешет.

Палестинанын жана Газа секторунун балдары менен аялдары ар дайым баскынчы армиянын ачык жана түздөн-түз бутасы болуп келген. Баскынчы күчтөр Газа секторуна кол салган жылдары башка жылдарга салыштырмалуу балдар менен аялдар арасындагы шахиддердин саны бир нече эсе көбөйгөнүн көрүүгө болот.

Үйлөрдүн көпчүлүгүндө балдар менен аялдар жашайт. Бирок баскынчы күчтөр аларды ракеталар жана бомбалар менен аткылап, мүмкүн болушунча көбүрөөк зыян келтирүүнү жана аларды жер которууга мажбурлоону көздөйт. Себеби демографиялык фактор Палестина жериндеги бар болуу маселесинде өтө чоң таасирге ээ. Баскынчылар өздөрүнүн саны палестиндиктерден көп болушун каалашат. Анткени палестин калкынын көбөйүшү алардын бар болушуна чыныгы коркунуч жаратат. Мындан тышкары, баскынчы күчтөр башаламан түрдө бомбалап, Палестина элин коркутууну жана каршылык көрсөтүүчүлөрдүн жаңы мууну өсүп чыгышын алдын алууну көздөйт.

Палестинада болуп жаткан бул кайгылуу окуяларга жана биздин балдарыбыздын, көзүбүздүн карегиндей болгон перзенттерибиздин мыйзамсыз камалышына карата саясий деңгээлдеги алсыз мамиле Батышка, айрыкча Америкага болгон көз карандылыктын чыныгы көрүнүшү болуп саналат. Бул саясат мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер тарабынан ишке ашырылып жатат.

Ислам үммөтү биздин өлкөлөрдөгү колонизатор Батыштын кызыкчылыгына кызмат кылган жана анын буйругу менен иш жүргүзгөн режимдерди жана жасалма мамлекетчелерди жок кылуу аркылуу гана эркиндикке жетет, Палестина эли жана анын балдары да боштондукка чыгат, бул жийиркеничтүү түзүмдүн кылмыштары да токтойт.

Палестинадагы күрөш тагдыр чечүүчү күрөш болуп саналат. Ал үммөткө бул алсыз, кор болгон түзүмдүн чыныгы жүзүн көрсөттү. Ошондой эле анын ушул режимдер тарабынан корголуп жатканын ачыктады. Бул режимдер үммөттү адаштырып, «чек ара мамлекеттери», «каршылык көрсөтүү», «Кудус армиясы», «каршылык көрсөтүүчү мамлекеттер» жана башка ушул сыяктуу аталыштар менен жалган үмүттөрдү берип келишет.

Ошондуктан кайрылуу бул режимдерге жана саясий чөйрөлөргө эмес, башка тарапка багытталышы керек. Албетте, башкаруучулар да башында кайрылуудан четтетилбейт. Себеби алардын саясий кулчулугу кадимки кулчулук сыяктуу мажбурланган эмес, тескерисинче өз тандоолору болуп саналат. Башкаруучулар Батыш системасынан бир гана чечим менен тез арада ажырай алышат. Ошондой эле Аллах Тааланын төмөнкү сөзүнө моюн сунуп, армияларды Палестинага жөнөтүп, анын элине жана балдарына жардам бере алышат:

﴿وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللهِ وَالْـمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ﴾

«(Эй момундар), силерге эмне болду, Алла жолунда эркектер, аялдар ошондой эле балдардан турган бечаралар (ды азат кылуу) жолунда согуш кылбай жатасыңар?!» (Ниса: 75).

Бирок ондогон жылдар бою созулган шалаакылык, кутумдар жана кан төгүүлөрдөн кийин бул режимдердин жообу ар дайым бир эле болду: «Биз кожоюндарыбыздын буйругунан чыкпайбыз!»

Ошондуктан кайрылууну дароо үммөткө жана анын армияларына буруп, динине, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыктарына кыянатчылыгы ашкере болгон режимге каршы аракеттенүүгө, андан соң чек араларды ашып өтүп, Палестина элине жана анын балдарына жардам берүүгө чакыруу зарыл болду. Анткени алар ушул эскирген улуттук режимдердин тушунда кордук менен кемсинтүүнүн ачуу даамын татып келишти.

Бул Палестина элине тез жана шашылыш жардам берүү, анын балдарын куткаруу үчүн жүргүзүлө турган аракет болушу керек. Шарият да ушуну талап кылат. Аллах Таала мындай дейт:

﴿وَإِنِ اسْتَنصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ﴾

«Эгер алар дин жолунда силерден жардам сурашса жардам кылуу силердин мойнуңарда». (Анфал: 72).

Ал эми режимдерди кулатуу жана Исламды адамдардын, мамлекеттин жана аларга тиешелүү бардык иштердин жөнгө салуучу мабда катары кабыл алган пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө деңгээлине келсек, анда армиялардын нусраты Хизб ут-Тахрирге берилиши зарыл. Анткени ал Халифалык мамлекетин тикелей ала турган жалгыз саясий күч болуп саналат жана анын ар бир тармакка байланыштуу толук жана так программасы бар. Ошондо мусулмандардын бардык маселелери, биринчи кезекте Палестина маселеси, шарият жана жихад негизинде карала турган болот.

Роя гезити

Устаз Абдулхалик

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button