Роя гезити

Америка менен Ирандын ортосунда жакын арада келишим болобу?

Америка менен Ирандын ортосунда жакын арада келишим болобу?

Америка «айласын таппай калган» абалга түштү. Иштер аралашып, абал оорлошту. Бирде Иранга каршы чечүүчү сокку урууну айтып коркутат. Дагы бирде сүйлөшүүлөрдү жана келишимге кол коюуну талап кылат. Бирок бул анын максатына жетишине жардам береби?

Анын президенти Трамп текебердик илдетине чалдыкканына карабай, Кытайга башын жерге салып барды. Максаты Кытай Иранга басым жасап, анын шарттарын кабыл алуусу эле. Бирок ал куру кол кайтып келди. Ал «Америка менен Кытайдын көз караштары абдан окшош» деп айтты, бирок ошол эле учурда «Иран маселесине байланыштуу эч кандай кызмат сураган жокмун» деп кошумчалады. Бул анын Кытайды Иранга басым жасоого жана Иран менен болгон соода алакаларын токтотууга көндүрө албаганын көрсөтөт. Негизи бул соода Американын Иранга каршы киргизген санкцияларын бузуу болуп эсептелет. Бирок Кытай ал санкцияларга баш ийген жок жана Ирандын мунай экспортунун болжол менен 80 пайызын сатып алууда.

Көрүнүп тургандай, ал «окшоштук» 2026-жылдын 14-майында Ак үй чыгарган билдирүүдөгү төмөнкү сөздөргө байланыштуу: «Кытай президенти Ормуз кысыгын аскерлештирүүгө жана аны пайдалануу үчүн төлөм киргизүүгө болгон ар кандай аракетке каршы экенин ырастады. Ошондой эле эки өлкө Иран эч качан өзөктүк куралга ээ болбошу керек деген пикирде экенине макулдашты».

Бул маселелер Кытайдын кызыкчылыгына туура келет. Анткени ал эч кимдин Ормуз кысыгын көзөмөлдөп, анын кемелеринен төлөм алышын каалабайт. Ошондой эле Ирандын өзөктүк мамлекетке айланышын да каалабайт. Себеби келечекте Иран ага коркунуч жаратышы мүмкүн, анткени Иран исламий өлкө болуп саналат.

Кытай Исламдын дүйнөлүк улуу күч катары кайра кайтып келишинен коркот. Бул коркуу анын өлкө ичиндеги мусулмандарга кысым көрсөтүүсүнөн жана Борбор Азиядагы исламий жамааттарга каршы күрөшүнөн ачык көрүнөт. Ал бул жаатта Борбор Азия мамлекеттери жана Орусия менен биргеликте Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы келишимдер аркылуу кызматташат.

2026-жылдын 15-майында Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Американын билдирүүсүнө жооп катары мындай деди: «Бул жаңжал башынан эле болбошу керек эле жана анын уланышына эч кандай себеп жок. Кытай энергия жеткирүүлөрүнө жана дүйнөлүк экономикага олуттуу таасир тийгизген согушту токтотуу үчүн келишимге жетишүүгө багытталган аракеттерди колдойт». Башкача айтканда, Кытай Иранга каршы согушка каршы. Анткени ал мындай согуштун жыйынтыгында Американын жеңишке жетишин каалабайт. Себеби мындай жеңиш Американын Кытайга каршы позициясын дагы да күчөтүп жиберет.

Ал эми Кытай президентинин жообу Орусия президенти Путин келгенде дагы ачык көрүндү. Экөө 2026-жылдын 20-майында биргелешкен билдирүү чыгарып, анда мындай дешти:

«Бир катар мамлекеттердин дүйнөлүк иштерди бир тараптуу башкаруу, өз кызыкчылыктарын бүт дүйнөгө таңуулоо жана башка өлкөлөрдүн эгемендүү өнүгүүсүн колониялык доордун рухунда чектөө аракеттери ийгиликсиз болду».

Бул Трамптын Кытайдагы максаты ишке ашпаганын көрсөтөт. Анткени Кытай бул билдирүү аркылуу Орусия менен бирге Американын талаптарын четке какты.

Америка Кытайдан үмүтүн үзгөн соң, Пакистандагы өзүнө көз каранды адамдарды кыймылга келтирип, сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого жана келишим түзүүгө аракеттенди. Ошентип, Америкага өтө берилгендиги себептүү анын ишенимине ээ болгон Пакистан армиясынын башчысы жана өлкөнүн иш жүзүндөгү башкаруучусу Асим Мунир 2026-жылдын 23-майында Иранга барып, анын президенти, тышкы иштер министри, парламент төрагасы жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жетекчилери менен жолугушту.

Пакистан армиясы билдиргендей, «анын командачысы Тегеранда өтө жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдү жана алардын натыйжасында согушту токтотуу боюнча акыркы түшүнүшүүгө жетүү жолунда кубандыруучу жылыш болду».

Иран Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бакыйи мындай деди:

«Иран Америка менен болгон бир нече жумалык сүйлөшүүлөрдөн кийин жакындашууга болгон умтулууну байкады. Бирок бул маанилүү маселелер боюнча сөзсүз түрдө түшүнүшүүгө жетишилди дегенди билдирбейт. Максат эки тарап үчүн кабыл алына турган чечимге келүү. Акыркы этап өзөктүк маселенин же санкциялардын майда-чүйдөсүн камтыбайт. Алар Вашингтон менен түшүнүшүүгө жетишилгенден кийин талкууланат.

