Роя гезити

Коркуу, жакырчылык жана кыйроо капиталисттик түзүмдүн аялга жана балдарга берген «белеги», андан чыгуунун жалгыз жолу Халифалык.

Коркуу, жакырчылык жана кыйроо капиталисттик түзүмдүн аялга жана балдарга берген «белеги», андан чыгуунун жалгыз жолу Халифалык.

Капиталисттик мыйзамдар себептүү аялдар менен балдар азаптуу турмушту кечирүүдө. Бул режимдердин оту бүт дүйнөнү күйгүзүп жатат, алардын башында Америка турат. Сирияда, Суданда, Иракта, Афганистанда, Сомалиде, Газада жана Батыш жээкте, ошондой эле башка аймактарда аялдар бул кайгылуу көрүнүштөрдү өз көзү менен көрүп, өз кулагы менен угууга мажбур болду. Сирияда калган айрым аялдар бүгүн жашап жаткан кайгылуу тагдырды балдарына каалабагандыктан, турмушка чыгуу жана төрөө маселесинен коркушат.

Ал эми Газада, «Аль-Жазира» сайты билдиргендей, палестиналык аялдар яхудий түзүмү жүргүзгөн жок кылуу согушу пайда кылган гуманитардык трагедиянын так ортосунда калды. Эки жылдык бомбалоо, кыргын жана ачарчылыктан кийин аялдар менен кыздарга жеткен кырсыктын көлөмүн сандар ачык көрсөтүп турат. Газадагы Өкмөттүк маалымат кеңсесинин маалыматына ылайык, 12,5 миңден ашуун аял шахид болгон, алардын ичинде согуш маалында өмүрүн жоготкон 9 миңден ашуун эне бар. Жесир аялдардын саны 21,2 миңге жеткен. Оор шарттардан улам 12 миң бойдон түшүү катталган. Ошол эле учурда, азык-түлүк менен кам көрүүнүн жетишсиздигинен улам 107 миң кош бойлуу жана эмизген аялдын өмүрүнө олуттуу коркунуч туулууда.

Гуманитардык кийлигишүүнүн артыкчылыктары тууралуу БУУнун жооптуу өкүлү: Газадагы аялдар менен кыздар «баарына муктаж» б.а. башпаанекке, азык-түлүккө жана коргоого муктаж экенин айтты. Ал ошондой эле: «Газадагы ар жети үйдүн бирин аял багат», — деп белгиледи.

Америка жана анын коштоочулары ушул эле кылмыштарды Иракта, Афганистанда, Йеменде жана башка Ислам өлкөлөрүндө да жасап келишти жана жасап жатышат. Бирок Батышка муслима аялдарын кордоого жол ачып берген ким? Америкага, Россияга, Британияга жана Францияга өлкөлөрүбүздө каалагандай кылмыш кылууга ким жардам берди? Алар мусулмандардын араб жана ажам башкаруучулары эмеспи? Батыш биздин ар-намысыбызга, байлыгыбызга жана жакшылыктарыбызга кол салуусу үчүн колдонгон куралдар дал ошолор эмеспи?

Халифалык мамлекети жок шартта дүйнө көз жаздымда калгыс туруксуздук жана тынчсыздануу баскычынан өтүп жатат, бул болсо кеңейип жаткан жаңжалдардын картасынан ачык көрүнөт. БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тарабынан жарыяланган баяндамага ылайык, дүйнө 1946-жылдан бери эң көп жаңжал катталган мезгилди башынан кечирүүдө. Бул эл аралык коопсуздукка жана тынчтыкка, ошондой эле миллиондогон адамдардын өмүрүнө олуттуу кесепеттерди алып келүүдө. Баяндамa БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325-резолюциясынын кабыл алынганына 25 жыл толушуна карата даярдалган. Баяндамaда бүгүнкү күндө болжол менен 676 миллион аял жана кыз өлүмгө алып келүүчү жаңжал аймактарында же андан 50 чакырым аралыкта жашап жатканы айтылат. Бул көрсөткүч өткөн кылымдын 90-жылдарынан берки эң жогорку деңгээл болуп эсептелет. 2023-жылы жаңжал аймактарында катталган сексуалдык зомбулук фактылары 2022-жылга салыштырмалуу 50%га өскөн, анда аялдарга жана жаш кыздарга каршы 3688 тастыкталган учур катталган. Ал эми 2024-жылы абал мындан да начарлап, кошумча 25% өсүш байкалган. Бул сандар жөн гана статистика эмес, тескерисинче, согуштар аялдардын денеси аркылуу жүргүзүлүп калган дүйнөдө ахлакый жана инсаний баалуулуктардын кыйраганын билдирген кыйкырыктар.

Албетте, бул кара тизмеде Судандын аты да жок эмес. Ал өзүнүн заманбап тарыхындагы эң катуу жана эң кан төгүлгөн согуштун шартында турат. ЮНИСЕФ сайты 2025-жылдын 27-августунда, курчоо башталганына 500 күн өткөндөн кийин, Судандын Түндүк Дарфур аймагындагы Фашир шаары балдардын азап-тозогунун очогуна айланганын маалымдаган. Ал жерде туура эмес тамактануу, оорулар жана зомбулук балдардын күн сайын өлүмүнө себеп болууда. Ошондой эле басма сөз билдирүүсүндө акыркы айларда Фашир шаарынан жана аны курчап турган лагерлерден кеминде 600 миң адам, алардын жарымы балдар көчүүгө мажбур болгонун кабарлаган. Шаардын ичинде болсо 260 миңге жакын жай тургун, анын ичинде 130 миң бала, аянычтуу шартта камалып калып, 16 айдан ашык убакыттан бери гуманитардык жардамдан ажыратылган бойдон калууда.

ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэтрин Расселл мындай деди: «Биз кыйратуучу трагедияга күбө болуудабыз: Фаширдеги балдар ачарчылыктан кыйналып жатышат, ошол эле учурда өмүрүн сактап калуучу азык-түлүк кызматтары тоскоолдукка учурап жатат». ЮНИСЕФ уюму балдарга карата 221 зордуктоо фактысы документтештирилгенин билдирди, алардын ичинен 16сы беш жашка чыга элек, ал эми төрт бала бир жашка да толо элек.

Андай болсо, мындай деңгээлдеги зомбулукту жана жапайычылыкты кайсы инсаний баалуулук актап бере алат? БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин баяндамасы муну сүрөттөө менен гана чектелбестен, андан да ары кетип, оор бир карама-каршылыкты көрсөтөт: «Согуштарда аялдар рекорддук санда өлтүрүлүүдө».

Халифалык мамлекетинин кыйратылышы аялдар өздөрүнүн, балдарынын жана үй-бүлөлөрүнүн турмушуна кыйратуучу таасир калтырган каргашалуу окуя болду, ошентип алар өздөрүнө камкордук кылып, укуктарын коргоп келген мамлекеттен ажырашты. Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деген:

«الإِمَامُ رَاعٍ وَهُوَ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

«Имам — камкорчу, ал өз эли үчүн жоопкер».

Натыйжада алар өлүмгө, кыйроого, жакырчылыкка жана муктаждыкка дуушар болушту. Ислам аялдын даражасын көтөргөн. Исламда эркектерди жана коомду аялга урмат-сый менен мамиле кылууга, анын кадыр-баркын сактоого милдеттендирген далилдер көп. Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деген:

«اسْتَوْصُوا بِالنِّسَاءِ خَيْراً»

«Аялдарга жакшылык кылууну осуят алгыла». (Муслим риваят кылган)

Ошондуктан Халифалык аялдын кадыр-баркы менен коопсуздугун өз саясатынын негизги таянычы кылат. «Аял – эне жана үй кожойкеси. Ал корголушу важиб болгон ар-намыс». (Конституция долбоорунун 112-беренеси). Мамлекет коом ичинде такыбалыкты жана Ислам өкүмдөрүнө болгон аң-сезимди бекемдейт, бул эркектердин аялдарга болгон көз карашында жана аларга мамиле кылуусунда жоопкерчиликти күчөтөт. Ошондой эле Халифалык аялга карата урмат-сый көз карашын бекемдөө үчүн өзүнүн саясий, билим берүүчү жана маалымат каражаттарына байланыштуу системаларын, ошондой эле жеткиликтүү болгон бардык башка ыкмаларды колдонот.

Ислам аялга карата зомбулук үйдө болобу же көчөдө болобу, бардык түрүнө, тыюу салат. Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан:

«لاَ تَضْرِبُوا إِمَاءَ اللَّهِ»

«Аллахтын күңдөрүн урбагыла».

Халифалык мамлекетинин Конституция долбоорунун 119-беренесинде:

“Эркектин да, аялдын да адеп-ахлак үчүн кооптуу болгон же коомдо бузукулукту жайылта турган ар кандай ишке барышына тыюу салынат”.

Исламий ижтимаий түзүм аялдын кадыр-баркын сактоодо бардык өкүмдөрдү өзөгүнө коёт. Ал  аялдын кадыр-баркын иш жүзүндө сактоого мүмкүндүк берген багыт түзөт:

Биринчиден: аял соодага коюлган товар эмес деген негизди кайра карап, Ислам көз карашын коёт.

Экинчиден: аруу-таза, иффаттуу чөйрө түзөт.

Мунун баары аялды коргоого жардам берет, ага карата зомбулукту жана башка кылмыштарды жоёт. Натыйжада аял эне, үй кожойкеси жана корголушу важиб болгон ар-намыс катары каралган, эркектин камкордугу менен корголгон коом түзүлөт.

«Эрди-катындык турмуш көңүл тынчтандырган турмуш болуп эсептелет. Эрди-катындын турмушу достук турмушу болот. Эри аялдын үстүнөн өкүмдар болуп эмес, камкор болуп башчылык кылат. Аялдын эрине итааттуу болушу, эрдин болсо аялга – адатта ушундай аялга кандай нафака кылуу керек болсо – ошондой нафака бериши фарз». (120-берене).

Ислам жубайлардын ортосундагы мамилени бул дүйнөдөгү жашоодо ушул өкүмдөр менен байланыштырган жана алар аялга карата катаалдыкты, жаман мамилени азайтат. Халифалык доорундагы казылардын жазуулары көрсөткөндөй, аялдарына зомбулук көрсөткөн күйөөлөр мамлекет тарабынан жазаланган, айрым учурларда камакка да алынган. Көп учурда казылар күйөөнү, эгер кайрадан аялга зомбулук көрсөтсө, нике бузулуп, аял өзүнүн материалдык жана никелик укуктарынан ажырабайт деген шартты кабыл алууга мажбур кылышкан.

Халифалык аялдардын кадыр-баркын сактоо үчүн кеңири чараларды көрөт, анын ичинде аялга коркунуч туудурган чет элдик күчтөргө каршы өз аскерлерин да мобилизациялайт. Анткени аялдын ар-намысын сактоо — Исламда улуу даража, ал Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинин көлөкөсүндө толук камсыздалат.

Роя гезити

Устаза Ханнан Ибрахим

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button