Роя гезити

Саясий таанууубу же геостратегиялык инвестициябы?

Саясий таанууубу же геостратегиялык инвестициябы?

Отуз жылдан ашык убакыттан бери Сомалиленд аймагы эл аралык тартипте өзгөчө абалда жашап келет. Башкаруу, коопсуздук жана салыштырмалуу туруктуулук жагынан мамлекетке мүнөздүү шарттарга ээ болгону менен, эл аралык укуктун чечүүчү элементи т.а. аны көз карандысыз мамлекет катары эл аралык деңгээлде таануу жетишпей келет.

Акыркы мезгилде аймактын аталышы кайрадан курч талкууга чыкты. Буга байланыштуу баяндамалар менен талдоолор яхудий түзүмүнүн кызыгуусу күчөп жатканын көрсөтүүдө. Ал Сомалилендди Сомалиден өз алдынча мамлекет катары таануу маселесин эл аралык аренага алып чыгууга умтулуп, мунун ордуна таануу ишке ашкан учурда Сомалиленд аткара турган белгилүү шарттар менен милдеттенмелерди коюуну көздөйт.

Бул маселенин тамыры колониялык доорго барып такалат: Сомалиленд 1960-жылга чейин Британиянын протектораты болуп, андан соң ыктыярдуу түрдө Италиялык Сомали менен биригип, бүгүнкү Сомали деп аталган түзүлүштү жараткан. Бул биригүү тең салмактуу конституциялык жөнгө салууларсыз ишке ашып, бийлик менен байлыктын бөлүштүрүлүшүндө терең кемчиликтердин пайда болушуна алып келген. 1990-жылдардын башында Сомали мамлекети кыйраганда өлкө жарандык согушка батты да, 1991-жылы түндүктөгү саясий жана уруулук элита бир тараптуу түрдө ажырап чыгарын жарыялап, «Сомалиленд Республикасы» деген түзүлүштү кайра жандандырды.

Эл аралык таануу болбогон бул бир тараптуу көз карандысыздыкка карабастан, Сомалиленд Сомалинин калган бөлүгүнө салыштырмалуу өзгөчөрөөк моделди калыптандыра алды. Жергиликтүү башкаруу институттарын түздү, ички шайлоолорду өткөрдү, коопсуздук түзүмдөрүн курап, эң аз дегенде туруктуулукту сактап калды, ошондой эле тышкы дүйнө менен чектелген байланыштарды орнотту. Эл аралык деңгээлде таанылбаган субъект катары ал коопсуздук, экономика жана туруктуу жашоо үчүн тышкы байланыштарды түзүүгө аргасыз болгон татаал аймактык чөйрөдө аракеттенүүдө.

Анын тышкы саясаты эки негизги принципке таянат: биринчиси — коңшу мамлекеттер менен түз кагылышуудан оолак болуу; экинчиси — толук кандуу эл аралык келишимдердин ордуна суверендүүлүккө жетпеген практикалык макулдашууларды түзүү.

Эфиопия менен болгон мамиле эң маанилүүсү болуп саналат. Эфиопия — деңизге чыкпаган мамлекет, ал эми Бербера порту ага Аден булуңуна ачылган маанилүү дарбаза болуп эсептелет. Ошондуктан Эфиопия Сомалилендди саясий жана экономикалык рычаг катары колдонуп, соода, логистика жана коопсуздук тармактарында өз ара түшүнүшүүлөргө ээ, мындан тышкары расмий эмес дипломатиялык өкүлчүлүк да бар. Ошол эле учурда, Сомали өкмөтү менен кагылышуудан качуу үчүн Эфиопия Сомалилендди расмий түрдө тааныган эмес.

Ал эми Жибути менен болгон мамиле кадимки мүнөздө болуп, уруулук жана чек аралык кызматташуу басымдуулук кылат, ошол эле маалда, айрыкча порттор маселесинде ачык атаандаштык да байкалат. Жибути Сомалиленддин бөлүнүп чыгышына каршы чыгып, Сомалинин биримдигин колдойт.

Ал эми федералдык Сомали өкмөтү менен болгон мамилеси саясий ажырым жана карама-каршылык мүнөзүндө, анткени Могадишо Сомалилендди баш ийбеген аймак катары эсептейт. Бунтланд менен болгон мамилеси болсо тереңинен душмандык мүнөздө, себеби Бунтланд Сомали мамлекетинин ичинде федерализмди жактайт, ал эми Сомалиленд бөлүнүп чыгуу жолун тандаган.

Ушуга ылайык, Сомалиленд толук обочолонгон деп айтууга болбойт, бирок ал саясий жактан курчоодо турат, анткени анын расмий союздаштары эмес, чектелген түшүнүшүүлөрдүн алкагында иш алып барган практикалык өнөктөштөрү бар.

Бүгүн Сомалиленддин кайрадан күн тартибине чыгышы анын дүйнөлүк соода жана коопсуздук өтмөгүндө жайгашкандыгына байланыштуу. Бул аны Африка мүйүзүндө Америка, Кытай, Россия, Түркия жана Булуң өлкөлөрү ортосундагы таасир талашынын чордонунда калтырды, мындан тышкары яхудий түзүмү да кошулууда. Бул жагдай борбордук Сомали мамлекетинин алсыроосу күчөп, тышкы колдоого болгон көз карандылыгы арткан шартта орун алууда.