Тоңдурулган ирандык активдерди бошотуу маселеси сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде турат. Өзөктүк маселе боюнча талкуулар 30 же 60 күндүн ичинде башталат жана бул сүйлөшүүлөрдүн кийинки этаптарына байланыштуу болот. Пакистан сүйлөшүүлөрдүн расмий ортомчусу болуп саналат, ошондой эле Катар да аларды жеңилдетүүгө жардам берүүгө аракет кылууда».

Америка президенти 2026-жылдын 23-майында мындай деди:

«Иран менен тынчтык келишими боюнча меморандумдун чоң бөлүгү сүйлөшүлүп бүттү. Ал Ормуз кысыгынын кайра ачылышына алып келет. Бул тууралуу жакын арада жарыяланат».

Анын тышкы иштер министри Рубио болсо: «Жакынкы сааттарда дүйнө, өзгөчө Ормуз кысыгы боюнча жакшы кабарларды угушу мүмкүн», – деди.

Андан кийин Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф: «Биз Иран менен Америка ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасын жакын арада өткөрүүгө үмүттөнөбүз», – деди.

Анын тышкы иштер министри Исхак Дар болсо: «Америка менен Ирандын сүйлөшүүлөрүндө жетишилген прогресс оң жана туруктуу жыйынтыкка жетүү мүмкүнчүлүгүнө негиз берет», – деп билдирди.

Экөө тең Америка президенти Трампты жана анын диалог менен дипломатияга берилгендигин макташты. Бирок дал ошол Трамп Иранга каршы агрессиясы аркылуу кылмыштарды жасаган, ошондой эле яхудий түзүмүн Ливанга каршы агрессиясында колдоп, Газадагы геноцидди жана анын кыйратылышын колдогон.

«Вашингтон Пост» гезити пакистандык бир аткаминерге таянып мындай деп жазды: «Пакистан армиясынын командачысы сүйлөшүүлөрдө талкууланып жаткан эки негизги маселе боюнча айырмачылыктарды азайтууга аракет кылды. Алар – Ормуз кысыгын көзөмөлдөө жана Ирандын өзөктүк программасынын келечеги». Гезит ошондой эле: «Ирандык аткаминерлер өзөктүк программага байланыштуу сүйлөшүүлөрдү согушту токтотуу жана Ормуз кысыгын кайра ачуу боюнча келишимге жеткенге чейин кийинкиге калтырууну каалашат», – деп кошумчалады.

Бардык тараптардын билдирүүлөрүнөн көрүнүп тургандай, Америка менен Ирандын ортосунда мүмкүн болгон келишим бар. Ал согушту токтотуу, Ормуз кысыгынын абалы жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү кийинкиге жылдыруу маселелерин камтыйт.

«Фарс» жана «Тасним» маалымат агенттиктери:

«Келишимдин долбоору эки тараптын жана алардын аймактагы союздаштарынын согушту токтотуусун карайт», – деп билдиришти.

Бул яхудий түзүмүн да камтыйт. Башкача айтканда, Америка аны Иранга жана анын аймактагы тарапташтарына каршы чабуул жасоодон токтотууга тийиш.

Мындан тышкары, келишимдин биринчи этабында: «Ирандын мунай, газ жана нефтехимия тармагына карата санкцияларды алып салуу жана тоңдурулган каражаттарынын бир бөлүгүн бошотуу» каралган.

Бул Америка өзүнүн согушунда ийгиликсиздикке учураганын көрсөтөт. Ал башында таптакыр жок болгон Ормуз кысыгы маселесин талкуулай баштады. Чынында кысык ачык болчу, аскерлештирилген эмес жана андан өткөнү үчүн эч кандай төлөм алынчу эмес. Американын негизги максаты Ирандын өзөктүк программасын жок кылуу жана аны өзүнө көз каранды мамлекетке айлантуу эле. Бирок бул максат ишке ашкан жок.

Иран болсо өз түзүмүн сактап калууга, Американын басымына туруштук берүүгө жана анын бардык шарттарын кабыл албоого жөндөмдүү абалга келди. Анын позициясын Кытайдын Иранга басым жасоодон баш тартып, соода алакаларын улантууну талап кылган позициясы күчөттү. Бул алакалар Америка жана Европа санкцияларынын шартында Ирандын өзүн каржылоосу үчүн өтө маанилүү. Ошондой эле Американын согушуна каршы чыккан жана Кытай менен жакындашууга аракет кылган Орусиянын позициясы да Ирандын абалын бекемдеди. Америка экөөнүн ортосун ажыратууда ийгиликке жете алган жок. Мындан тышкары, Катар да кыймылга келип, эки тараптын ортосундагы келишимге көмөктөшүү шылтоосу менен Ирандын ага жасаган чабуулдарын унуткандай болду.

Ушундайча Америка Сомалидеги, Ирактагы жана Афганистандагы жеңилүүлөрүнөн кийин мусулмандар менен болгон дагы бир аскерий кармашта утулду.

Бирок аны саясий жактан да жеңүү үчүн аракет кылуу керек. Анда эч кандай саясий таасир калбашы керек, мейли ал саясий көз карандылык, анын орбитасында айлануу же башка түрү болсун, баарынан таасири кесилиши шарт. Ал мусулмандардын көзүндө алсыз экенин тастыктады.

Бул мусулмандардын аны жеңүүгө жана аймактан кууп чыгарууга жөндөмдүү экенин дагы бир жолу тастыктайт. Аллахтын уруксаты менен жакында Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык орногондо бул ишке ашат.

Роя гезити

Асъад Мансур

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button