Ушундай абалда яхудий түзүмү Сомалилендди таануу маселесин саясий сахнага чыгарууда. Биньямин Нетаньяху жума күнү, 27-декабрда, Абрахам келишимдерине байланышкан ыкмалардын алкагында аны көзкарандысыз мамлекет катары таануу ниетин жарыялаган. Бул сунуш эл аралык деңгээлде дээрлик толук четке кагылды. Ошол эле күнү Сомали өкмөтү өзү «бөлүнүүчү аймак» деп атаган түзүлүштүн көз карандысыздыгын яхудий түзүмүнүн таануусун кескин түрдө четке какканын билдирди.

Бул багыттын артында яхудий түзүмүнүн бир катар түрткүлөрү турат. Алардын эң негизгилери: Сомалиленддин географиялык ордун стратегиялык жактан пайдалануу, бул ага Жакынкы Чыгышка жакын аймакта кошумча геостратегиялык катышууну камсыз кылат. Ошондой эле Абрахам келишимдеринин жол-жобосунда активдүүлүктү күчөтүү жана Африка менен Жакынкы Чыгышта нормалдаштыруунун чөйрөсүн кеңейтүү. Мындан тышкары, бул аймакка палестиналыктарды жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу талкуулар да айтылууда. Мындай сунуштар мурдагы америкалык пландардын алкагында же аларды кайра көтөрүү аракеттеринде колдонулган, көчүрүү долбоорлорунун алкагындагы саясий маневрлер болуп эсептелет.

Бул аракеттерди жер басып алып, элин жер котортуп, ага каршы геноцид жана сүргүн кылмыштарын улантып келе жаткан түзүлүш тараптан жасалган «ахлакый кадам» катары түшүнүүгө болбойт. Тескерисинче, бул өнүгүүлөрдү аталган түзүлүштүн стратегиялык доктринасынын алкагында кароо зарыл. Ага ылайык, Сомалилендди таануу иш жүзүндөгү абалды таңуулоо саясатын коргоого, эл аралык мыйзамдуулук түшүнүгүн кайра аныктоого жана таанылбаган түзүлүштөр менен мамиле түзүүнү актоого кызмат кылат. Бул — узак мөөнөттүү укуктук инвестиция, эч кандай «күнөөсүз» прецедент эмес.

Бул таануу айрым мүмкүн болгон геосаясий пайда алып келиши ыктымал болгону менен, ал күткөндөн ашык саясий жана коопсуздук коркунучтарынан куру эмес, айрыкча Африка мүйүзү сыяктуу туруксуз аймакта. Бул коркунучтардын эң негизгилери төмөнкүлөр: колониялык доордон калган чек араларды өзгөртүүгө каршы турган Африка биримдигин касташтыруу; яхудий түзүмүнүн африкалык институттарда байкоочу макамын алуу аракеттерин үзгүлтүккө учуратуу; Сомали, Түркия жана Мисир менен таасир талашкан жаңы кагылышууларга жол ачуу; иш жүзүндөгү абалды күч менен таңуулоого каршы чыккан яхудий түзүмүнүн өзүнүн эле укуктук риторикасын алсыратуу; Сомалиленд маселесин стратегиялык мүмкүнчүлүктөн саясий жана коопсуздук жүгүнө айландыруу.

Сомалиленд маселеси Африка мүйүзүндөгү таасир үчүн ачык күрөш аянтына айланганын кайрадан айгинелеп турат. Бул жерде геосаясий эсеп-кысаптар эл аралык укуктун принциптеринен жогору коюлуп, дүйнөлүк тартиптин морттугун ачык көрсөтүүдө. Яхудий түзүмүнүн бул аймакка болгон кызыгуусу кокустуктан эмес, анын деңиздик-географиялык жана коопсуздук маанисин, айрыкча Баб ал-Мандеб жана Кызыл деңиздеги ордун аңдоодон келип чыгат. Сомалиленддин келечеги бул же тигил түзүлүштүн чечимине байланбайт, тескерисинче Африка мүйүзүндөгү күчтөрдүн тең салмагына, ошондой эле жергиликтүү жана аймактык «актёрлордун» алсыз мамлекеттерди майда бөлүктөргө ажыратуу кыска мөөнөттүү пайда бериши мүмкүн экенин, бирок көп учурда баарынын көзөмөлүнөн чыгып кетчү узак жана терең жаңжалдардын эшигин ачарын түшүнүү жөндөмүнө байланыштуу.

Америка тарабынан аймактагы, айрыкча Ислам өлкөлөрүндөгү мамлекеттерди бири-бири менен касташкан майда түзүлүштөргө бөлүү, алардын ичиндеги таасир талаштарын колдоо аркылуу инфраструктурасын кыйратуу, элдерин жана байлыктарын түгөтүү багытындагы пландардын шартында, аймак элдеринин бул мекендерин бөлүп-жаруу жана байлыктарын колонизатордун пайдасына, кызматчы башкаруучулардын колу менен талап-тоноо үчүн түзүлүп жаткан долбоорлорду аңдап түшүнүүсү милдет болуп калууда. Андай башкаруучулар өз кызмат ордун жана байлыгын сактоодон башка эч нерсени ойлобой, өлкө менен элин курмандыкка чабышууда.

Эй, Сомали эли, эй, Африка эли! Азиздик менен ар-намысты кайра кайтаруунун түпкү чечими — бул үммөт менен бирге пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайра баштоо долбоорун бекем кармануу. О.э колонизаторду жерлерибизден кууп чыгууда. Бул куру кыялдар менен ишке ашпайт, тескерисинче Батыштын кызыкчылыгын көздөгөн, үммөттү өз дининен алыстаткан жасалма мыйзамдар менен башкарган акимдерди кулатуу аркылуу гана ишке ашат. Анткени дин – үммөт иштеринин коргоочусу.

Роя гезити

Устаз Набил Абдулкарим

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button